Үчүнчү сан

Журналдын үчүнчү саны

Балкандар жана Босния Герцеговина

Мазмуну


Балкандарда бүгүнкү күнгө чейин болуп өткөн окуялар жана келечекте болушу ыктымал болгон окуялар туурасында туура ой-пикир алыш үчүн жана окуяларды туура баамдай билүүнүн жолу мусулмандардын бул чөлкөм менен болгон тарыхый байланышын туура аныктап алуу керек. Ошондуктан мусулмандардын Балкандарга барышын гана эмес, аларды бул жерден кантип жана кандай максат менен чыгарууга аракет кылгандарын дагы жакшы билүүбүз керек.


Мусулмандар Балкандардагы биринчи кадамы Сулейман Пашанын кол астындагы Осман армиясынын 1353-жылы Чанаккале кысыгынан (Дарданелл) өтүп Румелия-Греция жерин каратып алуусу менен башталат. 1389-жылындагы Косово согушу бир жагынан сербдерди тарыхый жактан тизелетсе, экинчи жагынан Балканда түрктөрдүн жеңилбес күч экенин көрсөттү. 1521-жылы Сулайман Канунинин  Белградды каратып алуусу менен дээрлик бардык Балкандар мусулмандардын карамагына өтөт. Бирок бул түрк улутунун Балкандагы биринчи бийлиги эмес эле. Исламдан мурда дагы түрктөр Балканга келишкен.


Негизинен чөлкөмгө биринчи келген түрк уруусу хундар. Бирок Балкандарда Византияны жеңип Батыш Рим империясы жактан келген хундар ушул чөлкөмдө узакка созулган мамлекет негиздей алышкан жок. Хундардын артынан келген аварлар болсо Балкандарда чоң ээликтерди каратып алышып, болжолу 250 жылга созулган бийлик курушту. Бирок аварлар VIII кылымдын аягында христиандыкты кабыл алышып, славяндашып кетишет жана тарыхта аты өчөт. Аварлардан кийин дагы көчмөн түрк урууларынын Балкандарга келүүсү уланып жатты, бирок көбү славян эли менен камыр-жумур болуп ассимиляцияга дуушар болуп жок болуп кетти.  


Осмон түрктөрү болсо эч качан ассимиляция болушкан жок. Тескерисинче, каратып алган ар бир жерге өздөрүнүн маданиятын алып келишти. Мунун эң чоң себеби Ислам дини. Исламдан мурда түрктөр күчтүү маданиятка ээ болбогондугу үчүн каратып алган жерлерде ары аскердик, ары маданият жагынан үстөмдүк кыла алышпачу. Анткен менен Исламдын кабыл алынышы менен түрктөр «ассимиляция болгон» эмес, «ассимиляция кылган» улутка айланды. Мунун эң сонун мисалдары Осмон түрктөрүнүн тарыхынан көрсөк болот. 


Мисалы, Осмон түрктөрү исламдын жардамы менен Балкандарды көпкө чейин өз карамагында кармай алышты. Балкандарда Султан Сулайман Канунинин Белградды каратып алгандан кийин мусулмандардын бийлиги бекемдеп, бул аймактагы ар кандай христиан элдердин акырындап жана өз ыктыярлары менен исламды кабыл алуусуна себепкер болду. Мындан да кызыгы мусулмандар чөлкөмдө кылымдар бою уланган стабилдүүлүк жана тынчтык орното алышты. Балкан дин, тил жана расалары боюнча аралаш түзүлүштө. Бирок Оттоман империясынын башкаруу системасы бардык айрымачылыктарды бири-бири менен жуурулуштуруу принцибинин негизинде түптөлгөн эле. Мусулмандардын бийлиги астында Балкан тынчтык жана коопсуздук ичинде 450 жыл чамасында жашады.


