Төртүнчү сан

Орозо тууралуу суроо-жооптор
Мазмуну
Абдуррахман Хачкалы
Орозо ибадаты кимдерге парз?
Орозо – мусулман, акыл-эси толук жана балагат жашына келген бардык адамдарга парз болуп эсептелет. Оорулуу менен жолоочуларга орозо тутпоо уруксаты бар. Балагат жашына чейинки жаш балдар (7-15 жаш) туткан орозо дагы кабыл болот.
Айыз (этек кири) жана нифас (төрөттөн кийин келген кан) абалындагы аялдар орозо тутушпайт. Аялдар бул абалдары бүткөн соң, тутулбай калган күндөрүн каза кылып тутушат.
Орозону толук жана туура кылуучу шарттар кайсылар?
- Орозого ниет кылуу.
- Аялдарда айыз жана нифас болбоо.
- Орозону буза турган нерселерден алыс болуу (ичип-жеш, жыныстык катнашта болуу).
Орозого качан жана кантип ниет кылынат?
Рамазан орозосуна түн киргенден баштап, эртеси күнү күн так төбөгө келгенге чейин ниет кылса болот. Күн так төбөгө келгенден кийин ниет кылуу убакыты бүтөт. Күн чыкканда ниет кылган адам таң агаргандан кийин оозуна эч бир даам албаган болуусу керек.
Күн бата электе эртеңки күн үчүн ниет кылынбайт. Эртеңки күнгө ниет кылуу үчүн күн батып, түндүн кирүүсү керек.
Каза, каффарат жана күнү белгиленбестен бир нерсе үчүн аталган орозолорго саарлык убакыты чыгаардан мурун ниет кылынышы керек.
Рамазан орозосунун ар бир күнүнө өз-өзүнчө ниет кылынат.
Рамазан орозосуна “ниет кылдым орозо тутууга” деп айтуу жеткиликтүү болот. Бирок бул ниет жүрөк менен айтылуусу кажет.
Орозо тутпоого уруксат берилген абалдар кайсылар?
Үзүрсүз, себепсиз орозо тутпоо чоң күнөө болуп эсептелет. Башталган Рамазан орозону себепсиз же атайын бузуу каффаратты талап кылат. Төмөндө белгиленген абалдарда болсо, орозо тутпоого же башталган орозону бузууга уруксат.
1 – Жолоочу болуу:Шарият боюнча жолоочу катары санала турган аралыкка жолго чыккан адам орозо тутпаса болот. Бирок орозону баштап койгондон кийин сапарга чыга турган болсо, анда орозосун тутууга туура келет. Эгер орозосун бузса, казасын гана орундатат. Жолоочулар үчүн эң жакшысы, Рамазан убагында орозо тутуу.
2 – Оорулуу болуу: Орозо тутууга тоскоолдук кылган кандайдыр бир сыркоосу болгон же болбосо орозо туткан маалда сыркоосу күчөй турган болсо, анда ал адам орозо тутпай койсо болот. Өтө катуу ачкалык же суусуздуктан ден соолук начарлап бузула турган болсо, бул учурда дагы орозо токтотулат.
3 – Карылык
4 – Кош бойлуу болуу же бала эмизүү: Кош бойлуу болгон аял орозо тутканда баласына же өзүнө зыян келе турган болсо, анда орозо тутпайт. Тутулбай калган күндөрүн кийинчирээк каза орозо кылып толуктайт.
5 – Согуштагы аскерлерге орозо тутпоо уруксат.
6 – Кыйноо же коркутуу сыяктуу нерселерге дуушар болгондор ооздорун ачса болот.
Айыз же нифас абалында болгондордун намазы менен орозосу кандай болот?
Айыз же нифас абалында болгон аялдарга намаз окуу жана орозо тутуу арам болуп саналат. Орозо тутуп жаткан маалда айыз келсе, орозосу бузулат. Ооз ачаарга чейин орозону улантпастан оозун ачуусу керек. Мына ушундай абалдарда Рамазан орозосун тута албай калган аялдар, тутулбай калган күндөрүн тазалангандан кийин каза орозо кылып тутушат. Ал эми намаздар болсо, каза кылынбайт.
Орозону бузуп, бир гана казасы талап кылынган абалдар кайсылар?
Орозону бузуп, жалгыз казасын талап кылган абалдар төмөндөгүлөр:
- Адат болуп калган бир нерсени жегендик. Ун, чийки күрүч, кандайдыр бир мөмөнүн данегин жутуу. Кагаз, пахта, топурак, кургак чөп, саман ж.б.у.с. нерселерди жеш;
- Байкабастан суу жутуп же тамак жеп алуу. Мисалы, даарат алып жатып, оозго алынган суунун тамакка жүгүрүп кетүүсү, кардын же жамгырдын тамчыларын жутуп алуу, орозо экенин унутуп бир нерсе жеп алуу;
- Тиштен аккан кан. Эгер аккан кан түкүрүктөн көп болсо, орозо бузулат. Аз болсо, бузулбайт;
- Өз калоосу менен ооз толтура кусуу;
Ал эми ооз толтура болбогон кусунду өзүнөн-өзү келип, кайра артка өзү кайтса, орозо бузулбайт. Эгер ушундай эле кусунду келип, аны киши өзү жутса, орозо бузулат.
