Үчүнчү сан

Эненин дубасы
Мазмуну
Хаким Тирмизи жаш кезинде илим алууну абдан самачу. Күндөрдүн биринде Тирмизиге эки досу келип илим алмакка алыска сапарга чыга тургандыктарын билдирип, аны да чакырышат. Тирмизи бир жагынан кубанып, бир жагынан ойлонуп калат.
Ошол эле күнү кечинде маселени энесине билдирет. Энеси ойлуу тартып уулуна мындай дейт:
- Уулум! Мен ал-күчтөн тайдым. Мага сенден башка жардам бере турган эч кимим жок. Өзүңө да маалым, бир жагынан оорукчанмын. Мени жалгыз кимге таштайсың?
Энесинин бул сөздөрү Тирмизинин сай сөөгүн сыздатты. Бир тараптан илим алууга болгон ышкысы, бир тараптан эненин акысы аны кыйын абалга алып келди. Терең ойго батып, акыры эненин акысы илим алуудан жогору экендигин баамдап, илим алуудан баш тартты. Жагдайды досторуна туура түшүндүрүп, алар менен илим алууга бара албай калгандыгын билдирди.
Ошентип достору шаардан чыгып алыска сапар тартып кетишти. Тирмизи алардан бөлүнүп илимден кур калгандыгы үчүн аябай кыжалат болуп жүрдү. Арадан көп убакыт өтсө да, илим алуу ышкысы күн өткөн сайын күч ала берди. Өзү жалгыз калган убактарда өзүнчө буулугуп көпкө ыйлачу. Муну байкаган энеси:
«Алла таала «иншаалла»(Кудай кааласа) сени бул арзууңа жеткирээр» деп дуба кылып жүрдү.
Күндөрдүн биринде Тирмизи мүрзөнүн жакасына барып ыйлап, бугун чыгарып өзүнө-өзү:
«Мен эмне боломун? Досторум илим үйрөнүү үчүн кетишти. Менчи? Илимсиз калдым» деп сүйлөнүп жаткан эле. Бир маалда жүзүнөн нур тамган бейтааныш карыя пайда болуп:
- Уулум! Эмне ыйлап жатасың? Сага эмне болду? - дейт.
Хаким Тирмизи алгач апкаарып калат. Анан баш-аягын жыйнап болгон окуянын баарын башынан аягына чейин айтып берет.
Анда береги карыя:
- Аз убакыттын ичинде тигил эки досуң алган илимден да көп илим алууң үчүн, ар күнү келип сага сабак беришимди каалайсыңбы? – дейт ууртунан жылмайып.
Хаким Тирмизи кубанчы койнуна батпай:
- Албетте, каалаймын, - деп жооп берет.
Ошентип нур жүздүү бейтааныш адам ар күнү келип сабак бере баштайт. Тирмизи үч жыл бою сабак алат. Ал бул бейтааныш карыянын ким экендигин үч жылдан кийин гана билген. Ал карыя азирети Кыдыр (а.с.) болгон экен.
Бул багытта Тирмизи:
«Жараткандын мага буюрган мындай чоң жакшылыгына энемдин ыраазычылыгы жана анын ак дубасы менен жеттим!» деген.
Которгон: Жапаров Мирзат