Жыйырма төртүнчү сан

Акылбек Халбеков Маек курган
Бир нече убакыттан бери эл арасында да, массалык маалымат каражаттарында да өлкөбүздөгү диний тармакты тейлеп келе жаткан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын айланасында ар кандай айың кептер, кызуу талкуулар жүрүп жатканы көпчүлүккө маалым. Албетте андай көйгөйлөрдү бирөө билип айтса, бирөө билбей көбүртүп-жабыртып жүргөндүр. Дин иштерин жөнгө салуу өтө маанилүү тармак болгондуктан ошол маанилүүлүгүнө, вазийпанын олуттуулугуна жараша кадам таштап, анан албетте каржылык таңсыктыкка карабай ишти токтотпостон алга жылуунун, ар тараптан өнүгүүнүн жолун издеп, тармактын сапатын арттыруунун үстүндө аракет кылып келе жатканын айтпай койсок, акыйкатты аттап өткөн болоорбуз. Муфтияттын ишмердүүлүгү, жыл жыйынтыгы тууралуу маалымат алуу үчүн жаңырган жылдын башында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Мураталы ажы Жумановду төр маегибизге чакырдык. Эмесе окурманым, сизди түйшөлтүп жүргөн маселелердин, суроолордун жообун муфтий мырзанын өз оозунан угалы.
- Урматтуу муфтий мырза! Ак Башаттын төр маегине кош келипсиз. Бул ирет төр маекте өлкөбүздө жоопкерчиликтүү милдетти аркалап келе жаткан дин башкармалыгынын иш-аракеттери тууралуу баарлашууну туура көрдүк. Анткени акыркы кездерде калк арасында болсун, маалымат айдыңында болсун диний темада ар кандай уу-дуу кептер болуп жатат. Ошол себептен сиз менен ачык-айкын маектешебиз деп ойлойм.
Жыл сайын ажылык сапарын уюштуруу иштерине жаңылыктар киргизилип, эл аралык стандарттарга жооп бере турган деңгээлге жеткирүүнүн камын көрүп келе жатасыздар. Ажылык сапары бул жылы кандай өзгөчөлүктөр менен өттү?
- Мээримдүү жана Ырайымдуу Алла Тааланын ысмы менен баштайм. Жаратканга шүгүр дешибиз керек, Кыргызстанда ажылык сапарын уюштуруу жана өткөрүү иштери жылдан-жылга жакшы жагына ыктап, «Көч бара-бара түзөлөт» дегендей, башка мусулман өлкөлөрүндөгүдөй эл аралык жогорку стандарттарга жакындап бара жатат. Жумурай журтчулуктун кабары бар, мамлекетибиздин башчысы президентибиз: «Бул олуттуу маселелерди камтыган диний вазийпа болгондуктан, муну дин өкүлдөрүнүн аткарганы туура болот» деп ажылыкты уюштурууну жана жоопкерчиликтин муфтиятка жүктөлүшүн туура көргөн. Үстүбүздөгү 2009-жылы да ажылыктагы бардык иш-чараларды, камылганы муфтият өз жоопкерчилигине алып, мамлекеттик тийиштүү мекеме, органдардын көмөгү менен уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде аткардык десем жаңылышпастырмын. Быйыл жылдагыдай эле 4500дөн ашык Кыргызстандын жарандары барып келишти. Түзүлгөн келишимдер жемиштүү болуп, учактар Кыргызстандан ажыга түз жеткирип, башка шаарларга учуп-конбостон кайра ошол багыт боюнча келип жатышканы быйылкы жылдын бир өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Бишкек шаарынан эки кабаттуу 450 орундуу учактар түз жеткирсе, Ош шаарынан 250, 180 орундуу учактар ажыларыбызды жеткирип кайра алып келишти. Мындай жетишкендик өлкөбүздүн тарыхында биринчи ирет болду деп так кесе айта алам. Мындай жетишкендикти биз көп жылдардан бери көксөп, максат кылып келе жаткан элек. Түз жеткирүү негизинен сапарга аттанган жарандарыбызга каржылык жактан да, моралдык жактан да бир кыйла жеңилдиктерди алып келди. Маселен, башка шаарларга учуп-конуп бара турган болсо, жол азабын тартып келаткан жолоочулар жүктөрүн аба майданынын ичинде ары-бери көтөрүп, чаалыгып-чарчап, ач калып, жадагалса, мурдагы жылдардагыдай аба ылгап сыркоолоп калышы да мүмкүн эле.
