Жыйырма бешинчи сан

    

Журналдын жыйырма бешинчи саны

Мазмуну

Онойлу дилибизди, онойлу тилибизди!
   

Жеңишбек Жумакадыр (Төкмө акын)

    Аалам башка, адам башка өзгөрдү,
Өзгөргөнүн көз көрдү.
Кыяматтын белгилери сыяктуу,
Көкүрөктө турат чуу,
Эстей калсак көп белги
ата боздоп, эне жашын төккөндү,
Жер чайпалып, селдер каптап өткөндү,
Кыяматтын белгисиби деген суроо жүрөктө,
Билбегенде суроо да жок эптеп жашап күн өтсө.

Кайдан келдик, кыйсыл жакта жүрөбүз,
Чектен ашып акты суудай күнөөбүз.
Көрдүңөр го жазаласа Жараткан,
Болбойт экен тирөөбүз.

Тээ тетиги алыс жайда, жер титиреп, сел агып,
Сууда калды эшик төр,
Кокуйлашып теледен да сайрашты,
Жазды нечен гезиттер,
Бирок эми бир чындыкты кулак салып,
Терең ойлоп сезип көр,
Эмнеликтен алааматта бүт кыйрады
Калды жалаң эч кулабай мечиттер.

Эми биздин мамлекет, чоң болгондор, кор болгондор
Улуу жолго моюну тоң болгондор.
Кыяматта берет эсеп жалын чачкан тилинен
Жандар жокпу, арман жокпу,
Адам сымал басып жүргөн айбан жокпу,
Өз энесин, өз атасын чанган жокпу?

Кайсы топко, кыйсы урууга кийиребиз,
Кайдыгер курсак үчүн жүргөндөрдү?
Өзгөлөрдүн таманына гүлдү төшөп
Өз төрүнө жабылта сийгендерди?
Эркектик касиети күлгө айланып,
Ээрине кыйшайып мингендерди?
Акчанын кулу болуп,
Арстанга кандектей күлгөндөрдү?

Кайсы топко батырабыз
Качкандарды, куугандарды,
Ысыганды, суугандарды,
Кылбаганды, кылгандарды,
Аткандарды, саткандарды,

Никесиз төрөткөндү,
Суйкайган кыздарыбыз
Кытайлардан жээндерди көбөйткөндү,
Денесин саткандарды,
Табылган наристесин
Таштандыга каткандарды?

Келгиле, арам дебей адал дейли.
Арам жебей адал жейли!
Оюбузду нур каптаса,
Оңолот бул заман дейли.
Арак деген бузук дейли.
Бузук иши кызык дейли.
Тобоо кылбай өткөн болсок,
Тозок жалын ысык дейли.

Онойлу дилибизди, онойлу тилибизди!
Кашайбай кайдагы бир секталарга
Кармайлы динибизди!
Айталы сөзүбүздү, ачалы көзүбүздү.
Кылымга жар салалы Кыргыз деп өзүбүздү!
Болбосун кумар деген, болбосун зына деген
Болбосун төгүлгөндөр, болбосун бөлүнгөндөр!
Болбосун арак деген, болбосун талак менен
Ырыскы ашып-ташсын, ынтымак талап менен!
Урпактар өсүп чыксын бийиктеп канат керген!
Битиреген эл болбосун!
Алаа Талаа жаза кылып титиреген жер болбосун!
Айлабызды алагдаткан агып келген сел болбосун!
Айланайын кыргыздарым, акылыбыз кем болбосун!
Бизге сыноо берген Кудай баарыбызды тен колдосун!

Жапыс болбой бийик болгун!
Жалпы күткөн үмүт болгун!
Чоочун болбой сылык болгун!
Чобур болбой күлүк болгун!
Кайнар булак тунук болгун!
Кадыр түндөй ыйык болгун!
Береке ашкан турмуш болгун!
Бекем күчтүү сынгыс болгун!
Жан дүйнөгө ыйман толуп,
Жанып турган жылдыз болгун!
Кыяматтын кайрыгынан алыс туруп,
Кыраан Манас урпактары,
Кыргыз болгун, кыргыз болгун!

Башына