Үчүнчү сан

Курани карим – бардык илимдердин башаты
Мазмуну
доц. док. Өмер Челик
Кураны карим - Ислам дининин ыйык китеби. Куран адамзатка кайрылып, анын хидаятка (туура жолго) келүүсүн, дин жана дүнүйө жашоосунда ага жол көрсөткүч болууну көздөйт. Социалдык турмушту туура нукка салып адамдын өзү менен, Раббиси менен жана эң жакын адамдарынан баштап башка ар бир инсан менен карым-катнаш жана мамилелерин эң мыкты тартипке салган адеп-ахлактык мыйзамдарды сунат. Курандын негизги максаты - адамды жеке инсан жана коом катары ихсан даражасында кулчулук аң-сезимин берүү.
Кураны карим адам жана ааламдагы сырлардын сөз менен берилген сөз түрүндөгү китеби болгондой эле, инсан жана аалам да Куранда айтылган фактылардын турмушта ишке ашырылган жана аша турган реалдуу өрнөктөрү. Кураны карим, негизинен ыйман, амал, адеп-ахлак жана мамилелер темасына көп кайрылат. Ошондой эле көп эле Куран аяттары бир нече табигый, социалдык, гуманитардык, медициналык жана географиялык ж.б.у.с. фактылардан сөз кылып, алар туурасында четин гана чыгарып айтат. Бул жагынан алганда Курандагы ар кандай маалымат маани-маңызына жана баалуулугуна жараша орун алат.
Тавхид (Алланын бир экендигине ишенүү), пайгамбарлык, хашир (өлүмдөн кийин тирилип чогулуу), пенделик, түбөлүк бактылуулукка жетишүү, азаптан кутулуу, Алланын ааламдагы иши, көркөм чыгармачылыктын күзгүлөрү, ысым-сыпаттары, планеталардын эң сонун ыргакта Алланын бир жана улуу экендиги эң майда-чүйдө нерсесине чейин айтылып, белгилүү бир доорлордо пайда боло турган илимий прогресс жана технологиялык ачылыштар дагы маанилүүлүгү жана баалуулугуна жараша ачыктан-ачык айтылбаса да аракет, ойлоонун жардамы менен түшүнгөн кишиге ишараттар, белгилер аркылуу берилген.
Муну да айтып кетүүбүз зарыл: Куранда болгон ар бир маалымат Жараткандын таанылып билиниши жана даңазаланышы үчүн гана берилген. Ошондуктан бул маалыматтар Алланы таанып билүүдө далил иретинде колдонулат. Антпесе анын максаты - адамдарга ааламга тийиштүү илимий маселелерди түшүндүрүп, бир гана илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларында билине турган фактыларды билдирүү эмес. Ал бул фактылардын изилденип табылышын адам баласы ойлоп тапкан теория жана гипотезалары аркылуу келишин каалайт.
Куранда берилген маалыматтар белгилүү бир убакыт менен гана чектелген эмес. Кураны карим илгерки, азыркы жана келечектеги окуяларга байланыштуу маалыматтарды берет. Мурунку үммөттөрдүн тарыхын, түшүрүлгөн убакта болуп жаткан окуялардан айтып өтүп, аларды чечүүнүн жолдорун берип, келечекке байланыштуу маалымат берет. Келечекте, кыяматта боло турган окуялардан, өлүмдөн кийинки дүйнөдөн, акыреттен, бейиш-тозоктон кабар берет.
Кураны каримде келечекте илимий жана технологиялык жаатта пайда боло турган прогресстер туурасында эчендеген ишараттар бар. Ушуга байланыштуу, Фуссилат сүрөсүнүн 53-аятын карап көрсөк. Илимий ачылыштардын Курандын чыныгы теңирдик китеп экенине тастыктоого жарамдуу далилдер бар болгонун билдирген аятта мындай деп айтылат: “Тээ аларга (ушул куран чын эле Алла тарабынан түшүрүлгөн) Туура (Китеп) экендиги анык маалым болмоюнча, албетте, Биз аларга тегеректин төрт бурчундагы жана өз тулку бойлорундагы (Биздин барлыгыбызды жана кудуретибизди далилдей турган) белгилерибизди көрсөтө беребиз. Акыры Раббиңди бардык нерселерге күбө экендиги (тактап айтканда, Алла таала ушул Куранда ааламдагы бардык нерселер жөнүндө Өз өкүмүн баян кылып жатканы, аларга сенин чын пайгамбар экендигиңди далилдөө үчүн) жетээрлик эмеспи?!”