Экинчиден, быйыл ажыга барам деп ниет кылгандардын баары барып келишти. Эч ким виза алалбай же топтон калып калган жок. Баасы 2400 долларга туура келди. Бул баа башка өлкөлөрдөгү наркка караганда бир кыйла арзан болду. Мекке, Мединадагы жатак жайлар жана тамак-аш менен камсыз кылуу келишимдегидей аткарылганын барып-келген ажылабырыздын өздөрү да тастыкташып, ыраазылыгын билдирип жатышат. Муну мен экинчи жетишкендигибиз деп айта алам. Мурдагы жылдарда ар кандай кемчиликтер боло келгенин көпчүлүгүбүз билебиз. Ошол себептен мен ажылык сапарын жөнгө салуу жана уюштурууга жигердүү катышкан президентибизден тартып бардык мамлекеттик органдарга, муфтияттын кызматкерлерине, авиа компаниялардын жетекчилерине, өкүлдөрүнө, учак майданынын кызматкерлерине ыраазылык билдиремин. Кудай буйруса, мындан кийин да дал ушундай жогорку деңгээлде өткөрүүгө болгон күчүбүздү жумшайбыз.
- Өлкөбүздөгү диний жаатты тейлеген муфтият башка өлкөлөрдүн дин башкармалыктары, диний уюмдар менен канчалык деңгээлде байланышып келе жатат?
- Мен муфтий болуп дайындалганымда чет өлкөлөрдөгү дин жаатындагы расмий мекемелер менен муфтияттын байланышын чыңайбыз, алар менен болгон карым-катышта Кыргызстандын өз ордун таап, ырааттуу иш жүргүзөбүз деген үлкөн максатты алдыбызга койгон элек. Мына ошол максатыбыздын сегиз жылга чукул узак мезгил ичинде жүзөгө ашканына күбө болуп олтурабыз. Бул жетишкендикти бизге ыроологон Аллага чексиз шүгүрчүлүк айтамын. 2009-жылдын өзүн эле караганыбызда Кыргызстан дин башкармалыгы чет өлкөлөрдө болуп өткөн конференцияларга, кеңешмелерге диний расмий мекемелердин, диний көз карандысыз уюмдардын көптөгөн чакырууларын алдык. Биздин тиешелүү өкүлдөрүбүз алардын көпчүлүгүнө катышып, өлкөбүздүн атынан калыс пикирин билдирип, салмактуу ордун бекемдеп келе жатат. Үстүбүздөгү жылдын май айында Түркияда Евразия Ислам Кеңешинин жыйыны өткөрүлдү. Бул жыйынга дүйнөнүн 42 мамлекетинин дин өкүлдөрү катышты. Соңунда жыйындын президиумунун жети кишиден турган башкаруучу органына өлкөбүздүн диний жетекчиси катары мени да шайлашты. Кыргызстандын Ислам ааламындагы салмагын ошол жерден байкоого болот. Андан мурун Москва шаарында мурдагы патриархтын учурунда салттуу диндердин диндер аралык форуму болгон. Анда да форумдун ишин жөнгө салуу, улантуу сыяктуу жоопкерчиликти аркалаган аткаруу кеңешин бекитүүдө он бир кишинин катарында мага ишеним көрсөтүшкөн. Август айынын экисинде Казакстандын мамлекет башчысынын демилгеси менен Казакстанда салттуу диндердин лидерлеринин курултайы болуп өттү. Бул курултайга КМШ өлкөлөрүнөн эки эле муфтий чакырылган. Анын бири биздин өлкөнүн дин башкармалыгы. Булардан сырткары октябрь айында Эмомали Рахмондун демилгеси менен Тажикстанда диний жеткечилердин Ханифий мазхабына байланышкан чоң жыйынга, ноябрь айында Ажербайжандын президентинин демилгеси астында уюштурулган диндер аралык диалогго барып катышып келдик. Демек, бир сөз менен айтканда, Орто Азия жана КМШ өлкөлөрү менен болсун, мейли бүткүл дүйнөдө болсун Кыргызстандын өз орду бар, тыгыз байланыштарыбыз, эки тараптуу кызматташтык жана иш жүзүндө Кувейт, Сауд Аравиясы, Түркия, Россия муфтийлер кеңеши менен расмий келишимдерибиз бар. Мындан башка христиан дининин Православ чиркөөсү менен, азыркы патриарх Крилл жана Ташкенттеги Метрополит Владимир менен да байланышыбыз бар. Өзүбүз да жөн олтурбастан убагы келгенде, кези келгенде кызматташтыгыбыз бар муфтийлерге, дин башкармалыктарына кат жазып, майрамдарда куттуктоолорду жиберип, телефон чалып ал-абал сурашып, протоколдук эрежелердин чегинде байланышып турабыз.
