Жыйырма алтынчы сан

Осман Нури Топбаш
Пендезат үчүн Жараткан Кудайды таанып, Ага жан көңүлдөн кулчулук кылуудан өткөн бакыт жок. Ал эми Кудайды тааныбай, динди жээригенден өткөн бактысыздык болбос. Кудай Тааланын алдында кимдин мартабасы бийик болсо, ал ыймандын баалуулугун өз убагында сезип, жүрөктү ыйманга сугарып, пенделик парзын татыктуу өтөгөнү себептүү ошол мартабага жеткен. Жараткандын ыраазылыгынан куру калган таалайсыздар болсо, кадам сайын шайтандын изи менен жүргөндүктөн кордолуп жек көрүндүгө айланышкан.
Анткени тарыхтын өчкүс барактарында туура жолго чакырган, Алланын чакырыгына тоң моюндук кылган, акыйкат динге каршы чыгып, динди жыгууга, жоюуга аракет кылган жана мындан башка Куран аяттарын өз туюмуна, өз кызыкчылыгына жараша чечмелеген жандардын аянычтуу акыбетин даңазалаган мисалдар ого эле көп. Анда эмесе, ушул жагдайдагы бир мисалга чогуу назар салалы. Бул окуяны Анас бин Малик (Алла ага ыраазы болсун) айтып калтырган:
«Нажжардан тарагандардын ичинде бир христиан бар эле. Бул киши күндөрдүн биринде мусулман болот. Бакара жана Аали Имран сүрөлөрүн жаттайт. Пайгамбарыбызга катчы болуп кызмат кылганга да үлгүрөт. Тилекке каршы, бул таалайсыз адам Исламды чанып кайрадан христиан динине кайтат. Бул адам андан соң: «-Мухаммад эч нерсени билбейт, болгону мен жазып берген нерселерди гана айтып жүрөт» деп жалган жалаа жаап, өзүнүн эки жүздүүлүгүн тастыктайт.
Караңгы түндө кара таштын үстүндө басып бараткан кара кумурсканын кадамынан бери көрүп, билип турган Алла Таала акыйкат динге, Өзүнүн сүйүктүү Элчисине акаарат келтирген бул каапырдын (жалган жаалаа жапканы жана адепсиз жоругу үчүн) өлүмгө кириптер кылат. Христиандар сөөктү жерге беришет. Мунун эртеси аны жер албай, сыртка чыгарып салганына көпчүлүк күбө болот. Окуяны көргөн христиандар: - Муну Мухаммад менен мусулмандар эле кылды. Биздин диндешибиз мусулманчылыкты таштап, кайра өзүбүздүн динибизге кайтканы үчүн алар ушул ишке барышты, - деп куру доомат кылышат.
Бул иштин тереңинде жаткан акыйкатты аңдабаган христиандар көрдү мурункудан тереңирээк казып диндешин экинчи ирет жерге жашырышат. Ошого карабай динбезерди жер экинчи ирет кайра чыгарып салат. Христиандар күнөөнү дагы мусулмандарга оодарат. Бирок бул ирет болушунча аракет кылып көрдү өтө терең казып адамды кайрадан көмүшөт. Таңдан барып көрүстөндөн кабар алган христиандар каапырды жер көмкөрөсүнөн сыртка чыгарып салганын көрүп, бул адамдын колунан келбей турган иш экенине ынанышат да, кол шилтеп салып туш тарапка басып кетишет (Бухарий, Манакиб, 25; Муслим, Мунафикун, 14).
Бул окуя тууралуу Ахмад бин Ханбал буларды кошумчалаган:
(Анас бин Маликтин баяндамасынын уландысында мындай деп айтылат. Исламды чанып, Пайгамбарга жалаа жапкан адамдын өлгөнүн уккан Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам): « - Көрөсүңөр, жер албайт аны!» деп айткан экен.