- Жубайын өөп же кучактаганда жунуп болуп калса, орозо бузулат;
- Мурунга, кулакка жана тамакка суюктук тамызуу;
- Күндүз, башкача айтканда орозо маалында сайылган ийне орозону бузат. Ден соолукка коркунуч туудурбаса ийнени иптардан кийин саюу абзел;
- Орозо экенин унутуп бир нерсе жеп алып, орозом бузулду деп тамак-аш жешти улантуу;
- Саарлык убакыты өтүп кеткенине карабастан, өтө элек деп ойлоп, жеп ичүү;
- Күн бата электе батты деп санап, оозду ачуу;
- Бирөө кыйнаганы үчүн орозону бузуу;
Толук маалымат алуу үчүн фыкх китептерине караңыз.
Орозону бузуп, каффаратын талап кылган абалдар кайсылар?
Маалым болгондой орозо таң агаргандан баштап, күн батканга чейин жеп-ичпөө жана жыныстык катнашта болбоо. Эгер кимде ким булардын бирөөсүн өз калоосу менен орозо экенин билип туруп кылса, каффарат талап кылынат. Мисалы, тамеки тартуу, адат болуп калган нерсени жеш (мисалы: топурак, бор ж.б. нерселерди орозо экенин билип туруп жеш), буудайдын данындай чоңдуктагы бир нерсе жеш, кан алдыруу, тишин щеткалоо жана сурма тартуу сыяктуу орозону бузбай турган нерселерди кылгандан кийин, булардын орозону бузбай турганын билсе да буларды шылтоо кылып, орозону бузган нерселерден бирөөнү кылуу, аз чен өлчөмдө туз жеш, билип туруп жыныстык катнашта болуу.
Орозо каффараты бир гана Рамазан орозосун билип туруп бузгандардан талап кылынат. Ал эми каффараты болсо, тутулбаган ар бир күн үчүн 60 күн орозо тутуу. Буга кудурети жетпесе, 60 кембегалды тоюндурат.
Орозо экенин унутуп байкабастан бир нерсе ичип-жеш орозону бузабы?
Орозо экени эстен чыгып, бир нерсе ичип-жеп алуу же жыныстык катнашта болуу орозону бузбайт.
Орозо туткан адам дары-дармек ичсе же ийне сайдырса болобу?
Ийне сайдыруу же дары-дармек ичүү орозону бузат. Мындай абал казаны гана талап кылат. Мажбур болмоюнча дары же ийне колдонбоо керек. Мүмкүн болушунча ооз ачкандан кийин колдонуу абзел.
Орозо маалында көзгө суюктук тамызса ооз ачылабы?
Орозо маалында көзгө тамызылган суюктуктар орозону бузбайт.
Орозо туткан адам тиштерин тиш пастасы менен жууса болобу?
Орозо туткан адам тиштерин тиш пастасы менен жууса болот. Бирок щеткалап жаткан учурда тамагына суу жүгүрүп кетпөөсү үчүн байкап жуушу кажет.
Кан алдыруу орозону бузабы?
Кан алдыруу орозону бузбайт.
Орозонун адеби кандай?
Орозо туткан адам орозонун материалдык тарабына маани берип аткарганы сыяктуу руханий тарабына дагы маани берип, анын маанилүүлүгүн унутпоосу керек. Орозо - аз. Пайгамбарыбыз айтып жана көрсөтүп кеткендей тутулат. Орозо – бир гана эртеден кечке оозго эч нерсе албастан ачка жүрүү эмес. Бул орозонун материалдык тарабы. Руханий тарабына келсек, орозо туткан адамдын көздөрү арам нерселерди карабоосу, кулактары арам нерселерди тыңшабоосу керек. Бирөөнүн акысын жеш, зулумдук кылуу, ушак айтуу, көрө албастык кылуу сыяктуу кылынган ибадаттын сообун текке кетирген жаман адаттарды таштоосу абзел. “Жаман болуу бир паста, жакшы болуу аста-аста” деп ата бабаларыбыз айткандай адам баласы жаман нерселерден алыстоосу өтө кыйындыкка туруп келген. Жараткан Алла таала өзүңөрдү өзүңөр тарбиялап, туура жолго салгыла, арам нерселерден арылгыла, бул жалган дүйнөнү гана ойлобостон акыретти дагы ойлогула, алдыда сурак күнү бар деп “орозо ибадатын” буйрук кылган. Ошондуктан орозо ибадаты бир гана ачка жүрүү эмес, тескерисинче, күнөө иштерден арылып, сооптуу иштерди аткаруу болуп эсептелет. Рамазан айында ар дайым Куран окулуп, садакалар берилүүсү керек.
