Төртүнчү сан

Журналдын төртүнчү саны

Хадистер боюнча Рамазан айы жана орозо

Мазмуну

Док. Абдулла Хикмет Атан

Cүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындан 1400 жыл мурун бүгүнкүдөй Рамазан айы жакындап калган күнү төмөндөгү кутпаны окуган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бул кутпасында Рамазан айынын ыйыктыгын жана бул айдын ичинде кылына турган ибадаттарды айтып кеткен:
“Эй мусулмандар! Алдыда айлардын ыйыгы болгон Рамазан айы жакындап келе жатат. Рамазан айы миң айдан артык болгон Кадыр түндү камтыган ай. Бул айда Алла таала күндүз орозо тутууну парз кылган, кечкисин тараба намазын напил кылган ай. Бул айда кимде-ким бир жакшылык кылса, ошого бир парзды аткаргандай сооп берилет. Ал эми бир парзды аткарган адамга болсо, бөлөк айлардагы жетимиш парздын сообу берилет.


Бул ай – сабырдуулуктун айы. Сабырдын акыбети бейиш. Бул ай – соопчулук, жардамдашуу жана теңдиктин айы. Бул ай - момун мусулмандардын ырыскысы ашып ташкан ай. Кимде-ким бул айда бир орозо кармаган адамдын оозун ачса, бул кылган жакшылыгы үчүн күнөөлөрү кечирилип, тозок отунан кутулат. Ошондой эле орозо кармаган адам сыяктуу сооп табат”. Мынчалык соопторду уккан сахабалар Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) мындай деп сурашат:


- Йа, Расуулулла! Орозо кармаган адамга иптарлык кылып тойгузганга эч кимибиздин кудуретибиз жетпейт.


Анда Пайгамбарыбыз (с.а.в.):


“Алла таала мындай соопту орозо адамдын оозун бир курма же бир ууртам суу же болбосо бир кашык суу менен ачса да берет.” – деп сөзүн мындай улантты:


Бул ай, башталышы ырайымдуулук, ортосу мээримдүүлүк, соңу тозоктон кутулуу болгон ай.
Бул айда төрт нерсени тынымсыз кылгыла. Булардын экөөсү менен Алланы ыраазы кыласыңар. Калган экөөнөн баары бир алыстай албайсыңар. Алланы ыраазы кыла турган эки нерсе: “Лаа илааха иллаллоох ” деп Алланын бир экенине күбөлүк кылуу жана Андан ар дайым кечирим тилөө. Алыстай албай турган эки нерсе болсо: Алладан бейишти тилеп, тозоктон алыс кылуусун сурануу.
Кимде-ким орозо туткан адамдын курсагын тойгузса, Алла таала ага менин булагымдан суу берет. Ал сууну ичкен адам бейишке киргенге чейин суусабайт.”


Бул хадис Рамазан айында Кудайы ырайымдын бөлөк айларга салыштырмалуу көбүнчө адамдарды курчай тургандыгын жана кечирим эшиктери ачыла тургандыгын баяндайт. Рамазан айынан пайдаланып, көптөгөн сооптуу нерселерди кылууга чакырат.


Орозонун сообу тууралуу кудсии хадисте мындай баяндалат:


“Улуу Алла таала: Орозодон тышкаркы ибадаттардын бардыгы тең адамдын өзү үчүн кылынат. Орозо кармаган адам ичип-жешин жана жыныстык катнашын Менин ыраазычылыгым үчүн токтотот. Орозо – түздөн-түз Мен ыраазычылым үчүн кылынган ибадат. Ибадат кылган адамга сооптор эселенип берилет. Бир жакшылыкка он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйөт. Бирок орозо башкача. Ал мен үчүн жана анын сообун Өзүм берем.”


Бардыгыбыз байкагандай бул хадисте орозонун бөлөк ибадаттарга караганда маанилүү экендигин Алла таала жеке өзү айтып турат. Алла таала орозонун сообун так айткан эмес, анын сообун акыр-кыяматка калтырган. Акыр-кыяматта орозо кармаган адамдар эч оюна келбеген сооптор менен сыйланат.


Хадистин уландысында:


“Орозо – калкан сыяктуу. Араңардан бирөө орозо тутса, жаман сөз сүйлөбөсүн жана бирөө менен чатакташпасын. Эгер кимдир бирөө ага жаман айтса:” Мен орозомун ”деп айтсын.”делет.
Орозо, орозо кармаган адамды жалган дүйнөдө күнөөлөрдөн, ал эми акыр-кыяматта тозоктон сактай турган калкан. Орозо кармаган адам мурунку орозо кармабаган күндөрүнө караганда жаман иштерге көңүлсүз болот. Анткени башка хадисте: “Рамазан айы келгенде бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылып, шайтандар чынжыр менен байланат.” деп айтылат. Бул ыйык айда шайтандар байланып, жаман иштер азаят. Бирок ошого карабастан адам баласы билбестиктен кылып жүргөн жаман адаттарын токтотушу керек. Бул боюнча кудсии хадисте мындай делет: “Эгер кимде-ким дене мүчөлөрүн арам нерселерден коргобосо, анын жеп-ичпей койуусуна Мен (Алла Таала) муктаж эмесмин.”Бул хадисте Алла таала орозонун чыныгы сообу жеп-ичүүнү токтотууда эмес, тескерисинче, күнөөлүү иштерди таштоодо экендигин айткан. Ал эми орозонун тозок отунан коргоосу боюнча: “Кимде-ким Алла тааланын жолунда орозо тутса, Алла таала ал адам менен тозоктун арасына узундугу жерден асманга чейин болгон чуңкур орнотот.” деген.


