Үчүнчү сан

Журналдын үчүнчү саны

ИСЛАМ ДИНИНДЕ АЯЛЗАТЫНЫН УКУГУ

Мазмуну

Шамшидин Маматкулов

Ислам дини укуктун баарын эркекке ыйгарып, ал эми милдеттин, кызматтын баарын аялдарга жүктөп койгон диндерден эмес экендигин жогоруда да айтып өткөн элек. Ислам дини аялдарга көптөгөн укуктарды, анын ичинде жыныстык («төшөк») укуктарын да ыйгарган. Ошондуктан Ислам дини итизал-и нисаа (Итизал-и нисаа – эркектин өзүнүн «төшөктөгү» милдетин аткарбай, аялына жолобой коюусу), зыхаар (Кимдир бирөө өз жубайына «сен мага эжем сыяктуусуң», же «мен сени өз апам сыяктуу көрөм» деп айтуу аркылуу аны (жубайы) менен жыныстык катнашка кирүүнү арам кылып алышы «зыхар» деп аталат.)  жана иилаа (Иилаа – мусулман бир адамдын чектелүү бир убакыт белгилебестен, же болбосо төрт айдан ашуун бир убакытты белгилеп, ушул мөөнөттүн ичинде өзүнүн аялы менен жыныстык катнашта болбой тургандыгы тууралуу касам (ант) ичүүсү) сыяктуу иштерге тыюу салып, аялдар менен “төшөктө” да жумшак мамиледе болууну буюрган. Күйөөсү “төшөк” мамилесинде “алсыз” боло турган болсо казыга (диний сотко) кайрылып, күйөөсүнүн үстүнөн арыздануу укугун да тааныган.


Ислам дининин аялдарга тааныган жыныстык укуктары:


1) Күйөөсү өзүнүн аялын өөп–жыттабай, эркелетпей туруп, аны менен дароо жыныстык мамиледе болуу укугуна ээ эмес. Бул аялдын эң башкы жыныстык укуктарынан бири болуп эсептелет. Анткени мындай мамиле ошол аялга өзүнүн психикалык жана моралдык жактан терс таасирлерин тийгизбей койбойт. Мындай мамиле ал аялды суук кандуулукка, өзүн-өзү кемсинтип чүнчүп кетүүсүнө, өзүн болгону “төшөктө” гана колдонулуучу бир “буюм” катары эсептеп “төшөктөн” көңүлү сууп калуусуна алып барат. Мына ошондуктан Мухаммед Пайгамбар (саллаллоху алайхи ва саллам) ушул сыяктуу терс көрүнүштөргө чекит коюу максатында жубайлардын бири-бири менен эркелешүүлөрүн буюрган. (Мунавий, Мухаммад Абдуррауф, Файдуль-кадиир шархуль-жаамиис-согиир, Бейрут, Дааруль-марифа, V, 23, 90.)


Пайгамбарыбыздын(САВ) мындай буйруктарын далил катары карманышкан Ислам аалымдары төмөнкүдөй фатва (диний өкүм) чыгарышкан: “Жыныстык катнаштан мурун жубайлардын эркелешип, өбүшүп–жытташуусу муаккад сүннөт болуп эсептелет. Ал эми жубайлардын бул иштерди аткарбашы макирөө болуп эсептелет.” (Мунавий, V, 90.)


