Жыйырма төртүнчү сан

    

Журналдын жыйырма төртүнчү саны

Мазмуну

Медицина илиминин атасы ИБН СИНА (980-1037)
   

КЕНЖЕБЕК ЧЫЙБЫЛОВ

   

   Ислам дүйнөсүнөн чыккан залкар инсандардан бири Ибн Сина. Ал философия жана медицина илимдериндеги илгери жетишкендиктеринен улам Чыгышта «шейх», «раис» делсе, Батышта «Дарыгерлердин принци» деген наамга ээ болгон.

   Ибн Сина 980-жылы Бухарага жакын Авшан деген жерде төрөлгөн. Толук аты Абу Али Хусайн Ибн Абдуллах Ибн Сина. Ал 5-6 жаш курагында атасы менен Бухарага барып, эң алгачкы билимин ушул жерден алат. Бул жерден математика, фикх (ислам укугу), калам (ислам теологиясы), логика жана философия илимдерин окуйт. Кийинчерээк медицина илимине абдан кызыгуусу артат. Ал өзүнүн өмүр таржымалы жөнүндө кыскача мынабуларды айткан экен: «Атамдын аты Абдуллах, ал эми апамдыкы Ситара. Мен хижрий жыл санак боюнча, 370-жылдын сафар айында (980-жылы сентябрь айында) төрөлүпмүн. Он жашымда Ыйык Куранды баштан-аяк жаттап бүтүрдүм. 18 жашыма чейин учурдагы илимдердин бардыгынан негизги маалыматтарды алдым. Күнү-түнү китеп окуп, убактымдын баарын билим алууга бөлдүм. Кээде таңга чейин шамдын жарыгында китеп окучумун. Адабият, логика, математика жана медицинага байланышкан китептерди окудум. Медицина тармагына абдан кызыгуум артып, аны тереңден изилдеп окууга бел байладым. Ошол жылдары Бухаранын амири Нух Ибн Мансур оор дартка чалдыгып калды. Туугандары мага кайрылышты. Мен алардын өтүнүчү менен амирди дарылап, ишим ийгиликтүү болду. Амир мырза кыска убакыттын ичинде тыңып, айыгып кетти. Амир мына ушул жакшылыгыма ыраазылыгын билдирип, мени хансарайдын китепканасына жумушка алды. Ошентип мага илим алышыма ушундай зор мүмкүнчүлүктөр жаралды. Ал жерден да убактымдын баарын китеп окуп, керектүү маалыматтарды жазып алуу менен өткөрдүм. Өкүмдар мырза көз жумган соң Хамедан шаарына келдим». Ибн Сина өмүрүнүн аягына чейин ушул шаарда жашаган. Ал ашказанынан жабыркап, 1037-жылы 57 жаш курагында Хамеданда одүйнө салган.

   Эмгектери:

   Ибн Сина китептерин негизинен медицина, физика, астрономия жана философия илимдери боюнча жазып, жалпысынан 250дөн ашуун китеп калтырган. Булардын арасынан медицина илими боюнча жазган «Канун» жана философия багытындагы «Шифа» аттуу эмгектери өзгөчө маанилүү. Фарс тилинде жазылган саналуу китептерин эске албаганда эмгектеринин басымдуу бөлүгү негизинен араб тилинде жазылган. Себеби агезде илимдин тили арабча болуп, аалымдардын баары китептерин араб тилинде жазышкан. Ибн Синанын айрыкча медицина илими боюнча жүргүзгөн иликтөөлөрү өтө оригиналдуу да, так, туура да болгон. Анын эмгектери латын, немис тилдерине которулуп, медицина, химия жана философия илим тармактары боюнча Европага жол көрсөткөн. Латын эли аны байыркы грек философиясын кайтарып берген адам катары да көрүшөт.

   Ибн Синанын эң негизги китептери төмөнкүлөр:

   1. аш-Шифа: логикага, математикага, жаратылышка, динге жана философияга байланышкан темалар камтылган китеп.

   2. ан-Нажат: «аш-Шифа»нын корутундусу сыяктуу.

   3. ал-Ишарат вал-Танбихат: Бул китеп жалпы 20 бөлүмдөн туруп, алгачкы 10 бөлүмү логика, экинчи жарымы философия боюнча жазылган.

   4. ал-Инсаф: эки томдон туруп, Аристотелдин философиялык окуусунун түшүндүрмөсү сыяктуу китеп.

   5. ал-Канун фит-Тыбб: муну толугу менен медицина илиминин энциклопедиясы деп койсок да болот. Бул китеп жалпысынан физиология, эс тутум, дарылоо жана фармакология бөлүмдөрүнөн турат. Мындагы маалыматтар өтө кылдат иликтелген чакта, Ибн Синанын медицина илими боюнча өтө терең билими болгондугун ачык-айкын байкоого болот. Маселен, ал кезде микроскоп болбосо да, «микроп» түшүнүгүн мүнөздөп, оорулар майда зыяндуу жандыктарды пайда кылаарын айткан. Ибн Синанын атагы таш жарган бул китеби 12-кылымда латын тилине которулуп, Батыш медицина дүйнөсүндө чоң бурулуш жасап, Франциянын эң атактуу медициналык жогорку окуу жайларынын («Montpellier» жана «Lauvain» университеттеринин) негизги илимий булагына айланган. Ибн Сина ат көтөрө алгыс бул эмгеги менен 700 жыл бою Европанын мед. академиги, устаты болгон. Мындан 600 жыл илгери Париж медициналык жогорку окуу жайынын китепканасындагы 9 негизги булактын эң башында Ибн Синанын Кануну турган.

