Жыйырма бешинчи сан

    

Журналдын жыйырма бешинчи саны

Мазмуну

Миссионер
   

Бакыт Мурзараимов Теология илимдеринин доктору

   

1. Миссионерлер жөнүндө түшүнүк

   «Миссионер» деген сөз латын тилинен которгондо «жоопкерчилик», «буйрук», бир ишти аткаруу үчүн башка бирөөлөрдү дайындоо деген маанини түшүндүрөт. Миссионерлик кыймыл, «саясий дипломатиялык» жана «диний» болуп эки түргө бөлүнөт. 1 Диний мааниде, ар кандай диндик көз караштарды, ой пикирлерди, жана диний ишеничтерди үгүттөп жүргөн адамдар миссионер деп аталат.

   Азыркы мезгилде миссионер дегенде биринчи иретте Христиан динин үгүттөөчүлөрүн түшүнүүгө болот. Анткени бул ыкманы эң көп ушул диндин өкүлдөрү колдонууда. Миссионер деген сөз азыркы учурда Христиан чиркөөлөрүнө, Христиан динин башкаларга жайылтуу максатында түзүлгөн уюмдарга жана анын мүчөлөрүнө таандык. Христиан динин жайылтуу максатында түзүлгөн бул уюмдарга миссион, ал эми үгүттөөчүлөрүнө миссионер деген ат берилет. 2

   Кээ бир дин аалымдары диндерди, миссионерлик жана миссионерлик эмес диндер деп экиге бөлүшөт. Миссионердик диндер белгилүү бир аймакта гана чектелип калбастан ар тарапка жана ар улутка жайылууга умтулат. Ал эми өздөрүнүн жайылуусун каалабагандары жана чектөөлөрү болгондор миссионерлик эмес диндер деп эсептелет. Бул жыйынтык боюнча Ислам, Христиан жана Буддизм миссионерлик диндерге, калгандары болсо миссионерлик эмес диндердин катарына кирет. 3

   Бул диндердин баары өздөрүнүн туура деп кабыл алган диний ишенимдерин жана көз караштарын ар кандай жолдор менен жайылтууга аракет кылышат. Миссионерлер алгач өздөрүнүн бара турган жерлерин, ал жерде жашаган элдердин үрп адаттарын, тилин, динин үйрөнүп чыгышат да, андан соң ошол жерде чакан уюмдарды түзүүнү пландаштырышат. Бул уюмдарды миссионерлер тарабынан же болбосо өздөрү атайын даярдаган жергиликтүү кадрлар жетектейт. Алар көбүнчө мугалим, дарыгер, аскер кызматчысы ж.б.у.с. кесиптин ээси болуп кызмат кылуу менен өздөрүнүн үгүттөө ишин жүргүзүшөт. 4 Алар тынчтыкты, саламаттыкты сактайбыз деген шылтоо менен дүйнөнүн төрт тарабына келишет. Бирок алардын тынчтык, коопсуздук жана саламаттык дегени канчалык реалдуу? Аларга ишенүү мүмкүнбү? Канчалык даражада биз аларга ишенишибиз керек? Мына ушул сыяктуу суроолор бизди ойлондурбай койбойт. Миссионерлер Инжилди, Христиан багытындагы ар кандай диний китептерди, брашюраларды ж.б. журналдарды ошол элдин тилинде өтө кооз даярдап бекер таркатышат. Андыктан, Христиан дининин жана Христиандардын миссионерлик кыймылдарынын тарыхына көз чаптырып көрөлү.    

2. Христиан дини жана андагы миссионерлик

   Чындыгында Иса пайгамбардын динди жайылтуу жөнүндөгү иш аракеттери закон ченемдүү иш. Анткени анын өзү, тараткан дини жана шарияты Кудай тарабынан жиберилгендиги ыйык китебибиз Курани Каримде ырасталган. 5 Анын максаты туура жолдон чыккандарды туура жолго баштоо болгон. Азирети Иса өзүнүн пайгамбар экендигин, Кудайдын элчиси экендигин жана Кудайдын бир (жалгыз) экендигин жар салган. 6 Куранда Азирети Иса: «Мен, менден мурунку келген Тооратты тастыктоого жана менден кийин келе турган Ахмад аттуу пайгамбарды сүйүнчүлөө үчүн жиберилдим» дегени айтылган. 7 Ошондой болсо да ага ишенген адамдардын саны өтө аз болгон. Иса пайгамбар Кудайдын кудурети менен түрдүү кереметтерди көрсөткөнүнө карабастан анын душмандары ар кандай жалаалар менен аны жок кылууга аракет жасашкан. 8 Мына ошондой адамдардын бири жөөттөрдөн Павел (Раul) деген болгон. Павел Иса пайгамбарга өтө катуу душмандык кылган. Ал Иса пайгамбарды өлтүрүү үчүн колунан келген бардык аракеттерди жасаган. 9 Кийинчерээк ал Иса пайгамбарды өлтүрүү үчүн Шамга (Сирия) болгон сапарында Иса пайгамбардын үнүн угуп коркконунан ыйман келтиргенин эскерет. 10 Ошентип Исанын душманы болгон Павел Христиан динин кабыл алып аны жайылтууга аракет жасай баштайт. 11 Бул окуя Исанын көптөгөн жактоочуларын ойго салат. Бирок ошого карабастан Павел динди жаюу ишин уланта берет. Ал бул динди Бутпарасттарга жана Жөөттөргө жайылтууну көздөгөн. 12 Павел Христиан динин аларга кабылдатуу үчүн бул диндин кээ бир жоболорун өзгөртүп, кээ бирин жок кылып, кээ бирин кайсыл өлкөдө динди жайып жүргөн болсо, ошол жерде жергиликтүү диндин жоболору менен алмаштырып жиберген. 13 Себеби кандай гана жол болбосун ушул Христиан динин башка улуттарга жайылтуу керек болчу.