- Мектептерде «дин таануу» сабагын окутуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга жана талкууларга муфтият канчалык деңгээлде катышып жатат?
- Албетте, бул маселеден биз четте эмеспиз. Дин башкармалыгы бир нече жылдардан бери ыйман сабагы дейбизби, адеп сабагы дейбизби, негизинен өспүрүмдөрдү адеп-ахлакка, ыймандуулукка тарбиялай турган маанилүү бир сабакты киргизүү тууралуу мамлекеттик жогорку жетекчилерге, илим-билим жаатын тейлеген министрликке нечен ирет расмий түрдө кайрылып, байма-бай каттарды жазып келдик. Бүгүнкү күндө дин таануу сабагы тууралуу көтөрүлүп жаткан маселени мен муфтий катары туура кабыл алам жана колдойм. Ооз эки түрдө колдойбуз деп эле тим болбостон, биз тараптан кандай гана жардам керек болсо колдон келгенди аябайбыз.
Кыргыз журтчулугунун эсинде болсо керек, мурда ыйман сабагы кадимкидей эле расмий чечимдердин негизинде окутула баштаган. Ошондо молдокелер мектепти исламдаштырып жибергени калды деген жүйөсүз кооптонуунун негизинде аны кан буугандай токтотуп коюшкан. Мен өлкөнүн дин тармагын жетектеп турган инсан катары айтам, бизде эч кандай жаман ой жок! Болгону аң-сезими булгана элек келечектин эртеңки ээлерине чыныгы адамдык асыл сапаттарды, адеп-ахлактуулукту, нарк-насилди, ата-энеге болгон мамилени, мекенге болгон сүйүүнү Ислам динине айкалыштыра үйрөтөлү, таалим-тарбиялык жактан өлкөбүздүн өнүгүшүнө өзүбүздүн салымыбызды кошолу деген гана максатыбыз бар. Чынын айтыш керек, адеп-ахлакка тиешелүү жаамы артыкчылыкты биз динден гана издешибиз керек. Таалим-тарбиянын акылга сыярлык эң жөнөкөй, нары пайдалуу жана сооптуу жолдору Исламда гана көрсөтүлгөн. Азыр нечендеген бузуку агымдар күнөстүү өлкөбүздү тооруп турган учур. Көп диндүүлүккө жол берген өлкөбүздө ата-бабалардан калган нарк-насилди, чыныгы, салттуу Ислам баалуулуктарын балдарыбызга үйрөтүп койбосок, Кудай алдында да, тарых алдында да кечирилгис иш кылган болобуз. А кадр маселесине келе турган болсок, менимче уучубуз куру эмес, ушу тапта мамлекеттик талапка жооп бере турган лицензиялуу диплому бар кыздар, балдарыбыз жүрөт. Бүгүнкү күндө Ош Мамлекеттик университетине караштуу Ошто бир, Чүйдө бир теология (дин таануу) факультеттери бар. Кала берсе өлкөбүздө сапаттуу билим берген Ислам университетин, андан башка институттук статусу бар окуу жайларыбызды бүтүргөн, медреселерди бүтүргөн миңдеген жаштарыбыз илимди алгандан кийин анын акысын берип, келечек үчүн кызмат кылышы керек да. Билим берүү министрлиги булардагы билимди баалап, сынак аркылуу болсо да татыктуусун тандап алып, вазийпаларды берсе жакшы болот деп ойлойм. Ошондуктан бүгүн балдарыбыз суусап, мезгил талап кылып кыстап турган учурда дин таануу сабагынын коркпостон киргизилгени туура болот.
