Төртүнчү сан

Журналдын төртүнчү саны

Эскертүү элдин милдети

Мазмуну

1916-жылдын жайы. Калк кандайдыр бир коогалуу окуяны күткөндөй кооптонуу менен жашап жатты. «Жайыт тарыды, алык - салык көбөйдү» деген нааразы сөздөр эл арасында  көбөйдү. Падыша өкмөтүнүн зордук – зомбулук менен жүргүзгөн эзүүчүлүк саясатына болгон жергиликтүү элдердин нааразылыгы күндөн күнгө, жылдан жылга күчөп, эң аягында империялисттик согуш өтө кызыган 1916-жылда колониялык бийликке көчүп келген орус кулактарына жана жергиликтүү бай манаптарга каршы багытталган куралдуу көтөрүлүшкө айланды.

 Көтөрүлүштүн башталышына 1916-жылы 25-июнда чыккан падыша өкмөтүнүн жергиликтүү элдердин согуш жүрүп жаткан чептерге окоп казуу жана башка кара жумушка иштетүүгө 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектер алынсын деген буйрук көрсөтмөсү түрткү болду. Көтөрүлүш, падыша өкүмдөрүнүн бүткүл ички жана тышкы саясатына каршы, империалисттик согуш чектеринде кара жумуш кылууга адам берүүдөн ачык баш тартууга багытталды. Бул татаалдашкан маселенин бир тарабы. Экинчиден, падыша өкмөтү Туркистандын башка райондорундагыдай эле Кыргызстанда да өзүнүн колониялык бийлигин жергиликтүү элдердин жерин ар түрдүү шылтоолор менен акырындап тартып алуудан баштады.

 1916-жылы Туркистандагы 941 орус поселкаларынын жана станцияларынын карамагында 1 млн. 900 миң гектар жер, же болбосо иштетилип турган жалпы жер аянтынын 57,6 пайызы болгон. Ошентип Түркстанга көчүрүлүп келген ар бир дыйканга 3,17 теше жер, ал эми жергиликтүү элдердин ар бирине араң 0,21 теше жер келген, б.а. көчүрүлүп келгендерге салыштырганда жергиликтүү дыйкандар 15 эсе аз жер алып калышкан. (Восстание 1916 года в Киргизии, документы и материалы собранные Л.В.Лесной, М., 1937, 5-бет).

Акыйкатта окуя кандай болду экен? Ермак Орусия империясын кеңейтип, бай сибирди басып алыш үчүн ал жердеги тургундарды кыргынга салган. Столыпин анын жанында жапайылыктан чыгып, «цивилизацияга» жетип калган белеем, Орусиянын элин жайылтып, бөтөн элдердин (көз каранды болгон) орусия империясы кызыккан дыйканчылык жана стратегиялык аймагын ээлетип коюу болгон. Миграция деген балээнин биринчи башталышы Столыпиндин ошол реакциялык саясатынан улам болгон. Бул саясаттын чыгышына – ак падышага жетип, ишке ашуусунан жарым кылым мурда окумуштуу болуп келген Пржевальский менен Семеновдун илимий чалгыны себепкер. Ак падышанын эл жер башкаруучулары жер ооп келген орус казактарга кыргыздын күлгүн жерин алып берип өздөрүн, жайлооңорго  жайлай бергиле деди (жайлоодо кыштоо болобу, кайра келсе, жери «закондошуп» калган). Бул аз келгенсип бүтүндөй Орто Азияны биротоло колонизациялап алуу ак падышанын максатына айланып баратты. Мына ошондо ата конуш жерлерди биротоло закондоштуруп алуу үчүн көз артып турган орусия төбөл өкүлдөрүнө кыргыздын аткаминер «кыйынчыкмалары» алтынын алтындай малын малындай, мүлкүн – мүлкүндөй тартуулап турду. Эки ортодо кара таман букара эмес, кыргыздын чыгаан жигиттеринин жүрөгүнө намыс сайылды. Кийин ал намыстын ордуна Верныйдан апкелген казак орустардын пулеметторунун октору жайлады. Башы жок калган элдин трагедиясы, мына ушул нукта жүрүп отурду.