Аяттын мазмунун кыскача анализдеп көргөндө төмөнкүдөй натыйжага барабыз. Биринчиси – Алла адамзатка далилдерди көрсөтөт. Экинчиден көрсөтүү иши келечекте, тагыраак айтканда, Курандын түшүшүнөн кийинки убакта болот. Үчүнчүдөн, бул далилдер сырткы дүнүйөдө да, өз дүнүйөсүндө да болуп өтөт. Төртүнчүдөн, бул маалыматтар Курандын вахий болуп түшкөнүнө далил боло алат. Бешинчиден, бул иштин кепили ар нерсени көргөн Улуу Алла.
Курандын адамдарга берген маалыматтары ар дайым жаңыланууда. Ар дайым жаңыланып турган маалыматтары Курандын кереметтүүлүгүн айгинелейт. Куран эч качан эскирбейт. Ар бир муунга, ал муундун жөндөмүнө жараша бир нерселер берип, бул нерсе кыямат кайымга чейин уланмакчы. Бул маанини бизге Курандагы аятта «са нурихим-аларга көрсөтөбүз» сөзүндөгү «син» тамгасы берет. Себеби, арап тилинде «син» тамгасы бир гана келер чак маанисинде колдонулат, келечектин болсо чеги жок. Тагыраак айтканда, бул көрсөтүү иши кыяматка чейин ар бир муун үчүн улана бермекчи. Муну менен Алла таала ар бир муундун Куранда таба ала турган бир нече фактылардын бар экендигинен кабар берүүдө. Маалы келгенде ачыла турган бул фактылар Курандын дайыма жаңырып турчу кереметтүү тарабын бара-бара ачыкка чыгарат.
Эми сөзүбүз куру болбош үчүн илимий фактылар менен тастыктай кетсек:
1) Куран ааламда болуп өткөн окуялардан маанилүүлүгүнө жараша айтат. Анда шамалдар жана алардын функциялары туурасында да сөз кылынат. Сөз болуп жаткан аят төмөнкүчө:
“Биз шамалдарды (булуттарга) кош бойлуу (левакых-эмдөөчү) болгон акыбалдарда жибердик, асмандан суу (жамгыр) жаадырып силерди аны менен сугардык...” (Хижр, 15/22)
Мында шамалдардын эки түрдүү эмдөө ишинен айтылышы мүмкүн. Биринчиси шамалдардын булуттары эмдеши. Атмосферада тонналаган салмакка ээ болгон чоң жамгыр булуттарды айдаган шамал, аларды аба менен сүрүштүрүп, терс жана оң электрикалык заряддар менен заряддалышына себепкер болот. Суунун бууланышынан пайда болгон булуттарды бири-бири менен кагыштырат. Бул кагылышуунун натыйжасында оң жана терс электрондук заряддардын бири бирине өтүп, чагылган пайда болот. Шамалдар булуттарга электрикалык заряддарды берет. Ошол эле учурда булуттарды кысып жерге жамгыр жаадыртат. Булуттарда электрикалык заряддардын бар экенин биринчи жолу 1752-жылы Бенжамин Франклин далилдеп чыккан.
