Төртүнчү сан

Журналдын төртүнчү саны

Зекет жана битир садака

Мазмуну


Октай Четин

Зекет – Ислам дининин беш негизинин бири. Зекет “артуу, көбөйүү, береке” деген маанилерди туюнтат. Ал эми фыкх термини катары зекет - бул негизги муктаждыктарга колдонгон мал-мүлктөн тышкары нисаб өлчөмүндө байлыкка ээ болгон мусулман адамдардын ошол мал-мүлкүнүн белгилүү өлчөмүн кедей кембегалдарга берүүсү.

Алла ыраазычылыгы үчүн зекетке берилген мал-мүлк, колдо калган байлыкты арттырып, көбөйтүп жана берекелүү кылат. Адам баласынын башына келе турган ар кандай жаманчылыктарга жана кыйынчылыктарга тоскоол болот. Мына ошондуктан ал зекет деп аталат. Куранда Алла таала: “(Эй, Пайгамбар!)Алардын байлыктарынан садага ал: муну менен аларды күнөөлөрдөн тазалайсың, арылтасың жана алар үчүн дуба кыл! Анткени сенин дубаң – алар үчүн өзүнчө башпаанек.” деп зекет байлыкты азайтпай тургандыгын, тескерисинче берекелүү кылып, көбөйтө тургандыгын баса белгилеген.

Зекет мамлекеттин экономикасына чоң жардам берет. Анткени коомдо адамдардын баардыгы экономикалык жактан бирдей даражада эмес. Бирөө кедей, бирөө бай. Динибиз Ислам кедейлерди кароосуз таштабастан зекет аркылуу жылына бир жолу болсо дагы, жүздөрүнө күлкү тартуулайт. Бай адам өзүнүн байлыгын кандай жолдор менен таап, кайда жумшаганы боюнча, башкача айтканда, адал же арам кирешелеринен, зекет, кайыр-садагаларынан жана башка иштеринен Алла тааланын алдында жооп берет. Зекет аркылуу коомдогу кедей-кембегалдардын, жолдо калган жолоочулардын жана жетим-жесирлердин көйгөйлөрү белгилүү ченде чечилет. Мына, Ислам дини коомдогу “бай-кедей” деген айыкпас жараны ушунтип айыктырат жана бай менен кедейди тынчтыкта жашатат.
Мусулман адам зекет берүүсү үчүн төмөндөгү шарттарга ээ болуусу керек.

Балагат жашына жетүү.

Зекет берүү үчүн адамдын акыл-эси соо жана балагат жашында болуу керек. Балагат жашына келбеген жаш балдарга жана акыл-эси толук эмес адамдарга зекет парз эмес.

Нисаб өлчөмүндөгү мал-мүлккө ээ болуу.

Зекет бере турган адамдын мал-мүлкү нисаб өлчөмүнө жетүүсү керек. Нисаб өлчөмүндө байлыгы болбогон адамдарга зекет парз эмес. Нисаб өлчөмү Ислам укугу боюнча төмөндөгүдөй такталган:
Алтын: 80 гр;
Күмүш: 560 гр;
Кой жана эчки: 40/1 (40 баштан 1 баш);
Уй: 30/1. (30 баштан 1 баш); 
Төө: 5/1. (5 баштан 1баш);
Сугарылбаган кайрак талаалар: 10/1 (түшүмдүн ондо бири);
Сугат талаалар: 20/1 (түшүмдүн жыйырмада бири) зекет берилет. Кишинин байлыгы мына ушундай чен-өлчөмгө жетсе, зекет берүүгө милдеттүү болот.

Колундагы мал-мүлккө толук ээ болуу.

Зекеттин парз болуусу үчүн колундагы мал-мүлккө толук ээ болуш керек.

Зекети бериле турган мал-мүлккө бир жыл толушу.

Зекет бере турган адамдын ээлеген мал-мүлкүнө бир жыл толушу керек. Аз. Пайгамбарыбыз: “Бир камарий жыл (355 күн) толбогон мал-мүлктөн зекет берилбейт.” деген.

Зекет бере турган адам төмөндөгү нерселерди өтө кылдаттык менен маани берип аткарышы керек:

Ниет кылуу: ниет кылуу зекеттин кабыл болуусу үчүн өтө маанилүү. Анткени ниет зекетти башка напил садагалардан бөлүп айырмалайт. Ниет тил жана жүрөк менен кылынат.

