Жыйырма төртүнчү сан

    

Журналдын жыйырма төртүнчү саны

Мазмуну

  • Ислам маданиятынын динамикасы
  • Ислам илим маданиятынын Европага тийгизген таасири
  • Ислам маданиятына багыт берген залкарлар
  • Асмаул-Хусна
  • Мидицина илиминин атасы ИБН СИНА (980-1037)
  • АЗИРЕТИ ИСХАК (алейхиссалам)
  • Акылмандын накылы
  • Эскертүү берүүгө муфтий катары менин акым бар!
  • Ой-түрмөктөр
  • "Адам уулу канткенде адам болот?"
  • Батыш маданиятынын кыскача тарыхы
  • Инсандарга мээрим төкпөгөн Алладан да мээрим көрбөйт
  • Ахмед ар-Рифаий
  • Кыргызстандагы исламафобия
  • Бөбөк (аңгеме)
  • "Ыйман, дин таануу сабагы жыйырма биринчи кылымда бүт дүйнөгө зарыл болуп турган кез"
  • Талап-тоноочулук
  • Ислам дининде эмгектенүүнүн каралышы
  • Астрономия илиминин алпы Ибрахим Хаккы
  • Ислам дининде аялзатынын орду
  • Сурооңузга жооп
  • Бруцеллез оорусу
  • Тиричилик буюмдарынын ачылыш тарыхы
  • Кабарлар

    Ассалааму алейкум ардактуу окурмандар!

    Акылбек Халбеков

    Жаңырган жылдын башында төрүңүзгө конокко келдик. Куру келбей ак тилегибиз менен сиздин дүйнө таанымыңыз үчүн пайдалуу болгон, эч ким уурдай алгыс, асыресе, миң киши менен тең бөлүшкөн чакта да кемигис илим, маалымат казынасын ала келдик.

       Жыл өткөн сайын ички жана тышкы сапаты жакшырып бараткан «Ак Башат» журналы 2010-жылга дүйнөлүк үлкөн журналдардан өзгөчөлөнгөн мыкты жасалга, жагымдуу жаңы рубрикалар менен алдыңыздарга чыгып олтурат. Мындан ары көпчүлүккө кызыктуу болор деген максатта ачылган «төр маек» гана болсо, мындан ары сиздердин кызыгууңуздарды жараткан жагдайлар тууралуу экинчи бир маекти жана «ой түрмөк» рубрикасынын астында белгилүү-белгисиз инсандар тарабынан көркөм сөз түрүндө таасирдүү, таамай айтылып кеткен акыйкаттарды, акыл-парасатты ойгото турган орошон ойлорду үзгүлтүксүз назарыңыздарга сунуп туралы деп чечтик. Мындан башка Ислам дининдеги укук жаатында бүгүнкү күндө суроо туудурган маселелер тууралуу укук бурчу сиздерге кызмат кылмакчы.

       Ысымы тарыхта калган үлгүлүү инсандар өтө көп. Мындан ары окурмандарыбыздын ичинен атайын мусулман аялзаты үчүн ар бир санда Ислам тарыхындагы белгилүү аялдардын, энелерибиздин кыскача таржымалдары, адамзатка калтырган асыл мурастары тууралуу азыноолак кеп кылууну туура көрдүк.

       Серепчилердин айтымында дүйнөдөгү глобалдашуунун жаалы эзелтен келаткан нечендеген майда улуттар, маданияттар менен катар кыргыз маданиятын да сел алгандай жууп кетиши ыктымал. Андыктан ар бирибиз өз угутубузду, учугубузду билип, рухий баалуулуктарыбызды, маданий кенчибизди өздөштүрүп эле тим болбостон, турмушка сиңиришибиз керек. Жаңырган жылдагы алгачкы сандын күн тартибиндеги «Батыш цивилизациясына, Чыгыш өркөниятына, айрыкча, Ислам маданиятына» акыйкат баалар берилип, артыкчылыктары жана кемчиликтери окмуштуу, илимпоздордун бир нече макалалары аркылуу калыс ортого коюлду. Мындан башка Кыргызстандагы диний абал, дин башкармалыгынын учурдагы иш-аракеттери, жетишкендиктери, келечекке мерчемдеген максаттары тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Мураталы Жуманов мырза менен болгон баарлашууну окуй аласыздар.

       Эл ичинде «Исламофобия» деген түшүнүктүү да, түшүнүксүз да аныктама айтылып жүрөт. Бул санда мына ушул сөздүн кайдан, кандай максатта чыкканын, мындай сөз кимдер тарабынан айтылаарын жана бул аныктама Кыргызстанда канчалык деңгээлде колдонулаарын, канчалык таасирге ээ экенин белгилүү теле журналист Мыктыбек Арстанбектин макаласынан окусаңыздар болот.

       Козголгон маселелер көңүл сыртында калбай, жүрөгүңүзгө жылуулук тартуулап, жакшылыкка кубантып, көйгөйгө түйшөлтүп, аз да болсо таасир эте алса биздин максатка жеткендигибиз ошол. Ар бириңиздердин үйүңүздөргө жана жан дүйнөңүздөргө Жараткан Алла тынчтык, бейпилдик жана молчулук, рухий дем ыроолосун!

       Жалпыңыздарды терең урматтоо менен башкы редактор Акылбек Халбеков.


    Башына