Жыйырма төртүнчү сан

Мыктыбек Арстанбек
Кыргыздын баары эле Куранды окуй бербесе да көпчүлүгү телевизор көрүп, гезит барактайт. Алар Ислам десе - муфтийдин кээде орозо, курмандык боюнча теледен сүйлөп калганын эске албаганда – дааватчылар, ажылык, айт намаздарын элестетсе керек. Анын үстүнө кыргыз массалык маалымат каражаттарында ислам тууралуу дээрлик туура маалымат жок. Илимий чөйрөдө да, саясатта да “эки тарапты” тең билген окумуштуу, же мамлекеттик функционер жокко эсе. Ошондон улам ислам динин түшүндүрүү ого эле оорлошуп, нары чаташып да бараткандай. Натыйжада ар кандай кызыкдар тараптардын “кайык чайкамай” оюндары башталды. Мисалы акыркы учурдагы кыргыздардын сакал коюп пакистандашып кетүүсү, мечиттер салына берип арабдашып кетүүсү же мусулмандашып кетип арбактарга, мазар, тоо, жер-сууларга сыйынбай коюсу кээ бир “патриотторду” өтө кыжаалат кылат окшойт, алар жөн отурбай исламды, мусулмандарды жамандоого киришет экен.
Исламафобия деген эмне?
Айтмакчы, батышта исламды жамандоону да изилдеген бир катар институттар ачылган. “Исламафобия ” (Islamophobia) терминин 1997-жылы британ изилдөөчүсү Runnymede Trust киргизген. Сассек университетинин профессору Gordon Conway исламафобияны - “коомдун ар кандай катмарынын жана ММКнын исламдан жана мусулмандардан коркуу жана исламды батыш цивилизациясынан артта калган, дискуссияларга отурбаган, патриархалдык фундаменталистик, башка маданияттарга каршы дин деп билүү” – деген. Бир сөз менен айтканда исламафобия – исламды, мусулмандарды, алардын жашоо образын, аларга тиешелүү болгон тирчиликти жамандоо деп эсептелет.
Исламафобиянын Россиядагы көрүнүшү
Россияда азыркыга чейин ислам десе көпчүлүк Чеченстандагы же Палестинадагы кагылышууларды элестетет. “Шахид”, “шахидка”, “можахед” деген сөздөр кадимки эле катардагы кылмыштарга берилчү квалификацияга айланды. Натыйжада, мусулмандардын терс образы жаралып, орус коомчулугунда этноконфециялык жара улам ырбап турат. Сауд Аравиясынын официалдуу «Arab News» гезити– “Россиядагы исламафобиянын тарыхы кылымдарды карытат, орус бийлиги ММКлардагы исламафобияга назар бурбагандыктан мусулман коомчулугу оор абалга түштү” – деп баа берген. Чынында эле орус басылмаларындагы «Бей ислам – спасай планету» («Комсомольская правда»12.09. 2001ж.), «Будут ли русские чтить Коран и есть рис палочками» ( «Комсомольская правда в Карелии» 8–10.07. 2003 ж.) сымал макалалар, «Человек и закон» (ОРТ) көрсөтүүсү (террористтер тууралуу сюжеттеринде дайыма намаз окуп жаткан же Меккеде ажылык кылып жаткан мусулмандар монтаждалат), ошондой эле федералдык каналдардагы «Убойная сила», «Улицы разбитых фонарей», “Грозовые ворота” сериалдары мусулмандардын образын чындап эле сакалчан, автомат колунан түшпөгөн канкорго айлантты. Ал эми кенен көрсөтүүгө чыккан “9-рота” фильми такыр эле мусулманчылыкты аяган жок. Андан башка да мусулмандар катышкан ар кайсы сюжеттик линияларда да “Аллах Акбар!” деп кыйкырган мусулмандарды көргөзө берүү ар бир мусулмандын абийирине тийбей, аны кыжырдантпай койбойт.
Белгилүү окумуштуулар Г. Энгельгард менен А.Крымовдор исламафобиянын тенденцияларын системалаштырып отуруп, Россияда исламафобия орус бийлигинин Исламды терроризм менен айгаштыра берүүсүнөн, Ислам шариатынын бир да нормасын тан алгысы келбегенинен жана диний практикалардын ММКда дайым какшыктоолор жана жамандоолор менен берилгенинен деп белгилешет.
Кыргыз исламафобиясынын өзгөчөлүгү
Кыргызстанда жаманатты болгон мусулмандар эч кайсыл бийлик же сот органдарына даттанып кайрылбагандыктан ММКлардагы бул тенденцияга өтө кенен чыгармачылык мейкиндик жана ислам темасы өзгөчө орус тилдүү басылмаларда жамандоонун негизги куралына айланган. Анын себептерин Малайзия ислам университетинин профессору, доктор Лоуей Сафи - Ислам дүйнөтаанымын жана адаттарын туура эмес түшүнүүдөн, радикал топтор менен байланыштыруудан, аны батыш жашоо образына коркунуч деп баалоодон деп түшүндүргөн.
