Төртүнчү сан

Исламга үгүт (даават) кылууда маани бериле турган жагдайлар
Мазмуну
Баатыр Керимберди
Даават (исламга чакыруу) динибиздеги эң маанилүү амалдардан бири. Ислам динине үгүттөө аз. Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) башталып, ушул күнгө чейин улантылып келүүдө. Ислам динин жаюу ар бир момун мусулмандын моюнундагы милдети. Себеби үгүттөө иши токтобостон аткарыласа, динден бейкабардар жана күнөөгө малынган канчалаган адамдар кутулуу жолун табат. Даават жолу менен нечендеген жүрөктөрү карайган адамдар ыйманын жана тил менен айтууга мүмкүн болбогон Алла сүйүүсүнө жетишкен. Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бүткүл өмүрүн үгүттөө жолуна арнаган. Кээде жаза алып, кээде бутпарастардын токмогун жеген күндөрү да болгон. Эч күмөнсүз динибизде үгүттөөнүн орду өтө чоң. Алла таала Курандын бир канча аятында үгүттүн маанилүүлүгүн жана дааватчылардын бул жолдон тапкан сооптору тууралуу сөз кылат. Мисалы, Аали Имран сүрөсүнүн 104-аятында Алла таала; «Силерден жакшылыкка (Исламга) чакыра турган, ибадат-итаатка буюра турган жана күнөө жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун.» – деп буйрук берип, динге чакыруу сооптуу иш экендигин билдирүүдө.
Пайгамбарыбыздан башталып, азыркы күнгө чейин уланып келе жаткан үгүт иши кыямат күнүнө чейин узап кете бермекчи. Эми 21-кылымда үгүт кылып жатканда маани бериле турган жагдайларды тизмектеп сөз кылалы:
- Жылуу жүздүү болуу
Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бул маселеде эң чоң өрнөк. Адамдар канчалаган жаман мамилелерди, душмандыктарды кылышса дагы, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) аларга ар дайым жылуу жүздүү болуп, алардан мамилесин үзбөй динге үгүттөгөн. Алла таала Пайгамбарыбызга (с.а.в.) кайрылып: «(Эй Мухаммед) Алла тарабынан болгон бир мээрим себептүү аларга (сахабаларыңа) жумшак сөздүү болдуң. Эгер одоно, дили катуу болгонуңда, албетте, алар айланаңдан таркалып кетишкен болоор эле.» (Али Имран, 159) деп эскертет.
- Жакшы сөз сүйлөө
Жакшы сөз бүткүл адамзаттын жактырган нерсеси. Маңдайындагы адамдарга жылуу сүйлөп кайрылган адамдарды ким эле болбосун сүйбөй койбойт. Мындай адамдар динге даават кылып жүргөн болсо, анда алар сүйлөгөн сөздөрүнө өтө маани берип сүйлөөсү керек. Орой, катуу тийген, адамдарды кемсинткен сөздөр дааватчыга эч качан жарашпайт. Алар бизге кол салса да мындай жаман көрүнүштөрдөн оолак болуубуз зарыл. Бул тууралуу Нахл сүрөсүндө Алла таала: «(Эй Мухаммед) Раббиңдин Жолу – динине данакердик – хикмат жана көркөм насаат менен даават кылгын (чакыргын)!» (Нахл, 125) – деп буйруп динге чакырган адамдарын кандай жол менен үгүттөөсү керек экендигин айтууда.
- Билимдүү жана үлгүлүү адам болуу
Ислам динине үгүт жүргүзгөн адамдын алгач жогорку диний илими болуш керек. Диний маалыматтан алыс болгон дааватчы ислам динин жайууга кадам шилтейм деп, акылга сыйбаган проблемаларды жаратууга себепкер болот. Ошондуктан ислам дининин биринчи буйругу «оку» болгон. Айрыкча заманбап жашоонун суроо-жоопторуна жооп бере ала турган дааватчы болуубуз абзел.
- Үгүттү адегенде жакындардан баштоо
Ислам дини алгач өзүн, андан кийин тегерегиндегилерин (ата-эне, тууган-туушкан, жоро-жолдош, кошуна-колоң ж.б.), андан кийин акырындык менен коомду туура жолго чакырууга баштайт. Алла таала баардык пайгамбарларга алгач өзүнүн жакын туугандарын чакыруусун буйрук кылган. Бир дааватчынын үй-бүлөсү динден бейкабар болуп, өзү башка жерде адамдарды динге үгүттөп жүрсө, анда ал адамдын андан дагы артыгыраак кылган жаман иши жок болсо керек.
