Төртүнчү сан

Орозонун ден соолукка тийгизген пайдалары
Мазмуну
ОРОЗОНУН МЕДИЦИНАЛЫК ӨҢҮТТӨН КАРАЛЫШЫ
Орозо медициналык жактан да жогору мааниге ээ. Ал ичеги ооруларына өтө пайдалуу.
Ошондой эле орозо кээ бир тери ооруларынын, ашказандын жана ичегилердин жакшырышын камсыз кылат. Ушул себептен улам дүйнөнүн кээ бир жерлеринде жалаң орозо менен дарылаган ооруканалар курулган.
Азыктануу
Биз жеген тамактардан белоктук болгондору кислоталарды, турдуу туздарды пайда кылат. Клеткаларыбызда, ткандарыбызда туздардын түрлөрү дайыма өзгөрүп турат. Азыктарыбызда жетиштүү өлчөмдө негиз болбосо, кислоталар тузга айлана албай калат да уулануу пайда болот. Денеде бул теңсалмаксыздыкты жоё турган белен кампалар бар болсо дагы, ошол тең салмаксыздык кайталана берген сайын ден соолук бузулат. Оорулардын 50% ашказан ооруларынан улам пайда болот. Кислота, негиз жана туздун деңгээли ден-соолук үчүн керек болсо дагы, биз жеген нерселер буга жараша эмес, биздин каалообузга, же мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша болот. Дененин бул теңсалмаксыздыгын жылына бир ай күндүзүн ачка жүрүү аркылуу жойсо болот. Ушул жол аркылуу кармалган орозо адамдын ички органдарын зыяндуу майлардын эришине оң таасирин тийгизет. Дарактардын жылына бир жолу буталышына окшош болгон бул абалдан кийин зат алмашуу жанданат. Бөйрөк, боор, өт баштыкчасы, шекер, жүрөк жана тамыр ооруларына каршы дененин чыдамкайлыгы күчтөнөт. Бирок бир шарт бар - оозду жабаарда жана ачаарда ашыкча көп ичип-жебеш керек.
Алексис Карел мындай дейт: «Тамак-ашсыз калганда адам алгач ачка болгонун сезет, кээде нерви чыңалышы мүмкүн. Кээ бир абдан маанилуу окуяларга жол ачат. Боордогу шекерлер теринин астындагы май катмарлары жана булчундардагы, бездердеги, көк боор клеткаларындагы протеиндер кыймылга келет. Буткул органдар өз заттарын ички чөйрөнүн жана жүрөктүн сакталышы үчүн аяшпайт. Орозо ушинтип ткандарыбызды тазалап, алмаштырат».
Орозо адамды ачкачылыкка жана суусуздукка чыдоо жөндөмүн көбөйтөт. Кээ бир күндөрү, дүйшөмбү, бейшемби күндөрү тутулган напил, тактап айтканда, парз болбогон орозолор гормоналдык функцияларды тартипке келтирип, энергиясын ишке жана спортко сарптабаган адамдарды, өзгөчө жаштарды энергияны туура эмес жакка колдонуудан коргойт. Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн кармалган орозо негизинен, дененин рухка болгон басымын азайтып, рухтун эркиндигине мүмкүнчүлүк түзөт.
Булчуңдун иш-аракеттери
Борбордук нерв системасына караштуу болгон нерв системасынын башкаруусунда иштеген булчуңдар аркылуу адамдын денеси кыймылга келет. Кыймылдай алышыбыз үчүнн белгилуу булчуңдарыбыздын түйүлүшү жана жазылышы керек. Булчуңдардын түйүлүп-жазылышы башка органдарды да чарчатат. Булчуңдар милдетин аткара алышы үчүн жүрөк жана кан айлануу керектүү заттарды берет. Кан канчалык көп өлчөмдө булчуңдарга жүгүрсө, булчуңдардын ошончолук көбүрөөк түйүлүп-жазылуу функциялары, чарчоого чыдоо жөндөмү көбөйөт. Кан айлануу алсыз, же аз өлчөмдө болсо, булчуңдар жалкоолошуп, сергектигинен ажырайт.
Булчуңдарга келген кан белгилуу ички шарттарда көбөйүп-азайып турат. Тамырлардагы бүткүл денеге тиешелүү кандын өлчөмү дайыма туруктуу бойдон калса, эмне үчүн булчуңдарга кээде аз, кээде көп кан келет?
Денеде жалгыз гана булчуң жана кыймыл системасы эмес, башка системалар менен органдар дагы бар. Алар дагы булчуңдардай эле канга муктаж. Бир органдын канга болгон муктаждыгы азайса, дененин калган жактары кандан көбүрөөк пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат жана кандын көбүрөөк өлчөмдө келишине шарт түзөт.
Сиңирүү системасы бардык милдеттерин аткара алышы үчүн көп өлчөмдөгү канга муктаждыгы бар. Анткени тамактын сиңирилишине керектүү бөлүп чыгаруу, кыймылдоо, өзгөртүү жана эмүү функциялары кан аркылуу камсыз кылынат. Бул үчүн сиңирүү башталгандан акыркы этабына чейин кан айлануунун чоң бир бөлүгү сиңирүү менен алек болот. Ошол учурда булчуңдар жана кыймылды камсыз кылган системалар жетиштүү өлчөмдө кандан кур калышат. Бул абал дененин жандуулугун, кубатын жана чарчоого каршы чыдамкайлыгын азайтат. Дене ыкшоо тартып, оорлошот.