Экинчиси шамалдардын өсүмдүктөрдү эмдөөсү. Биология илиминин өсүмдүктөрдү изилдеген бөлүмү ботаника деп аталат. Ботаника көпкө чейин бир гана айыл чарба, дары чөп даярдоо, өнөр жай, ал тургай сыйкырга байланыштуу аныктамалар, классификация жана өсүмдүк түрлөрүн колдонуу илими болуп келген. XVII.- XVIII. кылымдарда Торнфорт «түрлөр теориясын» өнүктүргөн, Жюссилер (Бернар жана Антуан Лувен) «бүлө теориясын» алып чыккан. Өсүмдүк анатомиясы жана физиологиясы жаңы чыккан илимдерден. XVII. кылымда Нехеми Грю эркек органдар менен ургаачы органдардын функцияларын аныктап чыккан. Өсүмдүктөрдөгү тамак ташуучу заттардын, суунун айлануусун 1727-жылы А. Фон Халлер, өсүмдүктөрдүн кычкылтек бөлүп чыгарганын 1779-жылы Ж. Инген-Хауц тарабынан табылган. 1854-жылы Г.А. Твет суу мохтору кантип көбөйқрүн, 1898 жылы болсо орус окумуштуусу Навашин жабык уруктарда кош көбөйүүнү табышкан. Куран болсо мунун он төрт кылым мурда айткан эле.
2) Кураны карим биринчи болуп он төрт кылым мурда унаа каражаттары катары ат, качыр, эшек, төө сыяктуу жаныбарларды гана билген коомго кайрылган. Ошондуктан түшүнүктүүрөк болсун деп, биринчи болуп кайрылган кишилердин акыл жана маданият деңгээлине карап кайрылууга мажбур болгон. Бирок Алланын сөзү болгондугунан эчендеген кылымдар өткөндөн кийин дагы маанилүүлүгүн жоготпой, тескерисинче, кийинки муундагы кишилерге да билимдеринин деңгээлин эске алуу менен кайрылууга мажбур болгон. Мына ушундай кырдаал унаа каражаттары тууралуу айтылган аятта даана көрүлөт. Аяттын мааниси төмөнкүдөй:
“(Алла) силер минишиңер жана зыйнат-көрк болсун үчүн аттарды, качырларды жана эшектерди (жаратты). Дагы силер (али) билбей турган нерселерди жаратат.” (Нахл, 16/8).
“Курандагы Ойлор” аттуу чыгарманын автору Мухаммед Есед аяттын “Дагы силер (али) билбей турган нерселерди жаратат” бөлүмүнө байланыштуу төмөнкүдөй оригиналдуу чечмелөөнү берет:
“Алланын ар дайым жаратып турганына тиешелүү бул сөздөр, табигый унаа каражаттарынын (тагыраак айтканда, ушул максатта адамдар тарабынан үйрөтүлгөн жаныбарлардын) айтылышынан кийин эле келгени үчүн ошол эле категориядагы, бирок азырынча билинбеген башка нерселерге, башкача айтканда, адамдын акыл-эсине берген ойлоп табуу жөндөмдүүлүгү аркылуу Алланын жаратып жаткан жаңы транспорт каражаттарына ишарат кылууда. Цивилизация тарыхында биринин артынан бири улаган ар кандай транспорт каражаттары жаатында мурда ойго да келбеген жаңы ачылыштарды эске алсак “Дагы силер (али) билбей турган нерселерди жаратат” деген Курандын сөзү адамзат тарыхынын «мурунку-азыркы-келечектеги ар бир доорун камтыйт» (Нахл 16/8 аятынын тафсиринде).
Элмалылы Хамди Йазыр: «Дагы кандай деген ажайип нерселер жаратылат жана жаратылмакчы, бирок аны азыр биле албайсың, себеби, мурунку муундар көрбөгөн нерселерди: поезд, автомобиль, учак сыяктуу транспорт каражаттарын биз көрдүк. Дагы ким билет, мындан кийин да Алла таала биз билинбеген дагы эмнелерди жаратат» деп айтат.