Аз. Пайгамбар мындай деген: “Беш нерсе орозонун сообун жууп, жок кылат: жалган сүйлөө, ушак айтуу, кимдир бирөөнүн аркасынан жамандоо, жалган касам ичүү жана арам нерсеге тамшанып кароо.”
Напсинин арзууларын жөнгө салып тарбиялаган орозо ибадатында мынабу нерселерге көңүл бурулушу абзел: иптарда тамакты көп жебөө, иптар дастарконуна кедей-кембегалдарды дагы чакыруу, Рамазан айында зекеттерди жана битир-садакаларды берүү. Кедей-кембегалдар, кары-картаңдар, алсыздарга жардам берилип, коомдо материалдык тең салмактуулук сакталышы керек.
СУРОО: Орозо кармаган учурунда тишти щетка менен жууга болобу?
Оозго алынган суу же болбосо тиш пастасы тамактан ары өтпөсө, орозо туткан кишиге тишин жууса болот. Жогорудагы шарттардын бири кокустан бузулса орозо бузулат жана аны каза кылыш керек болот.
СУРОО: Рамазанда ар бир жылы 30 күндүк орозо тутулушу керекпи, же 29 күн тутса да болобу?
Орозо айы болгон Рамазан камери (ай календары) айлардын бири. Камери айлардын мөөнөттөрү, башталышы жана аякталышы айдын жаңырышына жараша болот. Айдын жаңырышына жараша аныкталган бул айлар, кээде 29 күн, кээде 30 күн болушу ыктымал. Ошондуктан Рамазан айы кээ бир жылдары 29, кээ бир жылдары болсо 30 күн болууда. Мусулмандарга рамазан айында орозо тутуу парз болгондугу үчүн бул ай 29 күн болгондо 29 күн, 30 күн болгон жылдары 30 күн орозо тутуулары керек. 29 күн болгон жылы орозону 30 күн тутуу туура эмес болот. Себеби, мындай учурда айт күнү орозо тутулган болот. Айт күнү орозо тутуу болсо арамга жакын макүрөө болгон абал деп эсептелинип, орозо бузулат. Айт майрамы дайыма баардык мусулмандар менен бирге майрамдалышы керек. Айт күнү орозо тутууну арам деп эсептегендер да бар.
Азыркы күндө мыйзамдуу түрдө айдын жаңырышын аныктап жарыялаган расмий мекемелер бар. Бул мекемелер ары ишеничтүү, ары мусулмандардын ынтымагынын бекемделиши жагынан маанилүү болуп, мусулманардын бул жарыяларга жараша орозону баштоосу жана айт күнүн белгилөөсу туура болот.
СУРОО: Айт намазы качан окулат?
Айт намазы айт күнү күн аркан бою көтөрүлгөндөн кийин (күндүн чыкканына 50-55 мүнөт болгондон кийин) окулат. Айт намазын күн так төбөгө келгенге чейин окуса болот.
Орозо айттын биринчи күнүн аныктоодо ката кылынса, же болбосо кандайдыр бир жүйөлүү себептерден улам убагында окулбай калса, айт намазы эртеси деле окула берет. Андан кийинкиге калтырылбайт. Курман айтта жүйөөлүү себептерден улам калтырылган айт намазы экинчи же болбосо үчүнчү күнү деле окула берет. Курман айттын намазы эч бир себеби жок экинчи же болбосо үчүнчү күнү окулса, бул макүрөө болуп саналат.
Суроо: Айт намазы кантип окулат?
Айт намазы эки ирекеттен турат. Жамаат менен бирге окулат. Кадимки эки ирекеттей окулат. Айрымасы: алгачкы ирекетте «субханака» дубасынан кийин үч жолу такбир алынат. Айрыкча, экинчи ирекетте рукуга баруудан мурда дагы бир жолу үч такбир алынат. Айт намазы үчүн азан же болбосо каамат окулбайт. Башталганда эки ирекет рамазан же курман айт намазын окууга ниет кылынат. «Аллаху Акбар» деп биринчи имам, артынан жамаат ифтитах (намазды баштаган учурда алынган такбир) такбири айтылат. Колдор байланганда «субханака» дубасы окулат. Кийин имам үн чыгарып, жамаат болсо үн чыгарбай үч жолу «Аллаху Акбар» деп такбир айтат. Ар бир такбирде колдор кулак деңгээлине чейин көтөрүлөт, андан кийин колдор кайра капталдарына карай түшүрүлөт. Үчүнчү такбирден кийин колдор киндиктин астында байланат. Имам фатиханы жана кошумча сүрөнү окуйт. Руку жана сажда кылынат. Икинчи ирекетте имам фатиханы жана кошумча сүрөнү окугандан кийин рүкүгө баруудан мурда үч жолу такбир алат. Андан кийин гана рукуга барылат. Сажда жана тахиййат окулгандан кийин салам берилет жана ошону менен намаз бүтөт. Мындан кийин имам кутба окуйт.
Которгон: Коңурбаев Бакыт