Үчүнчү сан

Журналдын үчүнчү саны

КУРАНДЫН БУЙРУКТАРЫ

Мазмуну

Док. Доц. Абдуррахман Хачкалы

            Куран – Алла таала тарабынан вахий аркылуу Пайгамбарыбыз аз. Мухаммедке түшүрүлгөн жана азыркы күнгө чейин өзүнүн нукуралыгын жоготпогон ыйык китеп. Ислам дининин ишеним негиздери Куранда орун алган. Өзгөртүлбөстөн жана бузулбастан сакталгандыктан мусулмандардын жашоо тартиби Пайгамбарыбыздын чечмелөөлөрүнө жараша Куран боюнча болуусу керек. Ошондуктан ар бир мусулманга Куранды үйрөнүү, изилдөө жана балдарына үйрөтүү моюнунан түшкүс милдет. Ыйык китептердин эң чоң өзгөчөлүгү алардын, калетсиз, Кудайдан келгендигинде жатат. Бирок, учурда бул өзгөчөлүк бир гана Куранда сакталып калганын көрөбүз. Анткени башка ыйык китептер адамдар тарабынан өзгөртүлүп, натыйжада адамдын калеминен жазылган китептерге айланган.

            Куран бир гана мусулмандарга кайрылып, аларды ыйманга чакырбастан бүткүл адамдарга жар салып, аларды дагы туура ишенимге, ибадатка, адеп-ахлакка чакырат. Куран адегенде өзүнүн Кудайдын сөзү экендигин, өзүнө окшогон китепти эч бир жандык жаза албай тургандыгын баяндайт. Куран - тарыхый өңүттөн дагы, илимий өңүттөн дагы мужиза китеп. Аз. Пайгамбарыбыздан мурунку доорлордо жашап өткөн коомдор жөнүндө баяндап, алардан абалдарынан сабак алуубузду талап кылат. Учурдагы адамдар тапкан илимий ачылыштарды Кураны карим 1400 жыл мурун айтып кеткен. Мисалы, түйүлдүктүн жетилүү стадиялары: “Алла силерди (оболу) топурактан, андан соң бел суудан жаратып, кийин силерди жуп-жуп (эркек-аял)кылды...” (Фаатыр сүрөсү 35/11). “(Ант болсун) Биз инсанды (Адам алайхис-саламды) ылайдан жараттык. Андан соң аны (баардык адамзатты) алгач бекем жайдагы (жатындагы) бел суу кылдык. Андан соң бул бел суудан коюу канды жаратып, коюу кандан бир кесим этти жаратып, бир кесим эттен сөөктөрдү жаратып, ал сөөктөргө эт каптадык, андан соң (ага жан киргизип, алгачкы бир тамчы суу-бел суудан) башка бир жандуу абалында пайда кылдык...” (Момундар, 23/12-14).

Адам баласынын эне курсагында өткөргөн бул стадиялар илим тарабынан бүгүн гана ачылып далилденди.
Куран – эң кичинекей жандыктардан баштап, бүткүл ааламга коюлган тартипке көз чаптырып ойлонуубузду талап кылат. Адам баласынын акылы жетпеген, жер менен көктө жашаган жандыктардын бар экендигин жана алардын дагы адамдар сыяктуу орток максатта жашаарын билдирет. Кураны карим булардын баардыгын адамдардын ойлонуусу, сабак алуусу жана ишенүүсү үчүн далил катары койгон.

            Ал эми азыр болсо, Куран адамдарга эмнени үйрөтөт же адамдарга эмне деп жатат деген суроолорго кыскача жооп табууга аракет кылалы:
Куран адегенде адамдарга туура ишенимди жана туура ишеним негиздерин үйрөтөт. Алла тааланын бар жана бир экендигин, анын окшошу, шериги жок экендигин баса белгилейт. Бүткүл ааламдын жаратуучусу бир гана Алла жана анын сыпаттары кайсылар экендигин билдирет. Адамдар тарых боюнча метафизикалык темаларда, анын ичинен өзгөчө теңир түшүнүгүндө жаңылып келишкен. Мисалы, теңирди макулуктарга окшоштуруп же болбосо макулуктарды теңир катары кабыл алып, аларга сыйынышкан. Маселен, христиан дининде теңир түшүнүгү бузулуп, Иса пайгамбарды жер жүзүнө адам кейпин кийип келген кудай деген ишеним пайда болгон. Ошондуктан Куран алгач адамдардын ишенимдерин жана анын негиздерин түзөөнү максат кылат.

