Жыйырма алтынчы сан

    

Журналдын жыйырма алтынчы саны

Мазмуну

Кабарлар
   

   

Казан шаарында Ислам экономикасы боюнча семинар болуп өттү

   Үстүбүздөгү жылдын 27-апрель күнү Россия Ислам университетинде мечиттин имамдары үчүн Ислам экономикасы боюнча атайын семинар болуп өттү. Семинар Ислам экономикасы жана финансы борбору тарабынан уюштурулган. Семинарды Россия Ислам Университетинин окутуучусу Ильдус Сабитов алып барды.

   Аталган борбордун адиси Яхин Элдар: «Семинардын максаты Ислам дининин финансылык жана экономикалык өңүтүнүн негизги эрежелерин имамдарга чейин жетик жеткирүү болгон. Биз элдин Исламга болгон түшүнүгүн кеңейтүүдө имамдардын орду өзгөчө мааниге ээ болгондугун түшүнүшүбүз керек...» дейт.

   Бул борбор мындан ары дагы ушул сыяктуу элдин жакшылыгына багытталган иш-аракеттерди жүргүзө берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Кудай буюрса, майдын орто ченинде «Исламдын финансылык механизми» деген аталышта атайын окуу курсун өткөргөнү турат.

Германиянын өкмөтү этникалык немистердин Ислам динине кирип жатканына тынчсызданууда

   Германиянын өкмөтү Ислам динине кирген этникалык немистердин саны өсүп жатканына тынчсызданууда.

   «Фокус» журналында маалымдалгандай, учурда федералдык борбордун ички иштер министрлиги 11 жергиликтүү немис улутундагы адамдын Ислам динин кабыл алганын каттоого алган. Аталган журналда алар өлкөнүн тынчтыгына коркунуч туудураары, ошондой эле жогорудагы он бир адамдан тышкары дагы 26 адам шектүү болуп тургандыгы маалымдалган.

   Бул кишилер 20-40 жаштагы адамдар болуп, Германиянын өкмөтүнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатыптыр. Бул күмөндүн негизги себеби – алардын Ислам динине кириши экен.

   Учурда Германияда жаңы мусулман болгондордун саны он миңдеп өсүп жаткандыгы бизди албетте, кубандырбай койбойт.

Башына