3. Куран аяттары жандуулардын, өсүмдүктөрдүн, ал тургай бардык жаныбарлардын жуп болуп жаратылганынан кабар кылат. Төмөнкү аят муну жалпылап көрсөтүп турат:
“Жер өндүрө турган нерселерден, (адамдардын) өздөрүнөн дагы, алар билбей турган нерселерден да болгон бардык жуптарды жараткан (Алла ар кандай айып-кемчиликтерден) аруу (таза) Зат.” (Йасин 36/36)
Аятта жуп болуп болуп жаратылган жаныбарлар үч жалпы категорияга бөлүнөт:
a. Жерден өнгөн жуптар: Мында өсүмдүктөрдөгү «карама каршы жуптар» сырына ишарат кылынгандыгына шек жок. Бирок мындан сырткары да жерден өндүрүлгөн карама каршы жуптар бар. Булар төмөнкүлөр:
- мүнөзү жагынан карама каршы жуптар: металдар жана металл болбогондор.
- биологиялык жактан карама каршы жуптар: өсүмдүк жана жаныбарлардын эркек жана ургаачы түрлөрү. Жаныбарлардын жана ар түрдүү жандуулардын ар түрдүү эркек жана ургаачы түрлөрү болгондой эле өсүмдүктөрдүн да эркек жана ургаачы түрлөрү бар. Ар бир мөмөнүн гүлүндө жаныбарлардын эркек жана ургаачысындай болгон кош жуп бар. Мына ошол жуптардын бири-бири менен чаңдашуусунан мөмө пайда болот. Өсүмдүктөрдүн ушундайча эркек-ургаачы болуп бөлүнүшү акыркы убактарда гана физиология илиминин изилдөөлөрүнүн натыйжасында аныкталды (Bucaille Maurice, Китабы Мукаддес, Куран жана илим, (кот. Суат Йылдырым) Измир, 281-б).
- физика илиминдеги карама каршы жуптар: плюс жана минус заряддарын ташыган иондор, ошондой эле электрикалык түзүлүштөгү карама каршылыктар. Магниттик карама каршы жуптар түндүк жана түштүк деп аныкталып жүргөн магниттик таасир уюлдары.
- топуракта өлүм жана өмүрдү алмаштырган синтез жана анализ фактылары. Жаратуучу жана өлтүрүүчү (азот чыгарган бактериялардын) синтези менен өсүмдүктөргө жан берүүчү жана чиритүүчү деп билинген жана анализ кылган бактериялардын өлтүрүп таратуучу таасири сыяктуу карама каршылыктар айтылышы ыктымал. (Нурбаки, Халук, Кураны каримден аяттар жана илимий фактылар, Анкара, 1987, 27-28-б.)
б- Өз түрлөрүнөн болгон жуптар: Аяттын бул бөлүгүндө биз түшүнгөн нерсе адам баласынын эркек жана аял болуп бөлүнгөн жубу. Андан башка напсилердин заалым-ырайымдуу, эр жүрөк-коркок, жоомарт-битир ж.б. бири–бирине карама каршы мүнөздөр, асыресе коркунуч-эр жүрөктүүлүк, адептүүлүк-түркөйлүк сыяктуу бири –бирине окшош, бирок маани-мазмуну жагынан карама-каршы кулк-мүнөздөр деле айтылышы мүмкүн.
в- Алар билбей турган нерселерден да бардык жуптарды жараткан: Тафсирчилер Алланын биз билбеген эчендеген жандыктардан жуптарды жаратууга кадир (күчү жетет) деп айтышат. Алла таала «Алар билбей турган нерселерден да бардык жуптарды жараткан» сөзү менен адамдарды ушул билинбеген нерселерди изилдөөгө, буларды элге жеткизип пайдаланууга, андан да маанилүүсү Алланын улуулугун таанууга, даңазалоого чакырат.
