Төртүнчү сан

Журналдын төртүнчү саны

ОРОЗОНУН МААНИЛҮҮЛҮГҮ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫГЫ

Мазмуну

Абдуррахман Хачкалы

            Ислам дининин маанилүү негиздеринин бири – бул орозо ибадаты. Орозо – бул адам баласы үчүн жаман адаттардан, напсинин азгырыгынан арылуунун жолу. Адамды рухий жактан өзүн-өзү тарбиялоого үйрөтөт.

            Орозо адам баласынын ар кандай күнөөлөрдөн оолак туруп, өз напсисин көзөмөлдөөсү үчүн өтө ыңгайлуу ибадат болуп эсептелет. Адамзааданы жалкоолукка жетелеген, ибадаттарын аткаруусуна тоскоолдуктарды жараткан жана анын көп уктоосуна себепкер болгон нерсе – бул шакабат,  аша тоюнуу. Андыктан орозо кармоо жолу менен адам баласы ачка жүрүүгө, шакабаттан алыс болуп напсисин көзөмөлдөөгө үйрөнөт. Ошентип орозо кармаган адамдардын ач жүргөн адамдарга болгон аёо, жардам берүү сезимдери күчөйт. Асыресе, орозо арам иштерден оолак болууга, ыплас сөздөрдөн, ушак-айыңдан алыс болууга үйрөтөт.

            Рамазан айында мусулман баласы орозо кармоо, Куран окуу, таравих намазын окуу жана башка ушул сыяктуу ибадаттар менен руханий жашоосун жандандырат. Береги жандандыруу аракети анын бир жыл бою ушул калыбынан жазбай жүрүүсүнө шарт түзөт.  
Орозо кармаган адам жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу менен гана чектелбестен арам нерселерди кароодон, арам тамактан, жаман сүйлөөдөн, урушуудан жана пайдасыз нерселер менен алектенүүдөн оолак болот. Ал убактысын туура пайдаланууну үйрөнөт. Болбосо орозо кармаган адам жеп-ичүүнү токтоткону менен башка жаман адаттарын таштабаса, куттуу хадисте айтылгандай, жөн гана ач болгону болбосо ага эч кандай деле сооп болбойт.

            Орозо – адамдын эркин күчөйтөт, изги мүнөздөрүн калыптандырат жана ага ырааттуу жашоону үйрөтөт. Адамды сабырдуу болууга үйрөтөт. Орозо байларга, бардарларга кедей-кембагалдардын абалынан кабардар кылат. Адамдардын бири-бирин туура түшүнүүгө, жардам көрсөтүүлөрүнө жол ачат.

            Орозо ошондой эле адамдын ден-соолугу үчүн да абдан пайдалуу ибадат. Азирети Пайгамбарыбыз бул багытта: «Орозо кармагыла, ден-соолугуңарды чыңдагыла!» деген. Мына ушунун баары динибиздин жалпы ибадаттары сыңары орозо ибадаты да адамдын, коомдун дүйнөлүк жана акыреттик пайдалары үчүн парз кылынгандыгын айгинелейт.
Орозо ибадаты адамдын мурунку күнөөлөрүн тазалайт. Бул жөнүндө куттуу хадисте: «Чын ыкласы менен жана сообун бир Алладан күтүп (үмүт кылып) Рамазан айында орозо кармаган адамдын мурунку күнөөлөрү кечирилет» (Бухари, Савм – 6) деп айтылат.

            Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Шабан айынын акыркы күнү (Рамазан айына бир күн калганда) кутпа окуп кутман сахабаларына кайрылып:
«О, мусулмандар! Куттуу айга кирүүнүн алдында турасыңар. Бул айда миң айдан да артык Кадыр түнү бар. Алла Таала күндүзү орозо кармоо менен өткөрүүнү парз, түнкүсүн таравих намазын окууну напил кылуу менен куттуу кылган ай. Бул айда ким бир жакшылык кылса, жөн учурларда бир парзды орундаткан адам сыяктуу сооп табат. Ал эми парзды орундаткан адам башка айларда жетмиш парзды орундаткан адамдай сооп табат.
Бул ай – сабырдуулуктун айы. Сабырдуулуктун түбү  – бейиш.
Бул ай – жакшылыктын, жардам берүүнүн айы.
Бул ай – момун-мусулмандын ырыскысы көбөйгөн (ырыскысына береке кирген) ай. Ким орозо кармаган бир адамга ооз ачырса, бул күнөөлөрүнүн кечирилишине, тозоктон кутулушуна себеп болот. Ооз ачырылган адам тапкан сооптон эч кемибестен ага да ошончолук сооп берилет» - дейт. Сахабалар:
«Арабыздан кээ бирибиз орозо кармаган бир адамга да ооз ачырууга мүмкүндүгүбүз жок...» дешет. Анда Алланын Элчиси:
«Алла Таала бул соопту орозо кармаган бир адамга бир курма же бир ууртам суу же сүт менен ооз ачырган адамга да берет» деп жооп кайтарып кутпасын улантып:
«Бул айдын башы ырайым, ортосу кечирим, аягы тозок отунан кутулуу. Ким (бул айда) буйругундагылардын жүгүн жеңилдетсе, Алла Таала аны кечирип, тозок азабынан азат кылат.
Бул айда төрт нерсени көп кылгыла. Мунун экөөсү менен Эгеңерди ыраазы кыласынар, экөөсүн баары бир кылбай койбойсуңар. Жараткан Алланы ыраазы кыла турган эки нерсе мынабулар: бири «Лаа илааха иллаллах» деп Жараткандын жалгыздыгына күбөгө өтүшүңөр, экинчиси Андан кечирим тилешиңер. Ал эми баары бир кыла турган нерсеңер Алладан бейишти сурап, тозоктон кутулууну тилешиңер.
Ким орозо кармаган бир адамды тойгузса, Алла Таала аны менин абызыман (көлмө) даам сыздырат. Ошентип ал бейишке киргенге чейин экинчи сууга зар болбойт» (Ибн Хузайма, Сахих, Бейрут, 1975, тхк. М.М.Азами, III, 191-192)

Башына