Төртүнчү сан

Журналдын төртүнчү саны

Косова

Мазмуну

Балкандар ар кандай этникалык топтордон түзүлгөн чөлкөм. Анын үстүнө этникалык топтордун ар бири географиялык жактан белгилүү бир аймакта топтолгон эмес. Ошондуктан чөлкөмдүн этникалык картасын түзгөн учурда чек араларын так жана даана ажыратуу мүмкүн эмес. Бир нече чөлкөмдө ар түрдүү этникалык топтордун өкүлдөрү бирге жашайт.

Улутчулдук азыркыдагыдай таасирдүү боло элек мезгилдерде бул чөлкөмдөгү элдердин арасында олуттуу проблема деле чыккан эмес. Асыресе Осмон империясы мезгилинде бул аймакта өкүм сүргөн адилеттүүлүк бардык этникалык топторго бирдей болуп, элдерди маданияттык жактан же болбосо диний жактан зордоп ассимиляцияга дуушар кылуу болбогону үчүн бул аймакта этникалык түрдүүлүктүн сакталышы жагынан эч кандай олуттуу проблемалар чыккан эмес. Бирок Батыш Европанын тукуруусу менен башталган Балкан согушунан кийин Осмон бийлиги аймактан толук чыгып кеткен. Анын урандыларында этникалык топтордун үстөмдүктөрүнө жараша пайда болгон мамлекеттер жана майда мамлекеттер нечендеген проблемалардын чыгышына себепкер болгон.

Югославия Федерациясы ыдыроодон мурда алты республикадан жана эки автономдуу облустардан түзүлгөн. Республикалар - Сербия, Босния-Герцеговиня, Хорватия, Словения, Черногория жана Македония; автономдуу облустар Воеводина менен Косова болгон. 1989-жылы Косованын автономия деген статусу алынып, толугу менен Сербиянын курамына кошулган. 1991-жылы Югославия Федерациясы ыдыроо процессине киргендиктен, Словения, Хорватия, Македония, Босния–Герцеговиня көзкарандысыздыгын жарыялаган. Сербия менен Черногория жаңы Югославия Федерациясын түзгөн. Косованын автономия деген статусу алынып салынгандыктан жаңы курулган федерациянын чек араларынын ичинде калып, Сербия Республикасынын бир бөлүгү болуп калган.
Географиялык абалы: Югославиянын чек араларынын ичинде жайгашкан Косово ошол өлкөнүн бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн. Түндүктөн жана чыгыштан Сербия, түндүк-батыштан Черногория менен курчалган. Түштүгүндө Македония, батышта болсо Албания жайгашкан. Ошол жагдайдан улам сербдердин кысымынан качкан косовалыктар Албанияга жана Македонияга баш калкалоого туура келген. 


Калкы, дини жана этникалык түзүлүшү: Косова калкынын саны эки миллионго жетет. Калктын 90%ы мусулман. Мусулмандардын ичинен 80%ын албандар түзөт. Мусулмандардын калган бөлүгүнүн көпчүлүгү түрктөр, бир аз бөлүгү цыгандардан турат. Мусулман эместердин көпчүлүк бөлүгү сербдер. Сербдер бул аймакка кийинчерээк келип жайгашкан. Ошондуктан элет жергелеринде серб улутундагылар дээрлик жокко эсе. Сербдер борбор калаада жана чоң шаарларда гана жашайт.
Борбор калаасы: Косова Югославия Федерацисынын ыдырашына чейин автономия болгондуктан расмий түрдө борбор шаары бар болгон. Борбор калаасы Приштина болчу. Бирок кийинчерээк автономиясы алынып салынгандыктан азыркы учурда Приштинанын расмий түрдө борбор шаар деген статусу жок. Ошого карабастан Приштина баары бир Косова аймагынын борбору деген өзгөчөлүгүн сактай алган. Эл бул шаарды борбор катары билип мамлекеттин дагы ушул аймакка байланыштуу маанилүү мекемелери, аскердик борборлору, билим берүү мекемелери, окуу жайлары ушул шаарда жайгашкан. Приштинада болжолдуу түрдө жүз миңдей адам жашайт.

