Үчүнчү сан

Алланын арстаны, илимдин булагы аз. Али
Мазмуну
Азирети Али
(Алла ага ыраазы болсун!)
Ислам дүйнөсүндө эр жүрөктүүлүгү, илими жана ыйманы менен таанымал Азирети Али б.з. 600-жылдары Мекке шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Абу Талиб Пайгамбарыбыздын атасы Абдуллахтын бир тууганы болгон. Энеси Фатима бинти Асад да Хишам уруусунан. Али алты бир туугандын эң кенжеси. Анын Талиб, Акыл жана Жафар аттуу үч агасы жана Умму Хани жана Жуман деген эки эжеси болгон.
Азирети Али Ислам тарыхында жаш балдардын ичинен эң алгачкы мусулман болгон бала катары таанымал. Ал тогуз же он жашында Ислам динин кабыл алган. Ал Исламга эң биринчилерден болуп киргендердин катарынан да орун алат. Тагыраак айтканда, Азирети Хадижа жана Азирети Абу Бакриден кийинки эле мусулман болгон. Мунун себеби Пайгамбарыбыздын кароосунда өскөндүгү. Азирети Алинин үй-бүлөсү көп бир тууган болгондугу жана атасынын да колунда анча мал-мүлкү жок кембагал болгондугу үчүн жашоо шарты абдан начар болчу.
Абасынын мындай абалын көргөн Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) дагы мал-мүлкү өзүнө жетиштүү абасы Аббаска барып: «Абу Талиб абамдын баласы көп, жашоосу начар. Ошондуктан анын бир баласын сен, бир баласын мен багайын» деген сунушту айтат. Пайгамбарыбыздын мындай сунушун жактырган Аббас аны ээрчип Абу Талибке барып, эмне максат менен келгендиктерин айтат. Экөөнүн мындай сунушун кабыл алган Абу Талиб: «Акылды мага калтырып калганын ала бергиле» дейт. Жафарды Аббас, Алини болсо Алланын болочок элчиси алып кетет.
Ошентип арадан беш жыл өткөндөн кийин Мухаммед (с.а.в.) пайгамбарлык милдетин мойнуна алып, эң алгачкы үгүттөө иштерин баштайт. Пайгамбарыбыз үгүттөгөн жаңы Ислам динин эң алгач анын өмүрлүк жары Азирети Хадижа кабыл алат. Күндөрдүн биринде булардын Аллага сыйынып жатканын көргөн кичинекей Али: «Бул эмне? Сиздер эмне кылып жатасыздар?» - деп таң калуу менен сурайт. Анда Пайгамбарыбыз: «Бул Алланын бардык адамдарга жиберген жаңы дини. А мен болсо, анын пайгамбары болом. Мындан ары сени да Лат жана Узза сыяктуу эч бир ишке жарабаган кудайларды таштап, жалгыз жаратуучу болгон Аллага баш ийүүгө үгүттөймүн» - деп жылуу-жумшак түшүндүрдү.
Бул сөздөрдү уккандан кийин оозунан эне сүтү кете элек болсо да, акылы айга жеткен он жашар Али: «Сиздинайткандарыңыздыбугачейинэчукканэмесэлем. Ошондуктан мен өзүм билбеген нерселерди атам менен кеңешпей туруп кабыл албаймын» - деп жооп берет. Бирок жаш болсо да ак-караны ажырата билген азирети Али терең ойго батып, түнү менен ойлонуп чыгат. Эртеси эртең менен: «Мен дагы сиздин жаңы диниңизди кабыл алдым» - деп ыйман келтирип мусулман болот. Ошентип жаш балдардан эң биринчи мусулман болгон.
Алинин мусулман болушу Пайгамбарыбызга өзүнчө дем-күч берген. Тилекке каршы Алинин атасы Абу Талиб мусулман болбостон өттү. Көпчүлүк аалымдардын айтуусуна караганда, Абу Талибдин Исламды кабыл албоосунун себеби бутпарастардын арасында жүрүп алардын Мухаммедке (с.а.в.) каршы жүргүзгөн иш-аракеттерине бут тосушу. Балким бул пикир жаңылыш болуусу да мүмкүн. Бирок төмөнкү окуялардан бул пикирдин чындыкка жакыныраак экендигин көрүүгө болот.
