Жыйырма бешинчи сан

Нури Кираз
Университетте окуп жүргөн кезимде Роберт де Ниро баш каарман болуп ойногон «Миссия» деген фильмди такыр унута албайм. Фильм Африканын кооз жаратылышы менен башталат. Фильмдин башында бийик жерден агып түшкөн шаркыратма үйүмдүн ичине агып түшүп жаткандай сезилген. Бирок фильм илгерилеген сайын түшүнүксүз бир нерселер байкалат... Жаңылбасам, фильмде 19-кылымда болгон окуялар сүрөттөлөт. Эки поп Африкада жашаган жергиликтүү бир элге христиан динин жеткирүү максатында жиберилет. Алар дагы алгач кой оозунан чөп албаган момун, таза кишилер болуп көрүнөт. Жапайы катары эсептешкен жергиликтүү элге Исус кудайлары жөнүндө маалымат беришет. Бирок белгилүү бир убакыттан кийин өздөрүн бул жерге жөнөткөндөр негизги максатын далилдеп, аймактагы кен байлыктарды алып кетүүгө бел байлашкан кезде бул эки поп жергиликтүү эл менен биригип аларга каршы согушууга киришет.
Бирок адамзат тарыхында негедир поптор бул фильмдегидей болуп, өздөрүн жөнөткөндөргө каршы иш-чараларды жүргүзө алган эмес.
Орто кылымдан бери Европалык «төрөлөр» миссионерлерди үй-бүлөсү, үй-жайы менен кошо бекер алып барышкан. Ал эми миссионерлер барган жерлеринде жөн турбай ал жердеги кен байлыктар тууралуу төбөлдөрүнө маалымат берип турушкан. Б.а., чалгынчылык кылышкан. Кийинки кылымдарда дагы айрыкча Африкадагы миссионердик уюмдар Америкалык жана Европалык айрым бир дары чыгаруучу фирмаларга демөөрчүлүк кылышкан. Эмне үчүн дал дары чыгаруучу фирмаларга демөөрчүлүк кылышкан? Себеби Европанын лабораторияларынан тажрыйбадан өткөзө албаган дарыларды дал ошол Африкадагы кароосуз, кедей элге колдонуп, тажрыйбадан өткөзүшкөн. Эгерде дарынын теорияда көрсөтүлгөн таасиринен дагы башка таасирлери бар болсо, ал жөнүндө кабардар болуп, ал эми болбосо, ага Европанын дарыканаларында сатууга уруксат берилген. Тагыраак айтканда, Африкалыктарды экинчи катмардагы тажрыйба жасала турган адам катары колдонушкан. Андан соң бул кылмыштарын гезиттерге «мына, Европалык миссионердик уюмдардын кедей-кембагалдарга болгон кайрымдуулугу, жакшылыгы» деп жазып чыгышкан. Ошондой эле Америкалык жана Европалык «төрөлөр» Африкадан 200 жыл бою миллиондогон адамдарды өз жерлерине алдап алып барышып, кул катары иштетишкен.
Тарых бизге Христиан дининдеги «айкаш жыгач» математикадагы «+» б.а., «меники гана» деген мааниде болгондугун далилдеп тастыктап келди. Алгач Библия менен кирген жерлеринде Библиянын барактарын тараткан колдорго кийин гектарлаган жерлер өтүп калган. Жагдайдын кандай таризде жүрүп жаткандыгын байкаган Африкалык бир адамдын батыштык кабарчыга берген маегиндеги мынабул сөздөрү өтө орундуу: «Батыштык миссионерлер бул жерге Африкага биринчи жолу келишкенде колдорунда Библия бар болучу. А биздин эбегейсиз зор алтын топурак ата конушубуз бар эле. Ал эми азыр болсо, биздин колубузда Библия, алардын колунда учу-кыйыры көзгө илешпес жерлер калды»
Тажрыйба жүзүндө миссионерлик тек гана динди жаюуга багытталган иш-аракет болбогону, негизинен саясий, экономикалык кызыкчылыктарды көздөгөндүгү байкалат.
Жаңы попторду даярдаган Батыш учурда Орто Азия өлкөлөрүн колдонууда. Миссионерлер бул аймактарда өз максаттарына ылайык таштарды төшөп, пайдубалын көтөрүүдө.
Узун сөздүн кыскасы, ардактуу окурмандар, миссионерлик – бул руханий дөөлөттөргө кол салуунун аракети. Ошондуктан өзүбүздүн Ислам динибизди бекем сактап, «Жуан Жуандарга» жем болбойлу! Адамзат тарыхында маңкуртташкан өз уулунун огунан одүйнө салган нечелеген Найман энелердин жүрөгү сыздап, азап чекпеди! Мындан кийин алар азап чекпесинчи... Эгер маңкуртташсак, «төрөлөрүбүз» бизден өз ата-энебизге, бир туугандарыбызга, ыйманыбызга ок чыгарышыбызды талап кылаары бышык. Биз өз жерибизди коргой албасак, алар Жараткан Өзү ыроолоп берген насибибизди түбүнө чейин шимирүүдөн кайра тартпайт!
Ошондуктан алардын азгырыгына алданбоо үчүн эң ириде өзүбүздүн Ислам динибизди, ыйманыбызды, адамдык асыл сапатыбызды сакташыбыз кажет.