Спортсмендерге төмөнкүдөй сунуш кылынат: «Оор жана кыйын көнүгүүлөрдү сөзсүз түрдө ачкаарын баштагыла».
Орозо аркылуу булчуңдардын кубаты жана сергектиги да күчтүүрөөк болот. Булчуңдар орозо учурунда жөн учурларга караганда көбүрөөк кыймыл жасай алат.
Орозо айы Рамазанда аң-сезим жана тулку-бой чегинен тышкары иштесе дагы, дене арыктабайт. Анткени орозо денеге азык заттардан көбүрөөк өлчөмдө пайдаланышын камсыз кылат.
Орозо айында аз дагы болсо кээ бир адамдарда пайда болгон арыктык орозодон эмес, уйкусуздуктан жана эс алуу убактыларынын азайышынан улам пайда болот.
Кээде дене орозо аркылуу семирип кетиши мүмкүн. Анткени орозо жандуураак сиңирүүнү камсыздайт. Орозо учурунда аппетит көбүрөөк ачылып, син.ируу системасы жакшыраак иштей баштайт. Ашказан бош болуп турганда дене дайыма жеңил болуп, жакшы иштейт. Күндүзү түшкү менен түштөн кийинки окулчу бешим менен аср намаздары денени жана аң-сезимди жандандырат.
Мүнөтүнө, алтургай секундасына чейин кылдат тартипке салынган Исламдан башка жашоо таризи бул дүйнөдө жок.
Орозо жана психология
Студенттерден, абитуриенттерден алынган маалыматтарга караганда, өз жашоосундагы эң маанилүү экзамендерге кирээрде орозонун толкунданууга, коркууга, нерв жана аң-сезим бузулууларына тийгизген оң таасири бар.
Рухтун бир калыпта болбой өзгөрүшү, шок, экзамен, сот жана согуш сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда пайда болгон толкундануу жана коркуудан улам пайда болот. Жүздүн, көздүн канталашы, колу-буттун титиреши жана тилдин буулушунун себеби күтүүсүздөн пайда болгон гормоналдык жана ички бездердин бөлүнүп чыгып, ички системанын бузулушунан болот. Медициналык изилдөөлөр мындай адамдарда кандын адреналинде гормондун деңгээлинин жогорулашын, мунун себебинен күтүүсүз шекер диабети оорусун аныктап далилдеген.
Мына ушундай абалдарга тушуккан адамдарга психологдордун сунушу: «Ачка болуу». Тагыраак айтсак, орозо кармоо. Анткени орозо нервдер чыңалып турганда, чыдоо жөндөмүн күчтөндүрөт, гормоналдык бөлүп чыгарууларды тартипке келтирет, рухий толкунданууну басаңдатат.
Орозо - бул калкан
Айбандык сезимдердин ойгонуп кыймылга келиши жыныстык гормондордун таасиринин күчтүүлүгүнө жана өлчөмүнө жараша болот, ал эми бул болсо гормондордун гендик органдарга болгон таасири менен байланыштуу. Бул канда жыныстык гормондордун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн натыйжасында болот. Кандагы бул көтөрүлүш кеп тамак жеш аркылуу болот.
Орозонун жыныстык сезимдерге тийгизген таасирин Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) минтип айткан:
«Жаштардан үйлөнө ала тургандары дароо үйлөнүшсүн. Үйлөнө албай тургандары орозо кармасын. Анткени орозо - бул коргоочу калкан»72.
Ырас, эң эле коркунучтуу жыныстык этапта жашаган кызуу кандуу жаштарга жыныстык толкундануулардын коркунучтарынан коргонуу, ден-соолукту, ар-намысты сакташ үчүн Пайгамбарыбыздын (САВ) бул сунушунун канчалык орундуу экенин учурдун илимий фактылары далилдеп чыкты.
Орозо жана кулчулук
Алла Таала жер жүзүн баа жеткис ырыскылары менен дасторкон сыяктуу кылып койгон. Сан жеткис ырыскыларды берүү менен бизге өтө ырайымдуу, аша боорукер экенин көрсөткөндө эле, триллиондогон клеткаларыбыздын ар бирине азыктарын убагында жеткизүү аркылуу бардык нерсенин Жаратканы, Тарбиячысы экенин билдирүүдө. Мындай Алла Таалага кулчулук менен жооп бериш керек болсо дагы, адамдар кайдыгерлик пардасынын астында жана себептер алкагында ал абал айтып турган чындыкты даана көрө албайт, кээде унутуп, кулчулук милдетин аткарышпайт.
Рамазан айында орозо кармаган мусулмандар тартиптүү кошуун сыяктуу болуп калат. Өзгөчө кечке жакын Алла Тааланын сый-тамагына чакырылгандай «Келгиле!» деген буйрукту күтүп турушкандай кулчулук мамилесин көрсөтүшөт. Ушинтип, ошол мээримдуу, боорукер Алла Таалага чоң жана тартиптүү кулчулук менен жооп беришет. Андай болсо, өзүн адаммын деп эсептеген киши ушул нарктуу кулчулукка кошулушу керек