- «Дин таануу» сабагы үчүн даярдала турган окуу китебине киргизиле турган «Ислам дини» тууралуу маалыматтарды муфтият береби же Билим берүү министрлиги өзү даярдайбы? Бул китеп кимдер тарабынан каржыланат жана качан чыгат?
- Менин оюмча китепти даярдоодо министрликтин муфтият менен чогуу иш алып барганы жакшы болот. Дин таануу сабагы киргизиле турган болсо, бардык каржылоо маселеси Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан, казынадан каралышы керек. Окуу китебин, анын ичиндеги материалдарды даярдоо маселесинде аталган министрлик менен эриш-аркак кызматташканга биз даярбыз. Министрлик Исламга тиешелүү маалыматтарды, материалдарды дин башкармалыгынан талап кылса да болот. Талап кылбаса да бизде бар маалыматтарды беребиз. Дагы айта кетейин, бул маселеде чогуу-чараан аракеттенсек китеп да суу ичкен мөмөдөй таттуу, пайдалуу болоот деп ишеничтүү айта алам.
- Алдыдагы жылдарда дин башкармалыгынан кандай жаңылыктарды күтсөк болот?
- Туура суроо бердиңиз. Айрым учурларда муфтиятка түздөн-түз да, кыйытып да, орой да, сылык да «муфтиятты реформа кылыш керек!» деп сын пикирлер айтылып жүрөт. Реформа деген нерсени мен мусулмандарга пайда келтире турган, жемиштүү жыйынтыктарды көрсөтө турган максаттуу аракет деп түшүнөм. Дин башкармалыгынын азыркы абалын мындан он, жети жыл мурунку абалга салыштырып көрүү керек. Реформа болуп-болбогону ошондо ачык көрүнөт. Ушундай салыштыруунун негизинде алып караганда мен муфтиятта өргө карай өйдөлөө болуп жатат, жемиштүү, мерчемдүү, максаттуу иш-аракеттер жүрүп жатат, Кудай буйруса, дагы да жүрө бермекчи деп ачык айта алам.
Экинчи бир жагдай, биз өзүбүзгө караштуу облусттук, шаардык казыяттарды мезгил талабына ылайык жаңы технологиялар, компьютер менен камсыз кылганбыз. Кудай буйруса, андан ары райондордогу, айылдардагы имамдарыбызды техникалык жактан камсыз кылсак, материалдык базаларын чыңасак деген олуттуу максаттарыбыз бар. Мен биздин иш-аракеттерди жүзөгө ашырылып жаткан мисалдар менен бышыктап жатам. Бишкектеги, Оштогу жана Чүйдөгү муфтиятка караштуу медреселердин заманбап технологиялар менен камсыздалганына бир кыйла убакыт болуп калды. А сапат жагындагы жылыш каржылык жетишпестиктерге карабай этап-этап менен келе жатат.