4) Кураны каримде эки деңиз тууралуу айтылат. Булардын бирөнүн суусу тузсуз, экинчисинин болсо туздуу. Бул эки деңиздин ортосунда сууларынын бири-бири менен аралашуусуна тоскоол болгон парда бар. Аятта мындай делинет:
“Ал Зат эки деңиз-дарыяны бири-бири менен учураша турган абалдарында (жанаша катар) агызып койду. (Бирок да) ал экөөнүн ортосунда бир көрүнбөс тосмо болуп, алар (ошол тосмодон) ашып өтүшпөйт”. (Рахман 55/19-20)
Бул тосмонун кандай жана мунун мыйзамы тууралуу азыркы күндө гана бир нече илимий түшүндүрмө берилсе болот. Азыркы доордун илимпоздору муну «сырткы бетинин тартылышы» мыйзамы деп аташат. Бул мыйзам боюнча, кыймыл абалында болгон эки суюктук массасын бири-биринен ажыраткан бул тоскоол, молекулаларды бир жерде топтогон тартылуу күчүнүн ар бир суюктукта ар башка болушунан улам пайда болот. Ошондуктан эки суюктук өз аянттарындагы өзгөчөлүктөрүн сактай алышууда. Мунун эң жөнөкөй мисалын суу куюлган стакандан көрсөк болот. Суу стакандан белгилүү бир өлчөмдө көтөрүлмөйүн ашпайт. Суунун үстүндөгү сырткы бетинин тартылуусу, суюктукту ичке парда сымал каптап турат. Бул тунук парда көз менен көрүлбөгөн нерсе. Куранда да ушуга байланыштуу ижазы дал ушул жерде катылган. Суунун стакандагы тунук парданын калыңдыгындай болгон дал ушул ичке парда белгилүү бир аралакты ашып сыртка төгүлүшүнө жолтоо болуп турат. Бул парда абдан катуу болуп белгилүү бир даражага чейин нерселерди калкытып, алардын чөгүшүнө жолтоо болот. Мына ошондуктан «Surface Tension: сырткы бетинин тартылышы» мыйзамы май менен суунун аралашуусуна тоскоол болуп, туздуу суу менен тузсуз суунун ортосун ажыратып турат. (Вахидуддин Хан, Илим жана Цивилизация жагынан алганда Ислам, 196-б)
Бул мыйзам боюнча молекулярдык түзүлүшү, жылуулугу жана туздуулугу менен бири-биринен айрымаланган суу массалары, чоң океандарда жана деңиздердегидей жанаша болушса да бири экинчисине аралашпай, өзгөчөлүктөрүн сактай алышат. Бул туурасында деңиздердин ортосундагы тоскоол жөнүндө илимий изилдөө жүргүзүп атак-даңкка ээ болгон Капитан Кустонун ою төмөнкүдөй:
“Айрым изилдөөчүлөрдүн ар кандай деңиздерди бири-биринен бөлүп турган тоскоолдор бар деген көз караштарын изилдеп чыктык. Изилдөөлөрдүн натыйжаларын алганыбызда Жер ортолук деңизинин өзүнө гана таандык болгон жылуулугу, туздуулугу жана тыгыздыгы бар экенини көрдүк. Ошол эле учурда ошол деңизге гана таандык жандуулар дүйнөсү бар экенин күбө болдук. Андан кийин Атлантика океанындагы суунун курамын изилдегенде Жер ортолук деңизиндегиден таптакыр башка экенин көрдүк. Бул эки суу массасы Гибралтар кысыгында кошулушат жана бул кошулуу миңдеген жылдардан бери уланып келе жатат. Ушуга жараша эки деңиздин аралашуусу менен туздуулугу, жылуулугу, тыгыздыгы, ичиндеги заттардын бирдей же болбосо жакын болушу керек эле. Бирок мындай болбогонун, башкача айтканда, суу массаларынын бири –бири менен аралашпаганын жана эки деңиздин бири-бирине жакын жерлеринде дагы суунун башка-башка түзүлүшкө ээ болгонуна күбө болгонубузда абдан айран-таң болдук. Изилдөөбүздө бизди абдан таң калдырган жагдайга туш болдук. Себеби эки деңиздин биригишкен жеринде укмуштуу суу тосмосу алардын аралашуусуна жолтоо болуп жатты. Ушуга эле окшош суу тосмосу 1962-жылы немис окумуштуусу тарабынан Аден булуңу менен Кызыл деңиз кошулган Баб эль Мандеб кысыгында табылган. Кийинки изилдөөлөрүбүздө ар кандай түзүлүштөгү бардык деңиздердин кошулушкан жерлеринде ушуга окшош суу тосмосу бар экенине күбө болдук”. (Урал, Абдуррахим Али, “Морис Буколе менен Жак Кустодон Ойлор”, Фактыларга карай, 5-6-б)
Кураны карим ушуга окшогон аяттары менен адамдарга кыямат кайымга чейин ой-пикирлерди илхам кылууда жана анын оригиналдуу маанилери эч түгөнбөйт. Бул да болсо Курандын кереметтүү тарабынын бири гана. Бирок аятта айтылган маанилер менен бул маселе боюнча изилдөө жүргүзгөн илимдердин чыгарган жыйынтыктары ортосунда дал келишпестиктер болушу мүмкүн эмес көрүнөт, ал тургай бирдей болушу өзүнө көңүл бурууда.
