Төртүнчү сан

Исламда кийинүү
Мазмуну
Жашоонун бардык тармагында нур сыяктуу жарык чачып, туура жолду көргөзгөн Ислам динибиз кийинүү адебине да көңүлкош караган эмес.
Кийинүү - маданияттын белгиси. Адамдын тышкы келбети, кийиминин түсү жана түрү анын акылын жана ички дүйнөсүн чагылдырып турат эмеспи. Ошондуктан ар ким жашына, улутуна, үрп-адатына жана динине жараша кийинет. Азыркы учурда мусулмандардын көңүл буруусун талап кылган темалардын бири - бул кийинүү болуп эсептелет. Бул тема, бир караганда жөнөкөй гана нерсе катары көрүнгөнү менен бүгүнкү күндө актуалдуу маселе экени шексиз.
Динибиз тээ жайылгандан баштап, ушул күнгө чейин кайсы жерде болбосун ал жердин калкынын үрп-адатына, маданиятына эч каршы чыккан эмес. (Эгер Ислам дининин ишеним негиздерине карама-каршы келбесе. Диний термин менен айтканда “арам” болбосо). Ал эми кийинүү маселесине келе турган болсок, Куран аяттарында аврат (уяттуу жерлер) деп эсептелген жерлерди жабуу эркек жана аялдарга парз кылынган. Мындан башка өзгөчө кийим стандартын шарт кылган эмес. Башкача айтканда эркек, аялдын арам деп эсептелген жерлерин жабуудан башка денени көргөзө тургандай жука жана тар болбоо шарты менен адамдар өз маданиятына, улутуна карап кийине алышат. Эгер арамга жол ачпаса бул нерсеге Ислам дини тыюу салган эмес. Мисалга Орто Азия элдерин, айрыкча кыргыз калкын алсак болот. Биздин үрп-адатыбыз, маданиятыбыз менен Ислам дининин принциптери бири-бирине төп келип турат. Ислам дининде эркек жана аялдар тең укуктуу. Ошондой эле диний милдеттерди аткарууга экөө тең милдеттүү. Ошондуктан кийинүү эркектердин да, аялдардын да көңүл борборунан орун алуучу маселе болуп эсептелет.
Эркектердин кийими
Мындан мурун да белгилеп кеткенибиздей эле Ислам дини белгилүү бир кийим стандартын койгон эмес. Бул эркектерге да тиешелүү болгон нерсе экени айтпаса да түшүнүктүү. Ал эми алардын кийинүүсүндө кээ бир өзгөчөлүктөргө эркек адам мусулман катары көңүл бурбай коё албайт.
Ислам дини адамдардын маданияттуу жашоосун эске алып кийинбестен жылаңач жүрүүгө катуу тыюу салган. Бул тыюу бир гана аялдар үчүн эмес эркектерге да тиешелүү, алар да диндеги бул буйрукка баш ийүүсү керек. Ислам дини эркектердин кийимине белгилүү өлчөм койгон. Бул өлчөм менен алардын аврат деп эсептелген жерлерини жабуу буйрулган. Эркектердин авраты тизе менен киндик арасы болуп эсептелет. Ошондуктан кие турган кийимибизде бул өлчөмгө көңүл буруубуз зарыл. Ошондой эле эркектер үчүн жибек кийим кийүү, алтын шакек ж.б. алтын буюмдарды колдонуу, аялдарга окшоп кийинүү тыюу салынган. Буга далил катары төмөндөгү хадисти айтсак болот. “Аялдарга окшоого аракет кылган эркектерге жана эркектерге окшоого аракет кылган аялдарга наалат болсун”.
Аялдардын кийими
Ислам дининде аялдардын кийимине тиешелүү белгилүү өкүмдөр бар жана аялдардын буларга баш ийүүсүн буйруган. Бул өкүмдү аяттардан даана көрсөк болот. Куранда: «Эй Мухаммед. Аялдарыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын! (Эшике чыкканда) тышкы кийимдерин кийишсин! Алар башкалардан айырмаланып, алардын көңүлүн бурбаш үчүн да жакшы болот», - деп айтылат. (аль-Ахзаб 33-59)
Эгер көңүл буруп карай турган болсок бул аятта аялдардын жабынуусу буйрулуп жатат. Жабынуу аялдын ар түрдүү адеп-ахлаксыздыктан, уятсыздыктан коруй турган калкан десек жаңылышпайбыз. Согушта аскер үчүн калкан кандай душмандын огунан коргосо, аялды да жабынуу алардын намысын коргойт. Ошону менен бирге коомдун адеп-ахлаксыздыгынын да алдын алат.
Азыркы учурда аялдардын кийинүүсү тилекке каршы динибиз жана маданиятыбыз каалагандай болбой жатканы өкүндүрбөй койбойт. Бул нерсе жалгыз гана динге эмес кыргыз элинин үрп-адатына да өз залакасын тийгизип жатат десек аша чапкандык болбос. Кыздардын кызыл-тазыл, узун, жарашыктуу көйнөктөрдү кийинишип, кыналган боюнун көркүн чыгарып, ак жоолук салынып, үлгүлүү жүрүм-турумдары менен урмат-сыйга татыктуу болушканы өтө эле жакшы эмеспи. Бүгүнкү күндө Eвропа маданиятына ооп, алардын кийимдерин гана кийип калганыбыз баарыбызга эле белгилүү. Бул көрүнүш дилдин сокурлугун жана уяттуулуктун жоголушунун билгизет. Ошондой эле айланасындагыларга да терс таасирин тийгизип, терс үлгү болуудан башка эч нерсеге жарабайт.
Ислам дининин аялдарга буюрган жабынуу эң сонун система десек жаңылышпайбыз. Бул жабынуу эң алгач аялдын рухунда башталуусу зарыл. Себеби руханияты начар болгондор өзүн Алла тааланын буйруктарына даярдай албайт. Натыйжада ар түрдүү жаман жолго түшүп кетиши мүмкүн.
Аялдардын кийими:
1. Бүт денесин жаап турушу керек.
2. Кийим жука болбошу керек. Тактап айтканда денени көрсөтө тургандай түрдө болбоосу. Ошондуктан кийим аялдардын денесин толугу менен жаап, дененин сырттан көрүлүүсүнө тоскоол болуусу керек.
3. Кийим өтө эле түстүү болбошу керек. Башкача айтканда жылтырап, ар түстө бобоосу. Себеби аялдардын жабынуусунун максаты өзүн сырттан келе турган ар түрдүү уятсыздыктардан, ыпластыктардан коргоо. Ал эми жалтыраган түстүү кийимдер башкалардын көңүлүн өзүнө буруп, алардын оюна ар түрдүү жаман пикирлерди алып келиши мүмкүн.
4. Кийим дененин түзүлүшүн билдире тургандай тар болбоосу керек. Себеби тар кийим жогоруда айтып өткөнүбүздөй жаман натыйжаларга алып келиши шексиз.
5. Кийимден эркектердин шахватын козгой турган жыттар келбеши керек.
Маматов Куштарбек