Жыйырма төртүнчү сан

Алла Тааланын «ал-Муизз» сыпаты «чыныгы мусулман пенделердин кадырын жогорулатуучу Улуу Зат» деген маанини туюндурса, «ал-Музилл» сыпаты «Жаратканды тааныбаган, Анын адал жолу менен эсептешпеген, адал-арамды ылгабаган пенделерди кор кылуучу» деген маанини түшүндүрөт. Бул багытта Куран аяттарынын биринде мындай делет:
«Айткын: “Оо, Жараткан Алла! Сен Өзүң каалаган адамга бийлик берип, каалаган адамыңдан (кайра) тартып аласың. Каалаган адамыңды ардактап, каалаганыңды кордойсуң. Жакшылык – Сенин колуңда. Сен чексиз Кудуреттүүсүң!» (Аали Имран сүрөсү, 26-аят)
Чыныгы мусулман пенде дүйнөдөгү эң кедей адам болсо да, ал адамдык кадырын, ар-намысын жоготпойт. Ал эми дүйнөдөгү эң бай адам болсо, ошол мал-мүлкү, байлыгы менен дагы адамдык асыл сапатын коргоп, өмүр улайт. Ал Жараткан Алланын ырыскысы чексиз болгондугун билгендиги үчүн ар качан топуктуу. Каапыр бул дүйнөдө мал-мүлкү менен жогоруласа да, жан дүйнөсү менен жогорулай албайт. Ал эми акыретте турган турпаты менен төмөн түшүрүлүп, чоң жоготууга учурайт.
Бирөөнүн мал-мүлкүнө кол салгандар, бирөөнүн намысы менен ойногондор да кыяматта кордолот. Ал эми арам байлыктан, арам бийликтен, арам тамактан алыс болгондор акыретте Алланын ардактуу пенделеринин катарынан орун алышат.