5) Куранда айтылган пайгамбарлардын мужизалары да илимий жактан келечектеги ачылыштарга жардам берет. Кураны каримде кээ бир тарыхый окуялар түрүндө түшүндүрүлгөн айрым окуялар кээ бир универсалдуу жана жалпы мыйзамдардын четин чыгарат. Куран адамдарга кайрылганда сырткы көрүнүшү жагынан абдан аз окуялардан айтып өтүп, ошол окуяга окшош бардык окуяларды эстетип кайрылат. Пайгамбарлардын баяндарында жана аларга берилген мужизаларда да ушул эле жагдай байкалат.
Пайгамарлар көрсөткөн мужизалардын эки маанилүү себеби бар. Биринчиси-пайгамбарлардын пайгамбарлыгын элге кабыл алдыруу, экинчиси - илимий жана технологиялык өнүгүү үчүн керектүү мисалдарды адамзатка көрсөтүп, ал мужизалар аркылуу адамдарга да ушундай нерселерди жасоого шыктандыруу.
“Сулайманга эртең менен бир айлык, кечке маал бир айлык (аралыкты басып өтө турган) шамалды моюн сундурдук...” (Сабаъ 34/12). Бул аят абада мындай аралыкты басып өтүш үчүн адамдарга жолдору ачык экенине ишара кылып, аба транспортуна жана бул жааттагы техникалык өнүгүүлөр жете турган акыркы чекитке ишарат кылууда. Эй адамдар! Эгер аракет кылсаңар, абага берген бул мыйзамдарымдан туура пайдалана алсаңар, силер да кыска мөөнөттүн ичинде узак жерлерге барып, учак, ракета ж.б. техникалык ачылыштарды жасай аласыңар.
Аз. Мусанын бир мужизасын түшүндүргөн: “...Таягыңды ташка ургун! Дедик анан андан он эки булак атылып чыкты” (Бакара 2/60) аяты жер астындагы көмүскөдө жаткан Алланын казыналарынан ар кандай техникалык каражаттар аркылуу пайдалана аларыбызга ишарат кылууда жана көп эмгек, аракет жумшасак суу чыгарган моторлорго жана эң акыркы моделдеги (т.а. эч бир машакатсыз, ысырапсыз метод менен) эң жеңил метод менен кеңдердин, нефтинин ж.б. кең байлыктарын табылышында адамзаттын көрөңгөсүн кеңейтүүдө.
Мисалдардан эле көрүнүп тургандай Куран бардык илимий өнүгүүлөргө жардам берип, багыт берүүдө. Бул өзгөчөлүк Курандын эң маанилүү мужизалык тараптарынан бири. Бирок Куран аяттарын бул өңүттөн алып караганда төмөнкү нерселерге көңүл бурулушу керек:
- Аяттарга жана сөздөргө берилген маанилер тилдик жактан мазмуну өзгөрбөшү керек; аятта айтылбаган маанини кошууга аракет кылбаш керек. Мындайга барганда чегин билбей ашкере кетүү мүмкүн, андай болгон учурда иш контролдон чыгат.
- Берилген маанилер, акыл-эске, динге жана илимий фактыларга карама каршы келбеш керек.
- Аятты чечмелеп жатканда так кесе өкүм чыгарбашыбыз зарыл, аятка байланыштуу мурда жана кийин кылынган тефсирлерин этибарга албоо сыяктуу терс көрүнүштөргө барбаш керек.