Кыргыздан айланса болот. Жат нерсени бат эле алат окшойт. Өзгөчө биздин бул адатыбызды “досторубуз” жакшы түшүнүшкөн экен. Антпесе, миллиондогон саптан турган Манасты жаттап келген кыргыз бүгүн бир сүрө жаттай албай калганы, кыркка чейин бойдок жүргөнү аз келгенсип ондогон кызды майкандап бактысыз кылганы, ата-энесин таштап ит багып калганы ж.б. жоруктары арак тамекиден экени талашсыз. Аны кайдан алдык? Алтымыштан ашса да сакалы жок аксакалдарыбыз, жетимишке жетсе да он сегиздемин деген жоолуксуз байбичелерибиз кайдан чыкты? Биз ушундай эл белек? Анысы аз келгенсип, эми гана бир эреже, бир каада менен жашайлы дегендерди арабдаштырып, пакистандаштарып жатат деп айгайлаганыбыз жан кейитпей койбойт. Айтмакчы, исламафобиянын кыргыздагы өзгөчүлүгү өзү кыргыз эмне эл экенин билбеген, тарых десе Бартольд менен Абрамзонду түшүнгөн “горе патриоттордон” чыкканы. Алардын оюнча арабдашуу кыргыздын накта салттарын жутуп, улутту жоюуп салат имиш. Кыргыз маданияты жоголуп араб маданияты үстөмдүк кылып калат экен. Кайсы салттарын жойот экен? Араккечтиктиби, сойкулуктубу, паракордуктубу же ай дээр ажосу, кой дээр кожосу жок дабдырлыктыбы? Кайсы маданиятты оодарат имиш? Атасына бир сүрө окуй албаган түркөйлүктүбү, аялын күндө сабаган зөөкүрлүктүбү, көрүнгөн кызга аша берген аңгиликтиби? Ушулар кыргыздын салты жана маданиятыбы?
Биринчиден бүгүн арабдашуу эмес мусулман динин кайра эстөө процесси жүрүп жатат. Анткени араб деген улут. Ал кан менен берилүүчү генетикалык өзгөчөлүк, ал эми дин акыл менен кабыл алынчу жашоо эрежеси. Экинчиден араб маданияты деген – Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) келгенден кийин жоюлуп мусулман маданиятына айланган. Мына ошол маданият жапайы элди 23 эле жылда дүйнөгө үстөмдүк кыла ала турган даражага жеткирди. Ал маданиятты үйрөнүү менен кыргыз жоготконун кайра табат, караңгылыктан чыгат. Профессор же академик болсун, билгенин Жараткан Кудайына байлай албаса ал тамга тааныганы менен караңгы, философиянын суусун ичкени менен мокок. Кыргыз эли дини менен улуу гана болот, даражасы көтөрүлөт.
АКШда, ЕвроБиримдик мамлекеттеринде жана Россиядагы исламафобия, мусулмандар басымдуулук кылган Борбордук Азиядагы исламафобиядан айырмаланбаганы таң калаарлык. Бирок, ошого карабай бул тендеция кээ бир учурда коомдун спонтандуу реакциясы болсо, кээде атайын нукка салынып тургандай. Бул балким мусулман коомчулугунун дүйнөдөгү өсүп бараткан ролунан болсо керек. Албетте, бул процесстерде масс-медия коомдук маанайдын транслятору болгондуктан алдыңкы ролдорду аткарат. Мисалы буга Батыш мамлекеттери өзгөчө кызыкдар, алар тышкы саясатында мусулман өлкөлөрүндөгү Исламдын таасирин чектөөгө умтулушат. Ал эми мусулмандардын бийликке таасири күчөгөн мамлекеттерди ар түрдүү саясий жана экономикалык каражаттар менен чектешет. Бүгүн Кыргызстанда исламды түшүндүрүмүш болгон канчалаган бей өкмөт уюмдар Батыш каражаттарына иш жүргүзүшөт, жогорудагы исламафобия да дал мына ошолордон чыгат.
Исламафобия эмнеге алпарат?
Кыргыз динин жамандаган эл эмес. Бирок, дайым теледен, гезиттерден – “мына мусулмандар көбөйүп кетти..., биз орто кылымга баратабыз..., сакалчандар..., жоолукчандар... “,- деген бир караганда сакалчанды же жоолукчанды жактыра бербеген жөнөкөй эле макалага окшогон темалар улам тенденцияга айланып, мусулман коомчулугунун кызыкчылыктарын көз жаздымда калтырууга, аны менен эсептешпөөгө апкелет. Бул тенденция чектелбесе, мамлекет тарабынан ооздукталбаса бара-бара коомдо ажырым пайда болуп, өзүнүн ордун, кадырына жараша мамиле кылууну талап кылган мусулмандардын саясатташуусу башталат. Натыйжада бул процессти калчай берүү ансыз да араң турган саясий туруктуулукту бузуп жиберүүсү мүмкүн.
Маселени кантип чечебиз?
Ислам баалулуктарын кайра тикелөө, анын репутациясын актоо оңой эмес. Анүчүн мусулман ойчулдары, аалымдары, диний окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери мусулман эмес ММКлар менен кызматташуунун өзгөчө стратегиясын иштеп чыгуулары зарыл. Буга мамлекет көзөмөлчү эмес, партнер болуусу зарыл. Анткени тынчтык баарыбызга керек.