Жыйырма алтынчы сан

    

Журналдын жыйырма алтынчы саны

Мазмуну

Куран менен сүннөт-ажырагыс бир бүтүн
   

Андан Мемдухоглу  Теология илимдеринин доктору

   Ислам дининин эки негизги булагы бар. Алар ЫЙЫК КУРАН менен Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафанын (саллаллаху алейхи васаллам) СҮННӨТҮ. Кутман сахабалар Ислам дини дегенде ыйык Куран менен Азирети Пайгамбардын сүннөтүн ажырагыс бир бүтүн деп билишкен.

   Ислам дини Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) көзү өткөндөн кийин Куран жана сүннөттүн негизинде таанылып, жайылды.

   Мурдатан жазылып, чогултулуп келген Куран аяттары алгачкы халифа Абу Бакирдин доорунда бир колго жыйналган. Көзүнүн тирүүсүндө, өз уруксатынын негизинде чогултула баштаган Азирети Пайгамбарыбыздын хадистерин жаттоо жана жазуу жүзүндө жыйнактоо иш-аракеттери өз убагында миңдеген сахабалардын катышуусу менен жигердүү жүргүзүлгөн. Натыйжада колдогу жыйылган хадистер хижрий үчүнчү кылымда толук бойдон кагазга түшүрүлүп көлөмдүү хадис жыйнактары пайда болгон. Бүгүнкү күндө биз хадис китептеринде көрүп жүргөн жазуу түрүндөгү тексттердин баары хадис деп аталат.

   Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) айткан сөздөрү, кыймыл аракети, жүрүм-туруму, кулк мүнөзү жана жасоого, аткарууга сахабаларына тыюу салбаган иш-аракеттер тууралуу кандай гана маалымат болбосун, булардын баары хадис деп аталат. Хадис илиминин максаты Пайгамбарыбыздын хадистерин башка сөздөрдүн кошулуп кетишинен, бурмаланышынан илимий жолдор аркылуу коргоо. Кеп башынан белгилүү болгондой, хадис илиминин башатын кутман сахабалар түптөп, бул жааттагы сактыкты өтө жогорку деңгээлде ишке ашырып кетишкен. Алла Таала аларга ыраазы болсун!

   Сүннөт – бул Азирети Пайгамбарыбыздын сөзү, иш-аракети жана бир ишке макулдугун билдирүү менен Ислам динин турмушта, тажрыйбада жашап көрсөтүп кеткени. Сүннөт хадиске караганда кең мааниге ээ. Пайгамбарыбыздын: «Силерге эки нерсени калтырып баратам. Аларга бекем болгон чагыңарда адал жолдон адашпайсыңар. Булар Алланын Китеби жана Анын Пайгамбарынын сүннөтү» (Малик, Муваттаа, Кадар, 3) деген хадиси муну ачык түшүндүрүп турат. Азирети Пайгамбарыбызга тиешелүү болгон бүт нерсенин жазуу жүзүндөгү тексти деген мааниге келген хадис бүгүнкү күндө сүннөттүн ордуна да колдонулууда. Бүгүн хадис дегенде сүннөт, сүннөт дегенде хадисти түшүнөбүз. Бул жерде эч кандай талаш же карама-каршылык жок.

   Адам Атадан бери келип-кеткен бардык пайгамбарлар Элчилик милдетин татыктуу түрдө өтөп кетишкен. Акыр заман Пайгамбары Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) болсо пенделердин Алла Таала кандай буйруган болсо, дал ошондой жолдо жашап өтүшү үчүн зарыл болгон бардык жол-жоболорду тажрыйба жүзүндө өзү үлгү болуп көрсөтүп кеткен. Алланын бардык элчилери сыяктуу эле биздин Пайгамбарыбыздын да эки негизги милдети болгон. Булар:

   1. Таблиг: «Эй, Пайгамбар! Жараткан Раббиң тарабынан өзүңө буйрулганды (адамзатка) жеткир! Муну аткарбаганың, Анын Элчилигин жүзөгө ашырбаганың» (Маида сүрөсү, 67-аят).

   2. Баян: «Өздөрүнө эмне түшүрүлгөнүн адамдарга түшүндүрсүн деп сага Куранды бердик» (Нахл сүрөсү, 44-аят).

   Ардактуу Пайгамбарыбыз вахий жолу менен Алла Тааладан алган Куран аяттарын адамдарга жеткирүү менен гана чектелбей, өз милдетине ылайык аларды чечмелеп, толук түшүндүрүп берген. Жараткандын жарлыктарын жеткирүү, чечмелеп түшүндүрүү жана турмушта өзү үлгү катары анын ишке ашырылышын көрсөтүп берүү Пайгамбарыбыздын Элчилик вазийпасы эле. Ардактуу Пайгамбарыбыз бул айтылгандарды өтөсүнө чыгарып толук аткарып кеткен.

