Үчүнчү сан

Журналдын үчүнчү саны

Ыймандуу уй-булону кантип курабыз

Мазмуну

            Үй-бүлө курууга берген багыттоосуна Ислам жубанга эмес кызга үйлөнүүгө багыт көрсөтүп, артыкчылыгын баяндоо менен эгерде күйөө бала экинчи жолу үйлөнүп жаткан болсо жана анын энелик камкордука муктаж жаш балдары болсо (бул биринчи аялы кайсы бир себеп менен каза таап же талак алып калган учурда) бул учурда жубан алуу жакшыраак болот деп белгилеген. Себеби анын үй жумушун башкарууда, күйөөсүнүн мал-жанын тутканга жана баланы тарбиялоого көбүрөөк тажрыйбасы бар.

            Ислам жаштарды кызга үйлөнүүгө үндөөсүндө тазалыгы, жаратылышы дал келген нерсени сунуштайт. Эмне дегенде кыз биринчи жакын адамына ыктуу келет. Ал эми жубан болсо кээ бирки учурда, экинчи күйөөсүнөн, биринчи күйөөсүнөн көргөн кайсы бир нерселерди таппайт.

            Бул нерсе андан алыстоого алып келет. Албетте кээ бирки эркектерди байкалган нерсе – бул, канчалык аялы жардам көрсөтүп, жакшылап күтүп алып, аракет кылса деле бары бир анын кылганы башка бирөө  үчүн кылынгандай болгону байкалып турат. Бул нерсе күйөсүнүн аялына болгон сүйүүсүнө, ашыктыгына тескери таасирин тийгизет.

            Анда Аиша энебиз (Алла а.ы.б.) ушундай мааниде болгон мисалга пайгамбарыбыз (А.С) менен болгон, маегинде мындай деп ишарат берет: «Оо Алланын элчиси, эгерде бир өрөөнгө түшсөњүз ал жерде мөмөсү үзүлгөн бир дарак көрсөњүз, экинчи жерден мөмөсү үзүлбөгөн дарак көрсөњүз, кайсынысынан жейт элењиз? - деп, сураганда пайгамбарыбыз айтты: «Мөмөсү үзүлбөгөндөн» -деп. Албетте бул жерде Аиша энебиз (Алла а.ы.б.) пайгамбарыбызга (А.С.) өзүнүн кээ бирки артыкчылыктарын айткысы келген.

            Эмне дегенде пайгамбарыбыз (А.С.) андан башка бир да кыз аялга үйлөнгөн эмес эле. Пайгамбарыбыз (А.С.) үй-бүлө курууда кыздын артыкчылыктарын төмөнкү хадисинде ачык айтып өтөт: «Силер кыздарга үйлөнүшүњөр керек, албетте алар таттуу оозду болушат, бала көтөрүүгө (ичине) кудурети жетээрлик болуп шумпайлануусу аз болот жана азга ыраазы болот».   Сырткы маанисине кошумча, таттуу ооздулугу анын тилинин жаман сөздөрдөн алыстыгы, ширин сөөздүүлүгүнө ишарат берет. Албетте бул тартынчаактык жана уялчаак болуу кыздагы табигый нерсе.       

Ал эми бала көтөрүүгө даяр деген бул - боюна бүтсө толук көтөрүп кете алыштыгы жана төрөөгө даяр экендигине ишаарат берет. Эмне дегенде бул нерселер башынан өткөн эмес. Шумпайлануусу дегени - Кыздын алдамчылыгы аз болот-кытмырчылык жалганчылык сымал мүнөздөр. Бул да анын табиятынан себеби анын максаты таза жана пикири жөнөкөй, бул анын турмуш тажырыйбасынын аздыгы жана шумпайлыкты билбегендигинен. Ал эми анын аз нерсеге ыраазы болуусу: бул анын жањыдан турмуш куруу себебинен тамак-аш, кийим кечектин азына ыраазы болуусу. Бул да кыздагы табигый нерсе. Эмне дегенде анын уяты дароо эле ашыкча нерселерди талап кылуудан тосуп турат. Себеби ал  турмушка чыкканга чейин мындай нерселерге көнгөн эмес. Жањыдан турмуш кургандыктан карасанатайлыгы жана ачкөздүгү жокболот жана болгон нерсеге тез көнүшөт. Ошондой эле күйөөсүнүн кудурети жетпеген нерсени алып бер деп аны зордобойт.    
Үй-бүлө куруудагы тирөөч