Жогоруда айтылган хадис мындайча уланат: “Мухаммаддын жаны жана кудурети колунда болгон Алла таалага касам ичип айтам, орозо кармаган адамдын оозунун жыты Алла таала үчүн миск жытынан да артыгыраак.”


Хадис мынабу сүйүнчү менен аяктайт:


“Орозо кармаган адамдын эки сүйүнүчтүү убагы бар. Биринчиси: ооз ачкан убагы. Экинчиси болсо, акыр-кыяматта Алланын алдына барып, орозонун урматына бейиш менен сыйланышы”
Алла таала орозо туткан адам үчүн бул жана тигил дүйнөдө да сыйлыктарды камдаган. Иптарлык сыйлыгы менен бул дүйнөдө, орозо тутуунун акыбети катары күнөөлөрүбүздү кечирип, бейиш сыйлыгы менен тигил дүйнөдө. Иптар кылуу, башкача айтканда өз убагында ооз ачуу – бул дүйнөдө бизге берилген ыйык ырыскы. Эртеден кечке чейин ачка жүрүп, кечинде шам азаны менен чогуу күнүмдүк жашоого кайтууда албетте сүйүнүч бар. Бирок бул, кылынган амалдын материалдык тарабы. Сүйүнүчтүн эң чоң тарабы катары орозо аркылуу акыр-кыяматта ала турган сооп-жакшылыктарыбыз болуш керек. Анткени орозо кармаган адам баардык күнөөлөрүнөн тазаланып, Жаратуучусу Аллага барат. Бул боюнча хадисте:


“Эгер кимдир бирөө сообуна ишенип, сообун бир гана Алладан күтүп Рамазан орозосун тутса, кылган күнөөлөрү кечирилет” деп жогорудагы нерсеге басым жасаган. Акыр-кыяматтагы Алла таала даярдаган сыйлыктар муну менен эле чектелбейт. Башка хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в.) орозо кармагандарга мынабу сүйүнчүсүн да айтат:
“Бейиште “Реййаан” деген эшик бар. Кыямат күнү ал эшиктен орозо кармагандар гана кирет. Алардан башка эч ким кире албайт. Орозо кармагандар каякта деп чакырылат. Орозо кармагандар агылып ал эшиктен киришет. Орозо кармагандар киргенден кийин эшик жабылат жана ал эшиктен башка эч бир жандык кире албайт.”


Пайгамбарыздын (с.а.в.) Рамазан айы тууралуу айкан эки хадисин сахабалар төмөндөгүчө жеткирген:
Ибн Аббас (р.а.) айтат: “Алланын элчиси (с.а.в.) адамдардын ичинен эң жоомарты болчу. Анын дагы да жоомарт болгон убагы Рамазан айында Жабраил менен жолугушканда эле. Аз. Жабраил ар күнү кечинде Пайгамбарыбызга (с.а.в.) келип, экөө бири-бирине Куран окушчу. Мына ошондуктан Пайгамбарыбыз (с.а.в.)Рамазан айында аз. Жабраил менен жолукканда, анын жоомарттыгы удургуган шамалдан дагы өтөөр эле.”
Аз. Айша энебиз айтат: “Рамазан айынын акыркы он күнү келгенде Пайгамбарыбыз (с.а.в.) түнүн ибадат менен өткөрчү. Үйдөгүлөрдү эрте тургузуп, көпчүлүк убакытын ибадатка бөлүп, жубайлары менен байланышын үзөөр эле.”


Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Рамазан айындагы жашоосу башка айлардагы күнүмдүк жашоосуна салыштырмалуу ибадатка басымдуу болгон. Аз. Жабраил менен Кураны каримди башына аягына чейин окуп чыгуусу өтө чоң жана маанилүү нерсе. Рамазандын акыркы он күнүнө келгенде ибадаттарды көбүрөөк кылуусу, ушул он күндүн ичинде миң айдын сообун берген Кадыр түнгө туш болууга кылынган аракет болчу.


Жогоруда айтылган бардык хадистерге таянып, Рамазан айы күнөөлөрдөн кутулууга, Алла таалага жакындоого, анын бейишине кирүүгө арналган ай экендигин бардыгыбыз байкасак керек. Мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланбагандарга Пайгамбарыбыз: “Рамазан айына жетип, бирок күнөөлөрүнөн тазалана албаган адамдын абийири төгүлсүн”деген.


Которгон: Коңурбаев Бакыт.

Башына