Төртүнчү сан

Журналдын төртүнчү саны

Улуу Рамазан айынын артыкчылыгы

Мазмуну

Рамазан айы жан-дүйнөгө береке-кут төгүп, аны көркүнө чыгарган ай. Куураган ыйман көкүрөктөрү жарамдуу (салих)  амалдар менен жаңырып, соолуган жүрөктөр такыбалык аркылуу өз ордуна келет. Бул ай баштан-аяк руханий олжо топтоо мүмкүнчүлүгү менен толтурулган. 

Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана албагандардын кандай гана чоң зыянга учурай турганын төмөнкү хадис билдирет:

Кааб бин Ужрадан риваят кылынат:

«Расулалла (саллаллоху алейхи васаллам) бизге «Минбарга жакын отургула» дегенде, баарыбыз минбардын так маңдайына барып отурдук. Ал бир тепкич жогору чыгып: «Оомийин!» деди. Дагы бир тепкич чыгып, кайра «Оомийин!» деди. Үчүнчү ирет дагы бир тепкичке жогору чыгып, дагы «Оомийин!» деди. Минбардан түшкөнүндө:

- Йа, Расулалла! Азыр биз сизден мурда эч укпаган жаңы нерсе уктук, - дедик.

- Минбарда турганымда Жабрайил келди. Мага биринчи тепкичте: «Ыйык Рамазанга жетип, кечирилбегенге наалат болсун!» - деди. Мен: «Оомийин!» - дедим. Экинчи тепкичте: «Сенин атың айтылган жерде сага салават келтирбегенге наалат болсун!» - деди. Мен: «Оомийин!» – дедим. Үчүнчү тепкичте болсо: «Ата- энесинин, же экөөнүн бирөөсүнүн карылыгын көрүп, бейишке жете албаган кишиге наалат болсун!» - деди. Мен кайра: «Оомийин!» - дедим.» (Хаким, Мустадрак, IV, 170)

Бул куттуу хадисте мээрими өтө мол болгон бир айда ибадатка, салават айтууга жана ата-эненин укугуна кайдыгер мамиле кылган кишинин кайгылуу акыбети айтылган.

***

 

Орозобузду Жараткан Алла менен бирге болуу сезиминде тутунушубуз үчүн «саарлык, тараба, зикир, Куран жана дуба» сыяктуу рухий нерселерден лаззат алышыбыз керек.

Ооз ачар убак – дубалар кабыл болгон өзгөчө учурлар. Ошондуктан бул көз ирмемдердин башкалар менен чогуу өткөрүлүшү адам баласына бөтөнчө бейкуттук тартуулайт. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай дейт:

«Ким орозо кармаганга иптар берсе, орозо туткан киши сыяктуу сооп алат.» (Термезий, Савм, 81)

Бул сүйүнчүнү уккан сахабалардын жардылары Расулаллага (саллаллоху алейхи васаллам) келип, өздөрүнүн байлардай орозо кармаганды тойгуза турганчалык ооз ачырууга күчтөрү жетпей турганын терең кайгыруу менен билдиришкенде, Алла Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) төмөнкүдөй деген:

«Ким орозо кармаганды бир курма, же бир ууртам суу, же сүт менен ооз ачтырса да, Алла Таала ага ошол эле соопту берет.» (Ибн Хузайма, Сахих, III,  191)

*

Нафил орозонун да бөтөнчө сообу бар. Анткени тандалма пенделердин иш-амалдарынын негизин Аллага берилгендик түзөт. Бул болсо ниеттин тазалыгы жана напсинин жамандыктардан аруу болушуна байланыштуу. Арийне, Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) улуу таалим-тарбиясынын астында жетилген сахабалар орозого абдан көңүл бурушчу. Алар өтө ысык күндөрдө да нафил орозо кармаганга аракет кылышчу. Кээ биринин күн ысыгынан коргоно турган кийимдери да жок болчу. Колдору менен башын калкалап, ысыктан коргонууга аракет кылышчу. Булардын бардыгына карабастан абдан чоң кумардануу менен нафил орозолорун кармоону улантышчу.

Андыктан мейли нафил орозо кармоо, мейли орозо кармабоо, мейли орозо кармабагандардын талап кылышы менен нафил орозолорду ачуу, мейли аны ачпоо болсун, бекем ниет менен кылынган бардык иш-аракеттер сооптуу.

Азирети Абу Саид (Алла андан ыраазы болсун) мындай дейт:

«Мен Расулалла (саллаллоху алейхи васаллам) жана анын сахабалары үчүн бир тамак даярдаган элем. Тамакты аларга сунганымда алардын бирөөсү «Мен орозомун!» - деди. Анда Алланын элчиси (саллаллоху алейхи васаллам):

«Боордошуңар силерди чакырып, силер үчүн атайын тамак жасады. Эми сен болсо орозомун деп жатасың. Орозоңду ачып, аны башка күндө карма!» - деди.» (Термезий, Абу Давуд)

Орозону ачпоо тууралуу төмөнкүдөй риваят бар:

Азирети Билал (Алла андан ыраазы болсун) орозо болгон бир күнкү зыяпатта Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай деди:

«Биз ырыскыбызды жебатабыз... Билалдын ырыскысы болсо бейиште.»