2) Эркек аялынын уруксатын албай туруп бойго болтурбоо каражаттарын колдонгонго укугу жок. Аялы ага уруксат берген учурда гана колдоно алат. Анткени аял да “жыргалга батууга” жана бала–чакалуу болууга укуктуу. Демек эркек аялынын бул укуктарын тебелеп–тепсегенге эч кандай акысы жок. Мына ошондуктан аялынын уруксатын албай туруп, аны жогоруда аталган укуктарынан ажыратуу максатында күйөөсүнүн аялына азл (Азл бул аялдын боюна бала бүтүрбөө максатында эркек өзүнүн бел суусун аялдын кынынын сыртына төгүүсү болуп эсептелет) кылуусуна да Мухаммед Пайгамбар, соллаллоху алайхи ва саллам, катуу тыюуу салган. (Ибн Маажа, Никах - 30)
3) Көңүл бурбай, карабай койуп, аялын “төшөк” маселесинде жалгыз таштап коюуга эркектин эч кандай укугу жок.
Үй-бүлөлүү бир аял үчүн күйөөсүнүн ага көңүл бурбастан, аны “төшөк” маселесинде жалгыз таштап коюуусунан өткөн оор абал болбосо керек. Мындай абал ал аялга “төшөк жыргалчылыгынан” куру калтыруу соккусун берүү менен гана чектелип калбастан психикалык жана моралдык соккусун да берет. Мына ошондуктан өзү жараткан наздуу аялзатын бардыгынан жакшы билген Алла Таала аялдардын пайдасы үчүн момун-мусулман эркекке мындай деп кайрылат: “Биротоло (сүйгөн аялдарыңар тарапка) ооп кетип, (көңүлүңөр сууган, жактырбай калган) аялыңарды муаллака сыяктуу (орто жолго) таштап койбогула.” (Нисаа, 4:129. Бул көп никелүү (аялдуу) эркектерге карата айтылган аят.) (Муаллака –кандайдыр бир себеп менен күйөөсү дарексиз кеткен аял. Күйөөм бар дейин десе жанында күйөөсү жок, күйөөм жок дейин десе күйөөсү анын талагын (жообун) бербей кеткендиктен бул аял орто жолдо калган адам болуп эсептелет)
Мухаммед Пайгамбар, соллаллоху алайхи ва саллам, да үй-бүлөлүү мусулман эркектердин өздөрүнүн “төшөк” мамилелерин жана милдеттерин аткарбай коюусуна тыюу салган. Мындай кылуу аялдарга зулумдук кылгандык болот. А түгүл өтө эле диндар, сопу же такыбаа болуу максатында болсо да үй-бүлөлүү мусулман эркектердин жыныстык (“төшөк”) милдеттерин аткарбай коюуусуна тыюу салган. (Али Каари, Нуриддин Али бин Султан Мухаммад, Миркатуль-мафаатих шарху мишкатиль-масообих, I-XI том, Бейрут, 1994, Дааруль-фикр, I, 372-375)


4) Ислам дининин аялзатына берген дагы бир жыныстык укугу бул анын иддасын (Идда – күйөөсүнөн ажырашкан, же күйөөсү өлгөн аялдын, башка бирөөсүнө турмушка чыгуу үчүн милдеттүү түрдө (күтүп) өткөрүүсү керек болгон мөөнөт) белгилүү бир убакыт (чек) менен белгилөөсү болуп эсептелет.


Күйөөсүнөн ажырашкан аял үч этек кирин көргөндөн кийин (же болбосо үч тазалык убагынан соң), күйөөсү өлгөн болсо төрт ай он күн аза күткөн соң боюнда бар болсо төрөгөндөн кийин башка бирөөгө турмушка чыкса болот. (Майданий, Абдульгани аль-Ганимий, аль-Лубаб фи шархиль-китаб, Стамбул, Дерсаадет, III, 8-9.)
Анын турмуш куруусуна эч ким тоскоол боло албайт. (Идданын негизги максаты ал аялдын боюнда бар же жок экендигин билүү болсо да, идданын айтылган мөөнөттөр менен чектелүүсү бул ал аялдын «төшөк» маселесинде кыйналып түйшүк тартпоосу үчүн.)


5) Аялдын негизги жыныстык укуктарынын бири - бул анын “төшөк” маселесинде таптакыр үмүтсүз абалда жалгыз ташталбоосу. Мисалы күйөөсү айыкпас “алсыз” (импотент) болуп туруп да аялына талак бербей коюусу. Мындай кылганга эркектин эч кандай укугу жок. Анткени Ислам ажырашууну үч талак менен, иилааны болсо төрт айлык мөөнөт менен чектеп койгон. (Майданий, III, 37-38, 60.)
Күйөөсү аялын жыныстык жактан пайдаланууга кандай укугу болсо, күйөөсүн жыныстык жактан пайдаланууга аялы да ошондой эле укукка ээ. Демек күйөөсү аялына бул жаатта жардамдашуусу керек. Эркек бул милдетин аткарбай койсо айыпкер да, күнөөкөр да болот. Бул милдетин “аткара албай” калган эркек бел күчүн арттыра турган дары-дармекти жана күчтүү тамактарды алып колдонууга милдеттүү.