   Мусулманчылыкты сүннөтсүз элестетүү мүмкүн эмес. Куран Ислам дининин жазуу түрүндөгү мыйзам эрежеси болсо, сүннөт анын турмушта тажрыйбадан өткөн түрү. Жашоону Жараткан Алла буйруган акыйкат, туура калыпка салуу үчүн Курандан кийинки эле орунда сүннөт турат. Муну Пайгамбарга моюн сунууга буйруган Курани Карим, ошондой эле Алла Элчиси ар дайым эскертип өткөн:

   «Пайгамбар силерге эмнени берсе, ошону алгыла, эмнеге тыю салса, андан алыс болгула!» (Хашр сүрөсү, 7-аят).

   «Эгер Алланы сүйсөңөр, мени ээрчигиле! Алла Таала силерди сүйсүн жана күнөөлөрүңөрдү кечирсин» (Аали Имран сүрөсү, 31-аят).

   «Чындыгында, силер үчүн да, Аллахты, акырет күнүн үмүт кылгандар жана Аллахты көп эстеген адамдар үчүн да, Алланын Элчиси теңдешсиз үлгү» (Ахзаб сүрөсү, 21-аят).

   Куран менен сүннөттүн бүтүндүгү, пендезат үчүн жашоонун эң зарыл жобосу экендиги жогорудагы аяттардан башка Курандын дагы көптөгөн сүрөлөрүндө маалымдалган (Ниса 4/59; Ниса 4/65; Шура 42/52 ; Нур 24/63 ; Ниса 4/80).

   Бул маселе тууралуу Азирети Пайгамбарыбыздын төмөнкү хадистерин далил катары көрсөтсөк болот:

   «...Ким менин сүннөтүмдөн жүз үйрүсө, ал менден эмес» (Бухарий, Никах 1; Муслим, Никах 5). «Сүннөткө салкын мамиле жасалган сайын дин колдон кетет. Акырындык менен бириндеп олтуруп үзүлгөн жип сыяктуу, дин дагы бириндеп сүннөттөн ажыраган сайын акырындап жок болот» (Даримий, Мукаддима, 16).

   Жогоруда айтылган аят-хадистердин баары мусулман баласы сүннөткө бек болгондо гана, Алланын ыраазылыгы үчүн сүннөттү сүйө аткарганда гана Исламды, мусулманчылыкты сактап калаарын эскертет. Анткени мусулмандын жашоосунда сүннөттүн орду жок болсо, же сүннөтүн бошогон ордун сүннөткө караманча каршы келген калпыс бидаттар ээлеп алаары шексиз. Ырас, үммөт сүннөт менен гана таанылат, сүннөт менен гана жашайт. Маңкуртташуу сүннөтсүз жашоодон келип чыгат.

Сүннөттүн булагы

   Ыйык Куран ичиндеги сөздөрү бүт бойдон Жараткан Алланын вахийи (билдирүүсү) болгондуктан, ал шарият илиминде «вахй-и матлув» (окулган вахий) деп аталат. Ал эми сүннөт болсо, вахийдин сөз жана иш жүзүндөгү түшүндүрмөсү болгондуктан, каймана вахийлик касиетке ээ. Ошол себепбен сүннөт «вахй-и гайру матлув» деп аталат.

Сүннөттүн Ислам дининдеги орду

   Ислам дининин экинчи негизги булагы саналган сүннөттүн мартабасы ыйык Курандын мартабасынан кийинки эле орунда турат (Субаи Мустафа, ас-Суннату ва Макаанатуха фит-Ташрии-ил Исламий, 281). Курандын алдында сүннөттүн үч вазийпасы бар. Булар: Такит, тафсир, ташрии.

   1. Такит: Кандай гана өкүм болбосун Куран сыяктуу эле сүннөт да ага далил боло алат, ошондой эле Курандын өкүмүнө шайкеш келген багыттарды буйруйт. Маселен аяттарда: «Намаз окугула жана зекет бергиле», «Эй, адамзат, силерге орозо кармоо парз кылынды», «Каабага барууга жол таба алгандар ажылыкка барсын, (ажылык) – пенделердин мойнундагы Алла Тааланын акысы» деп Исламдын шарттарын ачык-айкын буйрулган. Ошондой эле «Ислам дини беш негизги түркүктүн үстүнө курулган» (Бухарий, Иман, 1, 2; Муслим, Иман 19-22) деген хадис бул жерде далилдик өңүттөн Курандагы өкүмдү тастыктап, чечмелеп, кубаттандырып турганы өзгөчө мааниге ээ.

