Жыйырма төртүнчү сан

Ак Башат казынасы
Жоомарттык
«Жоомарттык – өз байлыгын, өз мүлкүн тартуу кылуу, башканын мүлкүн коргоо» (Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун). «Пенденин Алла Таалага болгон сүйүүсү үч нерседен белгилүү болот: Деңиз сыяктуу чалкыган жоомарттык, күн сыяктуу мээримдүүлүк, топурак сыяктуу жөнөкөйлүк» (Баязид Бистамий). «Төмөнкү үч жобо амалдардын анык жүзү болуп эсептелет: Азыноолак мүлккө ээ болгонуна карабастан берешендик, Жалгыз Алла Тааладан коркуп, арамдан сактана билүү, камчысынан кан тамган канкордун алдында да, колунда бийлиги бар адамдын алдында да акыйкатты айта билүү» (Бишр-и Хафи). «Эң пайдалуу берешендик – муктаждарды издеп жүрүп жардам берүү» (Абу Сулайман Дараний). «Жараткан Аллага карай кеткен жолдун көпүрөсү – мал-мүлктү Анын ыраазылыгы үчүн сарптоо» (Шамс-и Тарбирий).
Зыкымдык
«Байлык зыкымдарда, курал коркоктордо, бийлик акылсыздардын колунда калды дегиче иштин бүткөнү» (Азирети Абу Бакр (Алла ага ыраазы болсун). «Зыкым киши бул дүйнөдө кембагал сыяктанып жашаганы менен акыретте байлардай оор суракка тартылат» (Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун). «Кыяматта бир зыкымдын бейишке киришине караганда ийненин көзүнөн төөнү өткөрүү дагы да оңой» (Вахб ибн Мунаббих). «Пендезат зыкымдыктан жана кызуу кандуулуктан арылмайын такыбаалардын катарына кошула албайт» (Абдуллах ал-Музаний). «Уулум! Зыкым менен достошуудан этият бол! Анткени ал көзүң жалдырап, ишиң түшкөн учурда көздөн кайым болот. Ошондой эле фасык (күнөөкөр) менен достошуудан сак бол! Анткени ал сени арзыбаган нерсе үчүн сатып кетиши ыктымал» (Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун).