Төртүнчү сан

Куттуу үч ай
Мазмуну
Хижрий жана камарий айлардын ичинен «үч ай» деген өзгөчө аталыштагы Ражаб, Шабан жана Рамазан айлары куттуу айлар катары кабылданат.
Камарий (лунный) айлар Айдын жүрүшү менен белгиленет. Камарий (лунный) айлар менен григориандык айлардын мөөнөтүнүн ортосунда айырмачылыктар бар. Камарий жылсанагы григориандык жылга салыштырмалуу он бир күнгө кыска. Григориандык айлардан камарий айлардын дагы бир өзгөчөлүгү, бул айлар жылдын ар кайсы мезгилине туш келет. Маселен, камарий айлардан саналган Рамазан айы жылып олтуруп жылдын бардык мезгилин айланып чыгат.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) маалымдаган кабарлардан улам береги үч ай мусулман коомчулугунда өзүнчө мааниге ээ. Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир хадисинде: «Ражаб Алланын айы, Шабан менин айым, ал эми Рамазан болсо үммөтүмдүн айы» деген. Ражап айы кирип келгенде Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) минтип дуба кылар эле: «Оо, Жараткан! Ражаб жана Шабанды биз үчүн куттуу кыла көр! Бизди Рамазан айына жеткире көр!
Ражаб жана Шабан айлары ырайымдуулуктун айы саналган Рамазан айын сүйүнчүлөөчү айлар болуп саналат. Кишинин дилинде инсандык ариеттин, абийирдин, адеп-ахлактын жана адамгерчиликтин бышып жетилишине жана эркти көзөмөлгө алууга бул үч ай бараандуу салымын кошот. Анткени Ражаб жана Шабан айларынын жакшылыгынан жана бул айлардагы Рагаиб, Мираж жана Бараат түндөрүнүн берекесинен пайдалана алган адам Рамазан айында ар кандай жагымсыз көрүнүштөрдөн өзүн оолак кармай алат. Кадыр түнү аткара турган ибадат жана тообо кылуу менен жандүйнөсүн тазалайт. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Рамазан келген учурда Бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат жана шайтандар кишенделет». (Муслим, Китабус-Сыям, 1)
Шабан айы келгенде Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) көп орозо кармар эле. Куттуу түндөрдөн төртөөнүн ушул үч айда болушу, бул үч айлардын баалуулугун дагы да жогорулатат. Маселен, Рагаиб түнү Ражаб айынын алгачкы жумасында, Мираж түнү болсо, Ражаб айынын жыйырма жетинчи түнүндө болот. Ал эми Бараат түнү Шаабан айынын он бешинчи, Кадыр түн болсо Рамазан айынын жыйырма жетинчи түнүндө болот.
Куттуу үч ай тууралуу Зуннун-и Мысрий мындай деген: «Ражаб үрөөн себүү, Шабан сугаруу, Рамазан болсо түшүм жыйноо айы».
КУТТУУ ТYНДӨР
«Куттуу» деген сөз, жакшылык-берекени туюнтат.
Ибадаттар Ислам дининде камарий айлардын негизинде белгиленген. Камарий жыл санакта оболу түн, андан кийин күн келет. Мындайча айтканда эртенки күн, бүгүнкү түн менен башталат. Маселен, бейшембиден жумага караган түн, жуманын түнү жана башталышы болуп саналат.
Алла Таала бул түндөрдү башка түндөргө салыштырмалуу алдаканча берекелүү кылган. Ошондой эле аталган түндөрдө аткарылган ибадаттарга өзгөчө салмактуу сооп-сыйлыктарды жазган.
Куттуу түндөр жетөө. Алар:
- Жуманын түнү: Апта сайын бейшембиден жумага караган түн.
- Орозо айттын түнү: Рамазан айынын акыркы күнүнөн орозо айтка караган түн.
- Курман айттын түнү: Зулхижжа айынын 10-түнү.
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Беш түн бар. Мына ошол түндөрдө суралган дубалар куру кайтарылбайт: Ражап айынын алгачкы жумасынын түнү (Рагаиб түнү) Шаабандын он бешинчи түнү (Бараат түнү), Жуманын түнү, орозо айттын түнү, Курман айт майрамынын түнү».
4. Кадыр түн: Негизинен Рамазан айынын 27-түнү Кадыр Түн болуп кабылданган. Бирок хадистерде Кадыр Түн Рамазан айынын башка түндөрүндө болоору да айтылат. Бул хадистердин биринде мындайча буйрулган: «Кадыр түндү Рамазан айынын акыркы он күнүнүн так сандуу (21,23, 25, 27, 29) түндөрүнөн издегиле!» (ан-Навави, Риязус-Салихийин, II, Н.№1197)
Кадыр түнү тууралуу Алла Таала мындай Куранда: «Биз Куранды шек-күмөнсүз Кадыр Түнү түшүрдүк. Сен ошол Кадыр Түндүн эмне экендигин билдиңби? Кадыр Түн миң айдан да кайырлуу. Периштелер жана рух (Жабраил) ал түнү Жараткандын уруксатын алып, өкүмдөр менен (жер бетине) түшүшөт. Ал түн, таң шоокум салганга чейин бейпил түн». (Кадир, 97/1-5) деп буюрат.
