Төртүнчү сан

Журналдын төртүнчү саны

Эгемендүүлүгүбүз – улуу дөөлөтүбүз!

Мазмуну

Бир коомдук түзүлүштөн экинчи бир коомдук түзүлүшкө которулдук. Кыргызстанда рынок мамилелери түптөлдү, жаңы мамлекеттүүлүгүбүз каймактады. Өзүбүздүн улуттук желегибизге, улуттук гербибизге ээ болдук. Тоталитардык бир партиялуу мамлекеттен көп партиялуу демократиялык түзүлүшкө кадам койдук. Граждандык коомдун жөрөлгөлөрү жаралды. Ушунун бардыгы биздеги стратегиялык чоң өзгөрүүлөр болуп эсептелет.

Ошону менен бирге 15 жыл ичиндеги өткөөл мезгил кыргыз эли үчүн драмалуу, өтө азаптуу, кыйын кезеңдүү болду. Бул процесс көптөгөн негативдүү көрүнүштөр менен коштолду. Адамга эркиндик берилгенде, боштондуктун жооптуу жүгүн жоопкерчилик, тартип, укук идеясы кан-жанына сиңип калган немиске окшогон адамдын тиби жакшы көтөрөт экен. Эркиндикти, өзүн-өзү башкарууну тартуулаганда мындай типтеги адамдын эркиндикти анархияга айландырып жибербестигине, анын жекече ички жоопкерчилик, укук маданиятына жана индивидуалдуу тартибине ишенип турасың. Бул жерде гарантия бар. Ал эми Кыргызстан деп аталган азиялык, агрардык чөлкөмдө абал кандай болду?

Эркиндик учурунда демократия кыргыздын мыйзам тоотпочулугунан азап чекти. Экономикабыз криминалдашты, коррупциянын, “прихватизациянын” арааны жүрдү. Эркинмин деп, ата-бабанын ыйык топурагын тепсеп, далайлаган кыргыздар бөлөк, чоочун диндерге өттү. Трайбализм, регионализм оорусу активдешти, эркинмин деген басма сөздүн ээн ооздугу чектен ашты, жетекчилер эркинмин деп өз айланасына туугандарын, классташтарын, куда-сөөктөрүн, аяштарын, жердештерин топтоду. “Өзгөнүкү дегенде аны-муну ишим бар, өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар” деген принцип араанын ачты. Киши өлтүрүү, каракчылык, уурулук, тоноолор, кыз ала качуу, сойкулук, наркомания, аракечтик, бирөөлөрдүн укугун уятсыздык менен тепсөө, оргу-баргы агрессивдүү жүрүм-турум, соттордун беймыйзамчылдыгы, “менин милициям мени тонойт” маселеси күч алды. Жер-жерлерде рационализмге, логикалуу платформага негизделбеген спонтандуу, эмоционалдуу массалык чыгуулар, демагогияны ээрчиген көчө жүрүштөрү, анархизм жыттанган ураандарды көтөргөн охлократия “куйругун чагарактатып” каалагандай даң салды.

Кыскасы, ушундай негативдүү көрүнүштөр жаш өлкөбүздү экономикалык жааттан артка тартып, алга карай ылдам темп менен өнүгүшүнө кедергисин тийгизди. Бирок, буга карабастан эгемендүү республикабыз демократия жагындагы дүйнөлүк өрнөктөргө багыттанып, илгери карай умтулуусун улантууда. Азыр Кыргызстанды демократия жолундагы прогрессивдүү өлкө катары эсептешке негиздер бар.

Бүгүнкү эгемендүү демократиялык Кыргызстандын конституциялык деңгээлде туу кылып көтөргөн жогорку идеясы, саясий жана нравалык философиясы - бул гуманизм, жеке адам, инсан, анын укугу жана эркиндиги. Инсан эркиндигинин жогорку асыл-нарк катары коомдун борборуна коюлушу кечээки патритархалдык-жарым феодалдык жана социалисттик-тоталитардык Кыргызстандын социалдык оюнун тарыхындагы революцияга тете бурулуш болуп саналат жана бул идея биздин өлкөгө дүйнөлүк цивилизациянын көчүнө татыктуу кошулууга, ишенимдүү мандат берет. Себеби эл аралык аренада адам укугу жана эркиндиги - мамлекеттин сапатына, гумандуулугуна, прогрессивдүүлүгүнө, демократиялуулугуна баа берүүнүн башкы чен-өлчөмү болуп саналат. Инсандын укугун, инсандык МЕНин, суверенитетин таанып, анын автономиясын сактоого, коргоого умтулуп жатышы - биздин жаш республикабыздын гуманисттик жаңы жолго түшкөндүгүн жана келечектүүлүгүн мүнөздөйт.