            Куран акыр кыямат ишенимин дагы үйрөтөт. Адамдардын өлүмдөн кийин кайрадан тирилип, түбөлүк жашоого кирээри, жалган дүйнөдө кылган баардык иш-аракеттеринин акыбети берилээри айтылат. “Ар бир жан - өлүмдү татуучу. Кыямат күнүндө эч күмөнсүз, сообуңарды толук бойдон аласыңар. Анан ким тозоктон четтетилип, бейишке киргизилсе, чыныгы (бак-таалайга) жетишет...” (Аали Имран, 3/185) Ошондуктан Куран адамдарга жашоонун чыныгы маңызын түшүндүрөт. Адамзат кокустан жаралып калган эмес. Адамды Алла таала жаратты, ага акыл жана башка жөндөмдүүлүктөрдү берип, жоопкерчиликти жүктөдү. Адам баласы бул жоопкерчиликтерди аткаруусуна жараша акыр кыяматта суракка тартылат. Баардык зулум- адилетсиздиктер ээлерине кайтарылып берилип, толук адилеттүүлүк орундалат. Акыр кыямат ишеними аркылуу адам баласы материалдык нерселерге гана көңүл бөлүп, ага байланып калбастан бир күнү өлөөрүн билип, жашоосун ошого жараша тартипке салат. Кыскасы, адам жашоонун маңызын акырет ишениминен табат.

            Куран аз. Адамдан баштап бардык пайгамбарлар ислам ишенимин жана бул ишенимдин өзөгүн түзгөн тавхид (Алланын бир экенине ишенүү) ишеничин үйрөтүшкөндүгүн, ошондой эле алар чыныгы пайгамбар катары кабыл алуунусун билдирет. Ошол пайгамбарлар алып келген принциптер адамдар тарабынан өзгөртүлгөндүгүн, акыркы пайгамбар Мухаммад (с.а.в.) алып келген Куран болсо, акыр кыяматка чейин оригинал абалы менен сакталарын баяндайт. Ошондуктан азыркы учурдагы чыныгы таза дин Ислам экендигин тастыктайт.

            Курандын дагы бир негизи– бул периштелерге ишенүү, ыйман келтирүү. Исламга чейинки карангылык доордо периштелер жөнүндө ар кандай туура эмес ишенимдер пайда болгондуктан, Куран бул ишенимдерди тазалаган. Периштелер боюнча туура ишенимдерди белгилеген. Пайгамбарларга вахий периште аркылуу келген. Периштелер ааламдагы жана акыр кыяматтагы ар кандай милдеттерди аткарышат. Алар бир гана жараткан Аллага ибадат кылуу жана анын буйруктарына моюн сунуу үчүн жаратылган. Андыктан периштелер эч качан Аллага баш көтөрүшпөйт. Куран периштелердин бар экендигин мынабу аят менен далилдейт: (Эй Элчим!) Айткын: “Кимде ким Жабрайилге душман болсо, ал Аллага душман. Анткени ал Куранды Алланын уруксаты менен сенин жүрөгүңө алардын колундагыны (Курандан мурда келген китептер) тастыктоочу, ошондой эле ыймандууларга туура жол жана сүйүнчү түшүрдү. Ким Аллага жана анын периштелерине, пайгамбарларына, Жабрайилге, Микайилге душман болсо, анда, албетте, Алла мындай каапырларга душман.” (Бакара, 2/97-98)

            Кураны карим ибадат негиздерин дагы үйрөтөт. Адамдар буга муктаж. Анткени, адамдар Алла тааланын бар экендигине ишенсе дагы, ага кантип ибадат кылууну билишпей жаткан учуру. Тарых бою диндердин бузулуусу натыйжасында бир топ жаңылыш ибадат түрлөрү пайда болгон. Мисалы, Каабаны таваф кылуу аз Ибрахимден бери келген ажылык ибадатынын бир бөлүгү. Бирок, караңгычылык доорунда Каабаны жылаңач болуп алып таваф кылышкан. Ошондой эле христиан дининде дагы ибадат негиздери бузулуп, аларды адамдар туура эмес аткарып келүүдө. Намаз жана зекет ибадаты дагы парз кылынганына карабастан, учурда алардан туура деп эсептей турган ибадатты көрүү мүмкүн эмес. Мына ушул себептерден христиан дини ишеним жана ибадат негиздерин жоготуп, туура, таза дин чегинен чыгып кеткен. Ошондуктан Куран ишеним негиздери менен чогуу ибадат негиздерин дагы алып келген.