Бул сүрөгө таянуу менен Кадыр түндүн көптөгөн өзгөчө артыкчылыктарын билүүгө
болот:
а) Кураны Карим Рамазан айынын дал ушул түнүнөн баштап түшүрүлө баштаган
б) «Кадир» сөзү жазмыш деген мааниге келет. Тактап айтканда, Алла Таала тээ алмусакта сызып койгон жазмышты орундатуу үчүн периштелерге буйрук берген түн. Периштелер мына ошондуктан жер бетине түшүшөт.
в) Кадыр түнү өзгөчө жакшылыктарга бай түн. Кадыр Түн миң айдан да кайырлуу, берекелүү.
Бул түнү мына бул дубаны окуп жүрүүнү Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сунуштаган: «Оо, Жараткан, Сен шек-күмөнсүз кечирүүчүсүң жана кечирүүнү да сүйөсүң, мени да кечире көр...» (Риязус-Салихин, Н. №1194)
- Рагаиб түнү Ражап айынын алгачкы жумасында болот.
Алланын Элчисинин ушул түнү Жаратканга ыраазылык, шүгүр келтирүү максатында он эки ирекет напил намаз окугандыгы маалымдалган.
6. Бараат түнү Шаабан айынын он бешинчи түнүнө туш келет. «Бараат» сөзүн кыргыз тилине которгондо «кыйынчылыктан кутулуу, арылуу» деген маанилерди туюнтат. Бул түндү ибадат, дуба кылуу менен ал эми күндүзүн орозо кармоо менен өткөрүүнүн сообу чоң.
7. Мираж түнү: Ражап айынын 27-түнүнө туш келген түн «Мираж түнү» деп аталат. Мираж мужизасы Улуу көчтөн бир жарым жыл мурда, 612-жылдын баштарында болгон. Бул түнү Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Меккеден Кудуска, Кудустан көккө көтөрүлүп, париштелердин кайып ааламына назар салып, андан да бийиктерге көтөрүлүп Жараткан Алла менен ортомчусуз сүйлөшүп кайткан. Мираж окуясы Куранда кыскача түрдө мындайча маалымдалат: «Пендесин (Мухаммедди) аяттарыбыздын (сырларыбыздан) айрымдарын көрсөтүү үчүн түндүн аз гана бөлүгүндө, Харам (Кааба) Мечитинен, айланасы касиеттүү кылынган Акса Мечитине жеткирген Алла бардык кемчиликтерден аруу. Ал Угуучу жана Көрүүчү». (Исра, 1)
Азирети Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам), түн бир оокумдун аз гана бөлүгүндө Каабадан Акса Мечитине чейинки сапары «Исра», Акса Мечитинен асмандын акыркы кабатына чейинки сапары «Мираж» деп аталат. «Исра» сөзү «түнкү сапар» деген маанини берет.
Мираж түнүнүн маанилүүлүгү, ошол түнү Кудай Таала тарабынан билдирилген буйрук жана тыю салынган кабарлардын маанилүүлүгүндө жатат. Ал түнү жиберилген негиздерди бир канча топко бөлүп жыйнактоого болот:
- Исламды тооруган кооптуулук алкагы, акыры барып таасирин жоготоору кабарланган.
- Мурунку диндердин баарынын иши, өкүмү токтотулуп, Исламга өткөрүлгөндүгү жарыяланган.
- Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам), Сидратул Мунтахага чейин көтөрүлүшү, адам жеткен илимдин дагы да илгерилешине ишаарат кылат.
- Адампенде менен Жараткандын ортосундагы эң маанилүү байланыш каражаты саналган беш убакыт намазды окуу, мына ушул түнү жамы адамзаадага парз кылынган.
- Бакара сүрөсүнүн эң акыркы эки аяты Ислам үммөтүнө белек катары тартууланган. Бул аяттарда дин ишениминин маанилүү бөлүгү берилген.
- Алла Таалага шерик кошпогон мусулмандардын кечирилээри тууралуу сүйүнчү кабар билдирилген.
Ушул Куттуу үч ай өтмүштү таразалап, келечекке максаттуу жана жаңы күч, жаңы дем менен кадам таштоо үчүн адампендеге атайы сунулган зарыл ийги мүмкүнчүлүк. Көр тирилик менен алпурушуп жүргөн кезде жашообузду көзөмөлдөп турууга себепкер болгон Куттуу үч ай жана куттуу түндөр дүнүйөдөн сыйрылып, жаралуу максатыбызга ой-жүгүртүү, Жаратканга жакындоо үчүн эң кымбат мүмкүнчүлүк.
Мына ошондуктан, бул айларда намаз окуу, орозо кармоо, Куран окуу, дуба кылуу жана кечирим тилөө эң берекелүү ибадаттардан болуп саналат.
Ушул айлардын жана куттуу түндөрдүн шарапатынан пайдалана алууну Жараткан Алла Таала баарыбызга насип кылсын. Оомийн!
Али Муслу