Төртүнчү сан

Аз. Хадижа
Мазмуну
Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүйүктүү жары болгон аз. Хадижа энебиздин ислам ааламында орду абдан чоң. Ал эң алгачкылардан болуп, Аллага жана анын Пайгамбарына ыйман келтирген. Турмушунда бүтүн байлыгын Алла жолунда жумшаган. Көзүнүн тирүү кезинде эле бейиш менен сыйланган.
Азирети Хадижа 556-жылы Арапстандын Мекке шаарында дүйнөгө келген. 65 жашында ушул эле шаарда көз жумуп, сөөгү «хаажуун» мүрзөсүнө коюлган.
Азирети Хадижа Курайш уруусунан болгон. Атасы Хувайлид Курайш уруусунун кадыр-барктуу адамдарынан эле. Энесинин аты Фатима. Хадижа жаш кезинен эле акылдуу, ар-намыстуу болгондуктан ислам дини келгенге чейин эле «тахира» (таза аял) деген лакап менен таанымал болгон.
Ал балдарын багуу үчүн соода ишин жүргүзүп, күнүмдүк-турмушун өткөзүп жүрчү. Курайш уруусунун алдынкы адамдары Хадижанын байлыгына, намыскөйлүгүнө жана сулуулугуна көз артышып, аны менен турмуш курууну каалашып, анын колун сурашар эле. Бирок Хадижа алардын сунуштарын четке кага турган.
Курайш уруусу соода ишин жайы-кышы дебей улантышчу. Чууруган кербен тээ алыскы Шам (Сирия) жана Йеменге чейин барчу. Хадижанын мал-дүйнөсү көп болгондуктан айланасындагы бай адамдар менен соода жүргүзөөр эле. Анын бул соода иши жеке өзүнүн турмушуна эле эмес, жалпы Курайш уруусунун экономикалык абалына да чоң таасирин тийгизчү.
Күндөрдүн биринде Хувайлиддин кызы Хадижа өзүнүн соода иштеринде ишенимдүү жардамчы адам издейт. Бул учурда жаш кезинен эле ишенимдүүлүгү менен таанымал болгон азирети Мухаммед менен таанышып, аны соода ишине жардамчы катары алат.
Арадан көп убакыт өтпөй соода ишинин аркасынан Хадижа жакын досу Рафиса аркылуу азирети Мухаммедке өз сырын ачат. Азирети Мухаммед анын сунушун кабыл алып, аны менен баш кошот. Ислам тарыхчыларынын көпчүлүгүнүн айтуусу боюнча бул кезде азирети Мухаммед 25 жаш курагында болчу. Ал эми аз. Хадижа 40 жашындагы эки балалуу жесир аял эле. Аз. Мухаммед Хадижа менен 25 жыл жашады. Бактылуу үй-бүлөө курушуп, үлгүлүү турмуш өткөзүштү. Аз. Мухаммед (с.а.в.) Хадижадан 2 уул жана 3 кыздуу болду. Тилекке каршы, уул балдары наристе кезинде эле чарчап калышты. Кыздары бой жетип турмуш курушту. Аз. Пайгамбардын урпагы эң кичүү кызы Фатимадан гана тарады.
620-жыл Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жана бүтүндөй мусулмандар үчүн өтө кайгылуу жыл болду. Анткени бул жылы Пайгамбарыбыз (с.а.в.) эң жакындары болгон Абу Талиб жана сүйүктүү Хадижа энебизди жоготту. Ушул себептен бул жыл Ислам тарыхында «кайгы жылы» деп аталып калды.
Чындыгында Пайгамбарбыз (с.а.в.) аялдарынын ичинен айрыкча аз. Хадижа энебизди жакшы көрчү. Өлүмүнөн кийин да аны ар дайым эскерээр эле. Ошондой эле Хадижанын жакын туугандарына жана досторуна да урмат-сый көрсөтчү. Булардын баардыгы Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Хадижа энебизге болгон сүйүүсү канчалык деңгээлде экенин айгинелейт.
Пайгамбарыбыз Мадинада жашап турган кези. Бир күнү Хадижанын бир тууган сиңдиси Хаала Пайгамбарыбызды көргөнү келет. Анын үнү эжеси Хадижанын үнүнөн эч бир айырмасы жок эле.
Ичкериде отурган Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дароо аны үнүнөн таанып, кубанычынан Оо, Алла! Бул келген Хаалабы!, - деп сүйүнүп кетет. Анткени Пайгамбарыбыз өз аялы Хадижаны сүйгөндөй эле анын урук туугандарын жана досторун дагы терең урматтачу.
Пайгамбарыбыздын Хадижага болгон мынчалык сүйүүсүнөн жана аны ар дайым эскерүүсүнүн натыйжасында аз. Айша бир күнү аз. Хадижаны кызганып, «өлгөнүнө канча жыл болуп кетсе да, аны алигиче унута элексиңби?» дейт. Алланын Элчисинин (с.а.в.) өңү өзгөрүп: «Аллага ант болсун! Мага андан өткөн жакшысы берилбеди. Баардык адамдар менин «пайгамбарлыгымды» кабыл албаган мезгилде, ал биринчи болуп кабыл кылды. Бүтүндөй адамдар мени жалганчы деген кезде, ал мага чын көңүлдөн ишенди. Турмуштун оор күндөрүндө колундагы бар байлыгын жумшап, мага көп жардамын көрсөттү. Ошондой эле Кудайым мага бир гана андан бала-чака берди», - деп айтат. Мындан кийин аз. Айша аз. Хадижа тууралуу сөз кылбоого сөз берди.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадистеринин биринде: «Жаннатта кадыр баркы эң жогору болгон 4 аял бар. Алардын бири Хадижа» - деген.
Алла ага ыраазы болсун! Оомийин!
Кожобеков Алмазбек