- Кийген кийимине маани берүү
Үгүт жолунда жүргөн адамдын кийген кийими сөзсүз таза болушу керек. Эгер кийген кийими кир жана көзгө жагымсыз болсо, үгүтчүнүн иши оңунан чыкпайт. Муддассир сүрөсүндө Алла таала Пайгамбарыбызга үгүт жолун баштай электен мурун кийимин таза кармоосун буйрук кылган. Аятта: «Кийимдериңди таза туткун.» (Муддассир, 4) деп кийимдеги тазалыктын маанилүүлүгүн бирдирген.
Учурдагы дааватчынын көңүл бура турган негизги маселеси коомдун социалдык чөйрөсүнө жараша кийинүүүсү. Мисалы; коом кийинген кийим башкача болуп туруп, дааватчы калк жактырбаган, жада калса коомду динден алыстаткан башка улуттун кийимин кийүүсү туура эмес. Ошондуктан дааватчы коомдун кийген кийимине жараша кийинүүсү туура болот.
- Үгүт кыла турган жерин байкоо
Кээ бир чөйрөдөгү адамдардын үгүткө муктаждыгы жок. Мунун тескериси, башкача айтканда үгүтчүлөргө өтө муктаждык болуп, динге үгүт жүргүзүлүп турушун каалаган жерлер болот.
Мындай жагдайдан дааватчы даават кыла турган жерин жакшылап байкоосу керек. антпесе эч муктаждыгы болбогон жерге даават кылып, эртеден кечке физиологиялык жана моралдык энергиясын короткондо эмне пайда?
Мисалга алсак; Кыргызстандын айылдарында жашаган адамдардын динден эч кабары жок, адамдарга дааватчы керек болуп жатса, ал эми дааватчы атайын ислам дини окутулган жерлерге, Ислам Университетине, медреселерге жана теология факультеттерине барып, ал жакта үгүт ишин жүргүзүүсү илимсиздиктин белгиси болсо керек.
- Үй-бүлөлүк жашоосуна маани берүү
Акыркы күндөрдө Алла ыраазычылыгы үчүн дааватка чыккан адамдардан байкалган эң туура эмес жери «Алла жолундамын» деп үй-бүлөсүн унутуп коюшу. Мындай ишке динибиз эч качан жол бербейт. Ар бир үй-бүлөнүн атасы иштеп, аялын жана балдарынын курсагын тойгузууга милдеттүү. Нафака (үй-бүлөнүн тамак ашын жана кийим кечесин табуу) эркектин моюнундагы парз. Алла таала Бакара сүрөсүндө: «Аларды (энелерин) жакшылык менен кийиндирип-ичиндирүү атанын милдети.» деп буйрук кылат. (Бакара, 233)
Тилекке каршы учурдагы дааватчылардын көпчүлүгү үй-бүлөсүнүн тамак-ашын табуусу мындай турсун, балдарынын жей турган тамак-ашын сатып, 40 күн же 3 ай деп дааватка чыгып кеткен дааватчылар тууралуу эл оозунан угуп жүрөбүз. Үй-бүлөсү ачка болуп, кожоюнуна муктаж учурда ал дагы эле Алла ыраазычылыгы үчүн дааватта жүргөндүгүн айтуусу, бул өзүн-өзү алдоого жана үй-бүлөсүнүн акысын бербей, аларга зулумдук кылганга жатат. Адам баласы биринчиден үй-бүлөсүнүн ырыскысын табуусу керек. Бул боюнча Алла таала «дүйнөдөгү насибиңди да унутпа» (Касас, 77) деп буйрук кылып, жашоодогу ырыскынын маанилүү экендигин билдирет.
Жыйынтык:
- Даават өтө маанилүү милдет.
- Дааватчы үгүт жолу менен ислам динин жакшы кылып көргөзүүчү.
- Даават Алла тааланын жана Анын Пайгамбарынын эң сүйгөн иши.
- Үгүт (даават) кылууда маани бериле турган жагдайларды колдон келишинче аткарууга умтулуу.
Алар:
- Жылуу жүздүү болуу
- Жакшы сөз сүйлөө
- Илимдүү болуу
- Дааватты жакындарынан баштоо
- Үгүт кыла турган жерин жана ал жерде жашаган адамдарды байкоо
- «Даават» деп жүрүп, үй-бүлөсүн унутпоо.
Которгон: Жапаров Мирзат.