Советтер Союзу ыдырагандан кийин Варшава пактына кирген мамлекеттердеги ыйкы-тыйкылар жана ич ара согуштар Балкан мамлекеттери ичинен өзгөчө ар кандай этникалык топтордон түзүлгөн Югославияда чоң кулач жайды. 


Көпчүлүк бөлүгү тоолуу жана аскалуу, терең өрөөндөргө ажыраган жана тоолорун жышкай көк чөп каптаган Балкандардын географиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү болуп каттоо жана байланыш ар дайым кыйынга турган («Балкан» сөзүнүн өзү дагы «тоолуу аймак»  деген маанини билдирет). Каттоо жана байланыштын начардыгы болсо бири-бирилери менен коңшулаш жашашса да маданият жагынан бири-бирине окшошпогон, ал тургай бири-бирине душман болгон элдер пайда болгон. Этникалык айрымачылыктарга маданий айрымачылыктардын кошкондо бири-бирлери менен касташуусу андан да көп арткан. Балкандардагы кылымдар боюнча жүздөгөн мамлекеттин негизделип кайра эле жүздөгөн мамлекеттин жок болушунун жападан-жалгыз себеби айрымачылыктарды душмандыкка айланткан консервативдүү жана жабык Балкан маданиятынан көрсө болот.  


1990-жылдардын башындагы аймактагы чыр-чатактардын жана жаңжалдардын артында жаткан себеп болуп көзкарандысыздыгын жарыялаган мамлекеттердин бири-бирлери менен душман болгон жана бирге жашагысы келбеген улуттук азчылыктардын жайгашышынан келип чыгат. Балкандардагы эч бир мамлекет этникалык жана диний жактан бир тектүү эмес. Мисалы, Албаниянын саясий чек арасы менен албандардын жашаган аймактардын дал келиши 50/50. Албандардын дээрлик жарымынан көбү Албаниянын тышкары жерлерде, Косова жана Македонияда жашашат.
Ошондой эле Сербия мамлекетинин чек арасы менен серб эли жашаган аймак арасында да чоң ажырымдар бар. Калкынын саны он миллиондон ашык болгондуктан, сербдер Балкандарда саны жагынан эң чоң этникалык топтордун бири. Сербдер Сербиядан башка Хорватия жана Босния-Герцеговинада жашашат. Ошону менен бирге Сербиянын аймагында жашаган калктын 15%ынан көбү серб эмес; булар өздөрүн сербдердин элдешкис душманы деп билген албандар менен славян мусулмандары.


Балкандагы кайсы мамлекетти албайлы окшош мозаикага туш болобуз Болгарияда түрктөр, помактар (мусулман болгарлар) жана башка азчылыктар калктын 15% түзөт. Македонияда калкынын 65%ы македондуктардан, 22%ы албандардан, 4%ы түрктөрдөн жана башка улуттук азчылыктардан турат. Грециянын Батыш Фракия аймагында 120 миңдей түрк, өзгөчө түндүгүндө өтө көп славян-македондор жашайт. Босния-Герцеговинадагы калктын 45%ы мусулмандар, 30% сербдер, 17% болсо хорваттар. 
Албетте, бир мамлекеттин ичинде ар кандай этникалык же болбосо диний топтордун жашашы өөн деле учурабашы керек.

Мындай мозаикалык айырмачылыктарга карабастан элдердин ортосунда теориялык жактан, «көп улуттуу, көп маданияттуу» мамлекеттик система жана «бир чатырдын алдында жашатуу» деген социалдык формула аркылуу тынчтыкты сактоого болот, Осмон империясындагыдай. Бирок, тилекке каршы, Балкандардагы мамлекеттер ашкере улутчул, өтө катуу, кескин радикалдуу идеологияга ээ болгондуктан бул формуланын жүзөгө ашышы кыйын болуп калды.
Балкандарда эң эле кандуу окуялар 1992-жылдын 1-мартында болуп өткөн референдумдун жыйынтыгына таянып, ошол эле жылдын 3-мартында Босния-Герцеговинанын эгемендүүлүгүн жарыялаган күндөн тарта башталды. 