Эркиндик, эгемендүүлүк демекчи, ушуга байланыштуу дагы бир ойго басым койгум келет.
Эркиндик - адам баласына табияттын тартуулаган тартуусу. Эркиндик - табигый энчиң. Эгерде социалдык турмуштагы кандайдыр бир үстөмчүл күч сенин ушул энчиңди тартып алса, башыңа нокто, колуңа кишен, бутуңа чидер салынса, оюңа көзөмөл орнотулса, мындан ашкан трагедия жок. Атуулдун да, Атажурттун да жашоосунун маңызы эркиндикте, азаттыкта көзкарандысыздыкта. Биз ушул дөөлөт менен аба менен дем алгандай дем алып жашайбыз. Тарых далилдеп келе жатат: Эл өз башына өзү ээ, өзүнө-өзү кожоюн болбосо, анын тагдыры зордукчул, чоочун кара күчтүн колунда болсо, андай улуттун этек-жеңи, канат-бутагы жайылып өспөйт. Түркүгүң суурулуп, тамырың түбүнөн кыркылышы мүмкүн. Мына ошондуктан биздин ата-бабаларыбыз калк азаттыгын, Мекен эркиндигин эң жогорку ыйык асыл-нарк катары туу тутуп, бул үчүн каруусун казык, башын токмок кылып күрөшүп келишкен. Манас баатыр - эл эркиндиги, Атажурт азаттыгы үчүн күрөшүүнүн эң бийик өрнөгү тарыхтын татаал, кыйын-кезең, бороон-чапкындарында кыргыз калкы бир кездеги көз карандысыз улуу мамлекеттүүлүк дөөлөтүн жоготуп, түркүн үстөмчүл империялардын кол астында далай кылымдар күнкор болуп жашап келип, акыры 20-кылымдын аягында өз эгемендүүлүгүнө кайрадан ээ болуп, эңсеген мүдөөсүнө жетип олтурат. Эгемендүүлүгүбүз - эң башкы байлыгыбыз, ыйык таберигибиз жана улуттук идеябыз. Эркин элиң, эркин жериң, көз карандысыз Атажуртуң болсо гана сен сыймыктуу адамсың, бактылуу атуулсуң, мекениңдин эркесисиң. Улутубуздун колубузга тийген ушул эгемендүүлүгүн, көз карандысыз эркиндигин көздүн карегиндей сактоо, коргоо, эгемендүүлүгүбүзгө гарант болуп турган Мамлекеттүүлүгүбүздү бардык күч-аракеттер менен чыңдоо алатоолук ар бир жарандын ар-намысы.

Эгемендүүлүгүбүздү сактоо жана чыңдоо жөнүндөгү ар бир атуулдун каны-жанына сиңген идея - Атажуртубуздун урагыс тиреги.
Эгемендүүлүгүбүздү сактай жана чыңдай турган улуу курал - бул улут биримдиги, эл ынтымагы. “Ынтымагың бар болсо - башыңа конор ырыс-бак. Ынтымагың жок болсо - алдыңдан таяр алтын так” деп элдик акылмандар бекер айтпаган.

Элибиздин ичинде биримдик, кол кармашкан бекем ынтымак жок болсо, чынында эгемендүүлүгүбүздүн алтын тагынан айрылып, колго тийген ырыскыбызды төгүп алышыбыз ажеп эмес экендигин турмуш практикасы каңкуулап келет.
Дегеле, эл ичинде ынтымаксыздыктын, ыркы жоктуктун, ээк алдындагыдан башканы көрбөгөн кыска ойлуулуктун, күнүмдүктү гана ойлогон өзүмчүлдүктүн арты кайгы. Ар кандай “Абыке - Көбөш алты арамдардан”, өзөктөн чыккан өрттөн, өздөн чыкан жаттардан , бийлик-байлык талашып тирешүүлөрдөн, ичтен бөлүнүп-жарылуулардан уланып келаткан улуу көчтөр, хандыктар, каганаттар, империялар кулагандыгына тарых күбө.

Бүгүн да эгемендүү мамлекетибиз улутун эмес, уруусун, коомун эмес, коктусун ойлогон, өлкөсүнүн эмес, өз керт башынын гана камын көргөн тар мүдөөлүүлүктөн, трайбализмден, регионализмден, ички бытырандылыктан азап чегип отурат. Азыркы тарыхый этапта биздин өлкөбүздүн ички идеологиясы үчүн кандай идея эң маанилүү жана орчундуу. Албетте, улутубуздун биримдиги, баш кошкондугу, Атажуртубуздун бүтүмдүгү, анын эч качан бөлүнбөстүгү жөнүндөгү идея маанилүү. Бул улуу идея калк рухунда илгертен жашап келе жатат. “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет”, “Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу” деген идея илгери бир Алтайга, бир каңгайга, бири эренге, бири тереңге кетип (“Манас”) чачылган калкыбыздын трагедиялуу ачуу тарыхый тажрыйбасынан жаралып, белес-белден бороондоп, беш удургуп өтүп улутубузду сактап келген жана бизге мурас катары жеткен ыйык мүлк. Улуттук биримдик, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган жарандык баш кошкондук, ички менен ниеттүүлүк идеясы, бул идеяга ар бир атуулдун баш-оту менен берилгендиги - эгемендүүлүгүбүздүн бекемдигинин жана Атамекенибиздин гүлдөшүнүн кепилдиги. Элибиздин, өлкөбүздүн биримдигине, бүтүмдүгүнө шек кете турган кооптуу кырдаалда ар кандай партиялар да, оппозиция да, бийлик да келишпөөчүлүктү, опурталдуу конфронтацияны кан буугандай токтотуп, консенсуска, компромиске, диалогго өтүшү, ынтымакка келиши, баш кошкондук биздин граждандык-саясий жашоо мүнөзүбүздүн айныгыс шарты болууга тийиш. “Ырыс алды - ынтымак” дейт эл акылмандары. Кыргызстан учкан куш болсо, түндүк менен түштүк анын кош канаты. Улуттук биримдик - биздин башкы стратегиябыз! Ар бирибиз мына ушул идеяга кызмат кылышыбыз керек.


Советбек Байгазиев,
Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, публицист.
(Кутбилим газетасы №32, 31.08.06-ж)

Башына