            Кураны каримде баса белгилеген ибадаттардын башында намаз турат. Намаз – күнүгө беш маал Алланы эстөө жана анын алдына туруу. Ошондуктан намаз руханий жактан жогорулоонун негизи болуп эсептелет. Ошол эле учурда намаз адамдын өзүн-өзү тарбиялоосуна жардам берет. Куран бул боюнча мындай дейт: “... Албетте, намаз бузукулук менен жамандыктан тосот.” (Анкабут сүрөсү 29/45)

            Курандын намаз менен бирге белгилеген ибадат – бул зекет. Зекет маалым болгондой белгилүү байлыкка жеткендердин мал-мүлкүнүн бир бөлүгүн кедей кембагалдарга берүүсү. Зекет аркылуу коомдогу материалдык муктаждыктар тең салмактуу абалга келет. Адилеттүүлүк жана ынтымак-ырашкерлик пайда болот. Мындан тышкары, зекет берүүчү менен алуучунун ортосундагы достук байланыштын жана ынтымактын бекемделишине өбөлгө түзөт. Айрыкча зекет адамдын мал-мүлккө болгон каалоосун контролдоп, башкаларды ойлоо, кам көрүү сезимдерин берет. Зекет – коомдун мал-мүлктүк акысы. Анткени колунда барлардын байлыкты топтоосунда коомдун салымы өтө чоң. Эгер адамдын мал-мүлкүнө кандайдыр бир арам нерсе кирсе, зекет же садаганын жардамы менен мал-мүлкү тазаланып, ээсине толугу менен адал болот. Зекет менен намаздан тышкаркы баардык ибадаттар дагы коомдук жана жекелик пайда-сырларды камтыйт.

            Куранда баса белгилеген негиздердин дагы бирөө – бул адамдардын жанына ар кандай кол салуулар. Куран күнөөсүз адамды өлтүрүүнү чоң күнөө катары санайт жана бир адамды өлтүрүү бүткүл адамзатты өлтүргөнгө жатат деп баяндайт: «Кимде ким бир да жанды өлтүрбөгөн жана жерде бузукулук кылбаган адамды өлтүрсо, кудум баардык адамдарды өлтүргөндөй жана кимде ким ага өмүр берсе (башкача айтканда, аны өлтүргөндөн баш тартса), демек, баардык адамдарга өмүр бергендей» (Мааида, 5/32). «Алла өлтүрүүнү арам кылган жанды тактап айтканда, өлтүрүүгө ылайык кылмышкер болбогон жанды жазыксыз өлтүрбөгүлө ... » (Исра, 17/33). «Эй инсандар, балдарыңарды жокчулуктан коркуп өлтүрбөгүлө, аларга да, силерге да Биз Өзүбүз ырыскы беребиз. Аларды өлтүрүү күмөнсүз чоң күнөө» (Исра,17/31). Адамдын жанына кол салуулар тыюу салынганы сыяктуу анын денесине, материалдык жана моралдык кол салуулар дагы тыюу салынган.

            Курандын өтө кылдаттык менен маани берген негиздердин бири - бул, адамдын акылы. Акыл – адамдын диний, укуктук жана адеп-ахлактык жоопкерчилигинин борбору. Бир аятта мындай айтылат: «Эй момундар арак (мас кыла турган ичкиликтер), кумар ойноо, буттар (аларга сыйынуу) жана таякчалар (башкача айтканда, таякчалар менен төлгө салуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, тозоктон кутулушуңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула!» (Мааида сүрөсү 5/90). Мас кылуучу ичимдиктер менен наркотикалык заттар коомдун тынч жашоосун бузат жана ар кандай жамандыктарды алып келет. Ислам булардын баардыгына тыюу салган.

            Адамзатка эң зарыл болгон нерселердин бири - тектин, урук-тукумдун жок болуп кетпөөсү. Ошондуктан үйлөнүү иши буйрук кылынган. Эч күмөнсүз коомдун келечеги аял-эркек байланышынын туура принциптер менен аткарылышына жараша болот. Үй-бүлө куруу нике кыюу менен ишке ашат. Никесиз байланыштар коомдук жана жекелик проблемалардын, ошондой эле урук-тукумдун бузулуусунун себеби болгондуктан тыюу салынган. Таза мурас калтыруу үчүн зинадан алыс болуу буйрук кылынган жана чоң күнөө болуп эсептелет. Зинага алып барган баардык жолдор да арам кылынган. Ошондой эле зина өтө коркунучтуу ооруларга жол ачуучу экендигин тарых агымынан көрүп келе жатабыз.