Ошондо өгөй атам Абу Талха көрүстөнгө барып аны жер чыгарып салганын көрүптүр. Ызы-чууга түшүп жаткандардын биринен кейиштүү абалда жаткан өлүк тууралуу сураганда, ал мындай дептир: - Биз бул адамды бир нече жолу көмдүк. Өкүнүчтүүсү, муну жер алган жок, кайра-кайра чыгарып салды. Эми арга жок, эмне кылаарыбызды билбей деле калдык (Ахмад, III, 120).
Мынакей, Исламдай улуу баалуулуктун баркын билбей ак динге кыянаттык кылганы аз келгенсип, адамдарды динден суутканга аракеттенген пенденин алган ары кайгылуу, ары ибараттуу жазасы. Бул икая кыяматка чейин сабак болсун деген максатта муундан муунга айтылып кете берет.
Дин, адеп-ахлак чийининен чыгып, өзү каалагандай жашаганга аракет кылгандарды жогорудагы окуядан маалым болгондой, мейли ал адам болсун, мейли бир коом болсун, Кудайдын каарынан, Анын жазасынан эч ким сактап кала албайт.
Жаратканды чанган каапыр Намрут, Фараон жана булар сымал өзүн кудай сезген нечендеген көрпенделер элдин каргышы, кусуру жетип, наалатка калып акыр аягында адамдык касиеттен кетип, шерменде болгон абалда токсон тогуз тамыры токсон тогуз жеринен үзүлгөндөй кыйналып-кысталып жан беришкен.
Жер жүзү мындай ыпластардан тазаланганда заалымдардын кордугунан азап тартып, жапа чеккен жүз миңдеген жандар майрам күндөгүдөй кубанышкан.
Алла Таала тээ Адам Атанын доорунан бери «канткенде адам туура жолдо жашайт, канткенде инсандык касиетти өнүктүрүп таза өмүр кечирип чоң сынактан ийгиликтүү өтөт» деген суроонун жообун, жол-жобосун пайгамбарлары, китептери аркылуу таасым билдирген. Бул өңүттөн алып караганда, Мухаммад Пайгамбардын үммөтүнүн насиби чындап зор экен. Анткени бизге ааламга ырайымдуулуктун булагы катары жиберилген Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) жана анын жүрөгү аркылуу өткөн ыйык Куран тартуу кылынган.
Курани Карим – адамды акыйкатка, тунук ахлакка, Жараткандын ыраазылыгын табууга, түбөлүк бакытка чакырган насааттар, буйрук-өкүмдөр жыйнагы. Курани Карим жараланган жан дүйнөгө шыпаа тартуулаган, максатсыз каңгыган өмүрлөргө туура багыт көрсөткөн Алланын Сөзү жана инсанды орошон ойлорго жетелеген чексиз мейкиндик. Куран жер менен асмандын маани-маңызын айкындаткан чыныгы дүйнө тааным. Жан дүйнөнү тойгузган рухий кенч.
Тарых өзү күбө, нечендеген адамдар, үй-бүлөлөр жана элдер Жараткандын аманаты саналган Куранга сый-урмат көрсөткөнү үчүн жакшылыкка, берекеге карк болушкан. Акындар: «Курансыз өмүр кунарсыз...» деп акыйкаты даршан этишкени сыңары, Куранга, андагы Алланын буйруктарына кайдыгер карап, напсинин каалоосуна жараша жыйынтыгы куурал болгон убактылуу жыргалдын артынан сая кууп өмүрдү текке кетирүү өз түбөлүгүңдү тозокко, жамандыкка кыйган менен барабар эмеспи. Бул жашоодо Куранга жасалган кайдыгер мамиледен өткөн жаңылыштык жок. Анткени кайдыгер мамиле адамдын ички дүйнөсүн жакырга айлантып, караңгы туңгуюкка кептейт.