Мына ошентип биз аялдын укугун корголгондугуна күбө болдук. Демек аял күйөөсүнөн “төшөктөгү” милдеттерин аткаруусун мажбурлоого укугу бар. Ошондо да аткарбай койсо казыга арызданганга акысы бар. (Билмен Өмер Насухи, Хукуку Исламийя ва истилахату фыкхийя камусу, Стамбул-1985, II, 353.)
Күйөөсүнүн эч айыкпас “алсыздык” оорусу бар экенин билген аял, эгерде өзү кааласа каалаган учурунда күйөөсү менен ажырашуу үчүн казыга кайрылуусуна Ислам дини уруксат берет. (Майданий, III, 25.)

Аялдын мурас алуу укугу

Ислам дининин аялзатына ыйгарган эң башкы укуктарынын дагы бири мурас укугу болуп эсептелет. Бардык жаатта аял укугуна аябай маани берген Ислам дини аялзатынын мурас алуу укугунан ажыроосуна дайыма каршы болгон. Ошентип Ислам дини Курандын аяттарында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө аялзатына мурас алуу укугун берген.


Куран аялдардын мурас алуу маселеси тууралуу мындай дейт: “Алла тааланын балдарыңарга мурас бөлүү буйругу мындай: эркек балага-эки кыздын үлүшү. Эгерде кыздар экиден көп болсо, калтырылган мурастын – үчтөн экиси, бирөө болсо жарымы. Ата–эненин ар бирине, мурасчынын баласы болсо алтыдан бири, эгерде баласы жок болуп, ата–энеси мурасчы болсо, энесине үчтөн бири. Эгерде эркек бир туугандары болсо, энесине маркумдун осуятын аткарып, же карызын төлөгөндөн кийин калгандын – алтыдан бири тиет. Ата-энелериңер жана перзентиңердин кайсы бири силер үчүн пайдасы, жардамы көбүрөөк экенин билбейсиңер.

(Ошондуктан, өзүңөргө калса, мурас бөлүштүрүүнү да адилеттик менен чече албайсыңар. Мына ошол себептен кимге канча мурас тийиши керек экендиги) Алла таала тарабынан парз кылынып коюлду. Албетте, Алла билим жана даанышмандыктын ээси! Силерге аялдарыңар калтырган мурастан, эгер алардан перзент калбаган болсо, жарымы тиет. Эгер алардын перзенттери бар болсо, силерге алардын мурасынын төрттөн бири тиет. (Бул бөлүштүрүүлөр) маркум аял калтырган осуят жана анын карыздары аткарылгандан кийин болот.”  (Нисаа,11-12.)


Эркектерге калтырылган мурас үлүшүнүн аялдарга караганда эки эсе көп болуусунун айынан Исламды сындаган айрым сынчылар Ислам дининде эркектер менен аялдар тең укуктуу эмес деген бүтүм чыгарышат. Бул пикирлерин далилдөө иретинде алар Курандын “Эркек балага - эки кыздын үлүшү тиет,” - деген аятын карманышат. Бирок бул фраза Исламдагы мурас жөнүндөгү бардык мыйзамдарга салыштырылып каралышы керек. Бул жаатта аялдарга айрым учурларда мурас эркектерге караганда көп калтырылаары көрсөтүлгөн. Исламга чейинки аялдарга эч кандай мурас калтырылган эмес. Мындан тышкары алар өздөрү ушундай болушкан. Мисалы, өгөй энеден да баккан баласына мурас калтырылган. Ислам дини гана аялдарга мурастоо укугун берген. Куранда мындай деп айтылат: “Эркектер үчүн ата-энелери жана тууган-уруктары калтырып кеткен мурастан үлүш бар. Аялдар үчүн да ата-энелери жана тууган-уруктары калтырып кеткен мурастан үлүш бар. Бул үлүштүн аз же көптүгүнө (карабастан) парз кылынган акылардан.” (Нисаа, 4:7.)
Ошентип негиз аныкталды: мурастын үлүшүнүн өлчөмү ар бир адамдын өз жагдайына жараша болот.
Жогоруда айтылгандай эле эркектердин үлүшү аялдардын үлүшүнөн шартына жараша көп, бирдей же аз болоору көрүндү.


