Төртүнчү сан

Алланын Элчисинин үгүт жана чакырык усулдары
Мазмуну
Өмер Челик
Таблиг - бул Ислам дининин негиздерин элге түшүндүрүп жаюуга, адамдардын аны өздөштүрүп, өкүмдөрдү толук жашап кетишине жардамчы болууга аракет кылуу.
Чакырыкта максаттагы ийгиликти багындыруу үчүн, белгилүү бир план, программа жана усул менен иш жүргүзүү кажет. Ошол эле учурда чакырыкка белсенип киришкен адам, колдоого алынаарлык, туура усул жана жүрүштөрдү колдонгону оң. Эгерде, колдонуудагы усул тажатма, же ката болсо, чакырыгы миң даңазалуу болсо дагы ийгиликке жетүүсү мүмкүн эмес. Бул жагын эске алганыбызда үгүт-насаат иштериндеги метод, (усул) чакырыктын негизги бөлүгү болуп саналышы кажет. Жараткан Кудай Таала, аяттардын биринде чакырык иштерин белгилүү усул менен жүргүзүүнү буйрат: «Раббиңдин жолуна даанышмандык менен жакшы насаат менен чакыр! Жана алар менен маданияттуу түрдө талаш…». (Ан-Нахл. 125)
Ошондуктан урматтуу окурмандар Ислам динин үгүттөөчүлөргө үлгүлүүлүгү жагынан Азирети Пайгамбарыбыздын тажрыйбада колдонгон усул жана эрежелердин бир гана бөлүгүн үстүртөн айта кетүү пайдалуу.
- Эң жакын адамдарынан башташы
Кайсыл гана үгүтчү болбосун, максатын жамы калкка жеткирүү үчүн адамдарды тартып алууда биринчи баскычтан көтөрүлүү зарыл жана чакырыгын да, өзүн да, камтып турган чөйрөгө бир бирден жеткирүү жолу менен илгерилөө да пайдалуу. Маселен чакырыкка баштаган адамдын эң жакын чөйрөсү жана тууган уруктары анын максатын, айтып жаткан нерселерин алыскы чөйрөлөргө караганда тез кабылдап, тез жооп кайтарат. Чакырыкты кабылдаган тууган туушкандарын дагы эске алганыбызда Исламдын, ушул жол менен дагы да тез, дагы да оңой жетээри маалым. Андай болсо дааватчы эң оболу өз үй-бүлөсүн жана жакын тууган-уруктарын чакырууга милдеттүү. Бир гана биз эмес Азирети Пайгамбарыбыз дагы: «Сен (оболу) жакын туугандарыңды чакыр» (Шуара. 214) - деген аят келээри менен туугандарын чакырып, динди алгач аларга жеткирген. Анткени Улуу Алла Таала эң башта өзүбүздү жана туугандарыбызды тозок отунан сактап калуубузду буйруган: «Эй ыйман келтиргендер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдардан жана таштардан болгон оттон сактагыла». (Тахрим, 6)
2. Ыңгайлуу учурга жана жерге көңүл буруу
Угуучуну оң жагына таасирленте алуу үчүн убакыттын жана жер шартынын да чоң орду бар экендигин айта кетүүбүз зарыл. Адамдардын бош же ылайыктуу убакытын пайдалануу жана ар тараптан ыңгайлуу жерди тандоо, максатка жетүүдө алгачкы даярдыкты камсыздап берээринде шек жок. Өз ордунда жана убактысында иштелген чакырык, дагы да чоң таасирге ээ болгон болсо, ыңгайсыз жерде же кысталыш убакытта айтылган сөз четке кагылууга дуушар болот. Ошондуктан акылга бай элибиз: «Темирди кызуусунда чап!» - деп айтып калтырышкан. Бул жагын эске алганыбызда ар бир үгүт-насаатчы жана чакыруучу эң ириде өзү жашап жаткан убакыт жана жер шарттарын жакшылап өздөштүргөн соң, ошол шарттарга ылайыктуу кылып иш планын түзүп, анан ишке киришиши керек. Мезгилсиз же орунсуз кадам, кайра эле ийгиликсиздикти алып келет. Ошол себептүү алгач мусулмандыкты кабылдаганда:
Эй Алланын Элчиси, мен эми эмне кылышым керек, Сен мага эмне буйрук кыласың?-деп сураган Абу Зарга Пайгамбарыбыз мындай деп айткан: «Абу Зар! Ата конушуңа кайт жана бул ищти азырынча жашыруун карма. Эл алдына чыгып ачык чакырыкты баштаганыбызды угаарың менен жаныма келгин!»(Бухари, Манакыб, 6)
Фарва бин Мусайк (Алла ага ыраазы болсун) төмөнкүлөрдү баян кылат: Күндөрдүн биринде Азирети Пайгамбарыбыздан сурап калдым: «Эй Алланын Элчиси! Өз коомумдун арасындагы дин Исламды кабыл кылгандарды топтоп, динибизден жүз үйрүгөндөргө каршы күрөш жүргүзөйүнбү?»-деген суранычыма уруксат берди да, бул иш-аракеттерге мени башчы кылып дайындады. (Мадина шаарынан) бир топ узаганымдан кийин мени кайрадан жанына чакыртып, мындай эскертүү берди: «Коомуңду Исламга чакыр! Дин Исламды кабылдагандардын мусулмандыгын өзүң кабыл кыл! Жүз үйрүгөндөр менен күрөшүүгө ашыкпа, мен сага жаңы буйрук жөнөткөнгө чейин күтө тур!» (Тирмизи, Тафсир, 34 /1)
Бул окуялардан байкалгандай, Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) дагы ыңгайлуу учурга жана ыңгайлуу жерге өзгөчө маани берген.
