Төртүнчү сан

Журналдын төртүнчү саны

Кат куржун

Мазмуну

Ассалоому алейкум урматтуу Ак Башат журналынын жалпы жамааты!
Биринчиден силерге жана ушу журналдын чыгышында кимдердин кызматы өтсө ошолорго чын жүрөктөн рахмат айтам. Анткени бул журналды окуган мен эле эмес, колу коңшулар, туугандар да катуу таасир алдык. Анткени бул журналда өзү мусулман бирок Ислам динин билбей жүргөндөр үчүн негизги маалыматтардын баары берилген. Мындан сырткары күнүбүздөгү көйгөйлүү маселелер туурасындагы берилген суроолорго жооптор. Пайгамбарыбыз тууралуу да өтө терең болбосо да негизинен көп нерселер жазылган.
Силерге, жалпы жамаатка чың ден соолук, узун өмүр, бакыт таалай, иштериңерге ийгилик каалайм жана Ак Башатка каалаарым:


Алла Таалам узун өмүр берип,
Келечекте атагың асманга жетсин.
Бүткүл дүйнө калкы атың угуп,
Ааламга Ак Башат деген сөз жаңыра берсин.
Шаркыраган улуу суунун башатындай,
Ак Башат дайым элге кызмат өтөп,
Тунук бойдон түбөлүккө кала бергин

Асанов Алижан
Баткен/ Кадамжай/ Майдан айылы

 

Биздин дарек :
Бишкек шаары , Шабдан Баатыр көчөсү 4-б
5-кабат
Электрондук каттар үчүн:
akbashat@yahoo.com
akbashat@hotmail.com

Башына