Приштина бири-биринен айрымаланаган эки бөлүктөн турат. Сербдер жашаган жаңы бөлүктө заманбап коммуналдык кызматтар менен жабдылган көп кабаттту үйлөрдөн турган кварталдар адамдардын көңүлүн өзүнө бурат. Мусулмандар жыш жашаган бөлүктө жалпысынан алганда бир же эки кабаттуу эски имараттар, же болбосо кепелерден турары көзгө урунат. Бул бөлүктө инфраструктура да жок.
Экономикалык жагдайы: Косова сербдердин көп жылдардан бери жүргүзүлгөн кара мүртөз саясатынын натыйжасында экономикалык жактан артта калган аймак болуп эсептелинет. Бул аймактагы элет жергелеринде жашаган мусулмандар көбүнесе жер иштетип мал чарбачылыгында иштейт. Шаарларда мусулмандардын көпчүлүгү жумушсуз. Жумушсуздуктун айынан борбор шаары Приштинанын парктары, мечиттин бактары жумушсуз жүргөн кишилерге толтура.

Жумушсуздук, албетте, артынан жакырлыкты да алып келет. Жумушсуздар армиясынын арасында жогорку квалификациялуу ишчилер да бар. Жогорку билимдүүлөрдүн саны арбын болсо да, серб бийлигинин саясатынын натыйжасында алар жумушка оңой менен орношо албайт. Ал эми орношкондорунун көбү белгилүү мөөнөттөн кийин жумушунан бошотулуп кайра эле жумушсуздар тобуна кошулууга туура келет. Ошондуктан мусулмандардын ичинде кедейлердин саны көп болуп, жакшы жашагандардын саны аз. Бирок серб бийлиги бул жөнүндө так маалыматтарды жана статистикаларды бербейт.

Стратегиялык абалы: Дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап кеткен албандардын эң жыш жашаган аймагы Балкандардын түштүк бөлүгү. Бул аймакта болжол менен 6 миллионго жакын албан жашайт. Бул масса негизинен үч өлкөгө тараган: Албания; Македония жана Югославия. 3,5 миллиондон ашык калкка ээ болгон Албанияда калктын 95%дан көбү албандар. Эки миллион жүз миң калкы бар Македонияда сегиз жүз миңдей албан жашайт. Саны боюнча албандар Македония калкынын 35%н түзөт. Югославияда жашаган албандар жалпысынан Косовада жашашат.

 

Бул аймакта албандардын саны 1,4 миллион чамасында. Албандар бир гана Косовада эмес Македонияда да улуттук дискриминация саясытына жана адилетсиздикке дуушар болуп келет. Ошондуктан Балканда жашаган албандар арасында бардык албандардын бир мамлекеттин астында биригиш керек деген идея абдан күчтүү. Бул идея абдан таасирдүү болгон чөлкөм - Косова. Бул жагынан алганда, Косова ушул чөлкөмдө Албания мамлекетинин негизделишинде маанилүү стратегиялык абалды ээлейт. Албандардын бир мамлекеттин алдында биригишине Батыш мамлекеттери, НАТО жана Балкан мамлекеттери жана окуянын мындай сценария боюнча өнүгүшүнөн биринчи болуп таасирлене турган мамлекет Македония каршы чыгууда. Батыштын жана НАТОнун Косова трагедиясына 1995-жылдын 29-августуна чейин кайдыгер калышынын себеби Балкандагы бардык албандардын бир асабанын алдында биригип кетет деген чочулоосунан улам келип чыккан.

Диний абалы: Косова калкынын 90%ы мусулман, алардын ичинен 80%ы албан улутундагылар. Албаниялык албандардын ичинен 30%ы христиан, 20-25% бекташилер бар болсо да, Косова албандарынын дээрлик көпчүлүгү мусулман. Бирок Косова мусулмандары диний билими жана исламдык аң-сезим жагынан Македония албандарынан артта турат. Мунун эки маанилүү себеби бар. Биринчиси - мейли эски Югославия бийлиги болсун, мейли жаңы Югославия бийлиги учурунда болсун бул аймактын элдери тышкы дүйнө менен болгон байланышы чектелүү болгондуктан исламдык жактан өздөрүн өнүктүрүп-өстүрүү жана билим алуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

 

