Төртүнчү сан

Кыргызстанда жана Орто Азияда рамазан айы
Мазмуну
Док. Бакыт Мурзараимов
Рамазан айы бардык мусулман өлкөлөрдө эң ыйык айлардын бири болуп эсептелет. Бул айда Жараткан Алла Таалага ишенген момун-мусулмандар жалгыз гана Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн орозо кармашат. Орозо кармоо өзүн мусулман деп эсептеген ар бир кишиге парз болуп саналат. Рамазан айында дүйнөдөгү баардык мусулмандар орозо кармоо жана таравих намазын окуп, Алла Таалага ибадат кылуу менен бирге адамдардын ортосундагы биримдик мамилелерин күчөтөт.
Өлкөбүздө рамазан айы жакындаганда адамдар орозо кармоо үчүн даярдыктарды көрүшөт. Ошондой эле рамазан айына бир күн калганда кээ бир айыл кыштактарда жана шаарларда адамдар ар кандай даамдуу тамак-аштарды даярдап кошуналары менен тең бөлүшөт. Мындай жөрөлгөлөр башка элдерде сейрек кездешет.
Рамазан айы киргенде адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерде өзүнчө жылуу алакаларды сезүүгө болот. Бири-бирин урматтоо, жаман сөздөрдөн жана жаман иштерден алыс болуу, жакшылыка үндөө жана башка ушуга окшогон бактылуу сезимдер адамдардын маанайынан даана байкалып турат.
Ооз ачаар маалындагы «иптар тамагы» кошуналардын, жоро-жолдоштордун жана урук-туугандардын ортосундагы биримдикти күчөтүү менен бирге кедей-кембагалдардын түрлүү тамак-аштардан даам сызуусуна себеп болот. Мындай жакшылыктар ушул улуу айда жараткан Алла Тааланын алдында «соопчулук» аты менен жазылып калат.
Мындан сырткары жер жерлерде жаш балдардын рамазан ырын ырдап ар бир үйгө кут тилегендиги да бир гана биздин жана Орто Азия элдерине таандык жөрөлгө болуп эсептелет.
Рамазан айы киргенде ислам дини буюрган буйруктары аткарылып аны менен кошо ар бир улут өзүнүн көнүмүш болгон жакшы адаттарын аткарууга аракет жасашат. Мындай көрүнүштөрдүн баары жалгыз гана Алла таалынын ыразычылыгын алуу үчүн жасалат. Алла Таала: «Ушул айда тутулган орозонун соопчулугун бир гана өзүм берем, аны силер жалгыз гана мен үчүн тутасынар, ал эми калган ибадаттарды болсо силер өзүнөр үчүн кыласыңар.» - деп айткан. (Муслим, Сыям, 164; Бухари, Савм, 7; Насаи, Сыям, 42)
Биз жалгыз гана Алла Таалага ишенген мусулмандар катары ушул улуу айда орозо кармоо менен бирге жаман иштерге барбай бири-бирибизге көмөк көрсөтүп, муктаждарга жардам берүү менен Алла тааланын бизге жүктөгөн жоопкерчилигинен кутулабыз. Бул айда намазды окуп садака кылуу жана чоң кичинеге бирдей мамиле жасап, туугандардан кабар алып, оорулууларды зыярат кылып алардын көңүлүн алуу бизге жүктөлгөн эң негизги милдеттердин бири болуп эсептелет.
Бул айдагы дагы бир өзгөчө маани берилүүчү нерсе – бул Кадыр түн болуп эсептелет. Рамазан айындагы эң ыйык түн болуп эсептелген Кадыр түн Кураны Каримдин сөзү менен айтканда «миң айдан да артык». Ошондуктан бул түндү дүйнөдөгү бардык момун-мусулмандар башка түндөрдөн өзгөчө өткөрүүгө аракет жасашат. Кадыр түнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк ибадат кылып, зикир чалып Алланы даңкташат.
Биздин өлкөбүздө жоро-жолдоштор, колу-кошуналар же урук-туугандар үйлөрдө жана мечиттерде чогулушуп Жараткан Алла үчүн курмандык чалышып бул ыйык түндү Алладан кечирим суроо менен өткөрүшөт. Улуу Пайгамбарыбыз азирети Мухаммед Мустафа – саллаллаху алейхи васаллам - : «Кимде-ким Кадыр түндү анын касиеттүүлүгүнө ишенип, сообун Алладан үмүт кылып ибадат менен өткөрсө, Алла Таала анын күнөөлөрүн кечирет»- деп айтат.
Рамазан айы аяктаганда бардык момун-мусулмандар аруу сезимдер менен майрамдык намазга даярданышат. Буга чейин алар ооз ачар иптар тамагында чогу болушкан болсо, эми алар майрам намазында чогулушуп эки ирекет намаз аркылуу жапа тырмак Жаратканга жакшылык тилеп жалбарышат. Орозо айт күнү майрам намазын окуу үчүн мечиттерге жада калса көчөлөргө да батпай кеткен момун-мусулмандар намаздан кийин бири-бирин куттукташып үйлөрүнө майрамдык даам татууга чакырышат.
Адамдардын ортосунда мындай улук сезимдерди жашаткан жана эки дүйнө бактылуулугун тартуулаган башка динди учуратуу кыйын. Ошондуктан баарыбыз ислам дини менен бакытка жетип, анын ниматарынан пайдаланып, ушул кыска өмүрүбүздө Жаратканга ылайыктуу кулдардан болууга аракет кылганыбыз оң.