Тамлик: Зекет катары бөлүнгөн мал-мүлктү бериле турган адамдын ээлигине өткөрүп берүү. Бул иш аткарылбаса зекет кабыл болбойт. Мисалы, кимдир бирөө бир адамга зекет катары сага 10000 сом бердим деп, бирок акча ал адамдын колуна берилбесе, зекет болуп саналбайт. Тактап айтканда зекет толугу менен өткөрүлүп берилмейинче зекет орундалбайт.

Мактанычтан жана эки жүздүүлүктөн сактануу: Зекет бере турган адам зекетти бир гана Алла ыраазычылыгы үчүн бериши керек. Мактаныч үчүн берилген зекет, зекет катары саналбайт. Андай зекет адамды бул жалган дүйнөдө гана даражасын көтөрөт. Акыр-кыяматта эч кандай пайдасы тийбейт.

Зекет алып жаткан адамды кемсинтпөө: Зекет кедей-кембегалдардын негизги укугу. Зекет берип жаткан адам аларды кемсинтпей жана милдет кылбай чын жүрөгүнөн ыраазы болуп бериши керек. Анткени кедей, байдын төлөөгө милдеттүү болгон карызынан куткарууда. Берилген мал-мүлк ошол эле учурда берген киши үчүн оору-сыркоолордон жана кырсыктардан сактаган калкан болот. Зекет берген адам, зекет алган адамга “Мени зекет милдетинен куткаргандыгың үчүн сага чоң рахмат” деп айтуусу абзел.

Зекет кимдерге берилет?

Куранда Алла таала төмөнкүчө буюрат: “Чынында садагалар (зекеттер) Алладан бир парз катары: кедейлерге, бей-бечераларга, (зекет жыйнаган) кызматкерлерге, көңүлү алынучуларга, кул азат кылууга, карыздарларга, Алланын жолундагыларга жана жолдо калгандарга тиешелүү. Алла билерман жана акылман.”
Бул аятта зекет кимдерге бериле турганы даана көрсөтүлгөн.


Алар:

Кедейлер: Дин боюнча бай болуп саналбагандар, тактап айтканда, нисаб өлчөмүндөгү байлыкка ээ болбогондор. Мындай кишилер иши бар жана алдуу-күчтүү болсо дагы, зекет алганга укуктуу;

Бей-бечералар: Күнүмдүк жей турган тамак-ашы болбогон өтө жакырлар;

Зекет жыйнаган кызматкерлер;

Көңүлү алынучулар: Жүрөгү Исламга жылына турган адамдар;

Кулдар: Кул болуудан кутула турган адамдарга зекет берилет. Бирок азыркы учурда кулчулук жоюлгандыктан зекеттин мындай түрү жок;

Карыздарлар: Карызы мал-мүлкүнөн көп болгондорго зекет берсе болот;

Алла жолундагылар: Алла жолунда күрөшкөндөр, ажыга барып, жолдо акчасыз калгандарга жана Алла жолунда илим алгандарга;

Жолдо калгандар: Жашаган жеринде бай болсо да, акчасы түгөнүп калган жолоочуларга зекет берилет.

 

 

Зекет кимдерге берилбейт?

Ата-энеге, чоң-ата, чоң-энеге, балага, кызга, неберелерге, байларга жана мусулман эместерге зекет берилбейт. Мындан тышкары, күйөсү менен аялы да бири-бирине зекет бере албайт.

 

Битир садага

Битир садага – негизги муктаждыктардан башка белгилүү байлыкка ээ болгон баардык мусулмандардын өзү жана үй-бүлөсү үчүн кедейлерге берүүгө милдеттүү болгон материалдык жардам. Битир садага кедей-кембегалдарга жардам, орозонун кабыл болуусуна, жамандыктардан жана кыйынчылыктардан арылуу үчүн берилет. Битир садаганын негизги сыры, бей-бечералардын айт намазына көңүлдүү келишине себепчи болуусунда. Битир садаганын чен өлчөмү ошол өлкөнүн экономикалык абалына жана дин иштер башкармалыгынын белгилөөсүнө жараша болот. Битир садага Рамазан айынан баштап, айт намазына чейинки күндөрдүн бирөөсүндө берилет. Берилген садага сөзсүз кедейлерге берилүүсү керек. Ата-энеге, жубайга, бала-чакага, неберелерге садага берилбейт. Айрыкча битир мусулман адамдарга берилиши керек.

Которгон: Коңурбаев Бакыт

Башына