Үчүнчү сан

Журналдын үчүнчү саны

Мазмуну

  • Курани карим – бардык илимдердин башаты
  • Кыргызстандагы диний билим берүүчү теология факультеттери жөнүндө маалымат
  • Сохранение (фиксация) Корана во время Пророка Мухаммада
  • Алланын арстаны, илимдин булагы аз. Али (Алла а.ы.б.)
  • Курандын буйруктары
  • Исламга үндөөнүн үч алтын ачкычы
  • Куранды үйрөнүү ар бир мусулманга парз
  • Эненин дубасы
  • Балкандар Жана Босния Герцеговиня (Босния Герцоговиня)
  • Исламдын сүткордукка көз карашы
  • Ыймандуу үй бүлөну кантип курабыз
  • Исламда аял укуктарынын каралышы
  • Динсиздиктин адамга тийгизген терс таасирлери
  • Бир кесе сүт

    Башына

    Кадырман окурман!
    Сиздер менен журналыбыздын кезектеги саны аркылуу кайрадан жүз көрүшүп жатканыбызга өтө кубанычтабыз.

    Журанылыбыздын бу санында негизинен Куран жана илим жаатына басым жасалат. Куран - биз менен сиз мусулмандарга жана мүлдө адамзадага жөнөтүлгөн Теңирий Ыйык Китеп. Мусулман катары биз бу көрсөтмө Китеп менен канчалык таанышпыз, биз адамбаласына сунган кабарларынын канчасын билебиз? Куран кээ бир адамдар ойлогондой, миң төрт жүз жыл мурун жашаган адамдарга гана өкүмүн жүргүзгөн китеппи, же болбосо кыяматка чейин жаамы адамзаттын муктаждыктарына жооп бере турган инсаният үчүн ар тараптуу материалдык да, рухий да сырлары катылуу бүтүндөй дүйнөгө үн салган китеппи?

    Курандын илим-билим менен болгон байланышы кандай? Куран илим-билимдин өркүндөп-өсүшүнө тоскоолбу? Бүгүнкү күндө мусулмандар эмне себептен технологиялык жана илимий өркүндөө жагынан төмөн? Эмне үчүн технологиялык жаңы ачылыштар Ислам дүйнөсүнөн ачылбайт? Эмне себептен Ислам терроризм, экстремизм менен бирге айтылып келет? Мына ушул өңдүү суроолор толук, так жана даана жообун табышы керек. Чындыгында да мындай суроолордун жоопторун кайра эле ошол Ыйык Курандын өзүнөн алабыз.

    Жалпыбызга маалым болгондой, Курандын эң алгачкы аяты «оку!» -деп түшкөн. Мына ушунун өзү эле өзүнчө бир жаңылык, жарлык. Куран келиши менен караңгылыктын сормо сазына белчеден батып турган инсаниятты түркөйлүктүн туңгуюугунан алып чыгып, жаңыча жашоого багыт берди. Курандын жарлыгы мындай; кысымчылык, күчкө салуу доору токтотулсун, Куран доору башталсын. Эми «оку!» деген буйрук менен илим доору башталсын. Окууну билген, жазууну тааныган, ой жүгүрткөн, күч-кубатты илим, технология жаатында колдонгон, башка ишеним-ырасымдарга толеранттуулук, сый көз караш менен караган жана өзүнүн дүйнөтаанымы менен башка адамдарды тааныштырууга кайраттанган, эч качан зордук, кысым көрсөтпөгөн доор – Ислам доору башталсын!

    Ислам доору – бул, Куран доору. Эң алгачкы буйругу «оку!» - деген китептин илим-билимге бөгөт койушу мүмкүнбү? Оку деген буйрук менен башталган Ыйык Куранда «окуу» деген сөз сексен жети ирет колдонулат. Анын үч жеринде «оку!», дагы үч аятында «окугула!»-деген буйрук берилген. Кураны Каримдин 780 жеринде «илим-билим» тууралуу айтылат. Куранда бир уңгудан чыккан мындай сөздөр жыйнагы чынында эле аз. Ошондой эле «илим» деген сөздөн чыккан «аалым»- маанисине келген «хаким»- деген сөз 117 жолу кайталанат. Анда «марифат - билүү» деген сөз менен тектеш 70 тей сөз бар. Ойго батуу, ойлонууга байланыштуу 18, акыл жана акыл калчоо тууралуу 49 аят түшүрүлгөн.

    Кураны Карим – бул илимдин соолугус булагы. Куран божомолдуу, чындыкка жатпаган маалыматтарга моюн сунгандарга эскертме берип, илимге бурулууга чакырат. Алла Жараткан Куранда адамбаласынын өз аракеттери, кайрттары менен жете турган билимдерге терең басым жасабай, бул жаатты адампенденин акылына, аң-сезимине, тажрыйбаларына ыйгарат. Ошону менен бирге мындай илимдерди терс багытта колдонууга да тыйуу салат. Куран коомдо бейпилдикти, ынтымак-ырашкерликти орнотуу үчүн нукура акыйкат эрежелерин кою менен жашоо чыйырын көрсөтүп, акылды туура колдонуп, илимден пайдаланууга багыт берет.

    Мына ушундай касиеттүү китепке ээ болгон биз мусулмандар Куран менен болгон алакабызды бекемдөөгө, өзгөчө ошол бүгүндөн аракет кылуубуз кажет. Ошондуктан ар бир көз ирмемибизде Куран менен тыгыз байланышта болуу үчүн алтындай убактыбызды бөлүп, ал алып келген буйрук-жарлыктар менен жакындан таанышуубуз абзел.

    Урматтуу окурман!

    Журналыбыздын бүгүнкү санында Куран күн тартибинен тыш ар бир журналыбыздын санында жарыяланып келген айрым темалар да орун тапты. Июль айынын жыйырма алтысынан үч кутман ай кирип келет. Алар ражаб, шабан жана рамазан айлары. Аталган айлардын руханий арышынан пайдалана билүүнү Жараткан Алла баарыбызга насип этсин! Кийинки санда кайрадан барак беттеринен жүз көрүшкөнчө аман болуңуздар!..

    Башына