   6. Хикматул-Машрикайн, 7. ал-Мажмуу, 8. ал-Мабда вал-Маад, 9. ал-Хасил вал-Махсул, 10. Хайй б. Якзан ж.б.

   Ибн Сина химия илими боюнча да терең билим алып, бул багытта да бир топ жаңы илимий табылгаларды таап чыккан. Химия илиминин бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүп-өсүшүндө Ибн Синанын опол тоодой зор салымы бар. Ал мына ушундай ар тараптуу илими менен Чыгыш жана Батыш элдеринин маданиятына зор салым кошкон улуу окумуштуу-аалымдардын катарынан орун алган. Ибн Синанын математикалык терминдердин аныктамалары, астрономия илиминдеги кылдат иликтөө-байкоолору да өзгөчө мааниге ээ.   Ибн Синанын медицина жаатындагы маанилүү илимий табылгалары:

  • Аристотель менен Галилей канды рухтун (жандын) жайгашкан жери деп белгилеген. Ал эми Ибн Сина кан рухтун жайгашкан жери эместигин, кандын азык зат алып жүрүүчү (ташып жүрүүчү) суюктук болгондугун айткан. А бул болсо, бүгүнкү күнү илимий негизде тастыкталып олтурат.
  • Ошондой эле ал китебинде кичине жана чоң кан айлануу системалары жөнүндө да маалымат берген.
  • Жүрөктүн ички жана сырткы системалары тууралуу да эң биринчи жолу айтып чыккан.
  • Ал кант оорусуна чалдыккан адамдын заарасында канттын курамы болоорун баамдап, таап чыккан. Ибн Синанын кант оорусу боюнча айткан түшүндүрмөлөрү 700 жылдан кийин окумуштуу Thomas Willis тарабынан да ырасталган.
  • Учурдагы медицина илими Ибн Синанын жүрөктүн согушу туурасындагы байкоолорунан али алыска кете алган жок. Себеби Ибн Сина ошо кезде эле бул багыттагы илимий негиздердин дээрлик баарын ачып койгон.
  • Операцияларда оорулууга наркоз берүүнү да Ибн Сина ойлоп тапкан.
  • Ал ичеги-карын мите курттарын да байкап, ачылыш жасаган.
  • Эң биринчи мед. аспаптарды стерилизациялоо иши да ага таандык.
  • Ал спирттин тазалоочу касиетин пайдалануу аркылуу жараларды ырбатпастан дарылоо методун да ортого койгон. Ошентип ал Гиппократтан бери келе жаткан жаңылыш дарылоо ыкмасын түзөлткөн.
  • Бүгүнкү күнү травматологияда колдонулуучу көптөгөн аспап-шаймандарды 1000 жыл илгери Ибн Сина ойлоп тапкан.
  • Ибн Сина адамды дары-дармектер менен катар психилогиялык жактан да дарылоо керектигин айткан. Ал психологиялык жактан дем-күч берүү адамга ооруга карата чыдам берип, маанайын, көңүлүн көтөрө тургандыгын баса белгилеген.
  • Ошондой эле анын гинекологиялык оорулар боюнча айтып калтырган пикирлери да көптөгөн жылдар бою өз таасирин сактап келген.
  • Айрыкча Ибн Сина Европалыктарга фармакология тармагында да кылымдар бою жол башчылык кылып келген.

Ибн Синанын Батышка тийгизген таасири:

   Батыш дүйнөсү Ибн Синаны улуу устат катары эсептеп, аны «Авиценна» деп эскеришет. Анын жазып калтырган эмгектери маалымат жагынан болсун, көз караш жагынан болсун, Батыш дүйнөсүнө өтө чоң таасирин тийгизген. Анын туулгандыгынын 1000 жылдыгына карата 1980-жыл дүйнөдө «Ибн Сина жылы» деп белгиленген. Дүйнөлүк ЮНЕСКО уюму тарабынан бул багытта эл аралык семинарлар, симпозиумдар жана конгресстер уюштурулган. Бүгүнкү күнү да Париж медициналык факультетинин чоң залында Ибн Синанын сүрөтү асылуу турат. Бул ага болгон сый-урматтын бир белгиси десек болот.

   Америкалык илимдер тарыхын изилдөөчү Will Durant мындай дейт: «Орто кылымда Ибн Сина медицина илимин изилдеген окумуштуулардын эң улуусу, Раази эң улуу доктор, Бируни эң улуу астроном, ал эми Жабир эң улуу химик болгон».

Башына