   313-жылы Византия императору Константин Христиандарга эркиндик тааныгандан кийин Павелдин динди жайылтуу ишин Христиан азиздери уланткан. Мындай аракеттер акырындап олтуруп Византия империясына кирген Сирия, Египет, Эфиопия, Йемен, Европа жана Анатолияга чейин жеткен. 14 Христиан өкүлдөрүнүн саны түрдүү улуттардан түзүлүп көбөйүшү, Христиандардын арасында өз ара келишпестиктердин да күчөйүүсүнө алып келген. Ушул келишпөөчүлүктөрдү жок кылуу максатында канчалык кеңештер өткөрүлсө да эч кандай натыйжа болгон эмес. Натыйжада Армян, Сирия, Эфиопия жана Копти Христиандары борбордук чиркөөдөн бөлүнүп кетишкен. Бул бөлүнүү орто кылымдарга чейин уланган. Анын натыйжасында Христиандар Католиктер, Православдар жана Протестанттар болуп бөлүнүп кетишкен. 15 Христиан дүйнөсүндө ушундай бөлүнүүлөр күчөп жаткан мезгилде Ислам дини түптөлө баштаган. Исламдын пайда болушу Христиан дининин өкүлдөрүнө түрдүү кооптонууларды жараткан. Бул көрүнүштөн кийин бөлүнүп бараткан Христиандар Ислам динин жок кылуу үчүн кайрадан биригүүнү самай башташат. Ошентип кылымдарга созулган Кресттүүлөрдүн Жортуулдары башталат. 16 Бирок тилекке каршы бул жортуулдарда да тилегине жете албаган, башкача айтканда, Ислам динин жок кыла албаган Христиандар, башка жол жоболорду издей башташат. Бул тууралуу ар кандай кеңешмелер өткөрүлөт. Ар кайсы өлкөлөрдө жашаган кечилдерден, поптордон жана башка дин кызматкерлеринин пикирлери топтолот. Бул пикирлердин натыйжасында, Ислам динин же болбосо мусулмандарды бөлүп жаруу үчүн алманы ичинен чириткен курт сыяктуу аларды ичинен жок кылуудан башка айла калбагандыгын аныкташат. Мунун натыйжасында Ислам өлкөлөрүнө жибериле турган атайын арабча билген же болбосо жергиликтүү тилди жана каада салттарды билген кечил миссионерлерди даярдоо үчүн окуу жайларды ачышат. Бул окуу жайын бүтүргөн миссионер кечилдерди азыркы күнгө чейин Ислам өлкөлөрүнө жиберишет. 1646-жылы Англия парламенти тарабынан Христиан динин жайылтуу үчүн атайын комиссия түзүлөт. Ал эми Ватиканда болсо 1662 - жылы Христиандыкты үгүттөө министирлиги түзүлөт. Бул үгүттөө министирлиги Парижде миссионерлерди даярдоо үчүн атайын окуу жайын ачат. Кийинчерээк бул окуу жайына башка жаңы окуу жайлары кошулуп көбөйө баштайт. Жер жерлерде филиалдары ачылат. Ошол эле учурда Мартин Лютер, Жон Калвин, Звингли сыяктуу адамдардын аракети менен пайда болгон Протестант агымы да өзүнүн миссионерлик кыймылын баштайт. Германия, Швеция, Дания, Америка жана Орусияда миңден ашуун миссионерлик уюмдар түзүлөт. Мындай миссионерлик кыймылдын башында Англия, Америка, Франция, Германия ж.б. өлкөлөр турат. 1835- жылы Америкалык Протестант агымына тиешелүү болгон миссионерлер Арменияга жортуул жасап, натыйжада Армяндарды эки жамаатка Православдык жана Протестанттык багыттагы Христиандарга бөлүп салат. 17

   Кыскача тарыхын баяндап өткөн миссионерлик кыймыл өлкөбүздө жана Ислам дүйнөсүндө дале да болсо улантылууда. Бул кыймыл ар бир өлкөнүн, ар бир улуттун, ар бир жердин өзгөчөлүктөрүнө ылайыктуу жүргүзүлүүдө. Биздин мамлекетибизде Христиан дининин Протестант агымынын айрым бир чиркөөлөрү үгүт иштерин жүргүзүшүүдө. Алар Баптисттер, Адвентисттер, Йегова Күбөлөрү, Муниттер жана башка жаңы пайда болгон диний кыймылдар.


1.Küçük- Tümer, 411.
2. Küçük- Tümer, 411.
3.Küçük- Tümer, 411-412.
4. Mehmet Aydın, Misyonerlik Faaliyetler ve Türkiyede Misyonerlik, Ankara 1996, 7.
5. Бакара-87; Али Имран-45- 84; Ниса- 163; Маиде-116; Енам-85;
6.Ниса-171; Марйам- 130.
7. Сафф-6.
8.Маиде- 46, 78, 110; Али Имран-49.
9. Апостолдордун Иштери IX/ 1-2.
10.Апостолдордун Иштери IX/ 1-7.
11.Апостолдордун Иштери IX-XXVIII Б\л=мд\р Арасы.
12.Mehmet Aydın, Hıristiyan Kaynaklara Göre Hırstiyanlık, T.D.V. Yay. Ankara-95, 19.
13.Küçük- Tümer, 417.
14.Küçük- Tümer, 417.
15.Mehmet Çelik, Süryani Tarihi, AyraçYay. Ankara-99, 65-160.
16.Küçük- Tümer, 417.
17.Küçük- Tümer, 417.

Башына