Үчүнчү сан

Элди Исламга үндөөнүн үч ачкычы
Мазмуну
Ибрахим Өзкылыч
Алла таала инсанды жоктон жаратып, бир гана өзүнө ибадат кылуу үчүн бул ааламга жиберген. Кулчулуктун Жараткандын улуулугуна жарашыктуу болуусу, адамдардагы дин, кудай, кулчулук жөнүндөгү кабарларды бурмаланып кетпеши үчүн пайгамбарларын жөнөтүп, Ыйык Китептери аркылуу билдирилип турган.
Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) бүткүл ааламга ырайымдуулуктун, мээримдүүлүктүн пайгамбары болуп жөнөтүлгөн. Ал акыркы хутпасында, “бул хутбага күбө болгондор тыңдагандарын башкаларга жеткизсин” деп айтуу менен өзүнөн кийинки Исламга үндөө ишин сахабаларына жана андан кийинкилерге аманат кылып калтырып кеткен. Ошондуктан сахабалар Исламды жеткизүү үчүн чыгыш-батыш, түндүк-түштүк, чартарапка аркасына кылчайбастан сапар улашкан.
Пайгамбарыбыз: “Аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору” “Пайгамбарлар алтын да, күмүш да калтырбайт. Алардын мурасы илим” деген хадистеринде бул милдеттин баа менен өлчөнбөстүгүн билдирген. Ошондуктан аалымдардын эң иридеги милдети миң төрт жүз жылдык мурасты этияттык менен кийинки муундарга өткөрүп берүү.
Куранда элди Исламга чакыруунун үч ыкмасы жөнүндө айтылат. Ислам эң акыркы жана эң таза дин болгондуктан, аны кабыл алуу өзүнө жараша тазалыкты, тыкандыкты талап кылат.
Бул багытта Ыйык Куранда: “(Мухаммед!) Элди Жаратканыңдын жолуна даанышмандык жана жатык сөз менен чакыргын! Алар менен маданияттуу түрдө (далил менен) талаш. Албетте, Жаратканың Өзүнүн жолунан адашкандарды да, туура жолдогуларды да жакшы билет ” (Нахл, 125) деп буюрулат.
Береги аяттан байкалгандай, элди Исламга чакыруунун «хикмат (даанышмандык), насаат жана тартышуу» деген үч ыкмасы бар.
- Хикмат (даанышмандык)
«Хикмат» сөзү «терең ой, терең билим» дегенди түшүндүрөт.
Адам баласы алгач билгенин өзү иш жүзүнө ашырып, анан башкаларга жеткириши керек. Мына ошондо гана айтылган сөз таасирлүү да, жугумдуу да болот. Бул жаатта Куранда: “Эй момундар! Силер эмнеге өзүңөр кылбаган нерсени айтасыңар?” (Саф, 2) “Силер адамдарды жакшылыкка буйруп, өзүңөрдү унутуп коесуңарбы? Өзүңөр китепти окуп жатасыңар го? Ойлонбойсуңарбы?” (Бакара, 44) деп буюрулат.
Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) адамдарга алгач өзү үлгү болгон. Куранда “усватун хасанатун” (эң мыкты өрнөк) делип Пайгамбарыбыздын ушул өзгөчөлүгүнө басым жасалат. Пайгамбарыбыз куттуу хадистеринин биринде: “адамдарга тилиңер менен гана үлгү болбогула” деп, элге баскан-турганыбыз, жасаган иштерибиз менен да үлгү болууга үндөгөн. Анын баскан жолунан чыкпоого аракет кылган Ислам аалымдары да жалпы мусулмандарга үлгү боло алышкан. Мына ошол аалымдардын бири Имам Аазам болгон. Жазма булактарда Имам Азам Абу Ханифа жөнүндө мынабул окуя баяндалат: Күндөрдүн биринде бир адам Имам Азамга ашкере бал жегендиктен ооруп калган баласын алып келет. Имам ага кырк күндөн келишин айтат. Береги адам маселени баамдай албай артка кайтат. Ошентип арадан кырк күн өткөн соң уулун алып кайра келет. Анда Имам Азам баланын башынан сылап «уулум, ашкере бал жебегин...» дейт сыпаа гана. Баланын атасы таң калып, себебин сурайт. Анда Имам Азам алар келген күнү өзү да бал жеп алгандыгынан улам ага жооп бере албаганын айткан экен. Ошондуктан даанышмандык өтө зор мааниге ээ.
Хикмат (даанышмандык, акылмандык) элди Исламга чакырган адамдын эң иридеги өзгөчөлүгү болушу керек.