Бул хадистерден байкалгандай, ниет жана жүрөктүн абалына карай нафил орозону бузса да, бузбаса да болот.

*

Амалдардын бааланышы Аллага таандык. Өмүрдүн кайрымдуусу – Алла үчүн жашалганы. Адам баласы өлүп, денеси жерге берилгенде, жалган жашоонун эскермелери менен көмүлөт. Мүрзөлөр – салих амалдардан башка эч бир нерсе пайда бербей турган жерлер.

Куттуу хадисте:

«Момун өлгөндө намазы башында, садага оңунда, орозо солунда болот (Фазаил Амал, 267-268) - деп айтылышы мунун эң жакшы далили.

Алланын ыраазылыгына төп келбеген жашоо таризи чөлдөгү закымдарга окшош жана чындыгында эч кандай маанисиз кыялдан турат.

Берекелүү Рамазан айлары Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) буйруктарына баш ийүү менен анын баркын бир аз дагы көбүрөөк билишибизге, ага дагы көбүрөөк маани берип, көбүрөөк сооп табышыбызга жана азыраак күнөө кылышыбызга себепкер болот.

Куттуу хадисте мындай делет:

«Эгерде адамдар ыйык Рамазандын эмне экендигин толук билишкенде, жылдын бардыгы Рамазан болушун каалашмак.» (Ибни Хузайма, Сахих, III, 190)

Анткени ыйык Рамазан – баштан-аяк кечирим мезгили, исламдын төрт шартынын оргуштаган толкундуу сезими менен өткөрүлгөн берекелүү ай. Рухту кылдат, аяр кылган Ыйык Рамазан зынакордук, күнөө жана урушууга тыюу салынган кылдат ажылык ибадатына рухий түрдө даярдык болуп саналат.

Ыйык Рамазандын бардык күндөрү бөтөнчө мүмкүнчүлүк экени талашсыз. Ал баштан-аяк береке асманынын кут жамгыры. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай дейт:

«Ыйык Рамазандын башы – мээрим, ортосу кечирим, аягы болсо тозоктон кутулуу.» (Ибн Хузайма, Сахих, III,191)

*

Бул берекелүү айдын кадырына жетүү туурасында аткарылган ибадаттардын башында колунда жоктор, жетим-жесир, бей-бечара, оору-сыркоо жана муктаждарды да унутпаш керек, жүрөктөрдүн мындай кишилерге боор оорушу, алардын кайгысын тең бөлүшүүсү – Ыйык Рамазандын пазилетин бийиктеткен эң маанилүү факторлор. Анткени бул ибадаттар, т.а., туура берилген зекеттер, садага-кайрымдуулуктар сыяктуу жарамдуу (салих)  амалдар Алла Тааланын кечиримин, мээримин тартып, пендени кут-берекеге карк кылат. Алланын мээрим каалгаларын ачтырып, азап жолун жаптырат.
Куттуу хадисте минтип айтылат:

«Садага 70 түрдүү балээге тоскоол болот.» (Суютий, Жамиус Сагир, II, 52)

«Садага Алланын ачуусун басат.» (Термезий, Зекет, 28)

Улукман Аким уулуна:

«Уулум! Билип-билбестен бир күнөө кылган болсоң, дароо тообо кылып, садага бер!» - дечү.

Өзгөчө Ыйык Рамазанда берилген садага-кайрымдуулуктун канчалык маанилүү экени төмөнкүчө баян кылынган:

Бир киши Азирети Пайгамбарыбызга (саллаллоху алейхи васаллам) келип:

- Йа, Расулалла! Кайсы садага сооп жагынан алганда чоңураак? – деп сурайт. Алланын элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) минтип жооп берет:

- Ыйык Рамазанда берилген садага. (Термезий)

 

                                   ***

Сабыр жакшы адеп-ахлактын борбору. Ал ыймандын жартысы жана бакты-таалайдын ачкычы, бейишке алып барчу жол.

Диндеги, адеп-ахлактагы сабыр – жагымсыз жана оор күндөр башка келгенде, теңсалмактыкты сактап, бейкуттук менен Алла Таалага моюн сунуу.

Пайгамбарлар, олуялар сабырдуулук аркылуу Алланын жардамына ээ болушкан. Алар – бизге эң чоң үлгү.

Сабырдын дүйнөлүк тарабы оор-кыйынчылыктарга толо болсо да, акыреттеги абалы абдан жаркырак. Сабырдуулук кылып, ачууну ичине тарткандар түбөлүктүүлүк мамлекети болгон бейишке жана Алланын ыраазылыгына жетишет.

Кандай абал болсо да Алланын буйрук жана тыюуларындагы даанышмандыкты жана Алланын сыйлыктарын ойлоо сабырга дем-күч берет.

Сабырдуулуктун биринчи шарты – кыйынчылыкка туш келген чакта. Табы кайткан сабырдуулуктун сыйлыгы көп болбойт.

Алланын «Сабур» аттуу ыйык ысмынын эң жакшы чагылуу борбору пайгамбарлар жана олуялар. Арийне, алардан бизге келип жеткен эң жакшы адеп-ахлактын бири – колдо бар жана жок болгон кезде сабыр кылуу.

 

Башына