Төртүнчү сан

Филиппинден окуя
Мазмуну
Бизге мусулман боло электен мурунку жашооңуздан жана диниңизден баяндап өтөсүзбү?
Салиха: Мен Христиан дининин католик агымын тутунган үй-бүлөдө чоңойдум. Бала кезимде ар жекшемби күнү чиркөөгө барчубуз. Үй-бүлөм динди бекем тутунчу десем жаңылышпайм. 13-14 жаштарымда чиркөөнүн мага берген маалыматтары бири-бирине карама-каршы болгондугун байкай баштадым. Ошондой эле чиркөө башчыларынын эки жүздүүлүгү, башкача айтканда алар мага чыныгы христиан динин жеткирбегендигин түшүндүм. Мындай катуу сокку мени чиркөөдөн, жада калса кудайдан алыстатты. Университетке тапшырып студент болгонго чейин кудай деген нерсе жок экендигине, болсо дагы бизге көңүл бурбагандыгына өзүмдү абдан ишендирип койгом. Бир топ жылдар бою диний жөрөлгөлөрдөн, дегеле ичине динди камтыган бардык нерселерден качтым. Бардык нерсени билген жана баардык нерсеге күчү жеткен кудайдын жок экендигине өзүмдү абдан ишендирдим. Эч кандай жоопкерчиликсиз жашоо мага кызыгыраак көрүндү.
Бул дүйнөгө келүүмдүн кандайдыр бир себеби болуусу керек деп ойлочумун. Мунун негизинде адилеттүүлүктү, тынчтыкты жана чөйрөгө жараша жашоону өзүмө принцип кылып алдым. Бирок жаратуучунун бар экендигин кабыл кыла албадым. Студенттик жашоомдун акыркы күндөрүнүн бир күнү болчу. Кечке маал үйгө бара жатып асманга көз салдым. Көркөмдүү асманга көз жүгүртүп, көздү талыткан кооздуктун алдында өзүмдүн алсыз жандык экендигимди сездим. Ошол замат мындай кооз асман, нур чачкан ай жана жылдыздар кокустан пайда болбогондур деген ой акылыма «кылт» дей түштү. Буга чейин бардык нерсе өзүнөн-өзү пайда болгон деген пикир менен жашап келгендиктен, бул ой мага чагылган тийгендей таасир калтырды. Мындай керемет кооздуктун сөзсүз жаратуучусу болуусу керек жана бул кооздуктар аны таануубуз үчүн эле. Ичимен: «Ооба, кудайым сен барсың, мен сага ишенем» деп, бул ойду бергендиги үчүн ага шүгүр кылдым. Кайрадан кудайга кайтып, таштап салган христиан динимди жана анын агымдарын изилдей баштадым. Ар кимиси өзүнүн тууралыгын ырастап жатышты. Бардыгы мага сылык мамиле кылып, туура жерге туш келгенимди айтып жатышты. Бирок ага карабастан айткан нерселерине эч канааттанбадым. Айрыкча Инжилде бири-бирине карама-кашы келген бир топ кабарлар бар эле. Бул жолкусунда аларды эч кайрылбас болуп таштадым. Мистикалык чыгыш диндерин изилдей баштадым. Белгилүү убакытка чейин медитацияны сынадым. Жүрөгүм муну дагы кабыл албады. Жаратуучумду таап, ага ибадат кылуу арзуум күчөгөндөн күчөдү. Бирок бүгүнкүгө чейин жолуктурган диндер бул арзуума татыктуу эмес эле. Акыры барып, эң таза дин жок, бардыгын адамдар ойлоп тапкан же каада-салттын таасири же болбосо динди курган адамды кудай кылып алышкан деген пикирге токтодум. Жаратуучунун бар экендигин сезчүмүн, бирок ага кантип жетээримди биле албадым.
Ислам менен кантип таанышып калдыңыз?
Салиха: Биздин алыскы чыгышта: «Окуучу даяр болсо мугалим өзү табылат» деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай жылдап издеген, эң таза динге жеткире турган эки мугалим мен руханий жана психологиялык жактан даяр болгондо алдымдан чыкты, чындыгын айтсак чыгарылды.
Туркиядан келген эки студент англис тилин үйрөнүү үчүн мугалим издеп жүрүшүптүр. Алар менен мен жашаган имараттын маңдайында тааныштык. Мен окуучу таптым деп сүйүнсөм, алар мугалим таптык деп сүйүнүп жатышты. Чындыгында Алла таала ролдорубузду башка түрдө койгон эле. Алар мугалим, мен болсо окуучу элем. Албетте, биз муну кийинчирээк байкадык. Так ошол күндөрдө жүрөгүмдө бактысыздык турган. Ааламдын мындай кооздугу жана тартиби кокусунан пайда боло калган жок жана мунун сөзсүз жаратуучусу болуш керек деген ой жанымды жай алдырбай жаткан. Ичимден ал жаратуучуга «сенин бар экениңди билем, мага жардам бер» деп ага жалбарып жүргөм.