Экинчиси, сербдердин башкы бутасы болуп албан мусулмандары эсептелгендиктен албандардын улутчулдук аң- сезимдеринин жанданышынан улам ажырашы. Мындай болушунун себеби ислам дининен такыр эле алыс болгон Ибрахим Ругова сыяктуу кишилердин Косовадагы албандардын көзкарандысыздыгы үчүн күрөшкөн лидери катары көрсөтүлүшүнүн да ролу бар. Бирок акыркы жылдары Македониядагы мусулман уюмдарында Косова калкынын маселелерине кызыгуу арткан сайын, ошондой эле жеке Косованын ичинде жүргүзүлө баштаган бир катар билим берүү иш-аракеттеринин натыйжасында исламдык аң сезимин жогорулатууда жана билимин көтөрүүдө өсүүлөр болгону байкалган. Эң соңку көзкарандысыздык күрөшүн баштаган Косова Боштондук Армиясынын исламды жандандырууга карай кадам ташташы да бул кырдаалды түздөлүшүнө оң таасирин тийгизүүдө.

Косовадагы трагедия

Өзгөчө сербдердин аймакта кубаттуу бийлик куруу жана башка этникалык топторго оторчул саясат жүргүзүү идеясы көп жылдардан бери Косовада чоң трагедиялардын жараян этишине себеп болуп келген. Бул трагедиялардын эң башкы себеби элди бир гана этникалык өзгөчөлүктөрүнүн жана диний ишенимдеринин айынан куугунтуктоолору, кемсинтүүлөрү, экинчи сорттогу адамдар катары мамиле кылуулары, кысымга алуулары.


Балкандар, СССРдин ыдырашынан кийин НАТО тарабынан 1995-жылы 29-августта сербдерге каршы уюштурулган аскердик кийилигишүүгө чейин дүйнөлүк коомчулуктун оозунан такыр түшпөй, төрт жыл ичинде өзгөчө Босния Герцеговиняда элдик трагедияга күбө болду. Соңку алты айдын ичинде Черногория дагы Сербиянын курамынан ызы-чуусуз, жаңжалсыз чыгып кетсе да, алигече Косова маселеси чечиле элек. Европа Шериктештиги жана АКШнын аракеттери Косовага серб агрессиясына жол бербөө максатында эл аралык аскер жөнөтүү менен гана чектелип калды.


1991-жылы Югославиянын тарашынан кийин беш көзкарандысыз мамлекет негизделгенине карабастан Косованын лидерлери деп эсептелген кай бир кишилердин пассивдүү болушунан жана элди тынчтык жолу менен максатка жетүү сыяктуу сценариялар менен элдин башын айланткандыктан Косова эгемендүү боло албады. Бирок Косовада асыресе албан улутундагылар, жалпысынан алганда бардык мусулмандар сербдердин кысымына алынды. 1998-жылы 27-28-февралда серб армиясы, полициясы жана аларга жардам бергендер Косованын Дреница аймагына кол салып, ондогон албандын өлүмү бул аймакта катуу кагылышуулардын башталышына түрткү болду.


Кийинчерээк сербдердин зулумунун геноцидге айлануусу Косовада элдик чоң кыргынга жол ачты. Бирок, тилекке каршы, бул маанилүү окуяны дүйнө коомчулугу көрмөксөн болууну туура көрүштү. Окуялардын геноцидге айланышы менен Европа Косова маселесине көңүл бургандай түр көрсөткөнү менен чындыгында эч кандай олуттуу чара көргөн жок. НАТОнун башчылары "Сербдер биз берген баланча мөөнөттүн ичинде проблеманы чечүүгө чара көрүшпөсө аскердик кийилигишүүнү башташыбыз мүмкүн" деген таризде сөздөрүнөн кийин сербдер артка чегинип аткандай түр көрсөтүп, тегерек үстөлдөрдү өткөрүп чечимдин кийинкиге жылдырылышынан НАТО башчыларынын позициялары күрүлдөгөн, бирок жаабаган булуттай экендиги бардыгына маалым болуп калды.


Бул иштин анык жүзү болуп Европа Шериктештиги, НАТО жана АКШ Косова проблемасынын өз контролунан тышкары башка нукка бурулушуна жол бербеш үчүн толугу менен окуядан сырткаркы болгусу да келбейт. Маселеге туура жана туруктуу чечим табуу үчүн аракеттенүүнүн ордуна серб зулумунан жабыр тарткан кишилерди өздөрүнүн орбитасынан чыгарбоо үчүн ар түрдүү жол-жоболорду түзүп, даярдап жатышат.


Абдуллах Айдоган Калабалык.

Башына