- Угуучунун абалын билүү
Чакырык жана үгүт-насаат ишинде негиз алынган максатка жетүү жана адамдарга пайдалуу болуу үчүн жок дегенде пациентинин абалын билген дарыгер сымал угуучунун абалын, деңгээлин аңдай алуу чоң жетишкендик болуп саналат. Тескерисинче оорулуунун дартын аныктабай туруп дары бергендей эле кеп. Мына ошол себептен Алла Таала, чакырыктын алгачкы жылдарында, көпчүлүк бутпарастардын абалын эске алып жүрүш жасоонун маанилүүлүгүнө басым жасоо иретинде: «Силер, бутпарастардын Алладан башка табынган кудайларын сөкпөгүлө, болбосо алар дагы душмандыкка салып жана билбестен туруп Алланы сөгүп коюшпасын!» - деген өкүмдү жөнөткөн. (Анам, 6/108)
Бул аят, үгүт, чакырык иши жүрүп жаткан кезде тыңдоочунун эски ишенимин жана көз караштарын басмырлоодон шылдыңдоодон оолак болууга, тек гана максатты эң жеткиликтүү түрдө билдирүүгө чакырып жатат. Азирети Пайгамбарыбыз бул жагынан караганда тыңдоочусун жакшы тааныган жана анын деңгээлине жараша түшүндүрмө берүү жолун тандаган. Адамдар түшүнө алгыдай, акыл-эс аңдай алгыдай деңгээлде сүйлөөгө абдан көңүл бөлгөн жана ушундай усулду колдонууну сахабаларына дагы сунуштаган. Маселен Саад бин Бакрдын тобу менен келген Мухаммед бин Атийянын: «Мага, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) биздин диалектика менен сүйлөдү». (Хаким, IV, 363) – деген сөзү Азирети Пайгамбарыбыздын бул өңүттөгү иш-аракетине мисал боло алат. Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун) дагы: «Адамдар түшүнө алгыдай түрдө сүйлөгүлө!» (Бухари, Илим, 49)-деген насааты менен Ислам жол башчысынан үйрөнгөн акыйкатка көңүл бурган.
Тыңдоочу адамдын деңгээлине жараша мамиле кылуунун башка бир көрүнүктүү мисалы Мекке мусулмандарга карап калган күнү жараян эткен. Аббас(Алла ага ыраазы болсун), Мусулман болууну кабыл кылган Абу Суфянды Алланын Элчисине (саллаллаху алейхи васаллам) алып келди да муну айтты: «Эй Алланын Элчиси! Абу Суфян өзүнө көңүл бурулушун абдан каалаган адам. (Анын көңүлүн ала турган) бир нерсе кылсаңыз, -деди. Бир аз ойлонуп туруп Азирети Пайгамбарыбыз мындай деди: «Туура айтасың! (Шаарга кирип жатканда жар салгыла): Ким Абу Суфяндын үйүнө кире турган болсо коопсуздукта, ким эшигин жапса (үйүнөн сыртка чыкпаса) коопсуздукта» –деп айтты. (Абу Давуд, Хараж, 24-25)
Ошентип Меккедеги эл башчысына жакшы мамиле кылуу менен алардын Исламга түз мамиледе болушу камсыздалган.