Жалпы маалымат


Мамлекеттин аты – Босния Герцеговина
Жайгашкан жери – Түштүк-Чыгыш Европа, Балкан жарым аралы
Аянты - 51.129 км2
Борбор калаасы - Сараево
Калкынын саны - 3.922.205 (болжолдуу)
Этникалык курамы - сербдер 31%, босниялыктар 44%, хорваттар 17%, югославдар 5,5%, башкалары 2,5%
Тилдери – босния тили, сербче, хорватча.
Дини – мусулмандар 40%, ортодокс христиандары 31%, католиктер 15%, протестанттар 4%, калгандарын башка диний топтор түзөт
Чоң шаарлары – Мостар, Баналука, Тузла, Зенижа, Бихач.


Босния Герцеговина мыйзамдын коопсуздугунда, эркин жана демократиялык шайлоолор аркылуу башкарылган демократиялык өлкө.
Өлкө эки административдик бөлүктөн турат - Босниялык мусулмандар менен хорваттардан түзүлгөн Босния Герцеговина Федерациясы жана Босния Герцеговиналык сербдерден түзүлгөн Босния Серб Республикасы. Босния-Герцеговинанын түндүк-чыгышында жайгашкан Брчко Босния-Герцеговина мамлекетинин ичинде автономдуу башкаруу системасына ээ жана Босния-Герцеговина Федерациясына да, Босния Серб Республикасына да караштуу эмес.


Босния Герцеговинада сербдер уюштурган геноцид (кыргын)
Сербдердин Босния Герцеговинадагы кыргын салышы 1992-жылы бүткүл Ислам дүйнөсүн дүңгүрөткөн. Босния-Герцеговинада да 1992-жылы 1-мартта элдин эгемендүүлүктү каалап-каалабагандыгы жаатында референдум өткөрүлдү. Бул референдумга катышкандардын 99.43%ы эгемендүүлүктү каалагандыктарын бир ооздон «ооба» деп жооп беришип добуш беришти. Босния-Герцеговина бийлиги референдумдун жыйынтыгына таянуу менен көз карандысыздыгын жарыялоо чечимин кабыл алышты.


Ошол себептен улам Босния-Герцеговинада жашаган сербдер президенти Алия Изетбеговичтин башкаруусундагы Босния-Герцеговина бийлигине бут тосуу максатында көчөлөрдө баррикадаларды куруп, мусулмандар жыш жашаган жерлерге кол салышып  абалды курчутууга жол ачкан ар кандай иш-аракеттерди жасай башташты. Бара-бара Югославиядан келген элдик кошуундун жана федералдык армиянын колдоо көрсөтүүсүнүн натыйжасында мусулмандарга кол салуулар, ар түрдүү зомбулуктар күч алды. Сербдердин кол салуулары күн өткөн сайын күчөп олтуруп акыры кыргынга айланды.
Сербердин көз көрүнөө кол салуулары күн сайын күч алып бараткандыктан 1992-жылдын 19-мартында Босния-Герцеговинанын биринчи вице-премьер министри Мухаммед Женгич Түркия мамлекетине келип жардам сурады. Кандайдыр бир себептерден улам Түркиянын жардам бере албай калышы Серб элдик кошуунуна дагы да шык берди. Себеби, сербдер Босния-Герцеговинадагы мусулмандарга колдоо көрсөтө турган бир гана өлкө деп Түркияны эсептешкен. 


1992-ж. 6-апрелде Европа Шериктештигинин министрлер кеңеши Босния-Герцеговинанын көз карандысыздыгын тааныды. Ошол эле күнү Босния согушу башталды.
Сербдер калктын 70%н мусулмандар түзгөн Зворник шаарын басып алгандан кийин элди көчүп кетүүлөрүнө мажбурлай башташты. 1992-ж. 13-апрелде 140 миң мусулман үй-жайын ташташып Босния-Герцеговинадан көчүп кетишти.   


