Үчүнчү сан

Куранды үйрөнүү ар бир мусулманга парз
Мазмуну
1-суроо: Кураны карим кандай китеп?
Жооп: Кураны карим - Алла тааланын сөзү.
Кураны карим бул дүйнөгө түшкөндөн баштап ушул күнгө чейин ал тууралуу жүздөгөн китептер, макалалар жазылган. Себеби анда Алланын түбөлүктүү сөздөрү камтылган.
Бирок инсандын акылы чектелүү болгондуктан Кураны каримдин толук маанисин түшүнүп аны түшүндүрүүсү мүмкүн эмес.
Ал акыркы пайгамбар азирети Мухаммед (с.а.в.) га берилген эң чоң мужиза. Бул китеп кыяматка чейин аруулугун, жогорулугун, нукуралыгын сактайт.
Кураны карим канчалык окулуп, жазылса да эч качан андан алыс болбой, жадабай тескерисинче окуган сайын тынчтык жана ырахат берген, көңүлдү көтөргөн китеп.
2-суроо: Кураны каримди окуп үйрөнүүнүн өкүмүн айта кетип, Куран окуган
адамга убада кылынган сооп жана куш кабарларынан сөз козгосоңуз?
Жооп: Кураны каримди окууну үйрөнүү эркек-аял болсун ар бир мусулманга парзы
айн. Башкача айтканда мен мусулманмын деген ар бир адамдын улуту, жашы, кесиби эмне болсо болсун Кураны каримди үйрөнүүсү жана намазда окула турганчалык жаттоосу парз. Бул ишке ким маани бербей коюп үйрөнбөсө ал күнөөкөр болот.
Алла таала Кураны каримде: «Куранды тартип менен (тактап айтканда, даана-даана кылып) окугула», (аль-Муззаммил, 73/4) «Ант болсун, Биз Куранды эскертме алуу үчүн жеңил-оңой кылып койдук...» (аль-Камар, 54/17) деп буюрат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Кимде ким Кураны каримди жакшы үйрөнүп окугандан кийин унутса, кыямат күнү Алла тааланын алдына денесинен эттери шылынган абалда келет» деп айткан.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) башка хадисинде «Кураны каримди окугула, үйрөнгүлө жана үйрөткүлө» деп буйрук кылып өмүрүнүн аягына чейин муну иш жүзүндө аткарып инсандарга өрнөк болгон. Айрыкча Кураны каримди окуунун, үйрөнүүнүн парз экендигин башка бир жол менен карай турган болсок: бир мусулман күнүнө беш убакыт намаз окуусу парз. Бул парзды аткаруу үчүн сөзсүз намазда Куран окуусу зарыл.
Кураны каримди үйрөнүп окугандарга убада кылынган сооп жана сүйүнчүлөргө токтолсок. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деп буйруган:
«Кимде ким Алланын китебинен бир тамга окуса, ага бир жакшылык берилет. Бир жакшылык эң аз он соопко барабар. Мен «алиф лам мим» бир тамга дебедим. Туурасы «алиф» бир тамга, «лам» бир тамга, «мим»да бир тамга болуп эсептелет».
«Кураны каримди окугула, анткени Кураны карим кыямат күнү Куран окугандарга шапаатчы болот». «Кураны карим шапааты кабыл кылынган шапаатчы, доосу тастыкталган добогер. Ким Кураны каримди жол башчы кылып, анын жолу менен жүрсө, Куран аны бейишке алып барат. Кимде ким ага арка салып, андан баш тартса, аны тозокко түшүрөт».
«Кураны каримди чеберчилик менен мукамдуу окуган киши жана баш ийүүчү периштелер менен бирге болот. Ал эми Кураны каримди тамгалап окуган жана окуган учурда кыйналган кишиге сообу эки эселенип берилет».
«(Кыямат күнү) Куран ээлерине (Куран окуганды билген адамдарга) мындай деп айтылат: «Кураны каримди оку жана (бейиштин даражаларында) жогорулай бер. Дүйнөдө окуганың сыяктуу бул жерде да окугун. Анткени, сенин бейиштеги даражаң окуган акыркы аятың жеткен жер». «Кимде ким Алланын китебинен бир аят окуса, ага көптөгөн сооп жазылат жана окуган аяты ал үчүн кыямат күнү нур болуп берет».«Алла таала менен сүйлөшүүнү каалаган адам Куран окусун».
3-суроо: Кураны карим окуган момун менен окубаган момундун арасында
кандай айырмачылык бар? Алла Элчисинин (с.а.в.) бул тууралуу салыштырып айткан сөзү барбы?
