Жыйырма төртүнчү сан

    

Журналдын жыйырма төртүнчү саны

Мазмуну

АЗИРЕТИ ИСХАК (алейхиссалам)
   

Тукумунан Исраил (жөөт) пайгамбарлары чыккан

   

   Азирети Исхак Азирети Ибрахимдин Сара энебизден төрөлгөн уулу. Сара эне Исхакты төрөй турганын алгач укканда абдырап айран таң калат:

    «Ал, ой, мүмкүн эмес го, өзүм кемпир, абышкам карыган чал болсо деле төрөмөк белем?! Бул абдан кызык иш го!» деди. Алар айтышты: «Алланын амирине таң калып жатасыңбы? Эй, үй-бүлө ээлери! Алла силерге мээримин жана берекесин төксүн! Чындыгында, Алла – мактоого татыктуу, өтө Улуу!» (Худ сүрөсү, 72-73-аяттар).

    «Аны (келечекте) пайгамбарлардын жакшыларынын бири (боло турган) Исхак аттуу уулу менен кубанттык. Анын өзүнө (Ибрахимге) да, Исхакка да береке бердик. Ал экөөнүн урпагынын ичинде жакшылары да, өздөрүнө ачык зулум кылгандары (каапырлар) да бар» (Саффат сүрөсү, 112-113-аяттар).

    Ыйык Куранда Исхак (алейхиссалам) мактоо менен эскерилген: «(Эй, Мухаммед) сен Биздин күч-кубаттуу жана баам-парасаттуу пенделерибиз саналган Ибрахимди, Исхакты жана Жакыпты эстегин! Анткени Биз аларды келечек жайга ыклас кылуучулардан кылдык. Акыйкатта, алар Биздин алдыбызда тандалган жакшы кишилерден (болуп эсептелет)» (Сад сүрөсү, 45-47-аяттар).

    Атасы Ибрахимдин (алейхиссалам) көзү өткөн соң Азирети Исхак Шам (Дамаск) жана Палестина элдерине пайгамбар кылынып дайындалат. Алла Таала аны атасынын арты менен чечкиндүү жана изги инсан кылып тарбиялайт.

    Исхак пайгамбар улгайган соң көздөрүнүн курчу кетип азиз болуп калган экен. Анын (алейхиссалам) Якуб жана Ыяз аттуу эгиз уулдары болот.

    Исхак пайгамбар өмүрүнүн акыркында эки уулуна эки түрдүү бата берет. Якубка (Жакып) «тукумуңдан пайгамбарлар чыксын!» деп бата берсе, Ыязга «урук-тукумуңдан өкүмдар падышалар чыксын!» деп бата берет.

Исхак пайгамбардын мужизалары

    Азирети Исхактын коому анын пайгамбарлыгын кабыл кылбай тескерисинче, шылдыңдоо үчүн сынап көрүшөт: ¬

    – Исхак! Сенин пайгамбар экениңди жан-жаныбарлар да кабыл кылбаса, биз кабылдай албайбыз – дешет.

    Исхак (алейхиссалам) чын ыкластан Жаратканга жалбара ичинен айбанаттарга үн салат:

    – Эй, жаныбарлар! Менин ким экендигимди мобул пенделерге үйрөтүп койгула!

    Түлкү: – Сен Алланын пайгамбарысың!

    Жейрен:– Сен Халилуллахтын (Ибрахим пайгамбардын) уулусуң!

    Эчки болсо: – Сен Алланын элчисисиң! Сага ыйман келтирбегендер тозокко кетишет - дешти.

    Күндөрдүн биринде Исхак пайгамбар Кудуста элди ак динге чакырып жаткан эле. Бул жолу алар «кантип эле колунан келе койсун» деген ойдо ага талап коюшат:

    – Эгер сен ушул тоону кыймылдата алсаң, биз сага дароо ыйман келтиребиз!..

    Алланын чексиз кудурети Исхакка жар болуп мушриктер көрсөткөн тоо ачуулана айбат көрсөткөн сыяктанып катуу термелет. Бул окуяга күбө болгон Кудустун эли убадага туруп, дароо ыйманга келишет.

    Исхак (алейхиссалам) дагы башка бир жерде коомго дин тууралуу маалымат берип ыйман келтирүүнүн зарылдыгы тууралуу айтып жаткан. Эл арасынан бир адам пайгамбардын алдына уйдун терилерин алып келип таштайт да:

    – Ошончолук эле кыйын болсоң, мына буларды кайрадан тирилтчи?!.. деп аны кемсинткендей мамиле кылат.

    Исхак пайгамбар шашпастан терилерди кум менен толтуруп, Жаратканга дуба кылган соң баарына жан кирип тирилип кетет.

    Койдун сыртын сылап койгон соң койлордун төлдөй башташы да анын мужизаларынан болуп эсептелет.

    Ислам жазма булактарында Исхак (алейхиссалам) 160 жаштарында Палестинадагы Кудуска (Иерусалим) жакын жерде дүйнөдөн кайткан соң атасы Ибрахис пайгамбардын мүрзөсүнүн жанына коюлган делет (Ибн Асир аль-Камил, I, 127).

Башына