            Куран көрсөткөн принциптердин бирөөсү, бул, мал-мүлктүн корголуусу. Адамзаттын жашоосуна керек болгон жана адамдар арасында мамилелерди калыптандырган материалдык нерселер дагы өтө маанилүү. Эмгек акы, киреше, мурас сыяктуу адал жол менен келген мал-мүлктөргө уруксат берилген. Ал эми кумар, тартып алынган, паракордук, сүткордук сыяктуу жолдон келген мал-мүлктөргө тыюу салынган. «Эй момундар, малыңырды бузуктук (тактап айтканда, уурулук, каракчылык, сүткордук, кумар сыяктуу) жолдор менен жебегиле! Бирок өз ара ыраазычылык менен болгон соода-сатык аркылуу мал-дүнүйө (байлык) жыйнагыла» (Ниса, 4/29) аяты жогорудагы негизди далилдеп турат. Ислам мал-мүлктү ысырап кылууну тыюу салып, ашыкча байлыкты муктаж болгондорго берүүнү сунуш кылган жана муну эң чоң сооп иш катары санаган.

            Куран мал-мүлк топтоону колдоо менен бирге байлыктын белгилүү гана адамдардын колунда болуусуна тыюу салган. Коомдун казынасынан баардык адамдар пайдаланышы керек. Куран зекетти парз кылып, кедей-кембегалдардын корголуусун, коом ичинде материалдык тең салмактуулук болуусун, тынчтык жана сүйүүнүн орун алуусун талап кылат. Курани карим адам өлгөндөн кийин артына таштаган мал-мүлктү «хайр», тактап айтканда «жакшы, таза» деп атаган. Дүнүйө мүлкүнүн мындай түрдө аталышы бир гана Куранда бар. Мал-мүлктүн өзү жаман эмес, адамдын байлыкка болгон ач көздүгү, сүйүүсү жана каалоосу жаман экендиги баяндалган.

            Куранга жалпысынан караганда жогорудагы негиздерден башка дагы өтө баса белгилөө менен айтылган негиздер бар. Булардын эң башында ата-энеге болгон мамиле айтылат. Куран, ата-энеге жакшы мамиле кылууга чакырат. Ошондой эле тууган-туушкандардан дагы мамилени үзбөөнү талап кылат: «Аллага кулчулук кылгыла жана Ага эч нерсени теңебегиле! Ата-энеңерге, ошондой эле тууган-урук, жетим жана бечараларга, тууган кошунага жана бөтөн кошунага, жаныңардагы жолдошуңарага, жолоочу мусапырга жана кол астыңардагы кулдарыңарга жакшылык кылгыла! Албетте Алла текебер жана мактанчаак болгон адамдарды жакшы көрбөйт» (Ниса, 4/36). «Жаратканың, жалгыз Анын Өзүнө сыйынууңарды, ошондой эле ата-энеге жакшылык кылууңарда буюрду. Эгер алардын (ата-эненин) бирөөсү, же болбосо экөө тең сенин кол астында карылык жашына жетишсе, аларга карап «уф» дебе (үшкүрбө) жана алардын сөздөрүн кайтарба! Аларга ар дайым жакшы сөз айт». (Исра, 17/23)

            Куран чынчылдык жана адилеттүүлүккө да басым жасайт. Ишенимде, ибадатта жана адамдар ортосундагы мамилелерде чынчылдык өтө маанилүү негиз болуп эсептелет. Мунун тескериси эки жүздүүлүк болуп саналып, адамдардын эң төмөнкү даражасы катары айтылган. Ар нерседе чынчылдык буйрук кылынганы сыяктуу сот иштеринде чынчылдык өзгөчө буйрук кылынган. Күбө болгон адам өзүнүн зыянына болсо дагы туурасын айтуу талап кылынган:
Мусулман адам мейли өзүнө болсун, мейли коомго болсун чынчыл жана адилеттүү мамиле кылууга милдеттүү.

            «Эй инсандар! силерге Жаратканыңар тарабынан насаат, дилиңердеги бузук ишенимиңерге шыпаа (дааба) жана ыйман келтиргендер үчүн Туура Жол жана мээрим (атап айтканда Куран) келди. (Эй, Мухаммед) айткын: Алланын берешендик-жоомарттыгы (атап айтканда Ислам) жана ыракым-мээрими (Куран) менен кубанышсын. Анткени бул алар жыйнай турган байлыктардан абзелирээк». (Юнус, 10/57)

Коңурбаев Бакытбек

Башына