Жооп: Кураны карим бул нур. Хидаяттын булагы. Ал окулган жерге Алланын өзгөчө мээрими жана берекеси түшөт. Адамдар Кабаны курчап тегерегинде айланганы сыяктуу периштелер да Кураны карим окугандарды курчашып алардын ортосуна нур түшүрүшөт. Бул китеп окулган жерге бейпилдик жана тынчтык түшөт. Ал жерде отургандар болсо бул бейпилдиктен жана тынчтыктан пайдаланышат. Шайтандар жана жиндер ал жерден качышат.
Кураны карим окуган жана андан таалим-тарбия алган адамдар сүйлөгөн сөздөрү, кыймыл-аракеттери жана мамилелери менен башкаларга да пайдалуу болушат.
Ал эми Куран окубаган жана андан таалим-тарбия албаган адамдар болсо өздөрүнө канчалык пайдалуу болушса да, башкаларга көп пайдалуу боло алышпайт.
4-суроо: Кураны каримди кайсыл жашта үйрөнүү керек?
Жооп: Кураны каримди эч качан бул жашта же мынча жашта үйрөнүш керек деген
чек жок. Бирок эң жакшы, ыңгайлуу жаш 5-10 жаш арасы. «Чырпык жаш кезинде ийилет» дегендей жаш кезде таалим-тарбия берүү маанилүү.
Куран үйрөтүүнү баланын төрөлгөнүнөн баштап, жада калса төрөлө электе эле баштоо керек. Илимий изилдөөлөрдүн айтымы боюнча эненин курсагындагы бала тыштан келген сөздөрдү түшүнбөсө да угуп кабыл алат. Энесинин кыймыл-аракеттеринен таасирленет. Эненин кайгы-капага чөгүүсү, сүйүнүүсү, ичкен-жеген тамагы, окуган, уккан баардык нерсеси баланын рухуна жана мүнөзүнө таасирин тийгизет.
5-суроо: Балага жаш кезинде Куран үйрөнүү канчалык даражада
маанилүү?
Жооп: Адам баласы жашоосунда өзүнө, ата – энесине, тууган – уруктарына, мекенине, улутуна, бүткүл инсаниятка пайдасы тийген адамдар менен бул дүйнөдө тыгыз байланышып жашап кете алышы үчүн, башына келе турган руханий жана материалдык тартыштыктардан, туура эмес пикирлерден коргонуусу үчүн, тагыраак айтканда жашоодон тажабай, жакшы жашап кетиши үчүн жаш кезинде алган тарбиясы жана билими өтө чоң рол ойнойт. Адамгерчиликти жана кулк-мүнөздү өзгөрткөн, убакыт өткөн сайын адамдын жаратылышына сиңип кире баштаган жакшы-жаман сапаттар, инсанга жаш кезиндеги алган нерселери аркылуу пайда болот.
«Эмне эксең ошону оросуң» дегендей, балага жаш кезинде Куран үйрөтүү анын келечеги, андан кийинки муундардын бузулуп кетпеши жана бүткүл коомчулуктун ынтымагы үчүн абадай зарыл. Ошондо гана ал келечекте эч кимдин буюмуна, эч кимдин намысына кол тийгизбейт, ошондой эле эч кимге зыяны жок момун адам болуп жетилет. Азирети Пайгамбар Мухаммед Мустафа (с.а.в) айткандай: «Чыныгы мусулман - бул башка адамдар анын тилинен жана колунан зыян тартпаган адам.»
6-суроо: Баласына Куран үйрөткөн ата-энеге кандай сүйүнчү бар?
Жооп: Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын көптөгөн хадистери бар. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:
- «Кимде-ким баласына Куран-ы карим үйрөтсө кыямат күнү ага бейиштин таажысы кийдирилет» .
- «Кимде ким Кураны каримди окуса жана аны жаттаса, адалдарын адал, арамдарын арам деп кабыл алса, Алла таала ал адамды бейишке чыгарат жана тозокко кире турган үй-бүлөсү менен туугандарынын ичинен он кишиге шапаат кылуу укугун берет».
Кураны карим үйрөткөндөргө берилген сооп үйрөнгөн баланын ата-энесине да жазылат. Анткени бул жерде ата-эне ошол нерсеге, баласынын Куран үйрөнүүсүнө себепчи болуп, ага шарт түзүп берүүдө. Жараткан Алла бизге көп-көп Куран окуп, маанисин түшүнүп, ага амал кылууну насип кылсын! Омийин.
Жапаров Мирзат