Жыйырма бешинчи сан

    

Журналдын жыйырма бешинчи саны

Мазмуну

  • Миссионерлик
  • Миссионерлик ишаракеттердин алдын алууга багытталган иш-чаралар
  • Менин диним
  • Африкадагы миссионерлик иш-аракеттер кечээ жана бүгүн
  • Ас-Самии
  • Азрети Лут (алейиссалам)
  • Миссионерлик иш-чаралар көшөгө артында
  • Азыркы миссионерлик багыт неохристиандык агымдарга тиешелүү
  • Миссионерлик-тек гана "динди түшүндүрүү" эмес!
  • Улууга урмат, кичүүгө ызат
  • Пайдалуу уу
  • Адал иштин маанилүүлүгү
  • Акыркы Пайгамбарга (саллаллаху алейхи васаллам) болгон сүйүү жана салават айнтуу
  • Акыркы Пайгамбардын (саллаллаху алейхи васаллам) бир күнү
  • "Үч башкы негиз" же Ислам ишениминин өзөгү
  • Азирети Хадижа (Алла ага ыразы болсун)
  • Фата кийип, алтын сөйкө тагынып, Бакыт тилеп, өчпөс отко жалынып...
  • "Ахлул-китаб" деген кимдер?
  • Оңойлу дилибизди, оңойлу тилибизди!
  • Акылмандар накылы
  • Табышмактуу жамгырлар
  • Сурооңузга жооп
  • Кабарлар

    Ассалааму алейкум ардактуу окурмандар!

    Акылбек Халбеков

    Жараткан Алланын өзгөргүс мыйзамына ылайык табият уйкудан ойгонуп, жаратылышка жан кирип, жадыраган жаз күнүндө кайрадан сиздер менен жолугушканыбызга абдан кубанычтабыз.

       Ак Башат журналынын бул сандагы күн тартибинде өлкөбүздү басып кеткен түрдүү диний агымдардын көмүскө жүзү, миссионерлердин максаты тууралуу кеп кылууну туура көрдүк. Анткени, ондогон жылдардан бери мамлекет үчүн, мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги үчүн олуттуу көйгөйлөрдү жаратып келген, сыртынан сыпайы көрүнгөн бул аракеттердин артында кандай максаттар жатканын мусулман журтчулугу билиши керек. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере» демекчи, бүгүнкү күндө жамгырдан кийинки козу карындай болуп жайнаган калпыс диндердин, бузуку секталардын айынан нечелеген үй-бүлөлөр бузулуп, туугандар ортосунда, жамааттар ортосунда араздашуулар жаралып, элибиздин келечеги үчүн коркунуч жаралганы кашкайган чындык. Бул чындыкты элге-журтка жеткирсек, элибиз буга кайдыгер карабаса деген максат. Бул сандагы төр маектен көйгөй жаратып жаткан секталардын, миссинерлердин максаттары, жасап жаткан иш-аракеттери жана усул-ыкмалары тууралуу «Дин, укук жана саясат» изилдөө борборунун жетекчиси Кадыр Маликов мырза менен болгон кызыктуу маекти жана башка нары маңыздуу, нары кызыктуу макалаларды окуй аласыздар.

       Бул сандагы экинчи бир маанилүү маселе катары алдыдагы «куттуу жумалык» аземине карата Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын бейнесин чагылдырган макалаларга орун бердик. Мындан сырткары калыптанып калган рубрикаларыбыз өз нугунда уланып, мусулман баласы билүүгө тийиш болгон зарыл маалыматтарды сунмакчы.

       Урматтуу окурмандар! Ыйман, дин маселеси абдан аяр, өтө олутуу маселе. Андыктан, эмне үчүн жаралганыбызды, эмне үчүн ыйман келтирип, эмне үчүн ибадат кылып жатканыбызды билүү үчүн өз динибизди жетик үйрөнүшүбүз керек. Алла Таалам Өзүнүн адал жолунан эч кимди адаштырбасын деген аруу тилек менен келерки санга чейин жүз көрүшкөнчө аман болуңуздар демекчибиз.


    Башына