Үчүнчү сан

Журналдын үчүнчү саны

Исламдын сүткордукка көз карашы

Мазмуну

Октай Четин

Алла таала коом ичинде моралдык жана материалдык адилеттүүлүктүн өкүм сүрүшү үчүн бир катар мыйзам-эрежелерин билдирип, буларды эске алып жашоону талап кылган.
Ислам дини адамдын өз эмгегин адал деп эсептейт. Ал эми мындан тышкаркы киреше табуу жолдоруна тыйуу салат. Мына ушундай жолдордун бири – сүткорлук. Сүткорлуктун да түрдүү жолдору бар. Бүгүнкү күнү эң кеңири колдонулганы акча түрүндөгүсү эсептелет. Бул өңүттөн, сүткорлук – бул келишимде белгиленген учурда белгилүү өлчөмдө кошумча акча менен кайтарып алуу шарты менен карызга акча берүү. Мисалы, 1000 сом карыз сураган адамга бир айдан кийин 1250 сом кайтарып берүү шарты менен карызга акча берүү сыяктуу. Банктан берилген кредит жана карыз түрлөрү да пайызга кирет.

Ошондой эле кайра кайтаруу шарты менен берилген буюмду алмаштырууда бир тараптын көбөйтүп берүүсү да пайыз болот. Мисалы: 50 кг унду бир жума ичинде кайра 100 кг кылып кайтарып берүү шарты менен карызга берүү да пайыз болуп эсептелет. Окшош мал-мүлк каражаттарын айырбаштоодо базар баалары эске алынышы кажет. Мисалы, жогорку сапаттагы буудай менен эски сапаты төмөн буудайды алмаштырып жатканда баалары эсептелиши керек.

            Пайыз ошондой эле тараза жана метр менен өлчөнүп сатылган мал-мүлк каражаттарынан да болот. Мындай мүлктөрдү айырбаштоодо тең тартылып-өлчөнөт да, анын сапаты, баасы эске алынып акча иретинде берилет.

Алла таала сүткорлук жөнүндө Куранда: «Сүткорлук кылгандар (кыяматта) мүрзөлөрүнөн жин тийген киши сыяктуу турушат. Буга алардын: Чындыгында соода сүткорлукка окшош» дегени себеп. Алла сооданы адал, сүткорлукту арам кылган...» (Бакара сүрөсү, 275), «Силер адамдардын мал-мүлкү аркылуу көбөйсүн деп берген пайыз (акчаңар) Алланын алдында көбөйбөйт. Алланын ыраазылыгы үчүн берген зекетиңер эселенип көбөйөт» (Рум сүрөсү, 39) деп буюрган.

            Алла Тааланын сүткордукка тыюу салышында биз билип-билбеген көптөгөн себеп-сырлар бар. Анда эмесе, бизге белгилүү себеп-сырларына сиздер менен чогуу назар салсак:

  1. Сүткордук - бул тузак

Сүткордук акчадан акча өндүрүү түшүнүгүнө таянган система болуп, акчага муктаж же карыз издеген адамдар үчүн өзүнчө тузактын бир түрү. Бүгүнкү күнү банктар жана акчасы бар адамдар кредит берүү менен кедейлерди сүткордуктун баткагына батырган учурлар көп кездешет. Пайыздын сырткы көрүнүшү пайдалуу нерсе сыяктуу көрүнсө да, белгилүү убакыттын өтүшү менен карыз алган киши карызын төлөө үчүн мал-мүлкүнөн, жадагалса жашап жаткан үйүнөн да ажырап калуу коркунучунда болот. Ислам дининин сүткордукка каршы чыгуусунун сыры күнөөсүз адамдарды байкалбаган тузактардан куткаруу. Себеби Ислам дини “Зыяныңды тийгизбе, зыян да көрбө”деген принципти көздөйт.

2. Сүткордук - коомдук көйгөй
Сүткордук кеңири таралган коомдо көптөгөн көйгөйлөрдүн пайда болушу шексиз. Сүткорлук коомдун руханий жашоосуна өзгөчө терс таасирин тийгизет. Мисалы: адамдар ортосундагы мамиленин начарлашы, кызганыч, көралбастык жана заалымдык сыяктуу бир топ жат көрүнүштөрдүн кулач жайышына себеп болот. Коомдун бейпил жашоосуна тоскоолдук жаратат.         