Ошентип ар бир нерсенин тирөөчү болот. Үй-бүлөнүн тирөөчү такыба мусулман аял, ал бар учурда башка нерсенин кереги жок, а эгер ал жок болсо ансыз эч нерсе татыбайт: Ал жүрөктөрдү бириктирүүчү, мүнөздөрдү тарбиялоочу, напсини тазалоочу, милдеттерди эскертип эске салып туруучу жумуштарды, жеңилдетүүчү жаман иштерди тосуп туруучу жана ал жакшылык иштерге түрткү берүүчү. Мына ошондуктан пайгамбарыбыз (А.С.) айткан «Дин тутканын алганга шашыл» деп. Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи вас саламдын алдына бир киши келип сурады:  «Эй Алланын элчиси, мен бир аялды сүйүп калдым. Тек-жайы улук, мансаптуу  жана сулуу, бирок төрөбөс экен. Үйлөнөйүнбү? «Жок» деди Алланын элчиси жанагы киши кайра-кайра келип үч ирет сурады. Акырында ага карап: «Силер бала төрөп берчү сүймөнчүктөрүнө үйлөнгүлө! Мен силердин көптүгүңөр менен башка үммөттөрдүн алдында сыймыктанайын
                                                                              (Абу Дауд, Нисаий рибаяты)
Эгерде аялда такыбачылык болсо, ал өзүнүн күйөөсүнүн жана балдарынын милдеттерин билет жана күйөөсүнө дайыма зордоосуз зыйнаттанып турат. Үй-бүлөнүн иштеринде дайыма күйөөсүнө мойун сунат өз күйөөсүнүн алдындагы актыгын күйөөсү бар болсо да жок болсо да сактайт. Анын байлыгына бек болот.
Исламды кабыл алган белгилүү момундардын аялдары күйөөлөрү менен бирге белгилүү сахабалрдан болушпады беле. Мындай жүрөгү тынчтык менен ыйманга жык толуп, улуу Ислам тарбиясында мусулман аялы терең таасирге ээ. Алар Алланын сөзүн бийик көтөрүүдөгү күрөштө эркектер менен тең бөлүштү, оор турмуштарда алар менен бир катарда турушуп, кээде жаракат алгандаhды даарылап муктаж болгондорго суу ташып жеткирип турушту. Дин мыйзамдары толукталды. Анан аялдарга Хижаб кийүү парз болунду да, аял заты өзүнө ылайык жерге коюлду. Алла жолунда урушуп кыйынчылык көрсөткөн согуш тарткылыгы алынып салынды. Анын ордун Алла алар үчүн өкүмү жок согуш Ажылык жана Умра менен алмаштырды.
Мына жогоруда айтып өткөн нерселер аркылуу мусулман аялы, өз балдарын баатырлыкка, эр жүрөктүүлүккө тарбиялоодо көп эмгектерди жана алардын акылына жакшылык иш үчүн курмандыкка баруу үрөөнүн отургузду. Мына ошентип Алла жолунда акыйкат күрөшкө чыга турган, арстан жүрөк коргоочулар чыкты. Алар Алла жолунда эч кандай кысымдан, коркушкан жок, мына ошол себептен, акыйкат чакырыгы жана ыйман кадыр-баркына жетти. Таза аял - таза үй-бүлө, таза үй-бүлө – таза коом, таза коом – бул бактылуу жашоо.

Хусейин Мухаммад Юсуфтун «Мусулман үй-бүлөсүн куруу»
китебинен кыскартып даярдаган Асан ажы САИПОВ

Башына