Ыйык Куран – Алла Тааланы эске салган баа жеткис белек. Куранды ыйык деп эсептеп, ошо ыйыктыгына жараша ага маани берип, сый көрсөтүү пенденин такыбаалыгынан кабар берет. Аятта мындай деп буйрулат:
«Кимде-ким Алланын белгилерине таазим кылса, бул албетте жүрөктүн такыбаалыгынын далили» (Хаж сүрөсү, 32-аят).
Ошол себептен Жараткан Алланы тааныган жана Аны чындап сүйгөн ар бир инсандын көңүлүндө Курандын өзгөчө орду болушу керек.
Алланын сүйүктүү пенделери үчүн Куран ой ааламынын тереңине чакырган чоң каалга. Ошол себептен аалым-олуялар Курандагы ар бир сөздөн, жадагалса, ар бир тамгасынан түркүн сырларга күбө болушкан. Алар ар дайым бардык илимдер, жазылган, басылган бардык чыгармалар Курандын нурунан азыктанганын айтып келишкен.
Ыйык Куран – Алла Тааланын момун-мусулманга ыроологон шыпаасы, дабаасы жана ырайымы. «Биз Куранды момундарга шыпаа, мээримдүүлүк (болсун) үчүн жөнөттүк, а каапырлар үчүн зыянды гана арттырат» (Исра сүрөсү, 82-аят).
Мындай даңазалуу ыйык Китептин маанисин колдон келишинче түшүнгөнгө аракет кылып, үйрөнүп, үйрөтүү пенделик парзыбыз, ошондой эле Алла берген ыймандын талабы. Ошол себептен Курандын маанилерине терең ой-жүгүртүп, андагы акыйкаттарды аңдап, көөдөндү Курандын таасири менен толтурганга аракет кылалы.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу хадистеринин биринде мындай эскертүүнү айткан: «Окууга кызыккан каарылар көбөйгөн бир заман келет. Бул учурда факихтер (шарият илимин алган такыбаалар) азаят. Натыйжасында илим качат. Андан ары окулган нерсе көмөкөйдөн ары кетпей турган дагы бир (кейиштүү) заман келет...» (Хаким, Мустадрак, V, 504).
Тилекке каршы, бүгүн Курандын береке-кутуна муктаждык өтө жогору болуп турган учурда дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрүндө айрым бир аалым сөрөйлөр Куранды дааратсыз окуганга жана окутканга уруксат (фатва) берип жатканы өкүнүчтүү. Аныгында төрт негизги акыйкат мазхаптын бирдиктүү өкүмүндө Куранга дааратсыз кол тийгизүү арам деп эсептелинет. 1430 жылдан бери бардык Ислам укукчулары тарабынан «Куранды дааратсыз кармаганга болбойт» деген өкүм «ижма» катары ишке ашырылып келе жаткан.
Тирмизий бул жаатта Пайгамбарыбыздын төмөнкү (хасан) хадисин далил көрсөтөт:«Этек кири келген аялга да, жунуп абалдагы эркекке да Куран окуганга болбойт» (Тирмизий, Тахарат, 98/131).
Куран тууралуу Пайгамбарыбыздын дагы көп хадистери бар: «Тазалангандардан башка бир дагы адам Куранга кол тийгизбесин!» (Хаким, I, 533/1447).
«Куранды тазалангандар гана кармаса болот» (Муваттаа, Куран, 1).
Аятка назар сала турган болсок: «Ант этем! Силерге ушундай бир Китеп берилди, бийик мартабаңар, баа-баркыңардын баары анда (Куранда) катылган. Дале акыл калчабайсыңарбы?!» деп эскертүү берилет (Анбия сүрөсү, 10-аят).
Оо, Жараткан Алла Таалам! Жүрөгүбүздү Куран жана сүннөт менен тазартып, нурга толтура көр... Ыйык Куранга жарашыктуу деңгээлде сый көрсөтүүнү жана ага амал кылуу менен катар Курандагы даанышман сырларды түшүнө билүүнү баарыбызга насип кыла көр... Аамийн!...