  1. Сүткордук ак иштөөгө жана инвестицияга тоскоол болот

Сүткордук акчадан акча табуу болгондуктан эмгек кылуу, иштөө жана маңдай тер менен эч байланышы жок. Бул системадан бир же бир нече гана адам пайда көрөт. Мунун бир айлык, бир жумалык, бир күндүк жада калса бир сааттык сыяктуу белгиленген мөөнөттөрү бар. Адамдар алган акчасын ушул мөөнөттөрдө проценттери менен төлөшү керек. Ошентип коомдо карыз бергендер жана карыздарлар болуп эки түрдүү топ пайда болот.
Карыздарлар төлөй албаган ар бир тыйыны үчүн көптөгөн акча берүүгө мажбур болушат. Карыз бергендер болсо (банктар) адамдарды дагы да карызга батырып, өздөрүнүн тузагына түшүрүү үчүн сүткордукту “кредит” деген ат менен жакшы көрсөтүп, рекламалап адамдарга күч менен кабыл алдырат. Сүткордук массалык маалымат каражаттарында кээде үй-бүлөлүк кредит, дыйканчылык кредити, курулуш кредити сыяктуу аттар менен көрсөтүлүүдө. Бул рекламаларга алданган адамдар кредит алып алышып андан эч кутула албай жүрүшөт. Кредиторлордун сыртынан өлкөгө өз салымын кошкондой болуп көрүнсө да алардын негизги максаты өзүн байытуу, башкаларды кыйноо болуп эсептелет.

Себеби алар чындап өлкөнүн экономикасын ойлоп жаткан болсо, завод-фабрика куруп жумушсуз элди жумуш орду менен камсыз кылат эле. Тескерисинче алар элдин кыйынчылык абалынан пайдаланып баардык мүмкүнчүлүктөрдү өздөрү гана пайдаланышууда. Ислам дининин сүткордукка тыюу салуусунун эң маанилүү себептеринин бири сүткорлордун бешене тери менен акча, адал тамак табууга тоскоол болгонунда. Азирети Пайгамбарыбыз: «Эч ким өз маңдай тери, адал эмгеги менен тапкан ырыскыдан дагы адалыраак ырыскы жеген эмес» (Бухари, Буйуу, 15) деген.  

         4. Сүткордук өлкөнүн эгемендүүлүгүнө коркунуч жаратат
Бул система менен экономиканы өнүктүрүүгө аракет кылган өлкөлөр банкротко учураган учурлар көп эле кездешет. Сүткордукта бир же бир нече адам гана пайда табат. Башкалар болсо карызга белчесинен батат. Мунусу аз келгенсип төлөй албаган карыздарынын үстүнө акча кошулуп карыздары дагы көбөйөт. Бул нерсе өлкө экономикасына терс таасирин тийгизбей койбойт. Мындай учурда экономикалык жана саясий күчү төмөн өлкө банктардан карыз акча алат. Ошентип ал өлкө сүткорлорго карыз болгондордун тизмесине кирет. Карызын төлөй албаган сайын карызы көбөйө берет. Мына ушундай жол менен банктар өлкөнүн саясатына аралашып өз кызыкчылыгын жүзөгө ашыра баштайт.

            Сүткордуктун алдын алуучу чаралар:
1-Ар бир адамга тиешелүү чаралар:
Коомдун интеллектуалдык деңгээлинин жогорулашы, диний жана адеп-ахлактык нормалардын сакталышы сүткорлуктун жойулушуна себеп болот. Билимдүү, акылдуу адамдар сүткорлук системасын жакшы түшүнгөндүктөн өздөрүн мындан алыс кармашат.
2-Мамлекеттик чаралар:
Сүткорлукка тоскоол болуп, экономиканы туруктуу абалга алып келүү мамлекеттин эң башкы милдети болуш керек. Ошондуктан мамлекет салыкты төмөндөтүп, өнөр-жай тармактарын, дыйканчылыкты, фермерликти, курулушту өнүктүрүү үчүн ишкерлерге процентсиз кредиттерди бериши керек. Себеби булар кайра эле киреше болуп келип,  бардык адамдарга бирдей пайда берет. Мамлекеттин мындай саясат жүргүзүүсү элдин сүткорлуктан алысташын шарттайт. Дагы башка чара, мамлекет сүткордук системасы менен иштеген банктардан, кредит мекемелеринен максимум даражада салык алышы керек. Салыктардын көптүгүнөн улам сүткорлор банкротко учурайт же болбосо кирешелерин инвестициялап эл менен бөлүшүүгө мажбур болушат. Мындай чара элди сүткорлуктун чеңгелинен, мамлекетти да мындай мекемелердин кысымынан куткарат. Буларды иш жүзүнө ашыруу үчүн мамлекет эң ириде сүткорлуктун адеп-ахлактык нормаларга сыйбагандыгын, тек жеке кызыкчылык болгондугун расмий түрдө эл-журтка маалымдап, ага карата катуу иш-чараларды көрүшү керек.

Башына