Серб элдик кошууну басып алган жерлерде туткунга алган мусулмандарды аябай кордошуп, көпчүлүгүн аёосуз түрдө өлтүрүшкөн. Мисалы, 1992-жылы 15-апрелде Биелина шаарына кирип барып миң мусулманды, балдарды, аялдарды, кары-жашына карабай өлтүргөн. 
Сербдер басып алган жерлерде, жогоруда да айтылып кеткендей, карапайып элди да кырып, турак-жайлардын баарын дагы өртөп, жер менен жексен кылып кеткен. Асыресе, мечиттерди жана исламдык маданияттын издерин чагылдырган ар кандай тарыхый эстеликтерди жок кылууга аракет кылышкан.


Сербдердин кол салуулары күчөгөнүнөн БУУну бул кырдаалга кийилигишүүсүн өтүнүштү. Босния Герцеговинанын тышкы иштер министри БУУнун Перс булуңундагы согуштай Босния Герцеговинада да аскердик операция өткөрүүсүн талап кылды.
1992-жылы 11-майда Ислам Мамлекеттеринин Конгрессинин Уюму тарабынан жарыяланган коммюникеде баардык мусулман мамлекеттеринин Босния-Герцеговинага жардам берилиши талап кылынды. Ислам Мамлекеттеринин Конгрессинин Уюму Бириккен Улуттар Уюмунун Босния-Герцеговинадагы геноцидди токтотуш үчүн кийлигишүүсүн өтүндү.
10-августта Европа Коопсуздук Кеңешинин IV Көзөмөлдөө Кеңеши аяктары менен жарыяланган декларацияда Босния-Герцеговинадагы окуялардын башкы күнөөкөрү деп Югославия бийлиги айыпталды.


1993-жылы 20-августта Босния-Герцеговина территориясынан сербдерге 52%ын, мусулмандарга 30%ын жана хорваттарга 17%ын берген карта тынчтык келишиминин долбоору катары каршылаш тараптарга сунулду. Бул долбоор боюнча үч республикадан куралган конфедерациянын түзүлүшү каралган.


Босниялыктар тарабынан контролдонгон Сараеводагы Маркале базарына 1994-жылы 5-февралда уюштурулган кол салуунун натыйжасында 68 киши өлтүрүлөт жана 100дөн ашуун киши жарадар болот. Бул кандуу окуя Американын Босния согушунда дагы активдүүрөөк роль ойноосуна өбөлгө түзгөн.
1995-жылы 28-январда Сараево сербдердин курчоосу астында жашаганына 1000 күн болгон.

1995-жылы 11- июлда Сребреница «коопсуз чөлкөм» деп жарыяланганына карабай UNPROFORдун ичиндеги Сребреницада кызмат өтөгөн голландиялык аскерлер артка чегинет. Ошонун артынан шаар Радко Младичтин куралдуу аскерлеринин колуна тийет. Мунун натыйжасында эки жуманын ичинде 8 миңден ашык карапайым босниялыктар өлтүрүлүп, экинчи дүйнөлүк согушунан бери Европада болуп көрбөгөн геноцид кайталанат.


1995-ж. 29-августта Серб позицияларына карата болгон бир нече күндүк НАТОнун аскердик кийилигишүүсү башталган. Радар жана байланышуу системалары, курал-жарак складдары, айрым аскери базалар кийилигишүүнүн негизги бутасы болду.
1995-жылы 21-ноябрда Дейтон тынчтык келишимине мурунку Босния-Герцеговина, ЮФР, Хорватия президенттери Алия Изетбегович, Слободан Милошевич жана Франьо Тужман тарабынан кол коюлду. Келишимдин кошумча бир пунктунда конституцияга ылайык Босния-Герцеговина эки бөлүктөн түзүлгөн мамлекетке айланган жана ошентип Балкан согушу аяктаган.


Абдуллах Айдоган Калабалык.

Башына