Жыйырма бешинчи сан

    

Журналдын жыйырма бешинчи саны

Мазмуну

МИССИОНЕРДИК ИШ-АРАКЕТТЕРГЕ КАРШЫ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮСҮ ЗАРЫЛ БОЛГОН ИШ-ЧАРАЛАР
   

Биринчи миң жылдыкта Европа, ал эми экинчи миң жылдыкта Америка менен Африка христиандаштырылды. Үчүнчү миң жылдыкта болсо Азияны христиандаштыралы. Папа Жон Паул ІІ (Papa II. Jean Paul)

Шамшидин Маматкулов   

   

   Кыргыз Республикасы өз эгемендүүлүгүнө ээ болгондон кийин Кыргызстандын жарандарынын диний жана маданий баалуулуктары менен асыл дөөлөттөрү кайрадан жандана баштады. Бул багытта жаңыдан изденүүлөр башталып, унутулуп калган адаттар менен диний түшүнүктөр калыбына келтириле баштады. Ошону менен бирге, элдин ишеними атеизмге үндөгөн жана атеисттик идеология үстөмдүк кылып турган лениндик-коммунисттик доордо толук бойдон унутулуп калбаганы белгилүү болуп, элдин кайрадан динге кайтуусу жана диний жөрөлгөлөрдү аткара баштаганы жалпыга маалым. Мунун өзү кылымдарды карыткан кыргыз элинин «дин сүзүлсө сүзүлөт, бирок үзүлбөйт» деген ары кыска, ары нуска сөзүн дагы бир ирет тастыктап олтурат. Анан да мунун өзү динсиз адам болгону менен динсиз коомдун болбой тургандыгын, жашай албастыгын далилдеп турат. Анткени дин – бул, адамдын ички дүйнөсүндөгү табигый сезим, адамзат болгон жерде аны менен кошо ар дайым жашап келет. Динге ишенбеген адам канчалык «кудай жок», «кудайга ишенбеймин» дегени менен жашоонун өйдө-ылдыйында ар кандай оор кырдаалдарга дуушар болгон кезде келме келтирип, Кудайга жалынганын баарыбыз эле байкаган болсок керек.

   Кыргыз Республикасы демократиялык жолду тандап алгандан кийин конституцияда расмий түрдө «дин мамлекеттик саясаттан сырткары» деп белгиленген. Ошентип, мамлекет диний иш-чараларды өз көзөмөлүнө албагандыктан, тескебегендиктен өлкөнүн жарандары динди ар кандай жолдор аркылуу үйрөнө баштады. Айрымдары батыштан келген ар кандай диний секталарга кирип, ошондой диндерди үйрөнүүгө аракет кылган болсо, кээ бири акыйкат дин ушул экен деген ишеним менен иегова, баптизм, ахмадийлик сыяктуу агымдарга кирип мамлекеттик коопсуздукка, элдин биримдигине шек жана коркунуч келтире башташты. Мунун баары 1991-жылы кабыл алынган «Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын борпоңдугунун айынан болуп олтурат. Мыйзамдын борпоңдугунан пайдаланган миссионерлердин демилгеси менен өлкөгө ар кайсы жактан агылып келген ар кандай диний конфессиялар көбөйүп кетти. Ошентип, полиэтностук мүнөзгө ээ болгон Кыргызстан поликонфессиялуу мүнөзгө да ээ болуп калды. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасы диний конфессиялар топтолгон майданга айланды. Чындыгында, бул жаңыдан өз эгемендүүлүгүнө ээ болгон өлкөнүн өткөөл мезгилине таандык болгон көрүнүш болуусу мүмкүн. Ар кайсы жактан агылып келе жаткан диний конфессияларды бир аз тизгиндөө үчүн диний уюмдардын ишмердүүлүгү менен дин эркиндиги багытында 2008-жылдын 31-декабрында мурдагыга караганда бир аз катуураак шарттарды талап кылган «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы» кабыл алынып, 2009-жылдын 16-январында өз күчүнө кирди.

   Кыргызстандын поликонфессиялуу мүнөзгө ээ болуусу ар кайсы жактан агылып келген диний конфессиялардын, айрыкча христиан багытындагы секталардын, тагыраак айтканда, миссионердик иш-аракеттердин айынан болуп отурат. Анда эмесе, сөз учугу элди бөлүп-жарган, калктын башын айландырган, мамлекеттин коопсуздугу менен өлкөнүн келечегин кооптуу абалга алып бара турган миссионерлик иш-аракеттерге каршы жүргүзүлүүсү зарыл болгон иш-чаралар тууралуу болмокчу.

