Үчүнчү сан

Кыргызстандагы диний билим берүүчү теология факультеттери жөнүндө маалымат
Мазмуну
Док. Мурзараимов Бакыт
Дүйнө жүзүндө азыркы учурдун орчундуу маселеге айланган дин же диний ишеним жана анын натыйжасында болуп жаткан окуялар тигил же бул өлкөдө диний билим берүүнү мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу керектигин көрсөтүп турат. Динге байланышкан проблемалар биздин өлкөбүздө да болуп жаткандыктан бул проблеманы чечүү же жөнгө салуу үчүн атуулдарыбызга динди туура үйрөтүү жана окуу жайларына мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн программаны иштеп чыгуу замандын талабы.
Бул боюнча өлкөбүздө атуулдарыбызга так жана илимий негизде диний билим берүү үчүн дин таануу факультеттери ачылган. Алардын катарына Ош Мамлекеттик университетинин базасында ачылган теология факультети жана Арашан Гуманитардык институтунун базасында ачылган Арашан Теология факультети кирет. Бул факультеттерде диний сабактар, атап айтканда, диндер тарыхы, дин философиясы, ислам тарыхы, диний агымдардын тарыхы, дин педагогикасы жана социологиясы, ошондой эле хадис, тафсир жана башка илимдер илимий - теориялык негизде окутулуп аны менен катар азыркы учурдагы илим менен технологияга байланышкан светтик илимдер да окутулат.
Бул факультеттердин беш жылдык окуу программасы Кыргыз Республикасынын билим, илим жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бекитилип диний билим берүүгө уруксат берилген. Бул факультеттерди бүтүргөн студенттер мамлекеттик мекемелерде иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Ош теология факультети Ош Мамлекеттик университетти менен Түркия мамлекетинин диянет фондунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде 1993 – жылы ачылган. Жыл сайын бул факультетке Анкара Университетинин теология факультетинен мугалимдер келип дин илимдеринин ар кандай багыттарында сабак беришет. Ош теология факультетине тапшырган студенттер алгачкы бир жылын Анкара Университетинин теология факультетинде окуп келишет. Ал жерде түрк тилин үйрөнүү менен дин илимдеринин башталгач этаптарын өздөштүрүшөт. Үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи курстарды Ош теология факультетинен бүтүрүп «жогорку даражалуу дин адиси» деген квалификацияга ээ болушат.
Арашан Гуманитардык институнун базасында ачылган Арашан теология факультети да Ош теология факультети сыяктуу «жогорку даражалуу дин адистерин» даярдап чыгарат. Арашан теология факультети Кыргызстандын Түндүк регионунда 2000 – жылы ачылган. Бул факультеттин демөөрчүсү Жаштарды колдоо коомдук фонду жана Түркия мамлекетинин «Азиз Махмуд Худайи» фонду болуп эсептелет. Арашан теология факультетинде студенттердин билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Факультеттин 1-курсуна жыл сайын 60 студент кабыл алынат. Учурда факультетте 160 студент билим алып жатат. Факультетте окуу процесси дүйнөлүк жаңы технологиялар менен камсыз болгон окутуунун ар түрдүү моделдерин пайдалануу менен жүргүзүлөт. Түрк, арап, англис тилдери жана информатика сабактары окутулат. «Теология факультетиндеги окуу процессин уюштуруу» жөнүндө жобо боюнча жүргүзүлөт. Факультеттин аудиториялары жана лексикалык залдары, окуу залы учурдун талабына жооп берүүчү эмеректери менен жабдылган.
Студенттер үчүн видеоаппаратура менен жабдылган атайын аудитория жана компьютердик класс бар. Окутуучулар жана студенттер илимий изилдөө иштерин аткарууда Интернет пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Окутуунун жаңы технологияларын ишке ашырууда кесиптик багыттагы СДлер колдонулат. Студенттердин билими 100 балдык система менен бааланат. Факультеттин 7 миң даанадан ашык дин тармагында, социалдык-гуманитардык, тил багытында, ошондой эле башка адистикке тиешелүү предметтер боюнча окуу китептери, көркөм жана башка адабияттар менен камсыз болгон.
Теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү: «Дин таануунун бакалавры» деген квалификацияга ээ болушат. Мектептерде жана башка окуу жайларда «Адеп», “Ыйман” жана динге байланыштуу сабактардан билим бере алышат. Динге байланыштуу мамлекеттик жана коомдук структураларда иштешет. Диндин жалпы адамзаттык баалуулуктарын эл арасына туура жайылтууга, адамдардын рухий дүйнөсүн байытууга өз салымдарын кошо алышат. Ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр Түркиянын ЖОЖдорундагы магистратура жана докторантураларында билимдерин өркүндөтүшүп, диссертацияларын жактоо менен дин таануу адистиги боюнча илимий даражага ээ болушат. Факультеттин студенттери 200 орундуу бардык шарттары бар жатакана менен камсыздалган. Жатаканада ашкана, эс алуу жана тейлөө бөлмөлөрү жайгашкан. Студенттер үчүн акысыз ысык тамак уюштурулган. Студенттерге бош убактыларын өткөрүүлөрү жана ден сооолуктарын чыңдоо үчүн спорт аянтчасы жайланышкан.
Учурда бул факультетте эки профессор, беш доцент – доктор, 4 ага окутуучу жана беш окутуучу эмгектенүүдө.
Бул окуу жайга тапшырууну каалаган студенттер үчүн тесттик экзамен жана маектешүү жүргүзүлөт. Экзамендер кыргыз тили, англис тили жана Кыргызстан тарыхы предметтери боюнча өткөрүлөт.
Арашан теология факультети Түркиянын Мармара Университети менен тыгыз байланышта. Факультетте билим берүү сапатын жогорулатуу максатында кээ бир дисциплиналар боюнча илим адистери Түркиядан чакырылган. Факультеттин профессордук – окутуучулук курамы Түркияда, Казакстанда жана Кыргызстандагы башка ЖОЖдор менен илимий – усулдук байланышта болуп, үзүрлүү эмгектенүүдө.