Үчүнчү жаңылыгыбыз, буйруса, жакынкы күндөрдө интернет ааламында муфтияттын жеке вебсайтынын тушоосун кескени турабыз. Бүгүнкү күндө биздин эки кызматкерибиз мунун үстүндө катуу иштеп жатышат. Биз бул сайт аркылуу муфтияттагы кабыл алынган чечимдерди, жаңылыктарды, ошондой эле түрдүү рубрикалардын алкагында мусулмандарга керектүү маалыматтарды, макалаларды, акыл-насааттарды, шарият эрежелерин жана көптөгөн пайдалуу нерселерди кыргызстандык интернет колдонгон мусулмандарга жарыялап, жеткирип турмакчыбыз.
Муфтияттын чындыгында жоопкерчиликтүү вазийпасы бар. Ошол жоопкерчиликти чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларын аяктап келген, эки-үч тил билген, алысты көрө билген, иш билги, негизгиси адамдык сапаты мыкты азаматтар аркалап келе жатышат. Бул жааттагы айрым жетишпестиктерди алдыдагы жылдарда дагы толуктоо, билимдүү кадрларыбызды кызмат менен камсыз кылуу маселесин кызуу талкуулап жатабыз. Бүгүн муфтият мамлекеттик кандай гана маанилүү иш-чара болбосун, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар уюштурган кандай гана жыйындар, конференция, семинарлар болбосун, баарына активдүү катышып, өзүнүн салмактуу ордуна жараша салмактуу пикирлерди айтып келе жатат. Бизге тиешелүү кандай гана маселе көтөрүлбөсүн, муфтият ошол жерде болуп жатат. Каражат жок, бензин жок, казынадан акча бөлүнбөйт деп отуруп калган жерибиз жок. Ошону менен катар муфтияттын ички иш тартиби туруктуу графика менен бекемделген, кирди-чыкты иш кагаздарыбыз, каржылык эсептерибиздин баары ачык-айкын, так жүргүзүлүп, башка расмий мекемелердин кагаз ишиндеги эреже-жоболор кандай болсо, бизде да дал ошондой так система иштеп жатат.
- Биз окурмандарыбыз менен баарлашып калганда, биздин өлкөнүн дин кызматтарын жөнгө салган расмий мекеме муфтият эмне үчүн «хизбут-тахрир, ахмадия» ж.б. топтор менен ачык күрөш жүргүзбөйт, жадагалса, элге түшүндүрүү иштери кыйла төмөн деген суроолорду көп беришет. Ушул суроого кеңири жооп берсеңиз.
- Менин баамымда бүгүнкү күндө Кыргызстанда өтө опурталдуу эмес. Бирок аны ашкере көбүртүп-жабыртып маалымат майданын ээлеп алган күчтөр да жок эмес. Жакынкы күндөрдө айрым мамлекеттик чиновниктер, айрым серепчилердин «салафия-вахабизм» тууралуу билдирген маалыматтарын жалпы эл көрдү болушу керек, бирок теледен айтылган маалыматтардын көбү так эмес. Анткени диний жагдай ар дайым биздин көзөмөлүбүздө турат. Туура, салафия, хизбут-тахрир жана ахмадия сыяктуу агымдардын көз караштары, тутунган багыттары биздин акыйдага төп келбейт, туура эмес. Чет өлкөдөн окуп келген, же бул жактан окуп алып сырттан кирген бузуку агымдардын кайырмагына илинип, мазхапты жээрип, ошолорду туурап, алардын көз карашын элге таңуулагысы келип жүргөндөр да жок эмес. Биз аларды эч качан колдобойбуз. Аны менен катар биз кайдыгер карап олтурган жерибиз жок, дин башкармалык жана аалымдарыбыз алардын туура эмес жолдо экендигин тастыктап «фатва» чыгарганбыз, имамдарыбыз аркылуу журтчулукка билдирүүлөрдү таратканбыз. Эл көп жыйналган жума намаздарда далай ирет катуу-катуу эскертүүлөрдү берип, аларды тыйганга аракет кылып келе жатабыз. Биздин өлкөдө илгертен салттуу Исламды тутунган, Ханафий мазхабы жашап келет. Бул «ахлу сунна вал жамаа» акыйдасын да, жолун да таза сактап калганга биз муфтият милдеттүүбүз. Кыяматка чейин өлкөбүздө «ахлу сунна вал жамаа-а» жашашы керек дегенге муфтиятыбыз да, жарандарыбыз да, бекем турушу керек. Муфтият жигердүү иштегени менен эл өзү кучагын ачып берсе, анда мээнет текке кетет.
