Төртүнчү сан

Кыргыз элинин Куран болгон сый-урматы
Мазмуну
70 жылдык коммунисттик системада жашап, көптөгөн диний баалууктарынан ажыратуу саясаты жүргүзүлгөнүнө карабастан кыргыз элинин Куранга сый-урмат мамиледе болгонун байкасак болот. Мына ушул багытта жүргүзгөн изилдөөбүз бизге маанилүү жыйынтыктарды берди. Изилдөөбүздүн негизинде Кыргыз элинин Кураны каримге болгон сый-урматын мынабул учурларынан байкай алабыз:
- Жаңы кирген үйдө Куран окушат.
- Куран окулуп жатканда отуруп угушат.
- Баш кийимсиз Куран окушпайт.
- Жаназа жана нике кыйууда сөзсүз Куран окушат.
- Куран окуганды билбеген адам, жок дегенде Ыклас сүрөсүн жатка билиши керек. Антпесе уят болот.
- Катуу ооруган адамдын баш жагына Кураны карим коюлат.
- Көз тийген адамга Куран окулуп дем салынат.
Кыргыз эл адабиятынын жана маданиятынын туу чокусу болгон Манас эпосунда Куран карим жөнүндө баяндаган саптар бар. Маселен:
Ак тааланын күчүнөн
Көгөргөн асман көгүңүз
Көрүп турсун көбүңүз,
Көл дарыя суу экен,
Куюлтуп бери келтирбейт,
Куданын күчүн көрүңүз!
Эстүүң болсо элинде
Эгем таала кудаанын
өкүмүнө көнүңүз!
(202-бет)
Абунасыр олуя
Чыкты мунар башына,
Алтын жазуу куранды
Асып алып мойнуна
Акыреттин камы үчүн
Жашын төгүп койнуна:
Абунасыр баштады,
Аңдап уккан адамдар
Агызып көзүн жаштады.
Куран китеп өзү-деп,
«Акыры барып көр-деди,-
арасатта кыйынды!»
Бузуп жүргөн биздерди
Шайтан экен айтканы.
Келме келди тилине,
Ыкка кирген калмакка
Ыйман кирди дилине:
Кудай жалгыз, Куран чын!
Ыклас менен баш коюп
Абунасыр бирине,
Ак Ислам динине.
Сексен бир миң аскердин
Бир миңчеси туруптур,
Алда насип кылбаган
Динден моюн буруптур.
«Кудай жалгыз, Куран чын,
Байгамбар бар ак дини!»
Келме шаадат келтирди,
Шум напсини өлтүрдү.
(268-бет)
Беш жүзгө жашаган
Бендени жолго баштаган,
өлүм десе шашпаган,
Сакалын ыйлап жаштаган
Айкожонун өзү бар,
Аят-адис сөзү бар,
Кудай жалгыз, Куран чын,
Куп ишенип көөнүң тын!
Жалпы баарың билиңер
Жараткандын барлыгын,
Жалган дебе жарлыгын.
Жалынгыла кудайга
Тартпай тозок карлыгын.
Куран китеп өзүдүр
Кудайдын айткан сөзүдүр,
Башыңа келсе жамандык
Бар Кудаанын өзүнөн,
Байкап уктук баарысын
Байгамбардын калтырган
Аят-адис сөзүнөн.
Көңүлү менен көп адам
Мусулман болду буркурап,
Кудай жалгыз, Куран чын,
Дининен азган калмакты
Шарият жолун карматты.
Ак жадысын сөйлүттү,
Жүз кишиге бир киши
Жүрүп намаз үйрөттү.