Ошол учурда Чүйдө чоң Сооронбай, Казактан Калык бий, токмок шаарын бийлеген Турдакун жана солто, сарбагыш билермандары чогулуп, жыйын өткөрүштү. Жыйында Николай бийлиги күч алып келе жатат  « жатып өлгөнчө атып өл » деген ата бабадан калган насыят өктөм сөз айтылды. Кандан бүткөн балдарыбызды өлүмгө өз колубуз менен байлап бергенден көрө, ушул жылдын август айынын жума күнү бардыгыбыз биригип, орустарга каршы көтөрүлүп, солдат бербөөнүн аракетинде бололу – дешип, Кудай жолуна, чурулдашып ак бээге бата кылышып ак жолго чалышат. Дасторкон үстүндө «ушул иштен баш тарткан адам баласынын боорун жесин, Кудай урсун» дешип куран кармашып, антташып, алакан жайып бата кылып тарашты.

Сентябрдын аягы, октябрдын башында Жети-Суудагы Пишпек, Пржевальск, Жаркен, Капал, верный уездериндеги 39 волосту камтыган 45 миңден ашык кыргыз, казак үй-бүлө падыша жазалоочуларынын заалимдиги менен ырайымсыздыгына туруштук бералбай, жан айласын издеп, Чыгыш Түркистанды көздөй кача башташкан эле.  Алар кара жанын калкалап үч багытка бөлүнүшкөн. Берилген маалыматтарга караганда үрккөн элдин жалпы саны 164 миң  болгон, анын 130 миңге жакыны кыргыз экени маалым.

Ысыккөлдүн түштүк тарабы, борбордук Тянь-Шань, Чүй, Кемин өрөөндөрүнөн козголгон 70 миңге жакын кыргыз Тянь-Шань тоолору аркылуу Үч – Турпан менен Ак-Сууну көздөй бет алышкан. Бул багытта жол татаал болгону менен, жазалоочулар жок, мал үчүн чөп – чар кенен эле. Атбашынын эки волостундагы кыргыздардын тобу Какшаалды беттешкен. Жолдо падыша аскер гарнизону бар Нарын чеби тургандыктан, алар бийик зоолор менен жүрүүгө аргасыз болгон. Ысыккөлдүн түндүк тарабынын кыргыздары жана жогоруда аталган үч уездин казактары Каркыра жайлоосу аркылуу Кулжага жетүүнү  көздөшкөн. Үрккөн элдин жолдо жана чет жерде көргөн азап – тозогун толугу менен сүрөттөө мүмкүн эмес. Бир жагынан азык түлүгү кенен, курал жарагы шай жазалоочулар такымдай кууп, жеткендерин кырып жатса, экинчи жагынан аскасы асман тиреген тайгак ашуулар жүрөк үшүн алып, качкындарга бир кыйла бөгөт болгон, үчүнчүдөн аларды ачарчылык алсыраткан. Ат, төөчөн мал-мүлкү менен кошо көчкөн бай манаптар көч алдында кетишип, үркүндүн алгачкы кездеринде анчалык запкы тартпаганы менен, бара бара тоюттун жоктугу татаал ашуулар алардын малынын көп  санда кырылышына алып келген.

