Жыйырма алтынчы сан

    

Журналдын жыйырма алтынчы саны

Мазмуну

  • Ыйык Куран
  • Куран менен сүннөт-ажырагыс бир бүтүн
  • Кыргыз адибиятына Исламдын тийгизген таасири
  • Үммөттүн башын бириктирген туу-Ыйык Куран
  • Ал-Басир
  • Азирети Зулкарнайн (алейиссалам)
  • Куран менен жашайлы
  • Азирети Аиша (Алла ага ыраазы болсун)
  • Түбөлүк бакыттын жолу
  • Арашандагы медреседен 32 бала Куранды толук жаттап каары болуп чыгышты
  • Адис пикири
  • Курандын теңдешсиз улуулугу жана бийиктиги (ижазы)
  • "Зам-зам" суусунун артыкчылыгы
  • Балаңыз суроо берсе кубаныңыз...
  • Ойлонолу...
  • Жүрөгүндө Кураны жок пенде...
  • Жайында Куран үйрөнүү-бул убакытты туура пайдалануу
  • Табышмактуу жерлер
  • Турсунбай Бакир уулу Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси
  • Бул Кураан
  • Аялзаты атырды кандай максатта колдонушу керек?
  • Куран жөнүндө ой толгоо
  • Суу-Жаратканды зор жакшылыгы
  • Сурооңузга жооп
  • Кабарлар

    Ассалааму алейкум ардактуу окурмандар!

    Акылбек Халбеков

    Апрель айы бүтүндөй мамлекттин, жалпы журтчулуктун башына түн түшкөн аза-кайгылуу, оор айлардан болду. Сөзүмдүн башында апрель окуясында курман болгон баатырларыбыздын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Ошондой эле бул каргашада жаракат алган мекенчил мекендештериме Жараткан Алладан чын ден-соолук, узун өмүр, эки дүйнөнүн бактылуулугун тилейм.

    Ушул жана башка көйгөй жараткан окуялар тууралуу ойлоп олтуруп жаранын ырбап кетишине себеп болгон олуттуу дартыбыз бар экенин моюнга алдым. Болгондо да мамалекетти башкарып, элдин жүгүн аркалап жүргөндөрдүн жүрөгүндө бул дарт өтүшүп кеткендей туюлду мага. Муну ким айыктырат, канткенде бул кайдыгерлик, жемсөөлүк, сугалактык, ачкөздүк дартынан айыкса болот деген суроого жооп издөө үчүн бул санда «ДАРТКА ДАБАА» саналган Ыйык Китеп – Куран тууралуу кеңири маалымат берүүнү туура көрдүк.

    Ушул жерде бир нерсени эскерте кетким келип турат. Куран тек гана динди алга сүрөгөн теологиялык китеп эмес. Куран адамзатты адилеттүүлүккө, акыйкатка, тазалыкка, тынчтыкка, биримдикке, ынтымак-ырашкерликке, кыскасын айтканда жалаң гана жакшылыкка чакырган Ыйык Китеп. Балким биз чолок акылыбыз менен Курандын маани-маңызын, анын кандай китеп экенин толук чагылдырып бере албастырбыз. Ошол себептен Курандын касиеттүүлүгүн Пайгамбарым Мухаммад Мустафанын сөзү менен жеткирүүнү туура көрдүм: Азирети Пайгамбарыбыз Куранга мындайча аныктама берген:

    «Куран-и Карим – адамды ар түркүн каргашадан сактаган Кудайдын сөзү. Анда силерден мурунку коомдордун кабары, кийинкилердин абалы, коомчулукта жараян эте турган окуялардын өкүмдөрү маалымдалган. Ал ак менен караны как жарган, пайдасыз эмес пайдалуу Китеп. Андан баш тарткан азоону Кудай Таала азаптайт. Андан башка Жолду издеген пенделерди Ак Таала адаштырат. Ал Алланын кубаттуу жиби, зикири-хакими жана эң туура жолу. Ага баш байлаган адам эч убакта бузук жолго баспайт, аны сүйлөгөн тилдер жаңылбайт. Окуган аалым ага түк тойбойт. Көп ирет кайталангандыктан нукурлыгын эч убакта жоготпойт. Адампендени таң калтырган мужизалык өзгөчөлүктөрү эч түгөнбөйт. Жадагалса, аны уккан жиндер: «… Биз чынында таң калтырган Куранды уктук1 » дегенге аргасыз болгон. Ага таянып сүйлөгөн жандар ар дайым туура сүйлөшөт. Куранга таянып өкүм чыгаргандар адилеттүү иш алып барат. Аны жүзөгө ашыргандар баар табат. Курандагы акыл-насааттарга, буйрук-өкүмдөргө моюн сунууга чыкырылгандар Туура Жолду табышат»2 .

    Ардактуу окурмандар! Ак Башат журналынын бул санында Куран тууралуу кеңири иликтенген макалалар орун алды. Ошондой эле көптөгөн кызыктуу рубрикалар сиздерге сунулду. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйман уялап, Куран түнөк тапсын, Курандын берекеси жашообузга нурун чачсын деп тилек кылалы.


    1Жин сүрөсү, 1-аят
    2Тирмизи, Фадаилул-Куран, 14; Дарими, Фадаилул-Куран, 1.

    Башына