Мен сиздердин журналыңыздар аркылуу сырттан келгендерге, алардын камчысын чаап жүргөн айрым диндештериме: «Жөн жүргүлө! Партия-сартияңарды жыйыштыргыла! Элдин ичин иритпегиле! Жамааттар аралык араздашууларды жаратпагыла! Нечен кылымдардан бери бир калыпта келе жаткан жана өнүгүү жолундагы салттуу Исламга бут тоспогула! Маркумдарга сообун багыштап Куран окуганга болбойт, мавлюд окуганга болбойт деген салафиянын терс багыттарын эч качан колдобойбуз! Мамлекеттин бүтүндүүлүгүнө доо кетире турган радикалдык көз карашыңарды токтоткула! Чет өлкөнүн акчасын алып, анын эсебин берүү үчүн мусулмандардын арасына жаман пикирлердин уругун сеппегиле! Кокус силердин айыңардан жагымсыз иштер болуп кетсе, Алланын каарына, мусулмандардын убалына каласыңар! Таарынышып калабыз! Кыргызстан акыйдада (ишенимде) Матуридий, амалда (ибадатта) Имам Аазам мазхабынан эч качан тайбайт!» деп эскертүү иретинде кайрылгым келет. Мындай олуттуу кайрылууга, эскертүү берүүгө муфтий катары менин акым бар. Мен муну жети өлчөп бир кесип, мамлекетибиздин коопсуздугу, эртеңки жаркын келечеги, динибиздин өркүндөп-өнүгүүсү үчүн айтып жатам.
Анткени мамлекеттин стабилдүүлүгү, коопсуздугу үчүн салттуу Исламдан башка туура багыт жок. Буга көзү жеткен президенттин саясаты да ушул багытта. Ал киши өз сөзүндө: «Таза, салттуу Исламга мүмкүнчүлүгүмдүн болушунча жардам берем» деп ар дайым айтып жүрөт. Күч структураларынын жыйынында: «Силер динге каршы күрөшпөгүлө! Динди жамынып алып коркунучтуу, жаман максатты ишке ашырам деп мыйзамсыз иштерди жасап жүргөндөргө каршы күрөш жүргүзгүлө!» деп айткан.
- Муратаалы мырза, бул менин акыркы суроом. Эгемендүүлүктү алгандан бери Исламдын арымы бир кыйла шыдыр болуп, элдин динге болгон түшүнүгү жакшырып, ал тургай бүткүл жашоосунда Исламдын эреже-жоболорун кынтыксыз аткарганга жан үрөгөн мусулмандардын катары көбөйүп, кандайдыр бир деңгээлде Ислам маданияты калыптанып бараткандай? Буга сиз кандай баа бересиз?
