Жыйырма алтынчы сан

Турсунбай Бакир уулу Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси
- Турсунбай мырза, Кыргызстандын Малайзиядагы Элчиси болуп барганыңыздан бери кандай иштер жасалды?
- Кудай буюрса, мына иштегениме төрт ай болуп атат. Биринчи барганда эле кичи ГЭСтерди куруу боюнча дирекциянын жетекчиси Феликс Кулов жана Малайзиянын тараптары менен эки тараптуу келишим түздүк, буга кол коюлду. Бул келишимдин наркы үч жүз миллион доллар турат, ошонун баарын беребиз деп жатышат. Кудай буюрса, бул келишимдин алкагында беш жылдын ичинде Кыргызстанда жыйырмага жакын кичи ГЭСтер курулат. Азыр кемчилигибиз ушунда, өзүбүз сууга байбыз, элге жарытып свет, электр энергиясын бере албайбыз. Анан жакшы, азыр свет өчүрүү токтоптур. Менин максатым, ушул жыйырма чакты ГЭСти Малайзия аркылуу куруу.
Мындан тышкары, азыр халал стандарт боюнча демилге көтөрүп жатам, азыр Кыргызстан тарап изилдеп атат. Кудай буюрса, ушул жылы ага да кол коюлат деп ишенем. Бул долбоор ишке ашып калса, Малайзия халал стандартын Кыргызстанга алып келебиз. Мына бүгүнкү күнү Бишкектеги дүкөнгө кирип, халал колбаса алайын десем, чочко колбасаларынын жанында турат. Мындайда анын халалдыгына шек туулуп жатпайбы. Халалдын өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот. Халал стандарт боюнча келишимге кол коюлса, биз бир эле Кыргызстан, Орто Азия гана эмес, бүткүл мусулман өлкөлөргө жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот. Анан Кудай буюрса, биз мал чарба, айыл чарба боюнча эффктивдүү колдоолорду издеп атабыз. Кыргызстандын байыш жолу ушул. Андан башка Ислам банкы жөнүндө. Жакында мен алып келген бизнесмендердин арасында Кыргызстанда Ислам банкын ачабыз дегендер бар. Бул ишкерлер өздөрү айтып жатышат, азыркыдай элди кыйнап кыймылсыз мүлктү залогго койдурбайт, болгону бир нече адам кепилдикке өтөт, ошонун негизинде акчаны бере беришет. Малайзияда ушундай система менен иштеген Ислам банктары бар. Кудай буюрса, ушундай банкты алып келүүгө ниетим бар.
Анан дагы Малазияда жүз жетмиштен ашык кыргыздар бар экен. Бирок бири-бирин тааныбайт экен. Мына кечээ 28-мартта бүт кыргыздарды топтоп, расмий түрдө баарынын башын бириктиргенге аракет жасадык. Азыр болсо элчиликке тапшырма бердим, буларды Малайзия юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүүнө көздөп жатабыз. Ошондо алар өздөрүнүн укугун коргой алышат. Экинчи маселе, билимдүү улан-кыздарыбыздын санын көбөйтөлү деп окуу жайлар менен сүйлөшүп жатам. Себеби бул башка өлкөлөргө салыштырмалуу мусулман өлкөсүндө окуунун чоң айырмасы бар. Мында билимди эле албай, ыймандуулукка да үйрөнүп келишет.