4. Чакырыкта ашыкпоо же болбосо жүрүштү эске алуу
Диний өкүмдөрдүн бир канча убакыттын ичинде акырындык менен парз кылынышын, Алла Тааланын адамдарга көрсөткөн жеңилдиги деп эсептөөгө болот. Кураны Каримдин түшүшүндөгү узак мезгил тууралуу кеп салып жатып Азирети Аиша энебиз мындай дейт: «Алгачкы түшүрүлгөн сүрө кыска сүрөлөрдүн бири болгон. Анда бейиш жана тозок тууралуу маалымдалган. Адал жана арам нерселерге тиешелүү өкүмдөр болсо пенделер Исламга толук кандуу багыт алгандан тартып түшүрүлө баштады. Эгерде алгачкы түшүрүлгөн аятта: «Ичимдик ичпегиле!»-деген буйрук түшүрүлгөндө анда адамдар; «Ичимдикти биз эч качан таштабайбыз!»-деп айтаары турган иш эле. Же болбосо алгачкы аят зинага тыюу салуу иретинде: «Зина кылбагыла!» - деп келгенде айтылгандай эле адамдар «Зинаны эч качан таштабайбыз!» дешет болчу». (Бухари, Фадаилул-Куран, 6)
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ыйманы, ибадаты жана аруу адеп-ахлагы менен козголбос бекемдике жеткирген сахабаларын, көз ачып жумганчалык өзгөрүү менен эмес, билинбеген, сезилбеген акырындык өнүгүү менен ошол бийик даражага жеткирген. Маселен Муаз бин Жабалды Йеменге жөнөтүп жатып ага айткан акыл-насааты муну ачык айкын көрсөтүп турат: «Сен сөзсүз түрдө ахли китаб ээлери (Кудай Таала тарабынан китеп берилген эл) коомуна жөнөп турасың. Сен аларды, Алла Тааладан башка эч бир сыйынуучунун жоктугуна жана менин Алланын Элчиси экендигимди кабылдоого үндө. Эгерде ушуну кабылдай турган болушса, бир күндө беш убакыт намаз окууну Алла Таала аларга парз кылганын билдиргин. Муну да кабыл кылыша турган болсо байлардан алынып кембагалдарга бериле турган зекеттин парз кылынганынан кабар бер. Мына ушуларды так аткарып кете турган болушса мал-мүлкүнүн эң баалуусун ала көрбө! Кордук көргөн адамдын каргышынан сактан, анткени анын каргышы менен Алланын ортосунда эч кандай парда (тоскоол) жок».
(Бухари, Зекет, 41; Мусим. Иман, 29-31)
5. Ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо
Азирети Пайгамбарыбыз, чакырык озуйпасында колго тийген мүмкүнчүлүктүн бирин дагы текке кетирген жок жана ошондой эле адамдар менен кез келүү үчүн ар кандай жолдорду изилдеп келген. Мадиналык Анас бин Рафи бир топ жаштар менен Меккеге келген эле. Келиш максаты Хазраж уруусу менен Курайш уруусунун ортосунда келишим түзүү эле. Алардын келгенинен кабардар болгон Азирети Пайгамбарыбыз(саллаллаху алейхи васаллам) дароо жетип барып, алик алышкан соң маектешип олтуруп калды. «Силерге келүү максатыңарга караганда дагы да кайырдуу ишти айтайынбы?»-деди. Алар: «Андан да кайырдуу кандай иш экен?»-деген суроо узатышты. Алланын Элчиси мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мына буларды маалымдады: «Мен Алланын Элчисимин. Алла Таала мени кулдарына жөнөттү. Аларды Аллага кулчулук кылууга чакырып келем. Алла Таалага ибадат кылууну, Ага эч бир нерсени шерик кошпоону айтып жатам. Алла Таала бул жагдайда мага китеп түшүрдү» - деп келген жаштарга жатык тил менен Исламды түшүндүрүп, Курандын кээ бир аяттарынан окуп берди. Араларынан Ияз бин Муаз аттуу жигит өйдө туруп: «Досторум! Кудайга ант, мына бул нерселер биз максат кылып келген иштен дагы да жакшылыктуу эмеспи?!» - деп өз оюн ортого салды. Бирок тилеке каршы достору тарабынан акаарат жана кагуу-силкүү менен үнү жап болду. Алар Мединага кайтып бараары менен Буас согушу чыга берди. Көп убакыт өтпөстөп Ияз бин Муаз дагы каза болду. Өлүмү учурунда башында тургандар анын тынбастан Кудай Тааланы аруулап, улуулап жатканын өз кулактары менен угуп турушту. Мусулман болуп көз жумганынан эч кандай шек жок. Анткени Ияз (Алла ага ыраазы болсун) Ааламдардын Мырзасынын айткандарын берилүү менен угуп жатып, дин Исламды өз мекенине жетип калганын сезген экен. Ошондуктан Ислам динин дилинде дароо кабылдаган тура кайран... (Хаким, III, 199; Ибни Ханбал, V, 427)