Эркектердин чоң үлүштү алышы: маркум атасы болсо, эркек балага үлүш  кыз балага караганда эки эсе көп тиет.
Эркектер менен аялдардын үлүштөрүнүн бирдейлиги: маркум аялдын баласы болуп, анын балдары болсо, аялдын үлүшү эркектер менен бирдей болот: “маркумдун балдары болсо, ата-энесинин ар бирине мурастын алтыдан бир үлүшү тиет.” Бир тууган эмес жакын тууган болгон эркектер менен аялдардын (ага, карындаш) үлүштөрүнүн бирдейлиги: “анын ар бирине (ага, карындаш) – алтыдан бир бөлүгү тиет.”
Аялдардын эркектерге караганда чоң үлүштү алышы: аялга маркумдун кызына (бир туугандары болбосо) үлүштүн жарымы тиет, ал эми анын атасына үлүштүн алтыдан бири тиет. “Бир эле кызы болсо – ага жарымы, ал эми ата-энесинин ар бирине – алтыдан бири тиет.”                                                       (Омран, Абдель Рахим, Исламдагы үй-бүлөнү пландаштыруу, Бишкек, 64.)


Ошентип Ислам дининде мурас үй-бүлөдөгү адамдардын муктаждыгына жана жоопкерчиликтигине жараша бөлүнөт.
Үй-бүлөлүк жашоодо үй-бүлөнү багуу жана турмуш-тиричиликтин “ала куржунун” көтөрүү негизинен эркектин өз мойнундагы милдети болуп эсептелет. Ошентип эркек эң азында, жок эле дегенде эки адамды, өзүн жана аялын багууга милдеттүү. Ошондой эле балдарын, ата-энесин багуу милдети да эркекке жүктөлгөн. Ал эми аялга болсо, күйөөсүн финансылык жактан кароо жоопкерчилиги жүктөлгөн эмес. Аялды күйөөсү же уулу, атасы же болбосо ага-иниси кароого жана багууга милдеттүү.
Демек өзүн, аялын, уул–кыздарын, керек болуп калган учурларда ата-энесин, эже-карындаштарын багууга жана кароого милдеттүү болгон эркектин мурастан эжесине, же карындашына салыштырмалуу эки эсе көп үлүш алуусу адилеттүүлүккө коошпостугу ары турсун, чыныгы адилеттүүлүктүн дал өзү болуп саналат. Түшүнүктүүрөөк болуусу үчүн бир мисал келтирели. Мисалы, ага менен карындаштын абалын алып көрөлү. Агасы үй-бүлөдөгү аялдарды (энесин, чоң энесин, апасын, эжесин) жана ошол эле карындашын багууга милдеттүү. Ал үйлөнгөндө аялына калың (шарият боюнча махр) берет жана аялы менен балдарын кароо милдети мойнуна жүктөлөт. Карындашы күйөөгө чыкканда анын себин берет. Эгерде карындашы күйөөгө чыкпаса, аны кароо милдети да агасына жүктөлөт.
Мына ушулардан таасын көрүнүп тургандай эле аял финансылык жоопкерчилик жаатында эркек менен бирдей даражада эмес. А түгүл бул жаатта эркекке караганда оңой жана жеңил статуска ээ.
Демек, аялга мурастан эркектин үлүшүнүн жарымынчалык берилүүсү эркекти аялдан жогору баалоо болуп эсептелбейт. Бул эркек менен аялдардын финансылык жоопкерчиликтери жана милдеттери эске алынып, аларга мурастын адилеттүүлүк жана тактык менен бөлүштүрүлүүсү болуп эсептелет.

Башына