“Хикмат момундун табылгыс азыгы. Аны кайдан тапса, ошол жерден алат” деген хадиске үңүлө назар салуу керек. Учурубузда мусулмандардын технологиядан артта калышынын негизги себептеринин бири дал ушул “хикмат”ты унутуп койгондуктары.
2. Насаат
Пайгамбарыбыз “дин - бул насаат” дейт. Алла таала Куранда: “Адамдарды (Алланын динине) үндөгөн жана “мен да мусулманмын” деп, өзү да жакшы иштерди жасаган кишиден артык сөздүү ким бар?” (Фуссилат, 33), “Алла Таала алардын жүрөгүндөгүнүн баарын билет. Сен да алардан жүз үйрү. Аларга насаат кылып, (жылуу мамиле менен) таасирлүү сөз айт” (Ниса, 63) деп буюрат. Демек, ар бир мусулман үчүн адамдарга жылуу мамиледе болуп, жакшы сөз айтуу өзүнчө милдет. Алл Таала азирети Муса менен Харунду адамзат тарыхында жашап өткөн заалымдардын бири Фараонго жөнөтүп жатып: “Экөөң Фараонго баргыла! Себеби ал (“мен кудаймын”деп) чектен ашты. Ага (жылуу мамиле жасап) жакшы сөз сүйлөгүлө! Балким ал насаатты угаар же (тозоктон) коркоор!” (Тоха, 43-44) деп буюруу менен адамдарды туура жолго чакыруунун максаты аларды тозоктон арылтып, түбөлүк бакытка жетишине себеп болуу экендигин билдирген. Кыргыздын “Жылуу сөз жыланды ийнинен чыгарат” деген накыл сөзү да төгүн жерден эместир.
Насаат элге түшүнүктүү жатык тил менен айтылышы керек. Бул жагдай өзгөчө бүгүнкү күнү Кыргызстанда өтө зор мааниге ээ. Кээ бирлерибиз сөздүн маанисин толук түшүнбөй эле сүйлөп кое берчү болдук. Айтылчу ойду ирээти, өз орду менен айтууга, ашкере кайталап сүйлөп элди тажатып жибербөөгө көнүшүбүз керек.
Ошондой эле бул багытта жылуу мамиле да маанилүү жагдайлардын башынан орун алат. Жылуу мамиле – бул баа жеткис сапат. Жогоруда белгиленгендей, биздин негизги милдетибиз элге баскан-турганыбыз, мамилебиз, сүйлөгөн сөзүбүз менен Исламды жеткирүү. Орой мамиле элди ирээнжитип, сөздүн өтүмсүздүгүн талап кылат. Алла Таала Аали Имран сүрөсүндө: “(Эй Мухаммед) сен Алланын ырайымы менен аларга (сахабаларыңа) жылуу мамиледе болдуң. Эгер дилиң катуу, орой болгонуңда, анда алар айланаңдан таркап кетишмек. Аларды кечиргин, алар үчүн Алладан кечирим сурагын! Кандайдыр бир иште алар менен кеңеш! Эгер кандайдыр бир ишке чечим кабыл алган болсоң, анда Аллага сүйөнүп, тобокел кылгын! Алла Таала Өзүнө (таянып) тобокел кылгандарды сүйөт” (Аали Имран, 159) дейт.
3. Талашуу
Аятта айтылган хикмат (акылмандык) аалымдарга, насаат карапайым элге, ал эми тартышуу болсо атеист же башка диндин өкүлдөрүнө карата туура жолго чакыруунун ыкмалары. Куранда мусулмандарга башка диндин өкүлдөрүнө да жылуу мамиледе болууга буйрук берилет: “(Эй, момун-мусулмандар!) Силер алардын заалымдарынан сырткары китеп ээлери (христиандар жана иудейлер) менен жылуу сөз аркылуу гана талашып-тартышкыла! Жана: “Биз өзүбүзгө түшүрүлгөнгө (Куранга) да, силерге түшүрүлгөнгө (бурмаланбаган Тоорат жана Инжилге) да ыйман келтиргенбиз. Биздин кудайыбыз да, силердин кудайыңар да Бир (Алла таала) жана биз Ага гана моюн сунабыз”- деп айткыла» (Анкабут, 46)
Демек, бирөөнүн ишенимине карата акаарат келтирбөө, алар менен маданияттуу түрдө гана талашуу Ислам дининин талабы. Ошондуктан бөтөн ишенимдерге карата аяр мамиледе болуп, сөз менен да, кыймыл-аракет менен да акаарат келтирбөө чыныгы мусулмандын кадамы болуп эсептелет. Аракет бизден, сыйлык Алладан.