1916 жылдын трагедиясы ошончолук оор кыргын болгон, бүлгүн түгүл элдин башына түшкөн каран түн болгон. 1916-жылдын алааматы жалпы Орто Азия элинин башына мүшкүл түшүрүп, айрыкча кандуу кыргынды кыргыз менен казак эли тарткан. Ал бир ай же бир жыл менен бүтпөй, кылымдап кыргын көрүп келаткан элдердин жарым – жартылайы окко учуп, найзага сайылып андан соң Ата-Мекенинен куугун жеп, кар баскан ашууларда, агыны киргин сууларда бала-чакаларынан, кыз келиндеринен, мал мүлкүнөн ажырап, быягы Турпан, тыягы Кашкарга чейин башбаанек издеп ач жыңалач качып, барган жерге кытай менен уйгурга кул, күң болуп, ажалы жеткени күл төбүндө өлүп, өлүгүн карга-кузгун чокулаган. Анча мынча кубаттуулар жана камдуулар уулун кулдукка, кыз - келинин күңдүккө сатып күн көрүшкөн, кырылганынан калганы 18-жылы Жеңиштин кабарын укканы угуп укпаганы уккандын изине салып, сагынган ата конушун беттеп кайра кайтып, келишкен. Кэлеээрин келди бирок куттөчүлгөн жерлерине тили буруу орустар ээ чыгып алган эле. Кутурган орустар кыргыздын жетим жесирлерин жалгыздатып өз жерлеринде,  мусапырчылык тарттырып өз үйлөрүнө жолотпой бирден терип атып өлтүргөн… ушунтип үч жылдын Кызыл кыргын, кара сүргүнүндө кыргыздын жарымына жакыны орусиянын баскынчылык, колонизаторлук кыйнаган зорлукчулугунан кырылып калган.

Кыргыз тарыхындагы эң катаал, каар заман-1916-жылдагы кыргын жана ага элди мажбурлаган падышалык бийликтин колонизатордук эзүүчү саясаты экенин эч ким танбас. Бир залимден кутулган эл, эми эркиндикке жеттик го, деп, ырыстуу турмушту баштаарда мына ушундай трагедияга дуушар болгон.

1916-жылдагы окуяны кээде үркүн, кээде көтөрүлүш же улуттук боштондук кыймыл деп ар түркүн маанайда окуп келебиз. Ал үчөөнүн түпкү маңызы эмнеде экенин жана кандай бийликтик түзүлүшкө каршы багытталганын баяндаган азыркы окумуштуулар ортосунда да кайчы пикирдин пайда болуп жатканын баамдаган чыгарсыңар. Ушул өңдөнгөн талаштан тактык жаралабы, же тарыхка дагы доо кетеби мезгил өзү таразалап алаар. Окумуштуулар теориялык, фактылык жана саясий кырдаалдын шартына жараша биз бул шумдукту кантип эстен чыгарып коебуз, неберелерибизге кантип, кандай жеткирүүнү ойлонуп, келкечекке түз багыт берүүлөрү зарыл.

1916-жылдагы кыргыз элинин орус эллине каршы эмес, Орусия империясынын колонизаторлук трагедиялуу зордугу тарых илиминде мындан ары адилеттике салынып улуттук боштондук көтөрүлүшү деп аталаарына үмүтүбүз бар.

Урматтуу замандаш, жогорудагы жаза берсе китеп болуп китепке да батпай турган бабаларыбыздын башынан өткөн трагедиялуу окуя, тарых баракчаларында гана жазылып калбастан, ар бир башыбыздан өткөн окуя келечегибизге бир шам чырак тактап айтканда келечегибизге сабак, ибарат болушу керек.

Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей биз ким элек, ким болуп бара жатабыз, ушуну да унутпайлы! Азыркы учурда аламан калк дуушар болгон жүрөгү бош, кулагы дүлөй, көзү көр турмуш оорусунан аягып 1916-жылдын драмасын кайта жашабоонун аракетин кылып жүрөктөрдү ыйманга толтуруп, көзүбүздөгү жана кулагыбыздагы кайдыгерчиликтин таңуусун чечип Ата- Мекенге болгон сүйүүбүздү дагы да жандандыралы.

Кудай бизди нысап, ыйман, тобо – топук, кайрымдуулук сыяктуу жакшы сапаттардан айрыбасын.
Ошол оош кыйын кезеңде шейит кеткендерди эскерип, соолуп бараткан мекенечилдик жана патриоттуулук деген изги сезимди ар бирибиз жүрөгүбүздө жашатышыбыз кажет.
Шейит болгон ата-бабаларга багыштап Куран окуп жүрүүнү унутпайлы.♦

Башына