Үчүнчү сан

БИР КЕСЕ СҮТ
Мазмуну
Күндөрдүн бир күнүндө үч киши сапарга чыгат. Узун жол жүрүп чарчагандыктан түнөмөккө бир үңкүргө киришет. Арадан көп убакыт өтпөй тоодон кулаган чоң таш капыстан үңкүрдүн оозун жаап калды.
Эч нерсени түшүнө албаган үчөө бири-бирине карашты жалдырашып. Айла жок. Эмне кылабыз? Акыры ойлонуп отурушуп мындай чечимге келишти. «Эгер мындан мурун кылган жакшылыктарыбызды себеп кылып дуба кылсак мындан кутулабыз».
Бирөөсү алакан жайып:
-Оо, жараткан Аллам! Менин карыган ата-энем бар эле. Тамактануу учурунда алардан мурун баларыма да, кызматчыларыма да эч нерсе жедирип ичирбейт элем. Бир күнү малдарымды жаюу үчүн оттуу жер издеп алыс кеттим. Кечке жуук кайтып келип сүт саап, ата-энемдин жанына барсам, алар уктап жатышкан экен. Аларды ойготууну каалабадым жана алардан мурун балдарыма жана кызматчыларыма сүттү бербедим. Балдарым жанымда мени тегеректеп ыйлап жатышты. А мен болсо колумдагы бир кесе сүттү кармап, таң атканча күтүп турдум. Эрте менен ата-энем ойгонуп сүттү ичишти.
Оо, жараткан Аллам! Эгер ушул кылган ишимди сенин ыраазычылыгың үчүн кылган болсом, анда бизди бул балээден куткар, - деди.
Таш бираз жылды. Ошентсе да үңкүрдөн чыгууга мүмкүнчүлүк болбоду.
Экинчиси болсо мындай деп айтты:
- Оо жараткан Аллам! Атамдын инисинин бир кызы бар болчу. Ал мен үчүн эң сүйүктүү адам эле. Ага жакындоону кааласам да, ал дайыма өзүн менден алыс тутту. Бир жылы жут болуп ачкачылык башталганда ал мага келип жардам сурады. Мындан кийин меники болуусу шарты менен ага жүз алтын бердим. Каалап турган ишимди баштайын дегенде, ал мага:
-Алладан корк! Болбогон нерсе үчүн менин намысымды булгаба, - деди. Ал мага аялдардын эң сүйүктүүсү болсо дагы ойлогон оюмдан кайттым, берген алтындарымды кайра алган жокмун.
- Оо жараткан Аллам! Эгер бул кылган ишим сенин ыраазычылыгың үчүн болсо, бизди бул үңкүрдөн чыгар.
Таш ордунан кичине козголду. Бирок дагы да болсо чыгууга мүмкүн эмес эле.
Ошондо үчүнчүсү:
- Оо, жараткан Аллам! Бир жолу бир канча жумушчу жалдап иштеткен болчумун. Баарына акысын толук төлөдүм. Бирок бирөөсү акысын албастан кетти. Анын акчасын иштетип, көбөйтүп, чогулттум. Аябагандай көп акча топтолду.
Акысын албаган адам көптөн кийин мага келип:
- Эй Абдулла! Акымды бер, - деди.
Мен:
- Мына көрүп турган төө, уй, кой жана кызматчы сеники, - дедим.
Тиги киши:
- Эмне мени тамашалап жатасыңбы?
- Жок. Тамашалаган жокмун.
Ал адам эч нерсе калтырбастан баарын алып кетти.
- Оо, Аллахым! Ушул кылган ишим сенин ыраазычылыгың үчүн болсо, анда бизди бул абалдан куткар, - деди. Таш жылып үңкүрдүн оозу толугу менен ачылды. Үчөө кубанычы койнуна батпай үңкүрдөн чыгып кетишти.
Урматтуу окурман! Бул кичинекей аңгеменин кандай гана чоң маани камтыганын дароо эле байкоого болот. Аңгемедеги биринчи дуба кылган адамга токтололу. Алла таала Кураны каримде: «Жаратканың жалгыз өзүнө сыйынууңарды, ошондой эле ата-энеге жакшылык кылууңарды буюрду. Эгер алардын (ата-энеңердин) бирөөсү же болбосо экөө тең сенин кол астыңда карылык жашына жетишсе, аларга карап «уф» дебе (үшкүрбө) жана алардын (сөздөрүн) кайтарба. Аларга (ар дайым) жакшы сөздөрүңдү айт. Алар үчүн мээримдүүлүк менен кичипейилдик канатын жай, кичипейил бол жана «Жаратканым, мени (алар) наристе чагымдан тарбиялап-өстүрүшкөндөй, Сен да аларга ырайым кыл» деп аларга дуба кыл». деп айтат. (Исра, 23-24)
Пайгамбарыбыз да мындай деген: «Бейиш энелердин таманы астында», «Атанын баласына кылган дубасы, пайгамбардын үммөтүнө кылган дубасы сыяктуу».
Ошондуктан ата-энени урматоо, алардын айтканын аткаруу, көңүлдөрүн калтырбоо жада калса аларга карап «уф» деп да үшкүрүнбөө жогоруда да белгилүү болгондой кандайдыр бир балээден кутулуубузга себеп болот.
Ал эми экинчи адамга келе турган болсок, анын аябай эрктүү, кайраттуу жана түшүнүктүү адам экенин көрөбүз. Ал киши өзүнүн напсисин жеңди. Каалоосун аткарууга толук мүмкүнчүлүк болсо дагы кыздын: «Алладан корк!» деген сөзү менен зына кылуу оюнан кайтты.
Зина - арам жыныстык катнашуу, тактап айтанда эркек жана аялдын никеден сырткары (никесиз) жыныстык байланышта болуусу.
Зина - коомдун адеп-ахлагын, үй-бүлөө куруу системасын жана тукум улоо процессин бузуучу нерсе болуп эсептелет. Кураны каримде: «Зинага жакындабагыла, себеби ал уятсыздык жана эң жаман жол»,-деп айтылат. (Исра, 32)
Ошондуктан адамзат коомунун келечегин ойрон кылуучу мындай көрүнүштөрдөн өзүбүздү сактообуз керек.
Үчүнчү кишинин кылган иши да кандай сонун. Акысын албай кеткен адамдын акчасын иштетип, көбөйтүп, чогултуп бир тыйынын да өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланбай ээси келгенде толугу менен кайтарып берди. Динибизде да кызматчы адамга акысы бешене тери кургай электе берилүүсү айтылат. Бул деген бирөөнү жалдап иштетсең анын акысын дароо берүү керек экендигин билдирет.
Алла таала Кураны каримде мындай дейт: «Мал-мүлк, байлыгыңарды өз араңарда арам жолдор менен жебегиле (бири-бириңердин акыңарды жебегиле)». (Бакара, 188)
Урматтуу окурман! Биз да ата-энебизди сыйлайлы, арам жолго түшпөйлү, бирөөнүн акысына кол узатпайлы. Ошондо гана биз да бир балээге туш болгонубузда андан оңой кутулуубузга шарт түзүлөт.
Себетов Жаркынбай