- Баарыбызга маалым, жетимиш жыл бою динден, руханий дем-күчтөн четтетилип калдык. Андан соң эгемендигибизге кошуп динибизди кайтарып алдык. Бул үчүн Аллага чексиз алкыш айтам! Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда Ислам кыйла жандуу жана өнүгүп жатат. Буга мечит-медреселерибиздин сапатынын жогорулашын, санынын өсүшүн, мусулмандардагы, айрыкча жаш муундагы кызыгуунун артышын, Исламдын жөн гана ибадат менен чектелбей, турмуштун өзөгүнөн орун алып жатышын мисал катары айткым келет. Бул көрүнүштөр Ислам маданиятынын нары түпкүлүктүү, нары адамдын жан дүйнөсүнүн муктаждыгын камсыз кыла ала турган рухий күч, зор маданият экендигинин далили. Исламдын ушунчалык улуу маданият экендигин ушундан билиңиз, аяттарда жана хадистерде илим-билимге умтулуп, сергек, кыраакы бол, адал жол менен турмуш кечир, үй-бүлөңдүн, кызматкерлериңдин, айлана-чөйрөңдөгүлөрдүн акысын кайтарып, укугун сыйла, бүгүнкү күнүңө кечээкиңден башкачараак жаңылыктарды, өнүгүүнү киргиз, арак-шарап, тамеки, кумар сыяктуу зыяндуу нерселерден оолак бол, бирөөнүн айыбын, кемчилигин чукуба, душманыңды да Алланын ыраазылыгы үчүн кечире бил, жан-жаныбарга Алла үчүн бооруккер бол, бири-бириңерди урматтагыла, сүйгүлө, акаарат сөздү оозанба, адамга жылмая тиктегениңдин өзү жакшылык деген сыяктуу дагы көптөгөн акыл-насааттар, буйруктар бар.
Динибизде Аллага, пайгамбарларга, илимдүү инсандарга, ата-энеге, устазга, үй-бүлөгө, коомго карата адеп сактоо, сый-урмат эң жогорку чеги даана көрсөтүлгөн. Бүгүн Ислам башкалардын заманга жараша деген жармач жаңылыгына, пендечиликтен арыла албаган тайыз сунуш-пикирине муктаж эмес. Дүйнөдө окумуштуулар көптөгөн илимий ачылыштарды ачкан болуп жатышат, бирок алар он төрт кылым мурда дин Исламда ачык-айтылган нерселер болуп чыгууда. Мына ушулардын баары Исламдын илим-билимге, өнүгүүгө, акы-укукка, тазалыкка, аруулукка, сүйүүгө, мээримдүүлүккө жана башка адамзатка пайда келтире турган бүтүндөй баалуулуктарга маани берген улуу маданият экендигинин далили.
Эми бул жерде Ислам дини ушунчалык маданияттуу дин болсо, эмне үчүн мусулмандар жагымсыз иштерди жасап жүрүшөт? деген суроо туулбай койбойт.
Бул деген адамдын жеке өзүнүн тарбиясынан, эркинин боштугунан. Мусулман пенде алкышка татырлык жакшы ишти жасашы да мүмкүн, наалатка калтырган уурулук, адам өлтүрүү, кумарпоздук сыяктуу жаман ишти жасашы да ыктымал. Бул жерде ким тарабынан болбосун Паланча уулу Түкүнчө уурулук кылды же адам өлтүрдү деп ошол адамдын аты гана аталууга тийиш. Тилекке каршы учурда Исламдын душмандары же мусулмандарды жек көргөн топтор Исламды жаманатты кылуу максатында жардыруу, кан төгүү сыяктуу үрөй учурган иштерди көшөгө артынан уюштуруп, мусулмандардын колу менен жасатып туруп, массалык маалымат каражаттары аркылуу «Ислам террористтери... Диний экстремисттер... Радикал исламчылар... Ислам жоокесектери...» деп динге көө жаап жатышат. Мен баштан бери айтып келе жатам, диний экстремисттер жана башка атоолордун баары түпкүлүгүндө туура эмес деп. Кылмышты ким жасаса, ошонун жеке аты аталышы керек.
Мен сөзүмдү Пайгамбарыбыздын бир сөзү менен аяктайын: «Ыймандын баралына келиши анын адеп-ахлагынын мыктылыгына түздөн-түз байланыштуу». Ошол себептен мусулмандарды динибиздин талабына ылайык кыраакы болууга, динди жаманатты кылбоого, Исламды турмуш менен айкалыштырып, чыныгы маданияттуулуктун туу чокусуна жетүүгө чакыраар элем.
-Убакыт бөлүп кеңири маек куруп бергениңиз үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Алла сизге ыраазы болсун! Аманчылыкта чаалыкпай иштеп, өлкөбүздө Исламдын гүлдөп өсүшүнө салымыңыздарды кошуп жүрө бериңиздер!