Түрк студенттерге берген сабактарым жакшы маанайда өтүп жатты. Алардын адептүүлүгү көңүлүмө жакты, кийинчирээк алардагы бактылуулукту жана жүрөктөрүндөгү тынчтыкты байкадым. Бирок абайлап мамиле кылып жүрдүм. Кантсе да, мусулмандар да!
Бир күнү алар мага «Табият жыйнагы» деген кичинекей китеп берип:
- Окуу тексттерин бул китептен окусак болобу? – деп сурашты.
- Албетте болот – дедим. Күнүгө ошол китептен окуп жүрдүк. Окуган сайын кийинки бетине кызыга баштадым. «Ушуга окшогон дагы башка китептериңер болсо аларды да алып келгиле» дедим. Акырындап отуруп англис тили сабагы ыйман жана ислам акыйкаттары сабагына айлана баштады. Алар мага Курани карим белекке беришти. Куранды ачып окудум, окуган сайын шам сымал эридим. Улуу жаратуучунун алдында бүгүлүп, ага моюн сундум. «Сен барсың, сен барсың. Менин, бүткүл ааламдын, дегеле баардык нерсенин ээси жана падышасы болгон сен барсың» деп, жүрөгүмдө Алла тааланын барлыгын жана жалгыздыгын тастыктадым. Мындан кийин кезек тил менен тастыктоого келди. Аны дагы кылдым: «Ашхаду ан лаа илааха иллаллоо ва ашхаду анна Мухаммадан абдухуу ва Расуулух» дегенде өзүмдү ааламдагы эркин жана бактылуу адам катары сездим, азыр дагы ошондой сезем. Ошол күнгө чейин бары-жогун биле албай, күмөн санап жүргөн жаратуучумду тапкан элем. Көрсө, ал бар экен, мен аны байкабай жана тааныбай жүрүптүрмүн. Бирок азыр аны билем, тааныйм, анын улуулугуна, кудуретине баш ийип жана анын алдында алсыз пенде болгондугумду мойнума алам.
Ошентип атымды дагы алмаштырдым. Мурунку атым Салли болчу, азыркы атым Салиха. Раббим бул атыма жараша жашоо берет деген үмүттөмүн, иншаллах.
Иншалла, жанагы эки түрк балага жолугуудан мурун Ислам дини сиз үчүн кандай мааниге ээ эле? Филиппинде мусулмандарга болгон көз караш кандай?
Салиха: Ушуга чейин таң калам, эң туура динди издеп жүргөнүмдө Филиппиндеги 4 миллиондон ашуун мусулмандардын ичинен бирөөнө дагы жолукпаптырмын. Жада калса Ислам тууралуу жазуу же китеп колума тийген жок. Аларды кабарлардан укканым боюнча террорист катары таанычумун. Албетте, булардын бардыгы мусулмандарга жалаа жабыш жана аларды жок кылыш үчүн кылынган пропагандалар болчу.
Эгер көчөдөн бир Филиппиндик адамга мусулман жөнүндө эмне ойлоорун сурасаңыз, төмөндөгү сөздөрдү угасыз: жихад, өкүмзордук, кыйноо, сабатсыздык, христиандардын, жөөттөрдүн жана Американын душманы, артта калгандар, аял укуктары каралбайт ж.б.у.с. Бул тизме ушинтип кете берет. Тилекке каршы, ичинде бир дагы оң жана туура айтылган пикир жок. Албетте, бул пикирлердин эч бирөөсүн Ислам менен байланыштыруу мүмкүн эмес. Ислам согуш дини эмес, тынчтык дини. Ислам душмандыкка эмес, кечиримдүүлүккө жана мээримдүүлүккө чакырат. Ислам сабатсыздыкты жоюп, илим алууну жана илимдин артынан калбоону парз кылган.
Көрсө, булардын бардыгы европа жана американын мусулмандарга каршы жүргүзгөн пропагандасы экен. Жаман жери Филиппинде мусулманчылыкты жогорудагы айтылган ислам душмандары тетири таанытып жатышат. Бул душмандар тарабынан бузулган кээ бир мусулман жамааттары өздөрүнө кошулбаган мусулмандарды “Мухаммед Пайгамбарды (с.а.в.) татыктуу эмес, булар жихадды билишпейт.” деп күнөөлөшөт.
Мындай бузуку сөздөр жана мамилелери менен күн сайын Исламга эмес, жашоонун маңызына зыяны тийип жатат. Ошондуктан азыркы жаштардын ой-пикирлери чаташып, жашоого карата туруксуздук жана руханий жетишпестик менен жашап жатышат. Бирок үмүттү үзбөш керек, Кудай кааласа Филиппинде жана дүйнө жүзүндө Ислам жана ыйман нуру жайылат. Терс нерселердин бардыгы жоголот жана христиан ааламы дагы чыныгы динине кайтып, Ислам менен сыйланат.
Которгон: Коңурбаев Бакытбек