   2. Тафсир/чечмелөө: Сүннөт Курандагы айрым бир өкүмдөрдү белгилүү бир өңүттөн чечмелеп түшүндүрөт. Мисалы, парз катары буйрулган намаз окуунун кандай таризде жүзөгө ашырылышын, зекет берүүнүнүн өлчөмүн, түрүн так түшүндүргөн Пайгамбарыбыздын хадистери бар. Мындан башка «силер үчүн ак жип менен кара жип айырмаланганга чейин» (Бакара сүрөсү, 187-аят) деген аяттагы ак жип менен кара жипти хадис күндүз менен караңгылыктын айырмаланышы деп чечмелейт.

   3. Ташрии: Бул термин Куранда өкүмү жок кайсы бир маселеге сүннөттүн өкүм чыгарышы дегенди түшүндүрөт. Ислам аалымдарынын дээрлик көпчүлүгү сүннөттү шарияттын негизги экинчи булагы деп эсептешет. Укук (фикх) китептеринде «Бул маселе сүннөт менен бекемделген» сыяктуу сөздөр сүннөттүн шариятка далил алып келген булак экендигин тастыктап турат. Масхтын үстүнө масх тартуу, жамгырдын жаашын тилеп дуба кылуу жана намаз окуу, ичимдик ичкен адамга бериле турган жаза сыяктуу маселелерде сүннөттүн өкүм чыгарганын мисалга алууга болот.

Сүннөт – бүтүндөй адамзат урпагынын түбөлүк бактысы

   «Айткын: Эй, адамдар! Мен силердин баарыңар үчүн Алланын элчисимин» (Аараф сүрөсү, 158-аят) деген аят бир жагынан Ислам дини бүтүндөй адамзат үчүн жөнөтүлгөн дин болгондугун жар салса, экинчи жагынан азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын элчилигин, демек, анын куттуу сүннөт жолу, жашоо таризи бүтүндөй адамзат урпагынын түбөлүк бактысы үчүн жападан жалгыз үлгү болгондугун таасын тастыктап турат.

Сүннөттүн ишенимдүүлүгү

   Жараткан Алла Таала ыйык Куранда каапырлар каалашпаса да, «нурун» элге толук жеткире тургандыгын ачык-айкын түрдө маалымдаган (Тооба сүрөсү, 32-аят). «Алла Тааланын нуру» деген сөз - бул адам баласынын түбөлүк бактысына багытталган, акыр-кыяматка чейин бурмаланбай тургандыгына кепилдик берилген аруу Ислам дини. Ал эми Ислам - бул ыйык Курандын жана куттуу сүннөттүн жолу.

   Алла Таала:«Ырасында «Зикрди» (эскертмени) Биз түшүрдүк. Аны Өзүбүз гана сактайбыз» (Хижр сүрөсү, 9-аят) дейт. Бул аяттагы «Зикрди» Куран жана сүннөт деп түшүнүү абзел.

Сүннөттүн маанилүүлүгү

   Акыркы Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам): «Силерге эки нерсени калтырып баратам. Аларга бекем болгон чагыңарда адал жолдон адашпайсыңар. Булар Алланын Китеби жана Анын Пайгамбарынын сүннөтү» дейт (Малик, Муваттаа, Кадар, 3).

   Сүннөт менен жуурулуша жашоо үчүн баарыдан мурда акыркы Пайгамбардын «теңдешсиз үлгүлүү инсан» болгондугуна, ал адам баласын түбөлүк бакытка гана жетелей тургандыгына ишенүү зарыл. Андан соң сүннөттөр менен жакындан таанышып, аларды жүзөгө ашыруу кажет.

Корутунду

   Ыйык Куран – бул Ислам дининин өзөгү. Ал эми сүннөт болсо, анын тажрыйба жүзүндөгү абалы. Хадистер аяттардын бүдөмүк маанилерин чечмелеп, жалпы өкүмдөрүн талдап, көзгө көрүнбөгөн абстрактуу маанилерин мисалдар менен түшүндүрүүгө аракет жасайт.

   Сүннөт Курандын иш жүзүндөгү түшүндүрмөсү, Ислам дининин тажрыйба жүзү болуп эсептелет. Себеби акыркы Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) жандуу Куран эле. Бул багытта азирети Айша (Алла ага ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын кулк-мүнөзү жөнүндө суралган суроого: «Анын ахлагы – Куран эле» деп жооп берген (Муслим, Мусафириин, 139).

   Ошондуктан ким Ислам дини менен жашагысы келсе, анын (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу хадистери, куттуу сүннөт жолу менен жакындан таанышып, аларды күнүмдүк турмушуна киргизиши керек (Ахмад бин Ханбал, Муснад, 6, 54, 111).

   Биз чыныгы мусулман катары акыркы Пайгамбардын таштаган ар бир кадамынан үлгү алып жашоого бар күчүбүз менен аракет кылышыбыз керек. Мусулмандык сапатыбыз анын сүннөт жолу менен жашаганыбызга жараша болот. Ал эми бул куттуу жол адам баласын Жараткандын чексиз ыраакымына бөлөп, бейишке алпараары талашсыз чындык!

Башына