6. Татаалдаштырбастан жеңилдетүү
Куранда да, Алланын Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) өмүрүндөгү кездешкен көптөгөн окуяларда да, динде татаал эч нерсе жок экендиги далай жерде эскертилип кеткен. Анын үстүнө мунун эсепсиз хикматтары дагы бар. Анткени динди жаюудагы чакырыкта, үгүт иштеринде, адамдардын дин Исламды кабылдашында да принцип абдан эле жеңил. Ушул эле нерсе жашоонун ар башка өңүттөрүндө дагы өтүмдүү жобо. Адамбаласы негизинен ар кандай, ар башкача кулк мүнөзгө жана түзүлүшкө ээ. Алардын эң алсызына дагы көңүл буруп, ар бир киши баласы аткара ала тургандай жоболордун сунушталышы кажет. А бул нерселердин бардыгы Ислам дининде сунушталган. Жараткан Алла Куранда мындайча билдирет: «Алла, силер үчүн жеңилдикти каалайт, татаалдыкты каалабайт». (Бакара, 185)
Кудай Тааланын, өз пенделерине болгон бул мээрмандыгы, Анын Элчиси тарабынан эң жогорку деңгээлде жүзөгө ашырылган. Анткени бир кутту хадисте Азирети Пайгамбарыбыз: «Жеңилдеткиле, татаалдаштырбагыла. Сүйүнчүлөгүлө, зааркантпагыла»– деп жамы мусулмандарга накыл айтып кеткен. (Бухари, Илим, 11)
Абу Хурайра (Алла ага ыраазы болсун), мындай бир окуяны баян кылат: «Бир бадави (чөлдө жашаган карапайым адам) Пайгамбардын Мечитинде даарат ушатып коюптур. Аны көргөн сахабалар жанакы кишини азарлап киришти. Буга күбө болгон Азирети Пайгамбарыбыз(саллаллаху алейхи васаллам): «Ал адамды өз жайына коюңуздар. Даарат ушатылган жерге бир чака суу төгүп койсоңуздар жакшы болот. Сиздер жеңилдик көрсөтүү үчүн жөнөтүлгөнсүздөр татаалдаштыруу үчүн эмес!»-деп осуяттады даанышман пайгамбар. (Бухари, Вуду, 58; Адаб, 80)
7. Сүйнчүлөп зааркантпаганы
Адамдарга бир нерсени тек гана коркутуу жолу менен кабылдатууга аракеттенүүнүн натыйжасы заарканууну, жаман көз карашты алып келгендиктен, сүйүнтүүнү, сүйүнчүлөөнү, жакшы айтууну негизги жол катары тутунуу кажет. Бул нерсе Куранда дагы орун алган. Маселен Куранда бир гана коркутуу, үркүтүүгө гана такап туруп албастан, оболу бейиш анан тозок, момун мусулмандык, каапырдык, жакшы, жаман жагдайлар тең салмакта айтылган. Салмактай келгенде сүйүнчүлөө, кубантуу жагы оор салмакка ээ. Алла Таала Куранда айтат: «Мээримим бүт нерсени курчаган». (Араф, 156)
Жараткан бул аят менен пенделерине болгон Мээриминин чексиздигин баса белгилейт. Алланын Элчиси бул акыйкатты мындайча билдирет: «Алла Таала, бүтүн бар нерсени жаратканда, арштын үстүндөгү китебине; «Мээримим чындыгында азабымдан жогору турат!» - деп жазган. (Бухари, Тавхид, 15)
Жыйынтыктап айта турган болсок, бир ишти жасоодо анын усулуна дагы, эрежесине дагы тыкан көңүл бурула турган болсо ошондо натыйжага тез жетүү мүмкүн. Ал эми тескерисинче эреже же усулдарына маани берилбеген болсо максатка жетүүдө чиеленишкен маселелер пайда болушу ыктымал. Көчөттү отургузуунун, таштан дубал тургузуунун дагы өзүнө таандык усул, эрежеси болгонун эске ала турган болсок, адамзаттын жандүйнөсүн өзгөртүү сыяктуу мааниси зор иштерде эрежени бекем тутунуу зарыл. Ар бир үгүтчү, чакырык салган ар бир насааткер, максатка жетүү үчүн жогоруда айтылып кеткен эрежелерди, усулдарды жүзөгө ашырышы керек. Ал эми хидаятты Жараткан Алладан күтүү абзел.
Которгон: Акылбек Халбеков