Жыйырма бешинчи сан

Норвегияда акыркы Пайгамбардын (сав) карикатурасы дагы жарык көрдү
Өткөн айдын он экисинде Норвегиянын борбору Осло шаарынын көчөлөрүнө миңдеген мусулмандар жергиликтүү «Dagbladet» гезитине жарыяланган акыркы Пайгамбардын кезектеги карикатурасына каршы митингге чыгышты. Карикатурада акыркы Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) чочконун келбетинде болуп, анын Куран жазып жаткандыгы чагылдырылган.
Диний лидерлер мусулман жаштарды демонстрацияларды маданияттуу түрдө өткөрүүгө чакырышты. Өлкөдөгү мусулман студенттердин коомунун мурунку жетекчиси Усман Рана: «Эгер мусулман жаштар демонстрацияларга катышса, мен аларды аны маданияттуу түрдө өткөрүүгө чакырам» деп норвегиялык мусулман жаштарды ийненин көзүндөй гана себептерди күтүп турган ультраукуктук күчтөргө «илинчек-повод» бербөөгө чакырды.
4,5 миллион калкы бар Норвегияда болжолдуу түрдө 150 000 мусулман эл жашайт.
Норвегияда Исламга каршы жүргүзүлгөн мындай иш-аракет биринчи жолу эле болгон жок. 2005-жылы норвегиялык христиан газетасы даниялык «Jyllands-Posten» деген газетага басылган ардактуу Пайгамбарыбыздын (сав) карикатурасын кайра дагы басып чыккан.
Набавий мечитинин имамына кол салуу болду
«Media International Group news»тун билдиргенине караганда, Ислам дүйнөсүнүн ыйык мечиттеринен бири ардактуу Пайгамбарыбьздын Мединадагы «Набавий» мечитинин коопсуздугу дагы да күчөтүлдү. Мечиттин айлана-чөйрөсүнө 598 кошумча видеокамера коюлуп, мындан сырткары мечитти солдаттар, милиция кызматкерлери кайтарышмакчы.
Бригадалык генерал Яхия ал-Биладинин билдиргени боюнча, бул иш-аракеттер аталган мечиттин имамы шейх Салих ал-Будайрга кол салынгандан кийин гана күчүнө киргизилген. Генералдын айтымында бул адам психологиялык жактан жабыркаган абалда болуп, имамга арка тарабынан бычак менен кол салган. Тилекке жараша кол салуу максатына жетпей калган. Генерал мындай кол салууларга эми жол бербөөгө колдорунан келген аракеттерин көрүүгө бел байлгандыктарын билдирди: «Эми мечиттин 89 эшигинин ар биринин алдында экиден кызматкер күзөттө турмакчы»
Европада исламофобиянын деңгээли жогорулоодо
Акыркы иликтөөлөр боюнча, австриялыктардын 59 пайызы мечиттердин курулушуна каршылыгын билдирген. Ал эми 54 пайызы Исламды Батыш өлкөлөрү үчүн коркунучтуу дин катары көрүшөт. Либералдык саясий эл аралык институттун заказы боюнча коомдук пикир жана маркетинг Институту (IMAS) тарабынан «дин жана эркиндик» деген теманын алкагында жүргүзүлгөн акыркы иликтөөлөрдүн натыйжасы ушундай болуп чыкты.
Сурамжылоонун натыйжасында жооп берген адамдардын 4 пайызы гана өз үй-бүлөсүнөн мусулман болгондорго каршы эмес экендиги маалым болгон.