Төртүнчү сан

Ас-Серахси
Мазмуну
Абу Бакр Мухаммед бин Ахмед Шамсул-Амма Ас-Сарахси Ханафи агымынын Ислам укугунда эң белгилүү аалымдардын бири. Ас-Сарахси хижрий жыл эсеби боюнча 400-483 жылдар арасында, ал эми миладий жыл эсеби боюнча 1009-1090-жылдарда жашап өткөн белгилүү укукчу аалым. Абу Бакр Мухаммед бин Ахмед Шамсу-л Амма Ас-Сарахси Түркстандын Сарахс шаарында (азыркы Ирандын Мешхед, Түркмөнстандын Марв шаарларынын ортосунда жайгашкан) төрөлгөн. Ал Сарахста төрөлгөндүгүнө байланыштуу башка белгилүү аалымдардай эле анын ысымына да туулган жеринин аты кошулуп айтылып калган.
Абу Бакр Мухаммед бин Ахмед Шамсул-Амма Ас-Сарахси Бухарада белгилүү Ислам укукчулары болгон ал-Хулванинин жана ал-Баззаранын колунан билим алып, өзү да белгилүү аалым даражасына жеткен. Кийинчерээк Ислам укугугунда Ханафи агымынын белгилүү укукчуларынын катарына кирген. Анын ушундай улуу илимине суктанган мусулмандар ага “Шамсул-аимма” (Аалымдардын жана имамдардын күнү) деген наамды ыйгарышкан.
Абу Бакр Мухаммед бин Ахмед Шамсул-Амма Ас-Сарахси ошол учурдагы бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатын күнөөлөгөндүгү үчүн Бухара шаарында зынданга отурган. Кийинчерээк Ас-Сарахси Өзгөн шаарына сүргүнгө айдалган. Өзгөндө 10 жылдан ашык түрмөдө отурган. Бул жерде да өз илимин шакирттерине сабак берип, китептерин жазган. Түрмөдөн чыккандан кийин Фергана шаарына барып ушул багыттагы ишин уланткан.
Абу Бакр Мухаммед бин Ахмед Шамсул-Амма Ас-Сарахсинин китептери бүгүнкү күнү да Ислам аалымдары тарабынан жогорку даражада бааланып келет.
Сарахсинин эң негизги китептери төмөнкүлөр:
1. Китабул-Мавсут
2. Ашратус-саат
3. Шарху Зиядатуз-Зиядат
4. Шарху Жамиус-Сагир
5. Шарху Жамул- Кабир
6. Шархул Мухтасар фил-Фикх
7. Шархул- Сийерил-Кабир
8. Мухтасар Тавави Шархи
9. Шарху Китабун-Нафакат
10. Шарху адабул Кады
11. Фаваидул-Фикхия
12. Усул ♦