   Бул багытта эң оболу элге миссионер, миссионерлик иш-аракеттер, алардын түпкү максаттары тууралуу кеңири жана так маалыматтарды жеткирүү зарыл. Анткени, элдин көпчүлүгүнүн миссионерлик жана алардын иш-аракеттери жөнүндө маалыматы жок, болсо да аз. Ошондуктан, алар оңой эле миссионерлердин «курмандыгына» айланышууда. Албетте, миссионерлик иш-аракеттердин алдын алуу багытында жүргүзүлгөн иш-чараларда христиан мекендештердин ишенимин, динин басмырлап, алардын дин тутуу эркиндигине доо кетирүүдөн, укуктарын тебелеп-тепсөөдөн алыс болуу керек. Миссионерлик тууралуу туура аныктама берүүдө жана так анализ жүргүзүүдө маани берилүүчү жагдай анын салт-санаа, ишеним жана дин тутунуу эркиндигинин рамкасына кирбеген бир топ максаттарды көздөөсүнө басым жасалуусу зарыл. Себеби, миссионерлик – бул элди христиандаштыруу үчүн кандай гана метод болбосун (б.а. эки жүздүүлүк методдорун да) колдонууну туура деп кабылдоосу жагынан да, маданият империялизминин таралуусуна «көпүрө» болуу касиети менен да дин тутунуу эркиндигинин чегинен кыйла эле чыгып кеткен. Маданият империализми христиандык окууну расмий түрдө кабылдаган саясий элитанын таасирдик аймагынын кеңейүүсүнөн улам болот. Ал эми элди христиандаштырууда ар кандай методдорду колдонуунун башаты апостол Павелге чейин барып такалат. Апостол Павелдин өзү дагы жакшы кабар таратуу мезгилинде көп адамдарды өзүнө ээрчитүү үчүн кайсы коомго барса, ошол коомго «кул болгонун», же ошолордой аракет кылгандыгын жана алардын пикири менен иш кылганын мойнуна алат (караңыз: Коринфтиктерге жиберилген биринчи кат: 9/19-22). Павелдин максаты Ыйса (Иса Пайгамбар) алып келген жеке кудайлык ишенимин жайылтуу эмес, кандай жол менен болсо да, керек болсо эки жүздүүлүккө баруу менен болсо да өзүн ээрчигендердин санын көбөйтүү болгон.

Кандай гана жамандык болбосун, алардын баары сабатсыздыктын, билимсиздиктин айынан болоору баарыбызга беш колдой белгилүү. Ошондуктан элге, айрыкча жеткинчектерге, өспүрүмдөргө, жаштарга улуттук жана диний баалуулуктардын (албетте салттуу Ислам дининин баалуулуктары) терең үйрөтүлүшү зарыл. Бул багытта кандай мүмкүнчүлүктөр болсо, ошонун баары колдонулууга тийиш. Аларга чыныгы Ислам дини «террор», «согуш», «артта калгандык», «орто кылымга кайтуу» сыяктуу түшүнүктөр менен таптакыр коошпой тургандыгы, Ислам дини мындай нерселерге таптакыр каршы экендиги жөнүндө бурмаланбаган түз жана таза маалыматтарды берүү керек.

   Ошондой эле элге, айрыкча жаштарга Ислам дининин негиздерин, принциптерин түшүндүрүү, анын ичинде Куранды туура үйрөтүү иштерин катуу колдоого алуу керек. Анткени, айрыкча жаштар ар кандай аңыздарга негизделген туура эмес түшүнүктөр жана хурафалардын (динде болбогон, диндин негиздерине коошпогон, бирок кийинчерээк ар кандай жолдор менен динге киргизилген, ошентип бара-бара диний ишеним катары кабылданган ишеним, түшүнүк, ырым-жырым ж.б.у.с. нерселердин) базасында түптөлгөн диний билимге ээ болгон адамдар «акыйкат дин ушул экен» деген таризде четтен келген секталарга кирип кетүүсү толук мүмкүн. Ошондуктан Курандын маанилеринин кыргыз, орус тилиндеги котормолору менен кыргыз, орус тилиндеги диний басылмалардын сапатын жогорулатып, санын көбөйтүп, элдерге кеңири жетүүсүн камсыздоо зарыл. Муну менен гана чектелип калбастан гезит-журнал, телерадио сыяктуу массалык маалымат каражаттарынын жардамы менен жазуу, аудио-видео түрүндө да элге улуттук жана диний баалуулуктарды жеткирүү, түшүндүрүү иш-аракеттери жүргүзүлүүсү керек. Себеби, улуттук жана диний баалуулуктардан алыстаган адамдар өзүнүн руханий казынасын, ички дүйнө боштугун толтуруу максатында ар кандай жолдорго түшүп, туура эмес агымдардын торуна илинүүсү коомчулукка белгилүү.

   Үчүнчүдөн, өлкөдөгү диний билим берүү маселесине көңүл кош көңүл мамиле кылбастан, өзгөчө маани берүү керек. Толук эмес же туура эмес диний маалыматтарга ээ болгон адамдар менен диний баалуулуктарга кайдыгер караган адамдар миссионерлердин башкы бутасы экендигин жадыбыздан чыгарбообуз зарыл. Диний билим берүү жаатына адис жана компетенттүү адамдарды тартуу керек. Мына ушул себептерден улам талапка жооп бере турган кадрларды даярдоо алдыңкы планга коюлуусу зарыл.

   Эгерде мамлекет жана коомчулук, айрыкча динаятчылар тарабынан жогорудагы иш-чаралар жүргүзүлбөсө, буларга салкын мамиле жасалып, башка бирөөнүн иши катары каралса, анда папа Жон Паул ІІ нин айтканындай, Кыргызстандыктардын көбү христиан болуп кетүүсү ажеп эмес. Ошондуктан, баарыбыз жапа тырмак өзүбүздүн улуттук жана диний баалуулуктарыбызга зор маани берип, аларды элибизге, жаштарыбызга үйрөтүүгө, сиңдирүүгө аракет кылуубуз зарыл.

Башына