Күндөрдүн биринде Абу Талиб уулу Алини жанына чакырат жана ага: «Уулум! Сен тутунуп жүргөн дин эмне болгон дин?» - деп сурайт. Аз. Али болсо: «Атаке! Мен Аллага жана анын элчиси болгон Мухаммедке (с.а.в.) ыйман келтирдим. Алланын Элчиси менен бирге Аллага ибадат кылдым жана баш ийдим» - деп жооп берет. Мындай жоопту уккандан кийин Абу Талиб: «Бул динге сени Мухаммед чакырган болсо, анда ал сени жакшылыкка чакыраарында эч шек жок. Ошондуктан анын жанынан эч качан ажыраба» - деп насыйкат кылат. Ошондой эле Абу Талиб көз жумганда Пайгамбарыбыз ага өзүн кийимин кепен ордуна колдонуу үчүн берип, кабырга өз колу менен койгон. Бул көрүнүшкө таң калган мусулмандар, Исламды кабыл албаган адамга мынчалык урмат-сый көрсөтүүнүн себеби эмнеде экендигин сураганда: «Апам өлгөндөн кийин мен үчүн апа дагы, ата дагы болгон Абу Талибдин жакшылыктарын эч унута албаймын» - деп көздөрү жашка толгон Алланын сүйүктүү Элчиси жооп берген.
Азирети Алинин атасы Абу Талибдин өлүмүнөн кийин апасы Фатима бинти Асад дагы Исламды кабыл алып, мусулмандар менен Меккеден Мединага көчүп кеткен. Мына ушул улуу көч учурунда да азирети Али өтө чоң жоопкерчиликти мойнуна алып, өзүнүн эр жүрөктүүлүгүн көрсөткөн. Бутпарастардын мусулмандарга болгон өкүмзордугу абдан күч алган кез эле. Алла тааладан Пайгамбарыбызга да Мединага көчүүгө буйрук келди. Бул учурда Пайгамбарыбызда көптөгөн адамдардын аманаты бар болчу. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) Алла тарабынан ошол түндөн калбай Мединага көчүп кетүүгө буйрук кылынган эле. Анткени бутпарастар кечинде аны өлтүрүүгө камынып жаткан болчу. Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) үй-жайын жана адамдардын аманат буюмдарын азирети Алиге калтырып, өзү азирети Абу Бакир менен жолго чыгып кетет. Кылычтарынан кан жыттанган зөөкүр бутпарастардын курчоосунда калган Али Меккеде үч күн болуп, Пайгамбардын тапшырмасын аткарат.
Али Мединага баргандан кийин да Пайгамбардын жанынан айрылбай, Куран, хадис илимдерин үйрөнүүгө колдон келген бардык аракетин көргөн. Кийинчерээк Пайгамбарыбыздын сүйүктүү кызы Фатима менен үйлөнүп Хасан, Хусейн аттуу эки балалуу жана Зайнаб, Умму Гүлсүм аттуу эки кыздуу болгон. Фатима каза болгонго чейин Али жалгыз аны менен гана жашаган. Ал өлгөндөн кийин башка аялдар менен үйлөнгөн. Жалпысынан 14 уулдуу, 9 кыздуу болгон.
Азирети Али өмүр бою Ислам динине кызмат кылган. Алинин мындай кызматынан Алла таала да ыраазы болгон. Ошондуктан ага «Муртаза» (Алла ыраазы болгон адам) деген лакап-ат берилген. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Хайбар согушунан бир күн мурун аскерлеринин алдына чыгып: «Эртең тууну бир адамга берем. Ал адамды Алла сүйөт. Ал киши да Алланы абдан сүйөт» - деп айткандан кийин, эртеси күнү тууну Алиге берип жатып «Муртаза» лакап-атын койгон.
Ошондой эле Бадр, Хандак сыяктуу согуштардын баарынын башында жекеме-жеке беттешүүлөргө чыгып жүргөндүгү үчүн «Алланын арстаны» деген лакапка да ээ болгон. Чындыгында эле ал эч бир беттешүүдө жеңилбеген тайманбас арстан болчу.
Мусулмандар үчүн ар тараптан үлгү болгон Али өмүрүнүн акыркы төрт жыл тогуз ай аралыгында халифа болуп, Ислам мамлекетин башкарган. Тагыраак айтканда, 656-жылы 24-июнда халифа болуп шайланып, 661-жылы 24-январда киши колдуу болуп шейит кеткен.
Бирок «Баатырдын өзү өлсө да, аты өчпөйт» - дегендей, көзү тирүүсүндө бейиш менен сүйүнчүлөнгөн азирети Али Ислам дүйнөсүнө кошкон салымы, баатырдыгы жана адеп-ахлагы менен азыр да жашап келет.
Ашимов Жумашбек